п»ї

  Обон почта

ОП-173-01. Кечирерсиң аны жүрөк сезип турат, жүрөгүм ойлоп сени эстегенде кетет туйлап. Элесиңди жаңы гана унутканда, эстеп алып сыздап калды жүрөк ыйлап. Бабник 94
ОП-173-02. Салам, "Обондун" жалпы жамааты. Эрке кызга берген кеңешиңерге мен да кошулам. Эрке кыз, көз жашыңды бекер агызасың, а балким, ал адам гүлдөн-гүлгө конгон көпөлөк болгон чыгар. Ыйлап, ден соолугуңду кетирбе! Бабник 94
ОП-173-03. Медер, сен мага жагасың. Бирок мен башканы сүйөм. Камила
ОП-173-04. Менин сүйүктүүм Эламанга чоң салам. Ар дайым ата-энеңдин маңдайында жадырап-жайнап жүрө бер. 07785306ххх
ОП-173-05. Орус ырчысы Никита Малинин жөнүндө кыскача маалымат берип коёсуздарбы? Наргиза
Никита Малинин
Туулган жылы, күнү-
1981-жыл, 4-сентябрь.
Туулган жери -
Орусия, Москва шаары.
Досторунун арасындагы лакап аты-
Ник, Ники, Никитос, Никитон жана башка.
Бою, салмагы -180 сантиметр, 70 килограмм
Кумир туткан адамы - Майкл Жексон.
Жакшы көргөн тасмасы - "Матрица".
Жакшы көргөн жыл мезгили -
жай.
Мектепте жакшы көргөн сабагы - дене тарбия, музыка.
Кайсы музыкалык аспаптарда ойной алат-гитарада жана фортепьянодо.
ОП-173-06. Досторум Сайкал 93, Айкан, Маха, Уланга салам. Достор, аман болгула. Табигат сырдуу Алтынай
ОП-173-07. Менин саламым "Обон" аркылуу тапкан досум Маха, Айканга. Табигат сырдуу Алтынай
ОП-173-08. Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Үгүт айылына чоң салам. Камчы КD
ОП-173-09. Сезимдерге сезимдер чагылышып, алдымбы же чын сүйүүмдөн айрылып. Макул, жаным, күнөө менде кечирип кой, калдык окшойт, жаным, эми айрылышып. Бабник 94
ОП-173-10. Сүйүү барбы бул дүйнөдө басып жүргөн, жаны бар кадимкидей ойноп күлгөн. Жоготуп жаным сени алдым ойшойт, эми жаным жалгыздыктан кыйналып сыздап жүрөм. Бабник 94
ОП-173-11. Күндөр өтүп сагынычым жанга батты, тун ак сүйүүм, элесиң сенин кайда калды. Сүйүүдөн ушунчалык көңүл калып жабыркадым, эми кайра бактылуу күндөрүмдү таба аламбы. Сен менин эң бир ыйык ардагымсың, сендей жанды издедим, бирок таба албадым. Кечир, жаным, күнөө менде, сенде эмес. Өкүнсөк да ал күндөрүбүз кайра келбес. Бабник 94
ОП-173-12. Куса болом жаным сени сагынып, ак сүйүүгө чексиз калдым багынып. Көргүм келет сенин тунук жүзүңдү, ар убакта жан эркем деп кайрылып. 0779643ххх
ОП-173-13. Мирбек Атабеков, сага өмүрдүн узундугун, достуктун улуулугун, сүйүүнүн туруктуулугун жана да ыйманың, акылың, бийик эмгегиң, тунук абийириң менен улук мырзалардан бол. 0773325ххх
