п»ї

Акылбек Жапаров:
"Президенттикке аттанайын деп турам"
Сөздү таптап сүйлөгөн мырза, ЖКнын депутаты Акылбек Жапаров менен маек.

- Акылбек мырза, Акаевдин, Бакиевдин, Отунбаеванын убагында да саясаттан кете элексиз. Саясатта эмне сырыңыз бар?
- Ар бир жумушту кандай ниет жана кандай максат менен жасаганыңа жараша болот. Мен саясатта акыркы 20 жылдан бери келе жатам. Биринчи өзүм балдарымдын астында уят болбоюн деген принциптерди кармап келем. Ошол принциптердин бири - кудайдын астында да, элдин астында да уят болбошуң керек. Эгер башкаруучу болуп турсаң, кесиптештериңди алдыга ээрчитип баратканда да жолуңан адашпагандай, уят болбогондой болушуң керек. Негизи эле кыргыздарда биздин бала кезибизден бери, "муну кылба уят болот, тигини кылба уят" деп тарбия берген. Кыргыздарда "уят" системасы күчтүү. Эгерде "уят" системасынан чыкпасаң, саясат деле сасык болбойт. Мен ким менен иштешпейин жогоруда белгилеп кеткен "уят" принциби менен иш алып барам. Мага тапшырылган тапшырманы колуман келгенче майын чыгара жасайм. Профессионалдык деңгээлди такай өркүндөтүп туруу зарыл экенин билем. Башың иштебесе, тапшырылган ишти так аткара албасаң, сенин эч кимге керегиң жок.
- Кыргызстан үчүн кандай из калтырдым деп ойлойсуз?
- Мен үч нерсеге себепкер болдум. Биринчиси СССР, КМШ же Европа алкагында 2005-жылы болуп көрбөгөн тарыхтагы окуя болду. Кочкордо шайлоо округунда элдер мени жана бир топ кандидаттарды сот менен алып салгандан кийин, менин командам жакшы иштедиби, же элдин ишеними күчтүүбү, айтор, ошол убакта 16670 шайлоочу "баарына каршы" дегенди белгиледи. "Баарына каршы" мага чейин бир да жолу болуп көрбөптүр. Демек, ошого чейинки кылган эмгегим элге да жакса керек. "Бекер жашаган эмес экенмин" деп ошондо бир курсан болдум эле. Экинчиси биринчи вице-премьер болуп калган кезде Камбар-Ата-2ни курабыз деп 3 миң тонна жардыргыч жарылып, 3 миллион тонна тоо ордунан омкорулуп, Нарын дарыясында 17,5 секунддун ичинде платина курулду. XXI кылымдын алкагында дүйнө жүзүндө бир да киши мындай жардыруу менен платина куруп көрбөптүр. Үчүнчүсү, бүгүн Борбордук Азиядагы КМШ мамлекеттеринин ичинде биринчи жолу өкмөттүн имаратында намазкана ачылды. Ушул үчөөнө тең себепкер болдум. Колуман келген аракетимди кылып атам. Бирок, тарых деген ушундай да, сен бул жашоону таштап кеткенден кийин гана өзүңдүн ордуңду, өзүңдүн кылган эмгектериңди баалоого мүмкүнчүлүк болот экен.
- Жайлоонун мезгили башталды, кайсы жайлоого барып кымыз ичип келейин деп атасыз?
- Быйыл жайлоого бара албайм го. Себеби, алдыда шайлоо болгон турат. Биздин партиядан Феликс Шаршенбаевич, мен, Турсунбай Бакир уулу президенттикке аттаналы деп турабыз. Эң жакшы көргөн жайлоолорумдун бири - Соң-Көл жайлоосу. Кыргызстанда көп эле мыкты жерлер бар. Мисалы, Азимбек Бекназаров Сары-Челекке 3 күн эс алдырды эле, ошол такыр эстен кетпейт.
- Трайбализмге кандай көз караштасыз?
- Терс көз караштамын. Бул жерде дагы өлкө жана өлкөнү башкарып аткандар күнөөлүү. 20 жылдан бери нукура кыргыз тилин киргизе албай койдук.
- Жалаң Нарындык журналисттерди топтоп, колдоо фондун өткөрүп жүргөнүңүздү билем. Бул ишиңиз трайбализмге жатпайбы?
