Достум, билгениңен биле элегиң көп!
АЙТМАТОВДУН АЙЫМДАРЫ
Жанызак басма
(АДАБИЙ ЧАЛЫШ МАЕК-РОМАН)

(Башы өткөн санда)
Орустар айткандай, по рукам не пошла бы дегендей. Ну- ээ, башкача болмок...
- Ушу кийинки по рукам не пошла бы деген оюңду коштоп айтайын да. Өзүң да Таттыбүбү жөнүндө китеп жазбадыңбы, театрда, ошол тармак боюнча иштеген адис катары жакшынакай китепчең чыкты, туурабы? "Ак куу болуп асманда ай баратат" беле, ошондо Таттыбүбүнү жалаң плюсовой, таптатынакай кылып чыгарып салыптырсың. Ушу жөнүндө бир-эки ооз сөз...
- Эми мындай да, анча деле плюсовой деп айтууга болбойт, бирок мындай да: Таттыбүбү жөнүндө ушак сөздөр абдан көп. Бирок чын эле Таттыбүбү жөнүндө сөздөр абдан көп да. Эми, ал сөздөрдүн айтылышынын ар түрдүү тарыхы бар: бирөө көрө албай айтат, бирөө ичи күйүп айтат, бирөө чын эле ошонун бир жаман жагын билип айтышы мүмкүн. Анан ошол, кандай десем, адамдар кээде билбей туруп эле айта берген да. Менде, өзүң билесиң, билбей туруп айткандарга ички каршылык пайда болот. Анан көбүнчө ошол адамдарга карап отуруп ойлойсуң, ушу, адамдардын көпчүлүгү көп нерсени билбейт, бирок баары бир көргөндөй-билгендей, жанында тургандай кылып айтышат да. Анан ошол үчүн көбүнчө жанагы китептин жазылып калган позициясы ошол адамдарга карата мунун объективный жагы мындай болушу керек эле, ошону мындай эске алып жүрсөңөр, деген нерсе да. Анан, а так чынында, китепти мындай, толуктайын деген оюм бар. Ошону өзүм да ойлонуп атам, элүү жылдыгына карата толукташ керек да. Эми чынында, Таттыбүбүдөн кеткен эмес деп айтууга болбойт. Таттыбүбүнүн жанакыдай эле эмеси, Таттыбүбүнүн эрки боштугу, ичкиликке баш-оту менен берилип кеткени, и ичкиликтин аркасынан жанагинтип, жанагыдай, эркектерге көп эметип кеткени, баары тең жанагы ичкиликтин немесинде деп койчу, ушундай деп сүйлөшөлү. Анан баягы эми, ошонун баары адамдын эмеси да,.. боштугу. Мен аны актайын дегеним жок. Жо-о, коё тур!.. актап аткан жокмун деп атпайымбы...
- Театр сахнасында бир жакшынакай проблема бар да: кандайдыр бир мерчемдүү наамга жеткенден кийин, кандайдыр бир даңк алгандан кийин ошол жүктү көтөрүп кетүү проблемасы демекмин, ушуну проблема катары карайсыңбы сен өзүңчө?
- Балким. Бирок билбейм, Таттыбүбү андай даңкты даңк деп да ойлогон жок болушу керек, себеби,.. вообще мен ошо биздин театр студиясында эки жыл окуп калдым го, Таттыбүбүнүн менин даңкым бар экен деп жүргөнүн көргөн эмесмин эч качан...
- Жо-о, андай эмес. Эми болуптур, суроону башкача коёлу: кайсы момент Таттыбүбүнүн тайып кетишине түрткү болду дейсиң?
- Мен аны билбейм, Жаныбек. Себеби, көп мындай изилдеп көрдүм да, мисалы, Таттыбүбүнүн тайып кетишине... Мисалы, раматылык Эшимбеков айтчу эле, студент кезинде эле башталган деп. А-аа, Таттыбүбүнүн эң жакын подружкалары айтып жүрүшөт, баягы, жолдош кыздары демекчи, бүтүп келгенден кийин бияктагы кишилер бузуп койду,-деп. Биздин эле белгилүү, чоң-чоң, белдүү адамдар бузуп коюшту, -деп айтышат да. Анан кимисиники чын экенин текшериштин өзү да кыйын, себеби, тигинин көзү жок болгондон кийин бүттү да ал нерсе...
