Дилмаек

Кундуз Качкынбаева
"Биринчи ырымды Мирбек Атабеков ырдап чыккан"
Кундуз Качкынбаева 1986-жылы 1-мартта Талас областына караштуу Талас районунун Жон-Арык айылында туулган. 2003-жылы мектепти бүтүп, И. Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университетине тапшырып, 2008-жылы бүтүргөн. Азыркы учурда Кыргыз Улуттук радиосунда эмгектенет.

- "Кыргыз радиосунда" эмгектенгениңе канча болду? Буга чейин кайсы радиодо иштедиң эле?
- "Кыргыз радиосунда" бир жылдын жүзү болду эмгектенип жатканыма, ал эми буга чейин "Белес", "Жаштык", "Сезим" радиолорунда эмгектенгем.
- Мектепте окуп жүргөндө журналист болом деп ойлодуң беле?
- Жок, ойлогон эмесмин. Мектепте окуп жүргөндө тил жана адабият сабагынан олимпиадаларга катышчумун. Негизи эле өзүмдүн жан-дүйнөм ушул жакка жакын болчу. Кийин университетке тапшырып, 3-курсту бүткөндөн кийин радиого иштей баштагандан кийин оюмдун баары радио болуп, сабакка көп көңүл бурбай калгам. Үйдөгүлөр да айтышчу: "Сен кантип журналист болосуң, такыр эле сүйлөбөйсүң го"- деп. Азыр болсо күлүшөт: "Көрсө, сен ичиңден сүйлөчү турбайсыңбы",-дешип.
- Сенин оюң боюнча ди-джей болуу жеңилби?
- Сырттан көргөн адамга жеңилдей туюлушу мүмкүн, ар нерсени сүйлөп коюп жүрө бересиңр деп айтышат. Бирок ди-джей болуу жеңил эмес. Ди-джей болгондон кийин сени карап эл түздөнүшү керек да. Ар бир сөзүңдө тактыкты талап кылган жумуш.
- Түз эфирде болгон кызыктуу окуялардан айтып бересиңби?
- "Күлкү менен уйкуга ар жок" деп коёт эмеспи, күлүп токтоно албай калган учурлар көп болот. Элге көрүнбөйт да, кээде жаныңда отурган маектешиңдин кандайдыр бир манерасына күлүп жибересиң. Бир жолу микрофон ачылары менен чүчкүрүп жибергем, өзүм дагы жай чүчкүрөт эмесминби. Андай учурлар көп эле болот, бирок абалдан чыгып кеткенге аракет кылабыз.
- Сенин радиого койгон биринчи кадамың, сага радио деген түшүнүктү ким берди эле? Устатың?
- Анда Улуттук радио болчу, 2006-жылдын июнь айынан баштап эмгектенип калдым. Ошондо мага биринчи жолу продюсер, башкы редактор, журналист Таалайгүл Жапарова эже көп жардам берген. Ал мага текст жазуу деген эмне, интервью алуу деген эмне, микрофон деген эмне, негизи эле радио деген түшүнүктү ошол эже берген.
- Ди-джейлик кесиптин эң чоң минусу жана плюсу тууралуу айтып бересиңби?
- Азырынча минус жагын деле байкай элекмин, эми плюс жагы болсо көп эл менен аралашасың. Азыркы учурда жаш ди-джей болом дегендердин максаты ушул экен. "Мен элге таанылсам" деген максатта чыгышат. Бирок кошулбайт элем, биринчи сен элди таанып, андан кийин элге таанылса.
- Биринчи жолу түз эфирге чыкканың эсиңдеби?
- Түз эфирге чыкканга чейин кыска жаңылыктарды алып чыгып жүрдүм, андан кийин "Жаштык" радиосуна которулганда биринчи жолу чыккам. Жаңы оюндун дагы дебюту болчу, менин дагы дебютум болгон. Ошондо маңдайымда көп кесиптештерим турган, өзүм дагы билбейм, оюндун кантип бүткөнүн, түз эфир дагы бүттү. Анан сыртка чыксам эч кимге деле билинбептир, биринчи жолу чыкканым. Кийин жазылып калганын кайра кайталап уксам, көп эле кемчиликтерди кетириптирмин. Бирок ошол жерде карап турган адамдарга анчалык деле байкалбаптыр.
- Кандай сезим калтырды эле?
- Албетте, аябай сүрдөгөм, ошол программанын жоопкерчилигин сезип, микрофондун артында канча кесиптешим турса, радионун артында андан да көп радио угуучулар угуп жатат деген жоопкерчиликти мойнума алып, ушунчалык жүзүм албырып, өзүмдү өзүм тааныбай калгам.
- Сени эстрада жылдызы Мирбек Атабековго ыр жазып берет дейт, ошол ырларыңды сатасыңбы?
- Жок, биз Мирбек экөөбүз 6-класска чейин чогуу окуганбыз. Анан ал шаарга кетип калды, кийин мен радиого иштеп калганда кайра кезигип калдык. Мен буга чейин ыр жазып жүрчүмүн, бирок обонго ыр жазуу деген менин оюма такыр келген эмес. Анан бир күнү Мирбектин продюсери Канат Култаев Мирбектин "Эл тилеги" деген ырын окутуп калды. Обону бир аз олуттуураак, бирок сөзү бир аз чала болуп калыптыр дегем. Анан кийинки ыры " Ата Мекенди" жазып бер деп сунушташты. Алгач мен үчүн абдан жоопкерчиликтүү болду, обонго ыр жазып көрбөсөм, анын үстүнө элдин алдына чыгат турган ыр болсо деп аябай корктум. Бирок Мирбек жазасың деп туруп алды. Бул ыр менин эң биринчи кадамым болду. Ошентип эле чыгып кетти, анын артынан дароо эле "Сагынам" чыкты. Андан кийин Султан келе баштады. Бирок булар менен мектепте эле тааныш болчумун, ошол себептен улам ырларымды жөн эле берем. Алар менин жан дүйнөмдү элге жеткирип жүргөнүнө ыраазымын.
- Сенин эң биринчи жазган ырың? Кайсы темада жаздың эле?
- Мектепте окуп жүргөн кезимде эле жазып баштагам. Биринчи балалыктын баёо сезимдерине алдырып, көбүнчөсү эле сүйүү темасында жазгам, анан биринчи мекен тууралуу жазган ырым - Мирбек ырдап чыккан ыр.
- Сенин жан-дүйнөң эмнеге жакын? Ыр жазуугабы же ди-джейликкеби?
- Азыркы учурда "Кыргыз" радиосун маданияттын очогу деп айтабыз, радиодо көп таланттуулар иштейт. Мен эки жумушту бирдей эле көрөм.
- Эстрада жылдыздарынан дагы кайсы ырчылар сенин ырларыңды ырдап жүрүшөт?
- Башта айтып кеткендей, М. Атабеков, С. Садыралиев, Арсен, Урмат, Неля, М. Иманбеков. Акбар, Омар, Чолпонай.
- Сен жазган ырларыңды китеп кылып чыгарайын деген оюң барбы?
- Ооба, бар, бирок азырынча ишке аша элек. Ырларымды жарымы обондуу ырлар. Буйруса, китеп кылып чыгарсамбы деген оюм бар.
Алиса
Сапарбекова