- Ар бир депутатка эле келсе керек. "Мен гезит ачканы жатам, гезитте иштеп атам, менин гезитимди жаап койду", - деп эле ини- карындаштарым келе берди. Анан:"Баарыңар чогулсаңар, мен жылына 5 миллион сомго жакын өзүмдүн каражатыман бөлүп берип турайын, ынтымакташып алып өзүңөр чечкиле", - дегем. Журналисттердин дээрлик көбү Нарындык болуп калгандыктан, "Нарындыктар бөлүнүп алды", - деп атышат. Мен бул тууралуу журналисттердин баарына айткам. Бир тобу чогулуп калганда журналисттерге: "Мындан ары адамдын боюна, каяктан экенине тийишмей жок, мындан ары бир үй-бүлөдөй болуп жашайбыз", - деп айткам. Аны биздин куудул Күмөндөр Абылов: "Акылбек Жапаров, менин боюм менен койлорума тийишпегиле деп чыкты", - деп тамашалады. (Күлдү)
- "Эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт" дейт. 120 депутат бири-бирин каралап, биринин кылыгын бири чукуп атып эле бир жыл өтүп кетти. Ушундай темп менен кете берсек, Кыргызстан өнүгөбү?
- Кыргызда эң жаман, катуу сөздөрдүн бири - көрө албастык. Илгери бир киши болуптур. Бирөөлөрдүн жакшылыгын көрө албай, жамандап, урушуп эле жүрчү экен. Ал кишинин көзү өтүп кеткенден кийин көмсө, жер да албай коюптур. Кайра көмсө кайра эле чыгып калат дейт. Ошондон кийин кыргызда "көр албас" деген сөз пайда болгон экен. Ушундай жат нерсени кыргыз өлкөсүнүн саясатына айландырып алдык. Айрым учурда биздин кесиптештер ушундай жат көрүнүштөрдүн жетегине жетеленип кетип калып атышса керек. Менин оюм боюнча, бир топ депутаттар жаш, жаңы келишти. Алардын басып өткөн жолу, билими, интеллектуалдык көрөңгөлөрү ар башка.

Акылбек Жапаров
"Т.Усубалиев экөөбүздүн ортобузда мандат үчүн күрөш болгон"
Биринчи жылы жакшы жуурулуп, чогуу иштешип, конфликттердин болуп атканы да ошондон го деп ойлойм. Көч бара-бара түзөлөт. Эл өзүнө жараша кишилерди көбүрөөк шайлап койду. "Курсак философия" деп коёт. Мага ким тамак берсе, мен ошону шайлайм дегендер көпчүлүгү өзүнө окшошторду тандап алышат. Шайлоого 50 пайыз шайлоочу келбей койду. Шайлоого катышпагандардын көбү жаштар жана интеллигенция болду. Анткени, алар арак менен акчага алданбайт. 10-15 пайызын кудай өзү кечирсин деп жасалмаларды ыргытып атып, жанагы 198 миң кишини кошумча тизме деп көз божомолдоп салып салбадыкпы. Калгандары, ага-тууган, куда-сөөк, жоро-жолдоштор, анан көчөдөгү балдар, аракка алдангандар. Мен кесиптештеримди таарынткым келбейт. Бирок, спикерликке, депутаттыкка же мамлекеттик кызматка келем дегендер башынан эле тарбияланып келсе жакшы болмок.
- Маегибизди "Мобил" программаңызга бурсак. Программаңыздын негизги максаты эмне?
- 20 жылдан бери биз 2071 мыйзам кабыл алган экенбиз. ЖКнын токтомун карасак, 33 миң нормативдүү укуктук база түзүп алыптырбыз. Мунун баарын укук коргоо органдары жана сот билет. 33 миң нормативдик акты кабыл алып, биз 80 миңден ашык чиновникти жаратып алдык. Ошо чинониктерге керектүү мыйзамдын баарын кабыл ала бериптирбиз. Менин "Мобил" деген программамда: "Мындай концертти токтотолук, адам баласына керек гана мыйзамдарды кабыл алалы, кабыл алган мыйзамдардын алкагында - иштейли", - деп айтып атам. Мына ушундай позицияга Германия өткөн. Бүгүнкү күнү Европанын бүт экономикасын немистер көтөрүп, кризистен сактап калып атат. Ал жерде жарандын укугу, өкмөттүн укугунан жогору коюлган. Биз ошого өтүшүбүз керек деген ойдо ушу "Мобил" программамда белгилеп кеттим. Мындан тышкары, 80 миңден ашып кеткен чиновниктердин санын кыскартуу үчүн, биз оптимизация жасашыбыз керек. Экономикада дагы, өлкөнү башкаруу принциптеринде дагы ошолорду койдуруп атабыз.