- Жанагы, Чыкем көрүп туруп чыгып кетти деген сөз болуп жатпайбы, иэ? Вот ошондо тиги ого бетер бук болуп, темпин мурдагыдан да күчөтүп жиберген дейт, өзүн биротоло таштап койгон дешет, жанагы, ичүү маселеси боюнча...
- Билбейм анысын, себеби менин, Жаке, түшүнүгүм боюнча мындай да: муногу, раматылык Эшимбековду Таттыбүбү абдан сүйгөн да. Кээ бирлер айтып жүрүшпөйбү, Болот Бейшеналиевди да сүйчү экен Таттыбүбү, анан ушундай-ушундай болуп, деп... Таттыбүбү көп адамды сүйгөн, чынында. Анан Эшимбеков менен жүрүп эле кээ бир адамдар менен сүйүшүп, кадимкидей ошолор менен сүйүүсүн эме кылып жүргөн да. Бирок менин мындай түшүнүгүмдө, Эшимбековду, баягы, сүйүп жүргөн деп айтканым мындай да: Эшимбеков ушул, муногу азыркы аялына үйлөнүп, анан экөө Оштон көчүп келгенден кийин, барып турган Таттыбүбүдөн кечирим сурап, кайра колун сурап барган да, кыскасы...
- Таттыбүбүнүн өзү барганбы?
- Жо-о! Ал Таттыбүбүгө!.. Бирок баягы, кур намыска салып гана жок! деп койбосо, Таттыбүбү өзү келип театрга айтчу экен дайыма: "Имаш колумду сурап келип атат кайра-кайра, эми бул акмакты мен аябай сүйөм да",-деп. Көрдүңбү, "акмак" деп айтканынан байкабайсыңбы, ну, эми эркелетип айтканы да: Муну мен аябай сүйөм да, бирок баягы, кур намыс деген бар да, намыс болумуш, кечээ башкага үйлөнүп алып, бүгүн кайра келип атса... Анан ошол, ошону менен токтойт. А так, айтып атканым мындай да: Таттыбүбү, видимо көп эле адамдарды сүйүп жүрсө керек, бирок ушу Эшимбековдучолук эч кимди сүйбөсө керек. Жанагы сен айткандай, ичкилигинин күчөп кетиши только ушул ажырашып кеткендиктенби дейм, жанагы кимге, тиякка барып Жамийлага үйлөнүп алганы. Жамийлага үйлөнгөндө она чуть не сдохла! Анан Жамийла менен ким, Эшимбеков биякка келатат деп айтканда, келгени жатат деп айтканда, бир сөзү бар: "Булар менин өлүмүмө келатат!" -деген. И айткандай бир жыл өтпөй...
- Ошону ким айтты?
- Таттыбүбү!
- Кимге? Ким угуптур?
- Ошо жердеги, театрдагы актрисаларга айткан...
- Ошо, өлөрүнө бир жыл калганда ошентип айтыптырбы?
- Ийе, анан ал жөнүндө мен китебиме да киргизгем, анан кийин кой деп туруп, Эшимбековдун көзү тирүү эле, кой эми, Эшимбеков менен да мамилем жакшы эле да. Даже Эшимбеков Таттыбүбү өлгөндө: Таттыбүбүнү ушул, өлтүрүп коюшту, тигинтти-минтти, ага-туугандары дегенде айткам, сиз өзүңүз күнөөлүүсүз дегем, биринчи сиз өлтүрдүңүз таштап кетип дегем. Сиз күнөөлүүсүз дегем. Ошондон кийин биздин мамилебиз кичине мындай, жакшы болбой калды. Болбосо мурда биздин мамилебиз жакшы эле...
- Жана бир жерден айтылып кетти, бирок байкалбай калгандай болду; башка кишилер менен жүрүп деле, ошо Эшимбеков менен үйлөнгөндө деле башка кишилер менен жүрүп деле, бирок баары бир Эшимбековду жакшы көрчү деп атпайсыңбы, иэ? Вот аялдардын ушундай түрүнө сен кандай карайсың?
- Хе-хе, билесиң ... Билбейм мен кандай карайм. Эми жаратылышы, табияты ошондой болсо эмне кыл дейсиң? Мындай да, сүйүү деген тереңирээк нерсе да, түшүнөсүң го. Сүйүү деген тереңирээк нерсе. Бир адамды сүйүп туруп дагы, экинчи бир адам менен флирт жасап, же болбосо жеңил-желпи жолугушуп жүрө берет да. А-аа, чыныгы сүйүү, нукурасы, тереңирээк да..
