п»ї

  Тагдыр

Алты саны амандар жаратканга күндө жүз жолу ыраазычылыгын билдирсе да аздык кылат
"Турмушуң эшек араба, туулдуңбу калдың балаага" деген сөз жөн жерден айтылбаса керек. Бул дүйнөгө жаралгандан кийин адам баласы башына түшкөн кыйынчылыкка моюн сунбаска аргасы жок экен да. Жыргалбек да бул турмушта өз алдынча басуу, теңтуш балдарындай болуп ойноо мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган, ичинде кайгы-муңу көп, бирок өзүнүн курагындагы балдардан алда канча акылдуу бала экени ачык эле байкалып турду.

Жыргалбек Абакир уулу: "Мирбек Атабековдой ырчы болгум келет"
Быйыл 19 жашка чыктым, азыр мени менен тең балдар мектепти бүтүрүшүп, чоң окуу жайда окуп жатышат. Мен болсо колу-бутум иштебей майып болуп, ушул коляскада олтурам. Басып жүргөн балдарды көрүп, ушул абалга туш болгонума өкүнөм. Мени көпчүлүк элдер акыл-эси жайында эмес дегендей мамиле кылышат, бирок менин колу-бутумдун иштебегени эле болбосо, акылым жайында. Эгер ден соолугум чың болгондо, Мирбек Атабековдой ырчы болмокмун, абдан ырчы болгум келет. Ошондой эле Мирбек Атабеков менен үй алсам таанышып, чогуу сүрөткө түшүп газетага чыксам деген кыялым бар. Мени Мирбек менен тааныштыргылачы, ал үйлөнгөнчө таанышып, дос болушум керек. Кечке үйдө олтуруп зеригем, Мирбектин дисктерин апама алдырып угам. Арапбек деген дос балам бар болчу, анын буту эле баспаганы болбосо колу иштейт, сүйлөгөнү жайында, ал ырчы болуп мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын концертине катышып жатат, аны көрүп ичим ачышат. Азыр күндүн ысыгынан башым, кээде колдорум уюгансып ооруйт. Апама ыраазымын, байкуш мени кечке карайт.

Жыргалбектин апасы Анара эжени сөзгө тартканыбызда бир ыйлап, бир сооронуп, жүрөгүндөгү муңун бөлүшкөнгө аракет кылды.
"Баламдын ушул абалга туш болгонуна мээрман айымдар күнөөлүү деп ойлойм"
Жыргалбек тун балабыз, боюмда барда эч кандай кооптонуу жок, жакшына эле жүрүп төрөгөм. Төрөт үйүнөн баламды эмизейин десем эле, эмчек эме албай ыйлайт, бир жак көзүнөн кан агып калыптыр. Мээрман айымдарга айтсам: "Кыйналып төрөлгөнүнөн ушундай болуп калды"-деп коюшту, бирок мынчалык оорулуу болуп калбайт эле, ошол мээрман айымдар колунан түшүрүп жиберишсе керек деп ойлойм. Ошол боюнча төрөт үйүнөн чыгып кеттик, окуя такталбаган боюнча калды.

"Биринчи балам майып болуп калганын көрүп, төрөгүм келбей калды"
Балам 2-3 айга чейин тынбай эле ыйлап жүрдү, мойну токтобой, колу-буту толук иштебей жарым жан болуп калды, ооруканага алып барсак нерв оорулар бөлүмүнө кабыл алып дарылашты, азыр, Кудайга шүгүр, балам олтуруп калды. Бирок баары бир биздей олтура албайт, мойну да жакшы токтобойт. Сүйлөгөндө да кыйналып араң сүйлөйт. Төрөгөндө биринчи балаң майып болуп калса жаман экен, балам майып болуп калганына кейип, күнүгө ыйлап жүрдүм. Эч качан оюма балам майып болуп калары келген эмес. Тагдырыма таарынып экинчи төрөбөйм деп чечтим, бирок туугандарым: "Силер карып, Жыргалбек чоңойсо ким карайт?" деп урушуп жүрүшүп, алардын түрткүсү менен дагы бир уулдуу болдук, ал азыр 9-класста окуйт. Жыргалбекти карашып, көп ишибизге жарайт.