- Мобил эмес кыргызча эле ат койсоңуз болбойт беле?
- Бул эми модернизация деген сөз кыргыздарда да паспорт сыяктуу колдонулуп келет. "Мобил" да ошо сыяктуу.
- Бул программаңыздын артында Россия Федерациясы турбайбы?
- Жок, бул программа жалпы жонунан дүйнө жүзүндөгү экономикалык агымдарды эске алган. Бирок, Кыргызстандын өзгөчөлүгүн жана 20 жылдын ичинде Кыргызстанды өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кошо турган программа. Мына 20 жыл өтүп кетти. Же кыргызча тыңыраак үйрөнө албай калдык, же экономикабызды өстүрө албай калдык. Болгону болду, ал баракты жаап, астыңкы 20 жылда ушул программаны сунуштап атам. Кыргызстандан кетип калган жарандарыбыз кайра келе тургандай кылып, жумуш орундарын кайрадан камсыз кыла турган программалардын бири ушул.
- Программаңызда 3 жылдын ичинде Кыргызстандын экономикасы 150 пайызга, тактап айтканда, 4,5 миллиардга өсөт деп белгилениптир. Бул акылга сыйбаган иш. Экономикабыз чын эле өсөбү, же мурунку таз кейпибизге кайра түшөбүзбү?
- 2005-2006-2007-жылдардын ичинде экономиканы 3 эсе көтөргөн кишилердин биримин. 16 миллиард сомдон 48 миллиард сомго көтөргөм. Ошондо бюджеттин тартыштыгы нөл болчу. Өкмөттүн капчыгында 6,5 миллиард сом турган. Ошол үч жылы бирөөнөн акча сурап көргөн эмеспиз. Кыргыз өзүнүн күчү менен жашаса болот экен. А ички дүң продукциябыз эки эсе өскөн. Тышкы карызыбызды эки эсе азайткам. Ошондуктан, 3 жылда "Мобил" программасында берген сандар анча-мынча эле өзгөрүлүп кетпесе, толук ишке ашарына көзүм жетип турат. Ан үчүн саясий эрк жана чыныгы профессионалдар керек.
- Буга чейин "Асман.kg" гезитин сизди сатып алат деп угуп жүрдүк эле, бирок аны сатып албай эле "Добулбас" гезитин демөөрчүлүккө алыпсыз, бул президенттик шайлоого карата болгон ат салышуубу?
- Мен, негизи эле, кыргыз гезиттердин баарын сыйлайм. Гезиттерге колуман келген жардамымды берем. Өзүм 20 жылдан бери бир да гезит ачкан жокмун. Гезит сатып алып да иштете турган убактым жок. Бир топ биздин жаш журналисттер гезит чыгарабыз деп атат. Гезит аркылуу өзүнүн үй-бүлөсүн багабыз деген да үмүт пайда болду. Мындай иште күчтүү менеджер болуш керек. Бул жерде аябай көп конкуренция. Кыргыз тилдүү гезиттердин 136сы Минюсттан өтүптүр. Ошонун дээрлик көпчүлүгүн өзүбүздүн ини-карындаштарыбыз, агаларыбыз иштетип жатышат.
- Өткөндө Т. Усубалиевичтен кечирим сурап, тебетей кийгизип, чепкен жаап аттыңыз эле. Экөөңүздөр эмнеден улам чекишип кеттиңиздер эле?
- Бийликте калуунун амалы менен Салымбековду Касиев менен согуштуруп, мени Усубалиев менен бир шайлоо округуна каттатып, Усубалиевич экөөбүздүн ортобузда мандат үчүн күрөш болгон. Көрсө, ошол убактагы президент, атайын жалаң тың чыккандардын баарын бири-бири менен кармаштырып коюп, бийликте калып калам деген амалы экенин кийин түшүндүм. Ал кезде жашыраак, жүрөгүм курчураак болсо керек. "Кочкор округунда 5 жылдан бери кызмат кылып жаткандан кийин бара берейин", - деп ишенгем. Билип жана билбей калган күнөөлөр, кемчилдиктер бир топ кетсе керек. 2005-жылы ал мандат мага да, Т.Усубалиевичке да буйрубаптыр. Азыр депутат болуп келгенден кийин, аксакалдын астына түшүп, ошондогу кетирген кемчиликтерим үчүн кечирим сурадым.