ОП-173-14. Гүлчө айылына салам. Айылдын эли меймандос. Мен ошол менен сыймыктанам. 0778099ххх
ОП-173-15. Түн кыска, өмүр андан кыска. Бул өмүр агын суудай эле агат. Качан жол аягына барып калганың такыр билинбейт. Убакыттын зымырап учуп кетип калып жатканына ичим аябай ачышат. Өткөн өмүрдү кайтаруу мүмкүнчүлүгү болсо кана? Аттиң! Эрке кыз
ОП-173-16. Султанов Фуркат, мен сени абдан сагындым, качан келесиң? Караколдон аялың Кольчаева Наргизага байланыш. 0552452156 күтөм
ОП-173-17. Сүйүнчү, Кыдыралиева Толкун Абылкасымовнанын паспортун таап алдык. Талас областына караштуу экен. 1992-жылы туулган кыздын паспорту экен. 0553901ххх
ОП-173-18. Жумуш берилет. Жашына карабайбыз. Айка 0551114376
ОП-173-19. Мени сүйдүң башынан, сүйүп жүрдүң жашыңдан. Эрте келген махабат. Аттиң……… 0559346ххх
ОП-173-20. "Менин саламым Жалал-Абад шаарында жашаган Тургуналиевдердин үй-бүлөсүнө. Нуржамал
ОП-173-21. Кусалыктан тажадым, жалгыздыктан чарчадым. Жан дүйнөмө өтө жакын маха…….. 0779894ххх
ОП-173-22. Көңүл калып сүйүүнүн жолдорунан, тажадым жок сезимдин ойлорунан. Убактылуу сезимдерден жүрөк муздап, ичиркенип жок сүйүүдөн көңүл калган. Бабник 94
ОП-173-23. Ата-бабамдан мураска бизге калган, кыргыз жерим жүрөгүмдөн орун алган. Бизге деп көп нерсени жасап өткөн, тарыхтагы бабаларга рахмат айтам. Бар болгун, ак калпактуу кыргыз элим. Жүрөгүмдө жашап келет атың сенин. Амандыкты, тынчтыкты сага каалайм. Ар убакта гүлдөп-жайнап өсө бергин. Эх, кыргызым, аман болчу бул дүйнөдө. Байлык эмес, ыйман жашасын жүрөгүңдө. Ар бир таңга ыраазы болуп жашагын. Жамандыкты сиңирбегин көңүлүңө. Бабник 94
ОП-173-24. Эң сулуу айымдардын бири ырчы Жасмин тууралуу билгим келет. Айжамал
Жасмин (чыныгы аты жөнү Сара Львовна Семендуева) 12-октябрда 1977-жылы Дагестандын Дербент шаарында жарык дүйнөгө келген. Ата-энеси дагы чыгармачылыкка жакын адамдардан болгон. Атасы балетмейстр, апасы дирижёр болуп эмгектенишет. Башында кызынын талантын баалабаган ата-энеси байкесин музыкалык окуу жайга тапшыртат. Бирок байкесинин таланты, шыгы жок болгондуктан, 3 жылдан кийин ал окуу жайды таштап коёт. Ал убакта Жасминдин дагы бир кыялы англис тилин өздөштүрүп, Америкага кетип калуу эле. Бирок ата-энеси ага каршы чыгып, медициналык окуу жайга тапшыртат. Ал 15 жашка чыкканда энеси катуу ооруп каза болот.1996-жылы 36 жаштагы бай мырзага турмушка чыгат. 1997-жылы Миша аттуу уулдуу болушат.
