Китепкөй

Айгүл Шаршен кызы:
"Болгону онунчу класстык билимим бар"
Редакциябыздын "Кат куржунуна" көп каттар келип түшөт. "Уккан кулакта жазык жок" дегендей, окурмандарыбыздын кулагы чалып калган "ударный ушактарына" жооп алуу максатында керектүү адамдарга кайрылдык. Ошентсе да, шамал болбосо чөптүн башы кайдан кыймылдасын?

"Жаныбек Жанызак Айгүл Шаршен кызынын маскасын киеби?"
- Саламатсыздарбы, "Обон" гезитинин жамааты! Базарларда чыгып жаткан Айгүл Шаршен кызынын китептерин анын маскасын кийип алып эле Жаныбек Жанызак жазат деп уктум. Ушуга жооп алып бериңиздерчи?
Айжан, Баткен облусу

Айгүл Шаршен кызы:

"А кишинин китеп жазганга
убакыты жок болуш керек"
- Жок, Жаныбек байкенин китеп жазганга убакыты жок болуш керек. Китептерди өзүм эле жазам. Алгачкы китебимди Нурдин деген бала чыгарган. "Маскачан аял" деген аталышта, тагдыр жана махабатты чагылдырган сюжеттүү чыгарма болчу. "Махабат майданы" деген гезитте сандан-санга сериал болуп кетип баштаганда "китеп кылбайсыңарбы" деген сунуштар түшкөн. Мен анын китеп болуп кетерин деле билген эмесмин. Анан ошондон улам, биринчи китебим чыккан. Анын акысына он китеп гана алгам. Ал китеп абдан жакшы өтүп, суроо-талап көп болуптур. Базарга барсам деле:"Эже, сиздин артыңыз менен китебиңизди сатып, жан сактап атабыз",- дегендер толтура. Илгери ушу акчанын баркын билбечү экенмин. Азыр деле колума акча кармап калсам, чачып жиберем. Байыбаганымдын бир себеби ошондо окшойт. Байлык деп жутуна албай койдум. Жаныбек байке базардан: "Маскачан аял" жакшы өтүп атат",- дегендерин угуп калып,"Экинчи "Маскачан аялды" мен чыгарайын", - деп жүрүп алган. Өзү чыгарганга мүмкүнчүлүгүм жок деп Ж.Кадыровго алып барып, ошондон чыкты. Ал 20 миң сом берди. Чыгармаларым ошону менен уланып кетти.