- Турдакун Усубалиевич сиздин добушуңузду сураганда, сиз баш тартыпсыз. Чырыңыздар ушундан улам чыгыптыр го?
- Жок, 2000-жылдан баштап Т.Усубалиев А.Масалиев деген биздин залкар инсандарыбыз менен чогуу мыйзам чыгаруу палатасында иштеп калдым. Ар бир депутат өзүбүз шайлоо округун тандап алып, ар бир шайлоо округуна барып иштей баштаганбыз. Анан Т.Усубалиевичтин астынан өтүп: "Аксакал, сиз Кочкорго барсаңыз, анда мен шаардын бир округун тандап алайын", - десем,ал: "Балам, эми, буюрса, мындан кийин сен Кочкордон чыкканга жарап калдың окшойт. Дагы бир беш жыл тактан, сен чыгасың ", - деген сөздөр болгон башында. Ал убактагы президент Акаев да өзү чакырып алып: "Сен Кочкордон гана чык", - деп батасын берген. Убакыт өткөндөн кийин бир топ саясий оюндар болуп кеткенин байкап атабыз. Мен 12-кичирайондон деле штабдын началниги болуп, Алмаз Шаршенович Атамбаевди депутат кылган кишимин. 17 жыл 12-кичирайондо жашадым. Ошол жакта жоро-жолдош, колдоп кете турган кишилер көп эле. Туулуп-өскөн жериңен бата алмайынча чоң саясатка чыга албасыбызды билип, айла жок туулуп-өскөн жерибизге барып калганбыз.
- Кечиримди мурдараак сурасаңыз болбойт беле, эмне үчүн ошончо жылдан кийин сурап жатасыз, же бул жакта да кандайдыр бир саясий сыр барбы?
- Эми жакшы шарты, ыгы да келбей жүрүп ушул убакыт болду. Мен Турдакун Усубалиевичке эки-үч кишини жиберип көрдүм. Ортобузда бир топ кишилер жараштырабыз деп жараштырбастан, кайра ырбатып, экөөбүздүн ортобузду алыстатканга аракет кылгандар да болгон экен. Азыр, буюрса, аксакалдын астынан өттүм. Жүрөгүмдү бир нерсе өйүп, оор болуп жүрдү эле, жеңилдеп калдым.
- Сизди жакында Каржы министри болот деп уктук. Жогорку Кеңеште "Кошелёк" деген атты жамынган бир адам бар. Каржы министри болуш үчүн "Кошелёктун" капчыгына канча суммадагы акча салдыңыз?
- Азыр Жогорку Кеңеште ким "Кошелёк" атка конуп жүргөнүн билбейт экенмин. Биз мыйзам чыгаруу палатасында "Кошелёк" деген кишинин жанында отуруп жүргөнбүз. Азыр ал киши Кыргызстанда жүрөт дейт. Коалиция түзүлөрү менен эле Атамбаев Алмаз Шаршенович мага: "Ар-намыс" партиясына каршымын, бирок Каржы министринин ордун ал", - деди. Өмүрбек Токтогулович Бабанов жанында отурду эле, а киши: "Акылбек Үсөнбекович мени укпайт", - деп калды. Атамбаев: "Акылбек, мени да укпайт. Бирок, экөөбүз тең тынч уктайбыз. Каржы тармагында эмне болуп кетет деп ойлонбойбуз", - деди. Бирок, тилекке каршы, "Ар-намыс" партиясынын программасын алар кабыл ала албай калды. Өздөрүнүн программасын дагы бизге көрсөтпөгөндүктөн, биздин партия ал коалицияга кошулбай калды. Мен фракциянын чечимин сыйлаган кишимин. Биз азыр оппозицияда жүрүп атабыз. Эгерде биздин экономикалык программаны кабыл алышса, ошонун алкагында мындан ары иштеп кетебиз дешсе, анда өкмөткө кол кабыш кылып, жардам берүүгө мен азыр деле даярмын. Кайсы тармактан мыйзамдар келбесин, эгерде элге жакшылык алып келсе, мен колдоп берем.
Төлөбүбү
Касымалиева








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??