п»ї

Акматов Абдыкалык:
"Төш чөнтөгүмдө ар дайым С.Чокморовдун сүрөтү жүрөт"
Казактардын "Көчмөндөр", кыргыздын "Кайчылаш жолдор", "Талас -Бишкек" жана башка көптөгөн кинолордо мыкты ролдорду жараткан Акматов Абдыкалык аттуу кыргыздын белдүү актёру менен жараткан ролдору, үй-бүлөсү жөнүндө маек курдук.

"Устатым Д.Байдөбөтов мени баарына үйрөттү"
Чыгармачылыгым 2-курста башталган. Геннадий Базаровдой актёр керек болуп, Геннадий Садыровичтин курсташы, немис кызы өзүнүн өмүр баянын сценарий кылып жазып, Геннадийди Сакура деп коёт экен. Сакуранын ролуна мен өттүм. Союз убагында, 1979-жылы Германияга чейин барып ойногон кино тармагындагы биринчи ролум болду. Ал кинону өзүм да көрө элекмин. Өзүмдүн устатым, Д. Байдөбөтов мени өзү окууга даярдап, монологдун, тамсилдин кандай айтыларын, кандай актёр болуш керектигин үйрөткөн. "Кожожаш" киносунда Кожожаштын жигиттери болуп жети ай ат минип, ысык-суукта жүрдүк. Кийин "Кайчылаш жолдор" деген киного тартылып калдым. Бир жылдан кийин эле "Кербез" деген кинодо Токтогул Сатылгановдун сүргүнгө чейинки жаш кезин ойноп калдым.

"Төш чөнтөгүмдө дайыма С.Чокморовдун сүрөтү жүрөт"
"Кайчылаш жолдор" деген киного өтүп, чоң бир эпизодун ойното баштады. Режиссёрдун каалаганындай ойной албай калдым. Төш чөнтөгүмдө ар дайым Сүймөнкул Чокморовдун сүрөтү жүрөт. Режиссёрдон суранып, ары барып Сүймөнкулдун сүрөтүн таштын үстүнө коюп, анын ойногон ролдорунун баарын элестетип, өзүмчө күч пайда болду. Сьемка болуп аткан жерге келип ойноп бердим. Аягында дагы экинчи дублды ойноп берчи деп калды. Ойноп бердим. Бир-эки дубль менен эле кинонун аягына чейин ойнодум. Көрүүчүлөргө аябай жакты. "Ала-Тоо" кинотеатрында боло турган бир күндүк ачылыш бир жумага созулду.Ошондо биринчи жолу кыргыз киносун көрсөтүп жатыптыр.

"Казактардын "Көчмөндөр" киносунда жуңгар баатырынын ролун ойноп калдым "
Казакстандын "Көчмөндөр" ("Кочевники") киносуна актёрлор керек болуп, бизге айтып калды. Каскадёрлордун тобу менен Казакстанга барып, пробадан өтүп Америкалык режиссёрлор менин (чачым узун болчу) чачымды келип кармап, тартып, өздөрүнчө сүйлөшүп жазып алышкан. Кино башталгандан кийин бир роль беришти. Ал кинодо сөзү жок эле жуңгарлардын бир баатырынын ролун ойногом. Сөзү менен ойнош үчүн англис тилди билиш керек экен. Англис тилин билбегенимден көп нерсени жоготтум. Актёрлордон Ашыр Чокубаев ойноду. Ал англис тилин билет экен. Болот Бейшеналиевдин баласы Москвадан келди, ал жуңгарлардын ханынын кичүү баласынын ролун аткарды. Ал англис тилинде анекдот айтат экен. Бул Америка менен Казакстандын биргелешип тарткан киносу болду.

"Актёрдун калп ойноп жатканы көзүнөн билинип калат"
Кээ бир актёрлор сөзүн карап да келишпейт. Тартарда гана бир сыйра көз жүгүртүп ойноп койгон актёрлор бар. А сөздү жеш керек. Өзүңдүн сөзүң болгондон кийин, образ жүрөгүңөн чыгат. Бакырганда да, күлгөндө да турмуштагыдай ойнош керек. Актёрдун чыныгы берилип ойноп, же калп ойноп атканы анын көзүнөн көрүнүп турат.

"Кайчылаш жолдор" тасмасындагы Дөөлөстүн тагдыры меникиндей болгон"
Кээ бир тасмалар өзүңдүн тагдырыңа окшоп калат. "Кайчылаш жолдор" деген кинодогу Дөөлөстүн образы менин тагдырымдай болгон. Мен өзүм жумуш деп, апам каза болгондо жетип топурак сала албай калдым, бирок ошол эле кинодо ошондой болуп калды. Энеси баласынын уурулугуна сарсанаа болуп каза табат. Жеке турмушумда да жалгыздык болсо, ал жерде дагы ошондой ууручулук кылганда, өзүнүн колуктусу бетке айтып, кетип калат. Үй-бүлөмөн, апаман ажыраганым кинодогу сюжетке окшоп калыптыр.

"Оор ролдорду көп аткарам"
Мени лирикалык актёр деп коюшат. Оор ролдорду аткарам, оң образды көп ойнойм. "Мүрөктүн суусу" деген спектаклде Калмураттын ролу абдан оор болду. Баласы эчак эле өлгөн, келини менен жашап калган Калмурат деген абышка же келинин "башың бош" деп коё бербейт, почточу "балаң өлдү" деген кара кагазды бере албайт. Келининин сүйгөнү армиядан келип алып кетем дейт, ага бербейт. Ошонун ортосунда кайгылуу ыйлаган жери бар. Келини бир жакка чыгып кеткенде, таштап кеткен экен деп ыйлаган жери бар. Монолог көп көрүүчүлөргө таасир бериптир. Чыныгы образга берилип ойносоң, жүрөгүңө, ден соолугуңа терс таасирин тийгизет. Бир күндө 3 жолу ойногон күндөр болду, ошол убакта жүрөгүм кармап, мыкчып отуруп калчумун. Андай учурда ыр окуп, өзүмдү алаксытып калам.

