Пайдалуу кеңештер

Кооз жасалгаларды кантип тагынуу керек?
Кооз жасалганын саны
Кээ бир айымдар канчалык кооз, ар түрдүү жасалгаларды көп тагынып алып, ошончолук сулуу болуп калдым деп ойлошот. Кээ бир айымдар мактангысы келип, болгон жасалгаларын тагынып алат. Бирок жараштыбы, же жарашкан жокпу, аларды кызыктырчудай эмес. Ошон үчүн жасалганы тагынар алдында классикалык стилди карманып, үчтөн ашык тагынбаңыз. Мисалы үчүн, билерик, чынжырча, шакек же сөйкө болушу мүмкүн. Кол саат дагы кооз жасалгага кирерин унутпаңыз. Кээде бул шартты бузуп койсо болот. Эгер сиз ташы жок жасалга тагынып жүрсөңүз, анда билеригиңизге окшоштуруп, сөйкө жана бир-эки шакек кошуп койсоңуз болот. Чоң, ачык өңдөгү жасалганы колдонгонду жактырган айым, сөз жок классикалык стилди карманышы зарыл.


зер буюмдарды көп тагынуу жеңил ойлуу көрсөтөт
Кооз жасалга тагынып бир жакка барар алдында жакшылап ойлонуп көрүңүз, кайсы жакка барарыңызды. Эгер жумушка барганы жатсаңыз, анда сиз жөнөкөй, боз өңдөгү жасалгага токтогонуңуз оң. Ишке кийген кийимге адамдын көзүнө бат уруна турган жасалга такыр төп келбейт. Ал жасалга сиздин бир гана аялдык келбетиңизди жана стилиңизди далилдеши керек. Конокко, майрамга же кандайдыр бир кечеге барсаңыз, анда сиз ачык, жалтырак кооз таштары бар жасалга тагынсаңыз болот. Эң акырында айымдарга айтарыбыз, канчалык баалуу, кооз зер буюмдары болбосун бардыгын чогу тагынбаңыздар. Бул, биринчиден, айымды жеңил ойлуу көрсөтсө, экинчиден, күлкүлүү көрсөтөт.


кооз жасалга тагыныш үчүн келбетиңиздин ролу чоң
Жасалга сатып алардын алдында мүчө келбетиңизге, боюңузга да көңүл бөлүңүз. Арыкчырай кызга чоң көлөмдүү жасалгалар кызыктай эле көрүнүп калышы мүмкүн. А эгер сиз толук айым болсоңуз, анда ичке жасалгалар тууралуу унутканыңыз оң.
Арыкчырай, мойну узун айымга кыска, ичке, назик көрүнгөн чынжырча туура келет. Бирок мындай айымдар V түрүндө жасалган жасалгалардан баш тартышы керек, себеби, алар моюнду узун көрсөтүп коёт жана мойну узун айымдар оор көлөмдүү, чоң таштары бар чынжырчаларды тагынган болбойт. Сизге жеңил, назик жасалгалар керек.

Мойну кыска айымдарга…
Ал эми мойну кыска айымга, узун көкүрөккө беш сантиметр жетпеген чынжырчаларды тагынууга кеңеш берет элек. Анткени, мындай чынжырчалар кыска моюндуу айымдарга көрк берет. Ал эми толук жоон моюндуу айымдарга узундугу 46 сантиметрден кем эмес чынжырчалар керек. Мойну жоон айым канчалык кымбат баалуу чынжырча тагынса да, эгер ал кыска болсо, эч кандай оң маани бербейт. Мындай айымдар назик, ичке, кыска чынжырчалар тууралуу ойлонбосо деле болот. Өзүңүздүн келбетиңизге көңүл бөлүңүз. Эгер сиздин колуңуздун бармактары кыска, сулуу эмес болсо, анда сизге таштары чоң шакектин кереги жок.

Кооз жасалга алып жатканда, өзүңүздүн стилиңизге көңүл бөлүңүз
Эгер сиз ачык өңдөгү жана жалтырак материалдагы кийимге ашык болсоңуз жана денеңизге жабышкан ачык кийим кийсеңиз, анда сиз түштүктүн жасалгаларын колдонсоңуз болот. Ал жасалга жеңил материалдан тигилген кийимге туура келет. Эгер жөнөкөй кийим кийгиңиз келсе, анда ошондой эле жөнөкөй, ташы жок, жалтырак эмес жасалганы тагынсаңыз болот. Мисалы үчүн, өтө чоң эмес сөйкө, ичке чынжырча жана билерик. Эгер сиз китч стилинде кийинсеңиз, анда сиз эч коркпой жалтырак, элдин көзүнө бат уруна турган жасалгаларды тагынсаңыз болот. Мисалы, жоон билерик, сөйкө, таштары чоң ачык жалтырак жасалгалар кирет.




  Ден соолук

Ден соолугуң болбосо, эч кимге керегиң да болбойт. Ошондуктан, биздин биринчи байлыгыбыз болгон ден соолугубузду өзүбүз карашыбыз керек. Кээ бир ооруларды айыктырууда элдик медицинага да токтолууну эп көрдүк.

Гайморит оорусун кантип дарыласа болот?
Гайморит оорусун элдик дарылоодо көбүнчөсү укроп колдонулат.
- Укропту термоско же кастрюлго салып, 1л кайнатылган сууга 200г өсүмдүктү саласыз.
- Капкагын жаап бир нече минут коюп коёсуз.
- Анан суу муздаганча буусун бетиңизге тосуп турасыз.
- Бул ыкманы жатар алдында жасаганыңыз оң.

Гемоглобинди көтөрүү үчүн…
Канда гемоглобинди көтөрүү үчүн кандай азыктарды жеш керек?
Колуңуздан келсе жыл бою жер-жемиштерден жасалган салаттар менен азыктаныңыз. Канда гемоглобинди көтөрүүгө сабиз, капуста, кызыл кызылча, таттуу болгар калемпири жардам берет. Ашкабак да жардам берет. Ашкабакты алып кубик кылып туурап, таза балдан кошуп жесе болот. Ал эми жайында болсо кара өрүктүн гемоглобинди көтөрүүгө жардамы чоң. Эгер ашказаныңыз оорубаса, кара өрүктү ойлонбостон жесеңиз болот. Кара өрүк гемоглобинди 1-2 ай ичинде өз калыбына келтиргенге жардам берет.

Бут чарчаганда
Сизге эки дагара керек болот, бири экинчисинен 20-22 градуста айырмаланган. Бутуңузду биринчи дагарага 10-20 секундга салып, анан экинчисине саласыз. Сууга туз, эфир майы же дары чөптөрүн кошуп койсоңуз болот. Жалбыз буттун чарчоосун басаңдатат, ромашка эс алдырат, тимьян тазалайт. Андан кийин бутуңузга оливка майына А витаминин кошуп сүйкөп коёсуз. Мындан тышкары, буттун таманына жеңил массаж кылыңыз. Таманга жасалган массаж бир эле бутуңузга эмес, сиздин бардык денеңизге жардам берет.


Тишиңиз ооруса….
Тишиңиз ооруп, бирок врачка барганга мүмкүнчүлүгүңүз жок болсо, гвоздиканын майына пахтаны салып, анан ооруп жаткан тишиңизге бассаңыз болот. Гвоздика майы тиштин оорусун бат басат. Кээ бир жерлерде туздалбаган чочко майын колдонушат. Чочко майын тишиңиз ооруган жерге басып коёсуз. Чочко майы тиштин ооруган жерин ысытып, ооруну жок кылат.