п»ї

Чет жерден келген азыктар рак оорусун пайда кылабы?
Мекенибизге чет мамлекеттерден көптөгөн азык-түлүктөр экспорттолуп келет. Алардын арасында адамдын ден соолугуна терс таасирин тийгизүүчү азыктар да бар экени айтылып келет. Өзгөчө ГМО генетикалык модификациялык жол менен өстүрүлгөн өсүмдүктөр жана багылган малдын эттери келет деген маалыматтар бар.


ГМОлорго чет жерден келген алма, помидор, бадыраң, болгар калемпири, коон, дарбыз ж.б. кирет. Алар Америка, Канада, Германия, Индия, Кытай, Япониядан өндүрүлүп, өзүлөрү жегенге пайдаланышпай, Африка, Азия, анын ичинде Кыргызстанга жөнөтүшөт.
ГМОлордун сырткы көрүнүшү жакшы болгонуна карап сатып алып, тамак-ашка пайдалана бергенибиз менен, ден соолугубузга коркунучу зор. ГМОлор адамдын иммунитетин төмөндөтүп, аллергия, рак ооруларын пайда кылат. ГМОлорду сыртынан жалтырап, курт жолобогонунан айырмаласа болот, себеби, экологиялык жактан таза жемишти курт жейт, ал эми ГМОлорго курт жолобойт.
Айрым маалыматтарга караганда азыр биз кеңири колдонгон тооктун сан эттери Америкадан келет. Алар тоокторду тез семиртүүчү антибиотиктер менен багышат, бардык уулуу, зыяндуу заттар бутуна түшөт, өзүлөрү канат, төш эттерин тамак-ашка пайдаланышып, сан эттерин бизге экспорт кылышат. Экинчиден, алар эттер бузулбай көпкө сакталыш үчүн ысык хлор кошулган сууга салып коюшат. Ошондой эле эттеги вирустарды алар ысык хлордуу суу менен өлтүрүшөт, жыйынтыгында тоок эттерин жеген адамга, хлордун күчтүү уусу бөйрөктөгү, боордогу ташты пайда кылат. Бизде пайда болуп жаткан ак кан рагы, боордун рагы, балдардын ара төрөлүп жатышы баары уран, антибиотиктин кесепетинен дешет. Учурда ГМО малдын эти шаарыбыздагы ири дүкөндөрдө арзан баада сатылып, көпчүлүк кафелерде ошол эттерден тамак-аштар жасаларын ашпозчулар айтып келишет. Баарынан тез семиртүүчү антибиотиктер Кыргызстанда да пайда болуп, айрым аймактарда малга сайып баштаган көрүнүштөр бар экенин айтышат.
Европадан келген азык-түлүктүн көпчүлүгүнүн сырткы упаковкасында Е деген тамгасы бар, ошол азыктарды өзүлөрү колдонбой, атайын бул жакка жөнөтүшөт. Себеби, аларда тукумсуздукка алып келүүчү кошулмалар бар, алардын арасында кукси да бар.
Кытайдын ак күрүчтөрү пластмасса кошулуп жасалып, биздин чек арага 5-6 сомдун тегерегиндеги баа менен келип, ортомчулардын колу менен бизге 60 сомдон жогору сатылат, ал күрүчтөрдү көпчүлүк эзилбегенине ыраазы болуп алышканы менен, жеген адамдын ашказанын өйкөп, акырындык менен рак оорусун пайда кылат.
Ошондой эле Кытайдан арбын келип жаткан, "жаш балдардын витаминдери" деп аташкан майда момпосуйлар, баланын тамакка болгон табитин жоготуп, иммунитетин төмөндөтүп, ар түрдүү түскө боёлгон боёктору балдардагы аллергияны пайда кылат, ошондой эле ар кандай ичеги ооруларга чалдыгышы мүмкүн. Ош базарында мындай момпосуйлар кеңири сатылууда, байкашыбызга караганда Орусия, Казакстан жана бизден чыккан момпосуйларга караганда Кытайдыкын сатып алуучулардын саны арбын. Мунун себеби Кытай момпосуйларынын баасынын арзандыгынан болсо керек.
