Отунбаева: "К. Ташиевдин айтканын какшык иретинде уктук"
Кыргызстандын Президенти Роза Отунбаева Биринчи радиого берген кезектеги маегинде президенттин дарегине айтылган сөздөр боюнча өз оюн айтты.
- Биринчи радио: Депутат К Ташиев тамаша иретиндеби, же башка максаттабы, Отунбаеваны дагы бир жолу сурансак, президенттикке бир жыл калабы деп айтып калды...
- Роза Отунбаева: Муну какшык иретинде уктук. Булар ишенбей жатышат да, "кантип эле саясатчылар сөзүн кармайт экен" деп, акылы жетпей турганын мен көрүп жатам. Мен Астана шаарындагы ШОС саммитине катышып келип, бул менин акыркы саммитим деп, шайлоо жолу, тынчтык жолу менен башка президентке өткөрүп берем деп келдим. Эми дагы кандай анттарды бериш керек экен. Отунбаева ушул шайлоону таза өткөрүп берип, таза кетет. Бул жумуштан кетем дегенди билдирет. Бул саясаттын деңгээлинин мазмунун көрсөтүп жатат. Көп нерсени саясатташтырып, чоң оюнга айландырып жатабыз да.
- Биринчи радио: Сөзүңүзгө аралжы, К. Ташиев да ага козголгон кылмыш ишин "бийликтин заказы" деп кабыл алып жатышат. Буга сиздин пикириңиз?
- Р. Отунбаева: Муну саясатташтыруунун кереги жок. "Ата Журттун" 2 өкүлү бирөө фракциянын лидери, бирөө "Ата Журттун" депутаты, үчүнчү атажуртчунун кабинетинде бири-бирин төпөштөп, Сулеймановду уруп жатышат. Сулейманов жаракат алып, арыз берип жатат. Бул "Ата Журт" фракциясынын ичинде болуп жаткан иш. Бул прокуратурага жетти, тергелип аягына чыгыш керек. Мен бир нерсени айтып коюшум керек. Жогорку деңгээлдеги адамдар бири-бирин токмоктоп, маселелерди чечип жатышы - бул Кыргызстандагы жат нерсе деп айтып коюшум керек. Экөө бири-бири менен мушташып кетти. Жеңил-желпи баадан алыс болуш керек. Коомдогу мектептерде рекет, армияда дедовщина, түрмөлөрдүн баарында тартиптер болсо, биз анда кантип коомду тарбиялайбыз? Эгерде Жогорку эшалондогу ушундай мушташтар болуп жатса, үлгү көрсөтүп жатышса.


А. Бекназаров кызматынан кеткен жок
"Президенттин Жогорку Кеңештеги расмий өкүлү Азимбек Бекназаров өзүнүн азыркы ээлеп жаткан кызматынан кеткен жери жок жана жакшынакай эле иштеп жатат", -деп билдирди президенттин пресс-катчысы Султан Каназаров. Эскерте кетсек, 27-июнда Ак үй тараптан өздүк булактар президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Азимбек Бекназаров кызматынан четтетилгени тууралуу кабарлашты. А.Бекназаровго "Баракелде" бул маселеге байланыштуу кайрылганда, ал: "Балким, мүмкүн. Булардан баарын күтсө болот", - деп айтып, башка комментарий берүүдөн баш тарткан.


Ф.Кулов президенттик шайлоодо Жапаровду эмес, Суваналиевди колдогону турат
"Ар-намыс" фракциясынан президенттик шайлоого Акылбек Жапаров да аттанып, өз бактысын сынап көрүүгө бел байлап аткан. Бирок, күтүүсүздөн эле "Каттани" атка конгон Өмүрбек Суваналиев шайлоого сөзсүз катыша турганын билдирип, коомчулукка жар салган соң, Акылбектин маанайы түшүптүр. Себеби, партия лидери Феликс Кулов өкүл баласы Ө. Суваналиевди партиянын съездинде ачык колдой турганын убада кылып, атайын партиянын мүчөлөрүн даярдап атыптыр. Акыркы кездери Ф. Кулов өкүл баласына карата түз позициясын билдирүүдө. Ошондой эле Феликс байке "Каттаниге" Орусиядан миллиондогон үлкөн каражаттарды буруп берүү жагын да убада кылды дейт. Сыягы, аз күндө "Ар-намыс" партиясынын талапкери катуу кетчүдөй болуп туру...