- Жүрөк, мисал үчүн, тиги жакта болушу мүмкүн, Эшимбековдо, а само тело может быть под кем угодно, ушундайбы?
- Эми-ие, болушу мүмкүн, аны эч ким отрицать эте албайт, понимаешь ли. Жо-о, ошол татаалдыгы ошол да, биз айтып атпайбызбы: сүйүү дегениң бир адамдын тегерегинде көпөлөктөй айланып кала албайт экен да. Сүйөт анан, бирок экинчи бирөө менен деле жүрө бериши мүмкүн.

(Уландысы кийинки санда)





Жанызак басма
Айгүл ШАРШЕН
Бакыттын жылмайышы
(Башы өткөн санда)
- Көңүлүм жок.
- Ушу сен сүйүүнүн азап-тозогуна кабылган окшойсуң?
- Койчу, жөн эле айта бербей.
- Билинип эле турбайбы.
- Эмне жазылып турабы?
- Ооба, көздөрүң айтып турат.
- Билгичтигиң укмуш го, жат, жатып укта, мени эмне кыласың, - деп Калыс ары карап жатып алды. Жумушчулар менен жаштар аралашып чөп чабыкта чогуу иштегени менен кечке маал жаштар өз-өзүнчө топтошуп, бөлүнүп кетишет. Орто жашаган, андан улуулары да бар, көбү жаштар. Эки-экиден болуп жолугушуп, сүйлөшүп тургандарды көрүп эле жүрөт. Бирок Калыс андай свиданиеден коркот, кокус суроо берип иеби деп тартынат, өзүнүн жан адамга айткыс ички сырын билип коё тургансып корунуп, бул дүйнөдөгү бардык бакыттан куру калгандай сезет өзүн. Мирсаид анын артынан түшкөнү түшкөн, артынан аңдып тургандай кайдан болсо да чыга калат. Бүгүн дагы дааратканадан келе жатса шып этип алдынан чыга калды.
- Кандайсың, Калыс?
- Жакшы.
- Калыс, сен менин суроомо качан жооп бересиң?
- Жообум жок.
- Эмнеге?
- Мен эч кимди сүйгөн эмесмин.
- Калыс.
- Ийи.
- Чын эле жооп бербейсиңби?
- Ооба, жообум жок.
- Анда жүр! - деп колдон алып, эртең мененки тамак ичип жаткандардын үстүнө кирип барды.
- Мирсаид, эмне кылып жатасың? - Калыс аны көздөрүн жалдырата карады. - Бай болгур, коё берчи!
- Тамагыңыздар таттуу болсун! - деди Мирсаид Калыстын сөзүн укмаксан боло экөөнү жардана карап калган ашканадагыларга. - Мен бул кызды чын жүрөгүмдөн сүйөм, а бул мени тоготпой жүрөт. Мен эмне кылсам болот? - деди кыдырата көз жиберип.
- Жооп бербесе, демек, сүйбөйт, - деди бири.
- Уялып жаткандыр?
- Кыздар сүйөм деп айтпайт?
- Өзүң сүйсөң аракетиңди жаса! - деп ар кимиси сүйлөп, тим эле жарыш сөзгө чыккандай бажырашып калды ашкананын ичи.
- Анда, - деп Мирсаид Калыска бурулду, - мен бул кызга өзүмдүн сүйүүмдү силердин көзүңөрчө айткым келет, Калыс, мен сени сүйөм!
- Оо-ой, азамат жигит экен, ай.
- Ооба десең, ушундай жигитке макул болбосо…
- Макул де, чоң кыз, мындай жигитке макул болбосоң өкүнүп каласың, - дешип ызылдап жиберишти. Мирсаид кызды жетелеп кайра чыгып кетти. Эшикке чыгары менен Калыс андан колун жулуп алды.
- Эмне, мени мазактаганыңбы? - Жашка толгон ызалуу көздөрүн кадады.
- Калыс, мен сени сүйүү менен мазактамак белем?
- Эмнеге ошончо элдин үстүндө сүйлөйсүң?
- Сени сүйгөнүмдү бул эле эмес дүйнө жүзүнө жар салгым келет, уктуңбу?