ОП-173-25. Иним Элмардын 25-июнь туулган күнү менен куттуктайм! Ага каалаарым: үй-бүлөдөгү бакыт, ден соолук, иштерине ийгилик. Дайыма ата-энеңдин сыймыгы болуп жүрө бер. Апчең Алиса
ОП-173-26. Токтогулов Тимурду 28-июнь туулган күнү менен куттуктайм. Каалаарым: үй-бүлөлүк бакыт, бекем ден соолук, эртерээк айыгып ооруканадан чыгып кетишиңе тилектешмин. 0777803ххх
ОП-173-27. Бардык элиме салам айтам. Айгерим
ОП-173-28. Жеңем Аиданын 27-июнь туулган күнү менен куттуктайм. Байкем менен кармашкан колуңар үзүлбөй, мончоктой кыздарыңардын сый-урматын көргүлө. Алиса
ОП-173-29. Жалал-Абад областынын Аксы районунун Ак-Төбө айылындагы Жунустун үй-бүлөсүнө салам. Айзада
ОП-173-30. Урматтуу кыргыз элим. Мекендин тагдыры баарыбыздын колубузда. Биз өнүгүүнү кааласак, этикадан баштайлы. Эрте менен жумушка кечикпей, автобуста, маршруткада бутуңуздарды жыйып, талтайтпай, акыр-чикириңиздерди, ичип-жегениңиздерди чочкого (кечирип коюңуз) окшоп ар кайсы жерге таштабай, көчөдө түз басып, маданияттуу сүйлөгөндү үйрөнгөндө, башкаларды ушактабай, оюбузга келгенди сүйлөй бербей, коомго керектүү, пайдалуу темада пикирлешсек, ар бирибиз өзүбүзгө тийиштүү милдетти так, дыкат, таза, адилеттүү иштеп, ак эмгектенип, кенен ой жүгүртсөк, келечегибиз кең, түбөлүгүбүз түптүү, өнүгүүбүз бат, анан кадыр-баркыбыз жогору болот. Лейлектен Кеңешбек KG 87
ОП-173-31. Салам, "Обоня". Неля эже жөнүндө маалымат берип коюңуздарчы,суранам. 0779693ххх
Неля Нуркул кызы 1983-жылы 3-декабрда Бишкек шаарында туулган. Түпкү жери Таластан. Үч бир туугандын ортончусу. Музыкалык мектептен комуз аспабын, ошондой эле КУУнун экология бөлүмүн бүтүргөн. Учурда эки баланын энеси.
ОП-173-32. Жалил, сенсиз мага жарык асман түнөрүп, сенсиз мага түн калгандай бүркөлүп. Махабаттын бал татыган коюнунда, каламбы дейм сен деп жүрүп түгөнүп. Жаным, жалгызым, мен сени ушунчалык сүйөм. Алиса
ОП-173-33. "Обон" редакциясы, мен силерди аябай жакшы көрөм. Ишиңерге ийгилик каалайм. Дайым ушундай калыбыңардан жазбай жүрө бергиле. Силер дайым акыйкат иштейсиңер. Тиражыңар 1000000го жетсин. 0778438ххх
ОП-173-34. Мен көптөн бери бир мырзаны жакшы көрүп жүрөм. Ал дагы мени сүйөт. Ошол үчүн экөөбүз бактылуубуз жана буйруса, өмүр бою бактылуу болобуз. 0778640ххх
ОП-173-35. Талас областынын Чолпонбай айылында жашаган ата-энем Нурадил, Айманга ысык салам жолдойм. Эч убакта оорубаңыздар. Биздин сый-урматыбызды көрүп, жалаң жакшылыктардын үстүндө жүрүңүздөр. Андан тышкары, бир туугандарым Эрлан, Хадижа, ыймандуу уул-кыздан болгула. Алла силерге бактылуу балалык, бакубат жашоо берсин. Алиса
ОП-173-36. Питерде иштеп жаткан досум Азаматка Бишкектен ысык салам жолдойм. Агентте мени алдабай жүрчү. Татынакайың
ОП-173-37. Кимдир бирөө бул жашоодо сүйгөнүн тапса, кимдир бирөө табуунун жолу менен убара экен. А мен болсо өз сүйгөн адамымды таптым. Ошол үчүн ыраазымын. Ал менин айткандарымды аткарып, менин оюм менен болот.