Ош шаарында жаратылыш газын берүү токтотулду
Ош шаарында азыркы убакта газ берүү токтотулду. Бул тууралуу Ош шаардык газ чарба башкармалыгынын башчысы Таалайбек Максүтов билдирди. Анын айтымында, Түштүк региону боюнча чоң басымдагы газ өткөрүүчү түтүктөрдү караган атайын ишкана 27-июнь күнү саат 10до жаратылыш газын берүү токтотулат деп билдирген. Себеби, жаратылыш газын өткөрүүчү Өзбекстандан Кыргызстанга келген чоң түтүктүн 65-километринде авария болгон. Ошол себептүү, Ош шаарынын тургундары үчүн убактылуу жаратылыш газын берүү токтотулду. "Шаар тургундары кабатыр болбой эле койсо болот, анткени, бул аварияны биздин тиешелүү кызматтар калыбына келтиришет. Буйруса, жакында газды шаардыктарга берип калабыз",-деди Ы. Дыйканбаев. Ал бүгүнкү күндө Ош шаарынын жана Кара-Суу районунун тургундары жаратылыш газына 64 млн. сом карыз экенин кошумчалады.


Кара-Суу базары жабылабы?
Мындан 1-2 жыл мурда Кара-Суу базарындагы бир контейнердин баасы 40-45 миң доллар болсо, азыр 4-5 миң долларга түшүп кеткен. Бул кырдаал 2010-жылы 11-апрелде Өзбекстан республикабыз менен болгон чек араны убактылуу жаап койгондугунан улам жаралган. Анткени, аталган базарда негизинен сатып алуучулар Өзбекстандын жарандары болгондуктан, алар келбей калышкан. Натыйжада, Кара-Суу базарында сатуучулук менен алектенген жана башка жумуштарды жасап иштеп жүргөн 20 миңге жакын кыргызстандыктардын соодасы токтоп калган. Бул тууралуу Ош шаарында чек аранын жабылышына байланыштуу абалды талкуулаган жыйында Ош шаарындагы "Антикризис" коомдук фондунун төрагасы Эркин Абдразаков билдирген. Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы "Достук" чек ара бекетинин жабылышынан Өзбекстан да көбүрөөк зыян тартууда. Мисалы, мурда Кытай товарларын алып, Ташкент, Самарканд жана башка шаарларга сатып келген өзбекстандык соодагерлердин да иши токтоп калган. Мындан тышкары, Кыргызстанга жаз, жай мезгилинде келип, мандикерлик (жалданып иштеп) кылган усталар да өтө албай калышты. Анткен менен эки өлкөнүн чек арасынан мыйзамсыз түрдө эрте бышкан жер-жемиштер жана башка майда-барат азык-түлүктөр өтүп турат.


  Бир бүркүм маалымат

Алайда күйдүргү илдетине бир адам шектелүүдө
Бул тууралуу республикалык карантин жана өзгөчө кооптуу оорулар борборунун адиси Кубаныч Бектурдиев билдирди. Анын айтымында, ушуну менен жыл башынан бери күйдүргү менен 6 учур катталып, анын экөө Ош, төртөө Жалал-Абад облусуна туура келүүдө. Былтыр бардыгы болуп күйдүргүгө чалдыккандардын саны 26га жеткен.
Бул апта - Жогорку Кеңештин жайкы сессиясынын акыркы жумасы. Андыктан, парламентте президенттик шайлоонун мөөнөтүн белгилөө жана шайлоону өткөрүү үчүн зарыл укуктук документтерди аягына чыгарууга эң көп дегенде эки иш күн бар. Жогорку Кеңештин комитети шайлоону 20-ноябрга белгилөөнү сунуш кылган. Президенттикке туура мындан бир жыл мурда, 27-июндагы референдумда бекитилген Роза Отунбаеванын кызмат мөөнөтү 31-декабрда аяктайт.
КРнын Президенти Роза Отунбаеванын жарлыгына ылайык Юсупова Надия Рашидовна президенттин өкмөттөгү туруктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
27-июнда Кыргызстанда түзүлгөн Жаштар парламенти өзүнүн биринчи сессиясын аяктады. Жаш парламентарийлер бир апта ичинде Кыргызстандын партиялык түзүлүшү, Конституциясы жана сот бийлигинин абалы тууралуу талкууларды уюштуруп, бул маселеге өз мамилесин билдиришти. Ошондой эле жаштар жума ичи парламенттин структурасын жана регламентин бекитишип, алдыда аткара турган иштердин планын түзүштү. Ага ылайык парламенттин ичинде 7 комитет түзүлдү.