Жашынган жылдыз "жарк" этсе

"Балдарым Айбекти сагынышып, кыса-кыса кучакташат…"
Аял дебе, аялдын бил кадырын,
Аял тартат азабыңдын жарымын.
Ырыскысын балдарына таратып,
Ызатына жеткилечи аялдын…Бүгүнкү маекти бул ыр саптарысыз баштабасак болбостур. Себеби, аялзатына таандык бардык сапаттын эгедери, ай чырайлуу ырчы Бурул Алимова эмеспи.

- Чыгармачылыктын чыйыр жолуна кандайча аралашып калдыңыз?
- Мен Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Ак-Дөбө айылында туулуп-өскөм. Бала бакчада ортого чыгып алып чоң ырчылардай ой да созупмун дейсиң. Менин, негизи, актрисалыкка жөндөмүм көбүрөөк. Мектепте Жалил Садыковдун "Манастын уулу Семетей" пьесасын сахналаштырып, мен Каныкейдин монологун айткам. Элдин баары актриса Мираида Далбаевага окшоштурушту. И. Арабаев атындагы Университетте окуп жүргөндө Чыңгыз Айтматовдун мааракесине карата маданий иш-чарага студенттер катышып калдык. Талас шаарына режиссёр Акылбек Абдыкалыков койгон "Бетме-бет" спектаклинде Сейденин ролун аткаргам. Ошондо ал: "Кызым, сенде тубаса талант бар экен, мындан ары да өнөрүңдү өөрчүтүп, билим ал",-деген. "Рабаят" телеберүүсүндө куурчактарга үн коштоп жүрдүм. "Туңгуч" театрын жетектеген Жамал Сейдакматованын колунан тарбияландым.
- Ырчылык өнөргө андан соң баш бактыңызбы?
- "Туңгуч" театрында иштеп жүргөнүмдө өзүмдү ыр жаатында да сынап көрөйүн деп, Муктар Атаналиевдин "Мен мусулманмын" концертинде алгач чоң сахнага чыккам. Ошол жактан Айбек Карымов байкай калып, өз тобуна кабыл алган. Бурул Алимованы элге тааныткан Медер Осмоналиевдин "Көлдүк жигит" аттуу ырынын обону Айбекке таандык. Кийинчерээк Айбек менен дуэт ырдай баштадым.
- Айбек Карымов менен кандайча баш кошуп калдыңыз?
- Арзуу менин көңүлүмдө гана багылып, Айбекке туш болгонумда, мен аны чындап сүйүп калыпмын. Сүйүүнү өз кыялымдан жаратып алдым да, ошол жүрөгүмдүн ээсин Айбек деп жүрүпмүн. Көрсө, мен чоң жаңылыштык кетирипмин. Кээде бир жүрөгүң жылып, жан дүйнөсү сага төп келип калгандай болгон адам балдарымдын атасы деп ойлогом. Бирок ал сүйүү эмес экени кичине эле убакыт өтөрү менен билинип калат экен. Экөөбүз үйлөнгөндөн соң жыл айланбай Аруузатым төрөлдү, андан кийин Шерзатым. Экөөбүздүн жолубуз эки айрылыш болушу үч уктасам да түшүмө кирген эмес. Биз ажырашып кеткенде, эки баланы өзүм чоңойттум. Менин энелик сыймыгым ушул болду.
- "Кайнененин камырынан" деп бекер айтпаган чыгар. Кайненеңизге окшош жактарыңызды байкайсызбы?
- Айбек бизден кетсе да, кайын журтум менен катташып турабыз. Кайненем бизди конокко чакырып, келиндик кызматымды аткарып чай сунайын десем да, кайра мени төргө отургузуп, урмат-сый менен тосуп алат. Анын таамай айтып, шатыра-шатман жүргөнүн өзүмө окшоштура берем. Аябай ачык сүйлөп, жумушту да тарса-турса жасап, аябай тазалыкка өзгөчө көңүл бурат. Мени өз кызындай көргөнүнө абдан ыраазы болуп кетем. Аруузат менен Шерзаттын балдай таттуу жытын жыттап, неберелерине үзүлүп түшүп, элжиреп кетет.