ОП-173-38. Менин бир күндүк жашоом: Бүгүн дем алыш күн. Бүтпөгөн жумуштарымды бүтүрөйүн деп жумушка келсем, свет жок экен. Жиним кайнап кайра үйдү көздөй жөнөдүм. Үйгө келдим. Жалгыз жашагандыктан, үйгө бомба түшүп кетиптир. Үй жумуштарын бүтүрүп, эмне кылсам деп отурсам, үч жыл мурун сүйлөшүп жүргөн жигитим чалды. Жолукпайлыбы дегенинен мен макул болуп кафеге барып отурдук. Эски сүйүүм козголуп кетпесин деп, эки сааттай отуруп, кайра үйдү көздөй жөнөдүм. Үйгө келип көнгөн адат менен агентке кирип, өзүмдү алаксытууга өттүм. Телефон чырылдаганынан трубканы алсам, беш жыл мурунку жигитим чалып жатыптыр. Жумуштарым бар эле сенде, жолукпайлыбы деди. Мен макул болдум. Кезигип шаардагы ресторандын бирине бардык. Ресторандын босогосун аттап, кайра артты көздөй качып кетким келди. Себеби, ресторандын ичинде азыркы жигитим отурган экен. Калганын өзүңүздөр элестетиңиздер. 0776932ххх
ОП-173-39. Мен бардык кыргыз калкыма салам айтуу менен бирге өзүм туулуп өскөн айылым Казарманга салам жолдойм. Мен ал жакты сагындым. Жакында, буйруса, барам. Мени күтүп алгыла, достор. Аймирбек
ОП-173-40. Күндө өтөм терезеңдин түбүнөн, сен да мага көңүл буруп карайсың. Бул күнү дагы өттүм эле, бирок сен көзүңдү аласың. Эмне ойлошту билбей, мен кусага батамын. Эртең дагы өтүп көрөм, анан табам айласын. Санжар
ОП-173-41. Ар бир өткөн күнүмө ыраазы болуп жашаймын. Себеби, бүгүн күн жакшы, эртеңки күн андан дагы жакшы экенине ишенем. Бүгүн сүйгөн адамымды көрдүм. Анан кубанып, эс алып, сүйүнүп жатам. Эртең дагы жакшы, бир жакка барабыз. 0778909ххх
ОП-173-42. Сүйүктүүм, мен сени сагындым. Мен сенин жаныңдан эч качан кетким келбейт. Мен сени менен гана бактылуумун. Ар бир өткөн күнүм сени менен өтөт. Мен сени эч качан сыздатпайм, ыйлатпайм. Кудайым буйруса, мен сени ааламдагы эң бактылуу айым жана эң бактылуу сүйгөн келинчегим кылам. Буйруса, экөөбүз көп балалуу- чакалуу болуп, жакшы ой-тилегибизге жетебиз. Жүрөгүңө үч сөздү сактап кой. Мен сени сүйөм деген. Жаныма эркелеп, менин келинчегим болуп келчи,- деп Уйкучуң
ОП-173-43 . Жүрөгүм, сени болду эми Суусамырга жибербейм,- деп сенин сүйгөнүң.
ОП-173-44. Кубанычбекова Жылдыз, сени 26-июнь туулган күнүң менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Сага дүйнөдөгү бардык жакшылыктарды каалайбыз. Ар бир күнүң жылуу сөздөр менен курчалып, ден соолугуң чың, дайыма жүзүңдөн жылмаюу кетпей, каалаган пландарың, кыялдарың ишке ашып аткарылсын. Окууңда ийгиликтер болуп, бактылуу кыргыздын кыздарынан бол. Биз сени жакшы көрүп сыйлайбыз. Билим, К…..
ОП-173-45. Саламатсыздарбы, "Обон" гезити. Мен силерди көптөн бери окуйм. Айпери
ОП-173-46. Казарман, салам. Адико, кандай? Зарина, мен сени сүйөм. Баха
ОП-173-47. Нарын шаарында жашаган ата-энеме салам. Ар дайым бар болуңуздар. Силер бар, мен бар. Кызыңар Гүлнара
ОП-173-48. Жалындаган жаштыгым, сен кайда шашып барасың ? Токтой турчу бир азга дагы, мен жашарып алайын. Табигат сырдуу Алтынай
ОП-173-49. Сиңдим Шермат кызы Алтынайды 24-июнь туулган күнү менен куттуктайм. Келечегиң кең, ыйманың бекем, ден соолугуң чың, өмүрүң узун болсун. Бишкектен Мээрим апчең