Ырысбек Абдрасулов, айыл-чарба илимдеринин доктору, профессор:
Кийинки кездерде жалпыга маалымдоо каражаттарында ГМО жана ГМП деген аббревиатуралар көп кездешчү болду. Көпчүлүккө кеңири маалым болбогондуктан, биз бул сөздөргө кыскача түшүнүк берип кетүүнү туура көрдүк. ГМО(генетикалык модификацияланган организм) бул генетикалык структурасы (же гендери) өзгөртүлгөн организм, ал эми ГМП(генетикалык модификацияланган продукт) ошол ГМОдон алынган продукт. Бүгүнкү күндө генетикалык инженериянын жана азыркы биотехнологиянын жетишкендиктери организмдердин гендерин каалагандай өзгөртүүгө мүмкүндүк берди. Мисалга: картошка, бадыраң, калемпир, алма, помидор ж.б. өсүмдүктөргө балыктын генин кошуп транспорттогондо формасын жоготпойт. Ошондуктан, алыс жактарга ташыганга мүмкүнчүлүк түзүлөт. ГМОлорду бүгүнкү күндө дүйнөдөгү ири трансулуттук компаниялардын илимий борборлору жасап чыгарууда. ГМОлордун бир топ адам баласына пайдалуу жактары бар, алар жогорку түшүмдүү(өсүмдүк болсо) же жогорку кунардуу(мал болсо) болушуп, ар кандай ооруларга жана айлана-чөйрөнүн катаал шарттарына туруктуу келишет. Мына ушул себептен алардын саны күндөн-күнгө өсүүдө. Бүгүнкү күндө 130дан ашык өсүмдүктөрдүн түрлөрү ГМО болуп саналат. Аларга картошка, пияз, сабиз, дарбыз, капуста, бадыраң, помидор, буудай, жүгөрү, пахта ж.б. көптөгөн өсүмдүктөрдүн түрлөрү кирет. Трансулуттук ири компаниялар ГМОлорду дүйнөнүн артта калган, ачарчылыкка дуушар болгон өлкөлөрүнө кеңири таратууда. Себеби, алар бир нече жүздөгөн доллар кирешелерди алууда. Алар өз кызыкчылыктарын атайын иштелип чыккан эл аралык закондор менен коргошууда. Бирок, тилекке каршы, кийинки мезгилдерде ГМОлордон алынган азык-түлүктүн адамдын организмине терс таасирин тийгизген маалыматтар көбөйүп, тарай баштады. Бүгүнкү күндө окумуштуулар да ГМО боюнча эки тарапка бөлүнүшкөн. Бир тарабы ГМОнун эч кандай зыяны жок десе, экинчи тарап жок, ГМОнун терс таасири көп деп талаш-тартыш жүрүүдө. Так илимий маалыматтар жетишсиз. ГМОлордун био ар түрдүүлүккө тийгизе турган таасири абдан чоң. Ошондуктан, өнүккөн мамлекеттерде ГМОдон коргонуу үчүн атайын закондор иштелип чыккан. Азыркы күндүн талабына жооп берүүчү аларда лабораториялык жабдуулары жана адистери бар. Ал эми артта калган кедей, жаңы өнүгүп келе жаткан мамлекеттерде (Кыргызстан ушул топко кирет) мындай мүмкүнчүлүк жок болгондуктан, аларга ГМОлордун био ар түрдүүлүккө тийгизүүчү таасири орчундуу. Мисалы, Кыргызстанга алып келинип жаткан өсүмдүктөрдүн уругу дээрлик бардыгы ГМОлонгон уруктар. Тилекке каршы, аларга мониторинг жүргүзгөн эч ким жок. Ошондой эле республикага канча ГМПлар ташылып келип элге сатылууда. Алардын адамдардын организмине тийгизген таасирин караган эч ким жок. Кыргызстанда бүгүнкү күндө ГМО менен ГМПдан коргой турган закондор, азыркы лабораториялык жабдуулар жана кадрлар, мамлекеттик иреттелген система жана саясат жок. Эгерде бул орчундуу маселеге бүгүн көңүл бурулбаса, эртең кеч болуп калышы мүмкүн.
Буга окшогон маалыматтарды уккандан соң, бизге чет жерден келген азык-түлүктү текшерүүчү органдар эмне дешет, алардын оюн угууну туура көрдүк.