- Сиздин чыгармаларыңыз калың журтка тарап, кээ бирлери окуп алып ыйласа, кээ бирлери жинденип:"Ушундай кантип чыгарма болсун!"- дегендер да жок эмес. Өзүңүздүн чыгармаларыңызга болгон оюңузду уксак?
- Менин оюмча, мага жаман ойлорду азырынча айткандар боло элек. Бирок жакшылагандар көп. Көбү эле мактап, алкышын айтып жатышат.
- Китеп жазуу оңой-олтоң иш эмес экенин баарыбыз эле билсек керек. Кандай билимиңиз бар, атайын филология бөлүмүн аяктадыңыз беле?
- Менин болгону онунчу класстык билимим бар. Токтогул районунун Өзгөрүш орто мектебинен бүткөм.
- Китепти качантан бери жазып калдыңыз?
- Мен 10-классты бүтүп атканда райондук гезитке ырларым чыкчу. 18 жыл үйдүн кожойкеси болдум. Бала чоңойтуп, эне болдум. Ал кезде "Учкун" деген гезит бар эле, ырларым ал гезитке көбүрөөк чыкчу. Заман өзгөрүлүп кеткенден кийин "Дил" гезитине бир жолу чыкты. 1999-жылдан бери кара сөзгө басым жасап калдым. Китеп жазганыма турмуштан көргөндөрүм бир себеп болду.
- Кырктан ашык китеп жазыптырсыз. Ошол китептин ичиндеги окуянын баарын өзүңүздүн жашооңузда көрдүңүз беле?
- 50-60 китепти мен тогуз жылдан бери жаздым окшойт. Эң биринчи китебим 2002-жылы жарык көрдү. Бирок ал окуянын баары эле өзүмдүн жашоомон алынган эмес. Элден көргөнүм бар, кишилер менен көп сүйлөшөм. Базарда отурган, жакшы жашап жүрүп түрмөгө түшкөндөр бар.Мына, ошолор мага чыгарма болуп берди. Жазбайын дей элекмин, бирок калемсапты колума кандай алганымды билбей калам. Ички дүйнөмдөгү белгисиз бир сезим тынчтык бербейт.
- Бир китепти канча убакытта жазып бүтөсүз?
- Бир күндө 3-4 саат уктайм. Кээде уктабай да калам. Уйкум качканына көп болду. Тынч отурсам, бир күндө он барак жазам.
- Чыгармаңыздагы кээ бир оор терминдерди, түрмөдөгү жаргондорду кайдан аласыз, же атайын сөздүктөрдү колдоносузбу?
- Сөздүктөрдү колдонбойм. Аларды өзүмдүн респондентимен угам, анан сураштырам, чыгарманы жазардан мурун иликтеп алып туруп жазам. Эл окуп аткандан кийин жаңылык киргизгенге аракеттенем. Менин биринчи-экинчи китебим чыкканда, абдан жакшы пикирлер көп болду. Анан дагы бир китебимдин сыртына: "Мен өзүм итке минген кедей болсом дагы, жүрөгүм, пейилим кенен, окурмандарыма ыраазымын" деп окурмандарга ыраазычылыгымды билдирип жазгам. Россиядан бери билдирүүлөрдү, ыраазычылык каттарын жибергенде мен алардын алдында милдеттүүмүн деп эсептейм.
- Сойку, түрмөдөгү адамдар жөнүндө жазып жатасыз. Китеп чыккандан кийин алар тараптан кандайдыр бир коркутуулар болбойбу?
- Мен алардан уруксат алып, анан жазам. Чыгармада алардын аттары бурулат, окуяларынын кээ бир жерлерин өзгөртүп коём.
- Ушунча китепке окуя табыш үчүн чоң изденүү жана ойлонуу керек. Сиздин бул жагынан фантазияңыз абдан күчтүү окшойт?
- Фантазиябы же андай эмеспи билбейм, бирок бир нерсе айтып тургандай эле кагазга отуруп, колума калемсапты аларым менен эле ойлорум тизмектелип биринин артынан бири кете берет. Кудайдын мага берген керемети болуш керек.
- Кайсы жазуучунун чыгармачынан улам таасирленип китеп жазып калдыңыз?
- Мен башында С.Өмүрбаевдин эң алгачкы "Бороондуу күндөр" деген романын окугам. А бирок чыгармаларга башынан эле жакынмын. Китептерди көп окучумун. Которулган китептерди көп окучумун. Түштү көп кармайм. Көтөрүлгөнүм да түшүмдөн улам болду.
- Кайсы чыгармаңыз чыныгы өзүңүздүн жашооңуздан алынган?
- "Көз ирмемдеги өмүр" деген чыгармамды өзүмдүн жашоомон алып жазгам. Мен бул чыгарманы роман кылайын дегем. Кудайым ден соолук, өмүр берсе калганын жазам. Аталган чыгармамда 18 жыл жолдошум менен жашаган жашоомдогу тагдырымды чагылдыргам.
- Жолдошуңуз барбы?
- Жолдошум менен ажырашкам. Чыгармачылыктын айынан эки башка жолго түштүк десем да болот. 1990-жылы "Советтик Кыргызстан" гезитине пьеса жөнүндө сынак жарыяланып калды. Ошого бир атайын почтадан баштык менен жазган пьесамды жөнөттүм. 15 күндөн кийин: "Сахнага ылайыктап кичине узартсаң болот эле",- деп жооп келди. А.Зулпуев дегенди көрбөй калдым. Зулпиевден барган каттарды күйөөм айрып коюп, ошондон улам экөөбүздүн ортобузда келишпестиктер болуп кетти.
- Чыгармачылык үчүн жеке турмушуңузду кечкен турбайсызбы?
- Мен жеке турмушумду кечейин деген деле жокмун. Балдарың чоңоюп калганда, үй-жай, мал бар дегендей. Улуу кызым он алтыга чыкканда, ажырашып кеттим. Мага тынчтык бербей койду.
- Кайсы базарга барбайлы күркөлөрдө жыйылып турган сиздин китептериңизди көрөбүз. Кээ бирлер: "Айгүл Шаршен кызы китеп жазып атып байып кетсе керек", - деп да жатышат. Акча кайсы гана адамды азгырбайт? Мүмкүн, сиз да коммерциялык жолун ойлоп, ошон үчүн мындай жеңил китептерди жазып жаткандырсыз?
- Чынын айтсам, мен ушул тапта кичинекей батирде жашайм. Бир кызым күйөөсүнөн ажырашып келип азыр колумда, үч неберем бар. Аларды багышам. Менин алганым менен анын алганы жетпейт. Өзүмө деле сен байып атасың деп айтышат.
- Өздүк китепканаңызда канча китеп болуп калды?
- Батирде жүргөн кишиге китеп сактоо кыйын. Үйүң кичинекей, китепти ката албайсың. Бирөөлөр келип сурашат, аларга да бербей коё албайсың. Мен китеп сактабайм, бирок китептеримдин тизмеси бар. Бардыгы болуп 48 китеп болду.
- Дагы кайсы жаңы чыгарманын үстүнөн иштеп жатасыз?
- Азыр тынч элемин. Бир аз эс алайын дедим.
- Кандай учурда илхом келет?
- Тынч болсо, анан калемсап кармасам эле оюма келе берет. Калемсап кармагандан кийин балдарым ырылдап-чырылдап атса деле жаза берем.
- Кээ бирлер телевизор көрүп атып идея алат экен. Сиз идеяны кайдан аласыз?
- Идеяны элден алам. Басып жүргөндө, азыр эрөөн деле болбой калбадыбы, жаштар боймо-бой болуп туруп алып өбүшүшөт, кучакташышат, базардан кайыр сураганды көрөм, бирөөлөр арак ичип алып беш сом сурашат, отуруп алып кайыр сурагандарды көрүп отуруп эле идея пайда болот.
- Азыркыга чейин барака жазат экенсиз. Кыйналбай эле диктофон алып болгон оюңузду диктофонго түшүрсөңүз болбойбу?
- Диктофонго кагазга жазгандай оюмду эркин түшүрө албай калам. Жаныбек байке деле компьютеримди берейин дегенинен көңүлүм болгон жок.
- Майда дагы жазат экенсиз, көзүңүздүн майын алса керек?
- Таасир берип эле атат. Кээде жаш куюлат.


Төлөбүбү Касымалиева