ОП-173-50. Жапалактагы Канатка салам. Мен сени жакшы көрөм. Батыраак кел шаарга. Айзада
ОП-173-51. Күндөр өтсө айлар өтсө арадан, жолугармын буйрук болсо кайрадан. Бизди кошпой жүрөктөрдү ыйлаткан, таш боор тагдыр мен өзүңө таң калам. Бакыт берсин мага дагы, сага да. Бирок абдан жүрөк ачышып ыйлап турат, жүрөгүм батпай кетти чоң ааламга. Бабник 94
ОП-173-52. Бир кездерде сүйүүмдү издеп жүргөм, жолду карап кайра- кайра тиленип күткөм. Сага гана бакыт-таалай баарын арнап, сенден гана ак сүйүүнү үмүт кылып жашап жүрөм. Бабник 94
ОП-173-53. Оо, жараткан, рахмат, берген бактыңа. Эми гана бактылуумун, бардыгы өз жайында. Жаратканым, ченебестен кубанычты тартуу кылды, эми ушул ак сүйүүмдөн айрыба. Таазим этип жыгылайын алдыңа, сүйүү конду эми чындап башыма. Бакыт гана тартуу кылып арнай берчи, жамандыкты ортобузга чакырба. Бабник 94
ОП-173-54. Сүйгүм келет жаз чакырып жаш болуп, жашымды алдап, жаш кайыңдай мас болуп. Жанар тоодой жалын чачкан отуңан, чыккым келет жанып чыккан таш болуп. Көк жалым, кайда болбо аман бол! Эркетайың 0773 353ХХХ
ОП-173-55. Азыр мырзаларда намыс жоголуп баратат. Кыздан бешбетер сыланып-сыйпангандарга кыжырың кайнайт. Качан эр жүрөк болуп, накта кыргызымдын жигиттери болосуңар, айткылачы? Гюлбешекер
ОП-173-56. Үйдө отуруп, уялбай тамекиге акча сураган эркек эркек эмес. Келинчеги керээли-кечке иште. Кыргыздын мырзалары качан аялын иштетип, өзү бала карап үйдө отуруп калган эле. Башка улутка турмушка чыккан кыздарды эми түшүнүп жатам. Качан намысыңарга келесиңер, жигиттер? Гюлбешекер
ОП-173-57. Акыркы күндөрү боюнда бар аялдарды көрүп алып, уулдуу болгум келип жүрөт. Эне бактысы наристенин жытын жыттап, ошол менен гана чектелет тура. 0552160ХХХ
ОП-173-58. Мен кадырлап-сыйлаган сүйүктүү агам Кытайга сапар тартып жатат. Жолу шыдыр, жолдошу кыдыр болуп, жемиштүү кайтышын каалайм. Мен сиз менен ар дайым сыймыктанам. Карындашыңыз 0552160ХХХ
ОП-173-59. Ар кимдин табити ар башка эмеспи, Квентин Тарантинонун киносунда аткарган Люси Лью тууралуу билгим келет. Динара
Люси Алексис Лью 1968-жылы 2-декабрда Нью-Йорктун Куинс районунда жарык дүйнөгө келген. Кичинесинде ата-энеси Америкага аны жиберип, ошол жакта жашап, өсүп чоңойгон. 1986-жылы орто окуу жайды аяктап, Нью-Йорктогу университетке тапшырат.Ал жакта бир жылдай окуп, Анн-Арбордо жайгашкан Мичиган университетине которулуп кетет. Жалаң тил үйрөнүү бөлүмүнө тапшырып, ошол жакты аяктаган. Андан тышкары, азиялыктардын маданиятын, салтын изилдеп чыккан. Окуу менен эле чектелип калбастан, актёрдук чеберчиликтен билим алып жана бий өнөрүнө дагы кызыккан. Биринчи ролун "Алиса в стране чудес" тасмасында жараткан. Чоң окуу жайды аяктагандан кийин өзүнө тажрыйба топтош үчүн Гонконгго келген. 1991-жылдан баштап гана толугу менен тажрыйба топтоп, актрисалык кесипке аралашкан. Чоң-чоң тасмаларга роль жаратып жүрүп, 2000-жылы белгилүү актёр Жеки Чан менен "Шанхайский полдень" деген тасмага тартылгандан тарта атактуулук келе баштайт. Таанымал Голливуд актрисаларынын ичинен жөн гана таланттуу, сулуу гана болбостон, спорт менен машыгып, өзүн көптөгөн сынактардан сынап көрүп таанымал болгон. Болгондо дагы лыжа тебүү спорту менен машыккан. Учурда бойдок.