"Эч бир эненин баласы оорубасын"
Бул дүйнөдө эне үчүн эң көтөрө алгыс түйшүк -баланын ооруганы экен. Эч бир энеге менин абалымды каалабайм, керек болсо меникиндей азапты жыланга да каалабайм.Балам өзү тамак жей албайт, 19 жашка чыкты, ушул убакка чейин мен жедирмейинче жалдырап олтурат, башкасы мендей жедире алышпай төгүп-чачып жүдөтүшөт. Өз алдынча дааратканага бара албайт, бою да узун, мага эле кыйын, атасы да жумушта болуп көп жанында болбойт. Негизи, Кудай энени башкача жаратыптыр да, ата деген күйөт, бирок энедей эмес. Балам ызы-чууга чыдабайт, кичине үн чыкса чочуп, жиндеп токтоно албай кетет. Кээде таң атканча уктабайт, мен да жанында уктабай ыйлап олтурам, балам: "Апа, ыйлаба, мени деле Кудай кылган да",- деп калат. Кудай башка салса баарын көтөрүп, чыдайт экенсин.Мурда тынбай эле ыйлай берчимин, азыр ыйлагым да келбей калды. Бир күнү: "Апа, мейли, Кудай эки бутумду алса деле мейли, ага нааразы деле эмесмин, колумду эле жөн койгондо, өтүк жамап иштемекмин, өзүм тамак жемекмин"-дейт. Заманам куурулуп бир жакка качып кетким келип, балама көргөзбөй ыйлап-ыйлап алдым.

"Жыргалбек үчүн шаарга көчүп келдик"
Өзүбүз Ош областынын Ноокат районунан болобуз. Жыргалбекти жакшылап дарылайлы деп, ушул балам үчүн Бишкекке көчүп келдик, азыр бул жакта батирде турабыз, кичүү балам окуйт. Жыргалбек окуган да жок. Бирок окубаса дагы тамга таанып газета окуйт, математикалык эсептерди чыгарат. Менин билимим болбогондуктан эч нерсе үйрөтө албайм, өзү эле үйрөнүп алганына таң калам, көп нерсеге акылы жетет, экөөбүз кечке үйдөбүз. Жолдошум иштеп баарыбызды багат, батирге 1500 сомдон төлөйт. Кымбатчылык, акча эч нерсеге жетпейт. Бул жакка келгенден бери жашаган жерибизде каттообуз жок, ооруканага көрүнө албай жүрүп, жакында катталдык. Баламды Воронцовкадагы ооруканага жаткыралы деп атасы барып сүйлөшүп келди, 10 күнгө 8000 сом дешиптир. Өзүнчө бөлмө болбосо болбойт, жанына сөзсүз бир киши жатышы керек, майыптыгына деле көңүл бурушпайт экен. Пенсиясы 2000 сом, эч нерсеге жетпейт, өкмөттөн майыптарга өзгөчө эч кандай жардам жок. Каражат болуп жакшылап дарыланса, жакшы болуп кетеби деген үмүтүм чоң. Бул дүйнөдө акчаны иштеп тапсаң болот, эң кымбат ден соолук экен, алты саны аман адамдар жаратканга бир күндө жүз жолу ыраазычылыгын билдирсе да аздык кылат.
P.S. Жыргалбектин апасы өзү жаш болсо да, көкүрөгүндөгү күйүтү жаштыгын алып, алсыратып койгонун байкадык. Биз маектешип бүткөнчө Жыргалбек:"Ырчы болом, Мирбек Атабеков менен тааныштыргылачы?"-деп кайра-кайра айтуудан тажабады. Баарыбыз бул дүйнөдө эң чоң байлык ден соолук экенин билип, жараткан бизге ыроологон, эч кандай байлык-бийликке алмашкыс алты саныбыздын амандыгына шүгүр кылып жашасак. Урматтуу окурман, эгерде сиз Жыргалбектин тагдырына кайдыгер карабасаңыз, биз менен байланышыңыз. Жыргалбек сиздерден жардам күтөт!
Динара Чокоева




кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??