- Чыгармачылыкты улантайын деген оюңуз бар чыгар?
- Аранжировщик Акыл Карыповдун "Аялзат", "Махабатым" аттуу ырларын ырдап чыгам. Түгөлбай Казаковдун "Кечки ыр" аттуу ырын да ырдап чыкканы турам. Балдарым кичинесинен атасы жок тарбияланып калгандыктан, чыгармачылыкты да токтотуп койдум. Азыр чоңоюп калышты. Аталуулардан кем кылбай багып келе жатам. Мага жөлөк-таяк болгон ата-энеме, бир туугандарыма ыраазычылык билдирем. Жалгыздыкка баш ийбей, турмуштун оор сыноосуна чыдай албай ыйламсыраган күндөрдү да баштан кечирдим. Атам 35 жаш курагында кайтыш болуп, апам жаштайынан жесир калган. Апам: "Мына мен кыйын кезеңди жеңип, 8 баламды эч кимден кем кылбай багып чоңойттум. Турмуш деген сөздүн түп-тамыры тырмыш дегенде жатат. Белиңди бекем бууп, алдыга карай умтул"- деп көп акыл-насаатын айтар эле. Кайрадан чыйралып, күчтөнө баштадым. Азыр ойлоп көрсөм, кудайдын сыноолорунун баары жакшылыкка деп коёт го. Айбек менен ажырашканым да жакшылыккадыр.
- Балдарыңыз атасын эстеп сагынышабы?
- Кызым мага жакын, жароокер, айрыкча, уулум атасы жөнүндө көп ойлонот, негедир атасына болгон таарынычы бардай. Эркек бала ата тарбиясын көрүшү керек экен. Кээде уулум "Кетпечи, ата" деген казактардын кинодогу каарманына өз атасын салыштырат го сыягы, кайра-кайра ошол кинону көрө берет. Ата мээримин көрбөгөн бала бара-бара жашоодо тез чыйралып, дүйнө таанымы да чоңдордукундай болуп калат тура. "Бала деген баладай, башы-көзү чарадай" болгону эле оң го. Ата-эненин койнунда, бактылуу балалыктын кучагында чоңойгонго не жетсин? Менин бир өкүнүчүм -балдарымдын атасыз чоңоюп жатышы. Эркетайларым: "Апа, ыйлабаңыз биз сизди чоңойгондо багабыз, атамды үйгө киргизбейбиз",-деп коюшат. Айбек келсе чуркап барып, кыса-кыса кучактап алып, сагынычын таратышат.
- "Көздүү мончок жерде калбайт" дегендей, сиздин да колуңузга бакыт кушу конор. Азыр деле колуңузду сурагандардан кур эместирсиз?
- Туура айтасың. Атадан алтоо болсоң да, ар жалгыздык башыңда экен. Колумду сурап, турмуштун ачуу-таттуусуна бирдей чыдап, жашап кетели дегендер да жок эмес. Эне жүрөгү баласы үчүн баарына даяр тура. Балдарым өгөйлөнүп калбаса экен деп, кайрадан турмуш куруудан да чочулап турам. Эми сүткө оозум күйгөндөн кийин, айранды үйлөп ичип калдым. Аялзаттык бактыга туш болбосом да, эң негизгиси, бактылуу энемин. Азыр турмушта - өзүнө тың кыздар гана бакытка ээ болушат, ал эми бактысыз болуу бул адамдын алсыздыгынан, өз сүйүүсү үчүн күрөшө албаганынан" деп ойлоп калдым. Себеби, турмушта да "стерва" болуп коюш керек экен. Анткени, кээде бакытка татыксыз адамдар деле бактылуу болуп калып жатышпайбы. Бирок, эң өкүнүчтүүсү, атаганат, ошол адам өзүнүн бактылуу экенин сезбейт тура.
Динара Асылбекова