ОП-173-60. Клара Алибекова деген ырчынын талантын баалайм. Бирок ал көптөн бери сахнадан көрүнбөй калды. Байыш Момунов анын тагдырын талкалады да. Байкуш жаш кыз азыр популярдуу болуп жүрө бермек. Эмне болсо дагы алдыда ийгиликтерди каалайм. Баары жакшы болот демекчимин. Замира
ОП-173-61. Берадорго эмне болду деп чочуласам, киного катышкан турбайбы. Бек байке чыныгы эркек да. Ырларында эле кандай сонун сөздөр жатат? Менин кумирим, мыкты жигит. Шергазы
ОП-173-62. Келе жаткан Орозо айт майрамыңар менен чын жүрөктөн куттуктайм. Ар бир мусулман эли кармаганга милдеттүү болгон бул майрамда бардык тилегиңер орундалып, кетирген күнөөлөрүңөр кечирилсин. 0778340ххх
ОП-173-63 . Бул жашоодо ар бир адам ыймандуу болуш керек. Ошондо гана бактылуу боло алат. Алина
ОП-173-64. Жайында ким кайсыл жакка барып эс алат, достор? "Обонго" СМС жазгыла. Айбек
ОП-173-65. Айпери Кубик кызы, сенин үнүң жакшы, бирок кыялың жакшы эмес экен. Талантыңа таазим кылам. Бирок кыялыңды өзгөртпөсөң,
күйөрмандарыңды жоготуп алышың мүмкүн. Кечээ сени бир концерттен көрүп калдым. Барып кол жазма алайын дегем. Сен кол жазманы анан жазып берейинчи деп кетип калдың. Нурдин
ОП-173-66. "Обон" гезити, силер эки тарапты тең бирдей жазган гезиттердин бирисиңер. Ишиңерге ийгилик. Назгүл Насиеванын бир жактуу жагын гана окуп келгенбиз. Акыркы маалыматтан силерге болгон оюбуз 180 градуска өзгөрдү. Ушунча кыздын убалына калган бул аялды төшү түктүү жер кантип көтөрүп жүрөт болду экен? Ширин
ОП-173-67. Ар бир кесип ардактуу демекчи, мен өз кесибимди жакшы көрөм. Анан дагы сыйлайм. Тигүүчү цехте иштеген кесиптештерим Назира, Айна, Токтобү, Кыяз, Айшагүл, Замирбек, Жанышбек, Калыйнурга салам жолдойм. Ар дайым ишиңерди ийгилик коштоп, айлыгыңар көбөйө берсин. Суусар
ОП-173-68. КУУда окуган группалаштырыма салам жолдойм. Алар Айзада, Айпери, Жайнагүл, Марат, Замира, Темиржан, Микеля, Айсулуу, Нурзат, Чолпон, Замира. Окууңар дайым "5" болсун. Группалашыңар
ОП-173-69. Мугалимдердин коррупцияга малынганын көрүп капа болдум. Жаныш
ОП-173-70. Кара-Кулжага салам жолдойм. Туулган жеримди сагындым. Баргым келет. Бирок бара албайм. Анткени, иштерим, жумуштарым көп болуп жатат. Анара
ОП-173-71. Мадонна канчанчы жылы туулган. Аябай жаш көрүнөт экен. Маалымат берип коюңузчу? Наргиза
Мадоннанын толук аты-жөнү-Мадонна Луиза Вероника Чикконе. Ал 1958-жылы 16-августта АКШнын Мичиган штатында туулган. Мадонна үй-бүлөдө үчүнчү. Энтони жана Мартин аттуу эки агасынан кийин төрөлгөн кызга апасынын атын ыйгарышат. Апасы Мадоннадан кийин Паула, Кристофер жана Мелани аттуу үч перзенттүү болот. Кичинекей Мадонна апасын абдан жакшы көрүп, бардык жагынан апасына окшош болгусу келчү. Апасы Канадалык француздун кызы болгондуктан, абдан сулуу болгон. Бирок, апасы ал беш жаштан эми эле өткөндө рак оорусунан улам каза болот. Ошентип, кичинекей Мадонна эми эле эс тарта баштаганда орду толгус жоготууга учурайт.