"Кинодон театрга өтүү мен үчүн кыйын болду"
Кино жаатынан театрга өтүү мен үчүн абдан кыйын болду. Кинодон театрга өткөндө, сахнага чыгып алып, уялып сөз айта албай бир топ кыйналдым. Кинодо кыска берген жерин жаттап алып эле берген образын аткарып коёсуң. А театрда бир жарым саат ойной турган спектаклде бир чыгасың, жаңылбашың керек. Ошон үчүн энергияңды жакшы берсең, акыбети ошончо кайтат. Азыр "Куурчак театрында" ойноп жатам. "Томого" деген спектакль чыкты.Ч.Айтматовдун маңкурту, Найман эне жөнүндө. Ошондо тигил жакка өтүп баратып да, бул жакка өтүп баратып да, маңкурт менен сүйлөшүп, болгон окуяны кербен көрөт. Ошондо да кыска жери бар. Ал жерде да ыйлаш керек. Болгон окуяны кудайдан тилеп, эмне үчүн адамдар таш боор болот? -деген бир жери бар. Ошондо Токмокко гастролго чыгып калдык. Бир күндө ал спектаклди беш жолу коюп жүрдүк. Бир күндө беш жолу ыйлаш мен үчүн абдан оор болду. Эгер жалган ойносоң, көрүүчүлөр сага көңүл бурбай, сүйлөй баштайт.

"Талас - Бишкекте" акын, алкаш абышканын образын өзүм жараттым"
"Талас-Бишкек" деген кинодо режиссёр алкаш абышканын образын жаратып бериңиз дегенинен, жөн эле алкаш абышка кылбай, акын сөрөй алкаш абышканын ролун жаратпаймынбы дедим. Ал: "Байке, ага ыр жазыш керек да, менин убактым жок"- дегенинен, мен: "Өзүмө-өзүм ыр жазып алам"- дедим да, ыр жаздым. Бир куплетин жаздым. Анан өзүмө-өзүм текст, ыр жазып, ошол образды жаратып койдум. Нурлан жаш режиссёр болчу, актёрлор менен кандай иштеш керектигин жакшы биле бербейт.

"Балдарым үйлөнүп-жайланышты, бирок өзүм бойдокмун"
Балдарым чоңоюп, үйлөнүп-жайланып калышты. Неберем 17 жашта. Андан кийинкиси 14тө. 3 балам бар. Мен онду бүтүп эле үйлөнгөм. Кызымдын баласы биринчи класста, алты жашта. Азыр бойдокмун.




  Актёр тууралуу:

Аты-жөнү- Акматов Абдыкалык
Туулган күнү, айы, жылы жана жери- 1955 - жыл, 4-январь, Ноокат району, Ош облусу
Үй-бүлөсү - Эки уул, бир кыздын атасы,
Мамлекеттик Кино Институту, ВГИК, Москва шаары
Кесиби- Кино жана театр актёру
Иштеген жери: Бакен Кыдыкеева атындагы Мамлекеттик жаштар театры жана Муса Жангазиев атындагы куурчак театрынын актёру

Сыйлыктары:
Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы
КРнын Маданият министрлигинин Ардак грамотасы
С. Жумадылов атындагы сыйлыктын лауреаты
КРнын Маданият министрлигинин Ардак грамотасы

Кинографиясы:
1979 - ж. ГДР Киностудия "ДЕФА" "Перпедум мобеле" көркөм тасмасында Сакуранын ролу. реж. Ириса Гузнер.
1982-ж. К/с "Кыргызфильм" "Бөрү зындан" көркөм тасмасында, опердин ролу. реж. Б.Т.Шамшиев.
1983-ж. Киностудия "Кыргызфильм" "Ак илбирстин тукуму" көркөм тасмасында Кожожаштын жигити. реж. Т. Океев.
1987 - ж. Киностудия "Кыргызфильм" "Кайчылаш жолдор" көркөм тасмасында
Башкы ролдо: Дөөлөс. Реж. А.Сүйүндүков
1989 - ж. К/с "Кыргызфильм" "Кербез" көркөм тасмасында башкы ролдо, Токтогул Сатылганов. Реж. А. Николаенко.
2005-ж.Казахфильм. "Көчмөндөр" көркөм тасмасында Жунгардын ролу. реж.
Т. Теменов. С. Бодров.
2007-ж. К/с "Кыргызфильм" Франция, Германия. "Теңир" көркөм тасмасында
Террористтин ролу: реж. Мари Жауль де Поншвиль.
2009-ж. Киностудия "Мосфильм" "Чынгызхандын ак булуту" көркөм тасмасында
Кербен Махмуддун ролу: реж. С.С. Тарасов.
2010- ж. К/с "Мосфильм" "Кыргызфильм" "Гаишники" көп сериялуу көркөм тасмасында террористтин ролу: реж. Э. Абдыжапаров…
2010-ж. Киностудия "Кыргызфильм" "Талас- Бишкек" көркөм тасмасында акындын ролу. реж. Н. Разакулов…

Төлөбүбү Касымалиева








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??