Кудакеев Көчөркул, Ветеринардык департаменттин экспорт, импорт секторунун башчысы:
Бизде Кытай менен эл аралык келишим бар, ал жактан 6 фабрикадан эттер келет. Баарынын сертификаты бар. Кытай десе эле биздикилер тетири ойго кетет. Кытайдан эт алыш үчүн биздин балдар барып текшерип келишет. Алар тооктун эти болсо, жөжө жумурткадан чыгып эти коробкага түшкөнгө чейинки процессти текшеришет. Биз Кытайга жетип алалычы. Кыргызстанда бир да дүйнөлүк стандартка туура келе турган лабораториябыз жок. Биолаборатория куруп беребиз дешсе, аны да бузукулар элдин башын айлантышып, кереги жок деп кыйкырып чыгышты. Биолаборатория бизге керек болчу, же этибиздин сапатын текшере албасак. Топоздун этин текшерип бергиле деп Казакстанга кайрылабыз. Өзүбүздүн эч нерсеге алыбыз келбей, анан ар нерсе деп сүйлөгөнүбүздү токтотушубуз керек. Бизде иштеген балдар барып келишкен, алар этти бул жакка экспорттоого даярдагандарын терезе аркылуу гана көргөзүшүп, эч кимди киргизишпейт, керек болсо микроб кирбейт. Кыргызстандагы мал союлган жерлерге барчы, кан, чымын, малдын заңы, анан кайсы арыбызга Кытайды тособуз дейбиз. Кытайдан эт 140 өлкөгө кирет, алар баарыбызды багып жатат. Кыргызстанда ГМО эттер бар экенин ким далилдептир, бизде ГМОну текшерчү лабораториялар жок. Мүмкүн, келеттир, бирок далилдеген эч ким жок. Тооктун сан эттери ГМО эмес, алар керек болсо Орусияга кирип жатпайбы? Кыргызстанда да антибиотик сайып жатышыптыр деп айтып жатышат, бирок андай болушу мүмкүн эмес.
Ураимова Алтын, Мамлекеттик санитардык көзөмөл департаментинин санитардык көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы:
Өкмөттүн 206-токтому бар, ошол токтомго ылайык бажыдан өтүп жаткан азык-түлүктөрдүн баарын алар бизге жөнөтүп, санитардык көзөмөлдөн өтүп туруусу керек. Бул жакка келгендерди биз адамдын ден соолугуна коопсуз болгон көрсөткүчтөрүнө карап текшеришибиз керек. Эл аралык макулдашуулар бар, алар көбүнчө сертификаттары менен келишет. Келген азыктар текшерүүдөн сөзсүз түрдө өтүп турат. Анан бизге келбей калганы да болуп жатпайбы. Кошумча тамактар деп коёт, кукси ж.б.лардын колдонгонго болбогон тыюу салынгандары бар, негизи, азыктын сыртына бардык кошулмалары (эгер ГМО азыктары кошулса аны да)көрсөтүлүшү керек. Биздин өлкөдө ГМОлорду кирбесин деген тосмо жок. ГМОлордун адамга зыянын текшерген эч ким жок, ГМО бул талаш маселе, колдогондор да бар, каршы болгондор да бар. Алар түшүмдүү, ар кандай шартка чыдамдуу, арзан болот, ошого карата жакыр өлкөлөрдө эл ачка калгандан көрө пайдаланыла берсин деген саясаты бар. Базарда сатылып жаткан Кытайдан келген балдар момпосуйларын көрө элекпиз, алар биз аркылуу өтпөйт. Сатылып жаткан азыктарды бир жылда бир жолу гана текшергенге укугубуз бар, биз барбаган учурда эмне сатып, эмне коюп жаткандары белгисиз. Ошондуктан, текшерүү убагыбыз келмейинче аларды көрүп турсак да, эч нерсе деп айта албайбыз.
P.S. Жогоруда айтылгандай, бизде ГМОну текшерүүчү лабораториялар жок болгондуктан, ГМО азыктар келбейт деген кепилдик жок. Ал эми Кыргызстан чет жерден азык-түлүктөрдү алганга муктаж. Эгер биз экологиялык жактан таза, зыянсыз азыктарды пайдаланабыз десек, өзүбүздүн айыл-чарбасын өнүктүрүп, кайра иштетүүчү ишканаларды көбөйтүп, сапаттуу продукцияларды чыгарганга аракет кылышыбыз зарыл.
Динара Чокоева





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??