Мадоннанын атасынын кесиби инженер болгон. Ошону менен катар абдан динчил болгондуктан, балдарын таң эрте саат алтыда тургузуп, бир саатка чиркөөгө алпарып, андан кийин гана мектепке жөнөтчү.
ОП-173-72. Табышмак мага тагдырым, тандалат жүрөк сырларым. Ырларымдан билдирем, сүйүү сезим кылдарын. Табигат сырдуу Алтынай
ОП-173-73. Аксы районунун Ак-Төбө айылындагы 88дерге салам. Айзада
ОП-173-74. Сүйүү деген улуу сөз эч баа жеткис, адам жок бул жарыкта кемчиликсиз. Биз дагы ак сүйүүнү барктай албай, тагдырдын оюнуна жеңилиптирбиз. Бабник 94
ОП-173-75. Кез-кезде түшүмө бир сен кирсең, элесиңди жолду карап издей берем. Эч бир жанга теңей албай жаным сени, үмүт үзбөй сени күтүп жашай берем. Бирге эми боло албайм билем, сезем, ошентсе да сени сүйүп жашап келем. Сүйүүдөн көңүл калып жабыркадым, ошондо да сага кайра бара албаймын. Бабник 94
ОП-173-76. Менин "Обон" аркылуу тапкан эң кымбат досум Маха, Бишкекке келериңде мага сөзсүз байланыш. Досум, сен сөзсүз жакшы болуп кетесиң. Сенин басып кетериңе ишенем, иншаллах. Досуң Табигат сырдуу Алтынай

ОП-173-77. А йперишка доске, мен сени сүйөм. Феруза
ОП-173-78. Эсен, мен сени чексиз сүйөм. Сенсиз жашай албайм. Мага сенсиз жашоо жок. Феруза
ОП-173-79. Салам, Ысык-Көлдүн ак кууларына. Айбек
ОП-173-80. Каныкей, мен сени жакшы көрөм. Азырынча сүйөм деп айтпайм. Бирок мен ишенем, кийин биздин мамилебиз сүйүүгө айланат деп. Сени бир көргөндө эле жактыргам. Жактыргам деп айтканга оңой. Өтө жактырып, сенсиз жашоом жоктой сезилген. Ушул убакка чейин сенсиз кантип жашап жүрдүм эле деген суроо туулуп, катуу ойлонгом. Эми азыр дагы сенсиз жашай албайм. Сүйүү келерине ишенем. Арслан
ОП-173-81. Кыргыз элим. Сиздерге айтып кетер элем. Ырчыларды сүйгөнүңөр менен силерге эч нерсе кылып бере албайт. Андан көрө бизди, сизди жараткан Аллахты сүйсөңүздөр. Аллахтан эмнени сурасаңыздар, баарын берет. Ы 91
ОП-173-82. Ассалому алейкум, мусулман бир туугандар. Ар дайым ислам дини менен болуңуздар. Ислам дини сиздерге бейиш, бакыт, жылуулук, ыйман, нур жана башка жакшы нерселерди алып келет. Ырысбек 91
ОП-173-84. Султан Садыралиевди бир убакта сүйүп жүргөм. Бирок убакыттын өтүшү менен аны сүйбөй калдым. Анткени, ал үйлөндү. Эми бактылуу болушун гана каалайм. Кандай гана бактылуу кыз анын жубайы болду экен? Эми анын баркына жетсе экен. Гүлбара
ОП-173-85. Адамзаты өзү деги асыл жан, жүрөгүндө нечен ойлор камтылган. Бирок билбейм неге ушундай, бизди сынайт турмуш тагдыр тараза. Бизди сынайт кээ бир адам мерез жан. Не болсо да бакыт кушу ар адамдын жүрөгүндө орносун. Табигат сырдуу Алтынай
ОП-173-86. Менин "Обон" аркылуу тапкан досум Айкага салам. Жашоодогу жолуң ачык болсун. Кенен жүрөгүңдө эч бир кайгы болбосун. Менин жанымда, ата-энеңдин маңдайында аман бол, досум. Бир экзамен үчүн анча кайгыра бербечи. Айылга барып калсаң, мага өрүк ала кел, досум. Табигат сырдуу Алтынай
