п»ї

  Пайдалуу кеңештер

Тамекини кантип таштаса болот?
Учурда көп мамлекеттердин экономикасы тамеки жана арак ичимдиктеринен көтөрүлөрү белгилүү иш болуп калбадыбы. Бирок көбү берилип алган соң, чөнтөгүнө күч келгени аз келгенсип, ден соолукка абдан эле терс таасирин тийгизгенин билген адам, кантип таштоонун жолун таппай жүрө берип, бир топ убакыт өтүп кетет.

Тамекини таштайм десеңиз
Эгер сиз тамекини таштайм деп чечсеңиз, "таштайм" деген ой мээңизге келери менен таштап салышыңыз кажет. Аны "эртең же дүйшөмбү күнү таштайм" деп жылдырбай, же кандайдыр бир план түзүп, акырындык менен аз-аздан чегип жок кылам деген болбойт. Календарга атайын белги коюп, "мына ушул күнү акыркы тамекини чегем анан бүттү" деген да акылга сыйбаган иш. Сиз канчалык таштоого аракет кылып, ошол эле маалда аны узакка созуп жүрүү сиз үчүн ошончолук оор болот. Мындай ыкма менен тамекини таштайм деп сиз эмдигиче бир нече жолу аракет кылып көрсөңүз керек. Бирок эч кандай майнап чыгара алган эмессиз. Ошон үчүн азыр таштаңыз. Ал эми калган кеңештер сизге эч оорутпастан таштоого жардам берет.

Тамекини эмне менен алмаштырса болот?
Азыркы мезгилде тамеки таштап жаткандарга жардам катары базарларда атайын тамекилер сатылат. Алардын ичинде элге белгилүү болуп калгандары Pons, Smokoff, Denshi, Tabaco. Мындан тышкары, башкаларын да тапса болот. Бирок бул тамекинин бир кемчилиги ал арзан эмес жана чегип баштаганда жагып калып, сиз ташташ үчүн чегип жүргөнүңүздү унутуп калышыңыз мүмкүн. Ошон үчүн сак болууңуз кажет.
Мындан тышкары, никотини жок дары чөптөрдөн куралган тамекилер болот. Бул тамекини сиз аябай эңсеп, эмне кылар айлаңызды таппай калганда чексеңиз болот. Бул тамекини чегүү менен сиз тамеки чеккендей рахат албасаңыз да өзүңүздүн нервиңизди басып, тамекиге болгон эңсөөңүздү кандырып коёт. Ошондой эле бул тамеки сиздин ден соолугуңузга эч кандай зыян алып келбейт. Колдон келсе дайыма жаныңызга сагыз, семичке, тамекиге каршы дары, атайын пластырларды алып жүрсөңүз болот.

Тамекини таштоого жардам берген азыктар
Кээ бир тамеки чеккендер, бир нерсе жегенден кийин тамеки чегип, анын даамы ушунчалык жаман экенин сезишет. Тамекинин даамын сүт, бадыраң, сельдерей, баклажан, фасолдор буза алышат.
Суу жана шире көбүрөөк ичүүңүз керек. Ар бир 2-3 саат сайын бир стакандан сүт ичип турсаңыз да болот. Биринчиден, сүт сизге тамеки чегүүнү эңсегенден алыстатат. Экинчиден, кээ бир суусундуктар кайра эле тамекинин даамын бузат. Ал эми үчүнчүдөн, күнүнө 2-3 литр суусундук ичсе, тамеки чегүүнү көп эңсетпейт.
Тамеки кандай таштайм деп чечсеңиз, анда сиз "С" витамини кошулган азыктардан алышыңыз керек. Лимон, апельсин, карагат жемиштеринде аталган витамин көп.

Төмөнкү азыктардан алыс болгонуңуз жакшы
Ден соолугуңуз калыбына келгиче тамеки таштайм десеңиз, анда ичимдиктерди көп ичкенден баш тартышыңыз керек. Тамеки чеккен адам ичимдик тамеки сыяктуу эле кандай рахат берерин билсе керек. Ошол себептен улам баш тартып койгонуңуз оң.Тамеки чеккендердин ою боюнча Кока-кола, кофе, чай дагы тамеки чегүүнү эңсетет дешет. Тамекини таштайм десеңиз, анда ушул суусундуктардан баш тартып, же азыраак колдонгонго аракет кылыңыздар. Таттуу жер- жемиштерден баш тартканга туура келет. Себеби, адамды ачка кылбай маанайын көтөрүп, адамдын мээсин жакшы иштетип, ошондон улам тамеки чеккен адамда эңсөө пайда болот.

