Азыр цивилизация мыкты өнүккөнү менен анын учкундары али бара элек уруулардын да бар экени кызыктырбай койбойт. Дүйнөлүк цивилизация аларга жетпесе да, өздөрүнүн жашоо мыйзамдары кээ бир мамлекеттердикинен да күчтүү болгон короваи уруусу жөнүндө сөз козгомокчубуз.
Сулуу кыздарын союп жеген
Корован уруусу
Уяттуу жерлерин гана
банандын кабыгы
менен жаап…
Короваи уруусу токойлорду байырлап, башка уруулардан айырмаланып бактарда жашашат. Кадимкидей эле бактын үстүнө үй салып алган. Үйлөрү жерден 20-50 метрге чейин бийиктиктеги бекем бекитилген пальма дарактарында жайгашкан. Аборигендердин ою боюнча мындайда жапайы айбанаттардан коркконго болбойт. Ал эми кийген кийимдерине келе турган болсок, банандын жалбырагынан башка кийим кийишпейт. Уяттуу жерлерин банандын жалбырагы менен жаап алып, жылаңач жүрө беришет. Жапайы чочколорго ууга чыгышат. Булардын курамында болгону 1000ге жакын адам бар. Канча кылым болсо да, жашоо образы эч өзгөрүүсүз келет.

Негизги тамагы -
саго дарагы
Короваи уруусу чоң үй-бүлө болуп жашашат. Алардын атайын шайлап алган уруу башчысы болбойт. Күн кирери менен эле короваилер бактын үстүндө жайгашкан үйүнө күнү кечке эмгек менен таап келген тамак-ашын (жаныбарларды, жашылчаларды) көтөрүнүп алып чыгышат. Негизги тамагы-саго дарагы. Аталган дарактын жалбырагынан, сырткы кабыгынан бир нече тамактын түрүн жасашат. Саго дарагынын ички сөңгөгүн таштан жасалган балта менен жанчып, тамакка кошо турган ун жасашат. Кыпчуурдун уясын таап алса, короваи уруусунун эли үчүн майрам болот. Кыпчуурду деликатес катары көрүп, аны бир сыйра кууруп жиберип, бир үй-бүлө отуруп алып жешет.

Чочко уурдаган
адамдын башы алынат
Аталган уруу эртеңкисине кам көргөндү да унутта калтырбайт. Бүгүн жулуп кеткен багынын ордуна жаңы бак тигип коёт. Андан сырткары, короваилер жаныбарларга да туура мамиле жасашат. Эгер мергенчи жапайы чочкону кармап алган болсо, аны үй жаныбарындай кылып тамак берип багып атып, үй жаныбарына айландырып алышат. Бул жердин ички мыйзамы абдан күчтүү болгондуктан, уруудагы ар бир адам уруунун мыйзамдарынын чегинен алыстабайт. Кимдир бирөөнүн чочко уурдап атканын көрүп калышса, ал адамдын башын ошол замат алып салышат.

Уруудагы жаш, сулуу кыздарды союп жешет
Аялдары мурдуна жарганаттын сөөгүнөн жасалган чүлүктөрдү тагынып алышат. Бул алардын кооз жасалгасы катары каралат. Уруудагы өспүрүм кыздарга эркектери тийишпейт. Жашы жетип калган сулуу кыздарынын тагдыры да оор. Аларды башка уруунун балдарына беришет, же кээ бирлерин союп жешет. Тактап айтканда, саго дарагы бүрдөгөн учурда ата-бабаларынын арбагына багыштап, мал мууздагандай мууздап, малдын этиндей эле бышырып, этин жеп, шорпосун ичишет.

Ак түстөгү адамдарды күнөөлөрүнөн арылыш үчүн өлтүрүшөт
Алардын уруусуна кокустан ак түстөгү адам конокко келип калса, шору катты дей бериңиз. Анткени, ак түстүүлөрдү өлтүрүү менен болгон күнөөлөрүбүздөн арылабыз дагы, көп жыл жашайбыз деген ой мээлерине сиңип алган. Иммунитети абдан төмөн болгондуктан, ооруну бат кабыл алып, сасык тумоо, кургак учук деген ооруларга туруштук бере албагандыгынан улам тез каза боло беришет.

"Убакыт" жана "жаш
куракты" билбеген
Амондава уруусу
Амазонкада жашаган амондава уруусунун "саат", "убакыт", "ай", "жыл", "келечек" тууралуу түшүнүгү жок. Ал эми канча жашка чыккандыгын аттарын алмаштыруу менен билишет. Аталган уруу түтүктөрдү үйлөп, жаныбарларды өлтүрүп жан багышат. Эң кызыгы алардын күнүмдүк турмуштагы сөздөрүндө өткөн чак же келер чак жок. Америкалык окумуштуулардын айтуусу боюнча, аталган уруунун эне тили жакшы өнүкпөй калган. Ошентсе да, бир сөз менен көп нерсени түшүндүрүп жана түшүнө алышат.

Сайра Сопушева