- Мага мунуңдун кереги жок! - деп Калыс жүгүргөн бойдон чатырга кирип кетти. Кыздар бешиликтерин көтөрүп чөпкө жөнөштү. Калыс дагы жумушка кетти, ал күнү жумушка алаксып, өзүнүн ызасын унутууга аракет кылып жүрдү. Бир күнү жумуштан келе жатканда Нуржанат ага:
- Калыс, эгерде Мирсаид сураса студентмин деп кой, сени эмне текшерип жатыптырбы? - деди күлө.
- Кантип, билип калса уят болом да.
- Койчу ай, эч нерсе деле болбойт.
- Билбейм, көрөбүз да, дегеле сүйлөшкүм келбейт, - деди Калыс ойлуу.
- Сүйлөшө бер, качканда эмне, кыздардын көбү ичи күйүп өлгөнү калды, - деди Нуржанат ага.
Убакыт өтө берди, жай ортолоп, чөп чабык бүтүп бараткан. Бир күнү түшкө маал Калыс атка минип, араба менен чөп тартып келе жаткан Мирсаидди көздөй ат чаап барып, аны камчы менен жонго чаап өттү. Тизгинди катуу тартып, артка бурулду да, дагы чаап кетти. Камчы тийген жерлери тызылдаган Мирсаид кыз минген карагерди чылбырдан кармоого тырышып, бир колу менен башын калкалап жүрөт. Бери жакта карап тургандар:
- Ой, булардын сүйүүсү анык Индиянын сүйүүсүндөй болду ээ, - деп каткырып кызыкка батты.
- Жигит да азамат экен.
- Азаматынан элдин көзүнчө сүйөм деп жатат да.
- Кыз да оңой эмес экен, - дешип өздөрүнчө гүүлдөп жатканда Мирсаид чылбырдан шап кармап, атка секирип минип, кыздын артына жармашты да, дароо колундагы камчыны жулуп алып, теминип-теминип чаап кетти.
- Оой, азаматтар!
- Жашасын жашта-ар!
- Өлбөсүн жигит!
- Жашасын сүйүү! - дешип улуу-кичүү дебей кол чаап, аларды коштогон кыйкырык-сүрөөндөр угулду. Мирсаид атты чапкан бойдон башын ээн талаага бурду.
- Калыс, мен сени ушунуң үчүн сүйөм, - деди артында баратып.
- Мунун эмнеси жакшы, артка бур атты.
- Мен сени ала качтым.
- Каякка, токто дейм.
- Коркпо, азыр келебиз, - деп койду Мирсаид.
- Токтот дейм!
- Токтобойм, качан сен мени сүйөм дегенде токтотом.
- Кызык экенсиң, - деген кыз ушул жолу бырс этип күлүп ийди. - Айттырып эле жатасың го, сурап ичкен суу ичкен, тартып өпкөн жел өпкөн дейт, зордоп сүйдүрүү жагабы сага?
- Майдай жагат, кана, бир жолу мен сени сүйөм, сага күйөөгө чыгам десең токтотом.
- Болуптур, сүйөм сени.
- Тиесиңби мага?
- Ооба! - деп ого бетер күлкүсү келе кыткылыктады кыз.
- Анда токтодук, - деп Мирсаид чылбырды бекем тартып, атты токтотту да, ыргып түшүп кызды колтуктан ала түшүрдү. - Атты жакшы минет экенсиң.
- Чабандын кызымын да, - деп Калыс айтып ийгенин байкабай калды.
- Ошондойбу?
- Ооба, эмне экен?
- Эчтеке, азыр кайсыда окуйсуң?
- Женпедде.
- Жакшы, мен Геология институтунда окуйм, төртүнчү курсмун.
- Жакшы.
- Кел, мындай отуралы.
- Алыстап кетиппиз, кыздар эмне дейт?
- Жигити менен кетти дейт да.
- Уят го…
- Ошонун эмнеси бар, бир айдан кийин сен менин колуктум болосуң, ошондо эч кимден корунбай каласың.
- Койчу? - Калыс уяла жер тиктеди.
- Койбой эле, мындан ары менден уялбай, качпай жүрчү, ээ? - Мирсаид кызды ээгинен өйдө көтөрүп өзүнө каратты. - Макулбу, сен Мирсаид деп жүр, болбосо Марат деп айта бер, мени көбү Марат дешет.


(Уландысы кийинки санда)