Алиса Сапарбекова




Билгениң оң
Жаңгактын дарычылыгы
Кош бойлуу аялдардын курсак терисинин жарылышына жол бербейт
Жаңгактын тандалма курамы адамдын иммунитетинин көтөрүлүшүнө, денеден оор металлдардын (стронций, коргошун ж.б.) чыгышына, организмдин радиацияга каршылыгынын жогорулашына салым кошот. Андан сырткары, жаңгак мээни азыктандырып, анын иштешин жакшыртат. Жүрөктүн булчуңун жана ашказанды бекемдеп, атеросклероз оорусунун алдын алат. Кант диабетинен арылууда салым кошуп, кош бойлуу аялдардын курсак терисинин жарылышына жол бербейт. Эркектердин бел кубатын күчөтөт. Жаңгактын жалбырагы микробдорду өлтүрүүчү касиетке ээ экенин да айта кетели. Жаңгактын мындан башка да дарылык касиеттери толтура.
Төмөндө элдик медицинада жаңгак кайсы ооруда кандайча колдонулары тууралуу маалымат беребиз.
Инфаркттан кийин
100 грамм майда талкаланган жаңгактын үстүнө 2 аш кашык бал кошулат. Муну 3кө бөлүп, 1-бөлүгүн эртең менен, 2-бөлүгүн түштө, 3-бөлүгүн кечинде жеш керек.
Эс тутумду жакшыртууда
Бул үчүн жаңгак бальзамын даярдоо керек. 1 килограмм жаңгакка 300 грамм бал кошулат. Ал эми 100 грамм алоэге 300 грамм суу кошулуп, өзүнчө кайнатылып, анан муздатылып алынат. Эми жаңгак, бал, алоэни кошуп аралаштыруу зарыл. Дары бальзам даяр. Күнүгө 3 маал 1 аш кашыктан колдонулат.
Жаңгак бел кубатты көтөрөт
100 грамм жаңгак менен бир аш кашык балды аралаштырабыз. Ар күнү уктаарга 3-4 саат калганда, бир аш кашыктан кабыл алуу керек. Таасири бир нече күндөн кийин байкала баштайт.
ТИШТИ ТАЗАЛОО
Көк жаңгактын сыртындагы калың кабык менен тишти сүртсө, тиш аппак болуп чыга келет. Ооз ичиндеги жагымсыз жыттар да кетет.
СӨӨЛДӨН КУТУЛУУ
Жаңгактын жалбырагын бир идишке салып, үстүнө суу куюп, кайнатып алат.
Анан кайнатма сууп калганда сөөлдүн үстүнө жалбыракты суусу менен басып, үстүнө целлофан коюп таңуу кажет. Муну күндүз деле бир нече ирет жасай берүүгө болот. Сөөл алгач карарып, анан өлчөмү кичирейип баштап, акырында жоголот.
Жаңгак майын медицинада колдонуу
Жаңгак майы заманбап жана элдик медицинада коньюнктивит (көз оору), тери жаракатында жана эмчектин үрпү кесилгенде сыйпоо үчүн колдонулат. Отитте (кулак оору) кулакка тамызылат.
Кимдерге жаңгак жегенге болбойт?
Псориаз, экзема, нейродермит, бөрү жатыш ооруларынан жапа чеккендерге колдонууга болбойт. Ошондой эле гастрит оорусунун курчуп турган кезинде пайдаланууга тыюу салынат. Анткени, жаңгак аталган ооруларды күчөтүп жиберет.
Эскертүү!
Жаңгактын түбүндө уктабоо керек!
Жаңгак дарагы өзүнөн кандайдыр бир деңгээлде уу жытты бөлүп чыгарат. Андыктан, анын түбүндө уктап калса, уудан улам адамдын башы катуу ооруп калат.
Көп жесең, оору жаралат!
Дагы бир эскертип кетчү нерсе, 1 күндө 100 граммдан ашык жаңгакты жегенге болбойт. Анткени, ал абдан калориялуу болгондуктан (100 грамм жаңгакта 650 ккал) оңой менен сиңбей, организмге кыйынчылык жаратат. Андыктан, ашказан, ич катуу ооруйт. Семирип кетпейин дегендер да жаңгакты аз жегендери туура.
Ал эми узак жашап, жаштыкты сактайм десеңиз, бир күндө 3 даана жаңгак жеп туруңуз.

Сайра Сопушева







кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??