ОП-173-87. Табылып сендей адам, табына күйүп-жанам. Жогуңда сен жанымда, жолуңдан издеп барам. Эсен, мен сени сүйөм. Феруза
ОП-173-88. Сүйүүнүн аты да, заты да улуу беле? Ишенбепмин кылыч сымал жүрөккө сайылат десе. Сүйүү деген улуу нерсени көкөлөтүп алар белем? Мага таза жана чыныгы сүйүү келсе. Бабник 94
ОП-173-89. Ноокендин бардык тургундарына салам жолдойм. Баарыңар бар болгула. Бай болгула. Аман болгула. Мен силерди абдан жакшы көрөм. Илгиз
ОП-173-90. Сулуу жигит, көп караба жалдырап. Сулуу деп мени эч качан азгырба. Эгер болсоң ыймандуу, анда энеңдин ак жоолугун салынтып, болгун бажырайган күйөө бала. Сырдуу кыз
ОП-173-91. Каалаймын ден соолукту, бакытты, түгөнбөй жанып турчу жарыкты. Эң биринчи өмүр сура айтарым, эгер жолуктуруп калсаң алтын балыкты. Алимбек
ОП-173-92. Ар бир адам үчүн алгачкы сүйүү эң аруу, унутулгус, таза бойдон жүрөк түбүндө сакталып калса керек. Мен да сени эч унута албай, сага деген аруу сезимимди сактап жүрөм. Балким, сен да мени ойлоп, кээде өкүнүп калат чыгарсың. Мен да өзүмдөн кеткен катачылык үчүн абдан өкүнөм. Бирок сенин Фен-Шуй деген атыңды жүрөгүмдүн түпкүрүнө бекем катып, түбөлүк анын деми менен жашаарымды унутпа. Аселя
ОП-173-94. Ош шаарына салам. Эч кайгырбагыла, кудай буйруса, баары жакшы болот. Шахнема
ОП-173-95. Ар бир татаал турмуш көптөгөн улуттун башына келсе керек. Ошондой татаал турмуш кыргыз элимдин башына дагы келип, эми жашаш кыйын болуп калды. Эң башкысы жакшы, өзүбүздү ыймандуу, туура алып жүрсөк, баары жакшы болот. Биз өнүгөбүз, өсөбүз деп ойлойм. Ар бир күнүбүзгө тобо кылып жашайлы. Шахнема
ОП-173-96. Бир туугандарыма чоң салам. Алар азыр чет өлкөдө. Гезитти окубаса дагы, жүрөктөрү менен сезет деген ойдомун. Сабина
ОП-173-97. Бишкек шаарында жашаган эжем Бегайымга, анын кыздары Бегимай, Акылай, Камила, Карина, уулу Болотко, жолдошу Панзатка салам жолдойм. Ден соолукта болуп, бар болуңуздар. Кыздарыңыздын убайын көрүп, жүзүңүздөрдөн жылмаюу кетпесин. Мээрим
ОП-173-98. Кыргыз калкыма салам. Сабина
ОП-173-99. Назира Кадыева деген ырчы мага аябай жагат. Талантыңызды сыйлайм. Шахнема
ОП-173-100. Тиш жуугандын эрежесин айтып бересиздерби? Айнагүл
Врач стоматолог- терапевт Исаева Майрам: Биринчи шётканы суулап, анан оозду чайкап алыш керек. Чайкап алгандан кийин тиш шёткага пастаны салып жууй бериңиздер. Тишти жууш үчүн 8-10 мүнөт керектелет. Бул так убакыт болуп эсептелет. Оңго, солго, ичине, астына деп дагы бөлүнөт.
ОП-173-101. Антсе да, чиркин, өмүрдө,
Кадырлаар сезим аппагын.
Жүрөгүн сууруп сүйүүчү, Жалын көз жигит таппадым.(Б. Сартовдун ыры)








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??