Концертти утурлай

Алина Жетигенова:
Жакында 19-20-июнда боло турган концертине кызуу даярданып жүргөн, убакыт өтсө дагы супсулуу, жаш бойдон чыгармачылыгын улантып, талантын тартуулап келе жаткан токтоо мүнөз айым Алина Жетигенова менен маек.

"7 жылдан бери
концерт бере элекмин"
- Көптөн бери сахнадан, чыгармачылыктан алыстап кеткендейсиз. Анын себеби эмнеде?
- Чыгармачылыктан алыстаган жокмун. Филармонияда концерт болобу, же Спорт сарайда болобу, чоң-чоң концерттерге чыгып ырдап жатам. "Кош жылдыз" долбооруна да катышып, талантымды тартууладым. Андан тышкары, гастролдорго чыгып жаттым. Бирок жаңы ыр жаздыруу боюнча кичине эс алуу болуп, эс алуунун аралыгы көпкө созулуп кетти десем болот.
- Жакында боло турган концертиңизге кепти бурсак.
- Негизи, мен 7 жылдан бери концерт бере элек экенмин. Күйөрмандарымдын астында өзүмдү иштебей жатып алгандай, туура эмес сезип жатам. Ошон үчүн жаңы ырларды жаздырып, буйруса, күйөрмандарым эс алып кетчүдөй концерт берем.
- Концертиңиздин аталышы "Кыял чабыттары" деп аталат экен. Эмне үчүн ушул атты жана ушул күндөрдү тандап алдыңыз?
- Бул Жылдыз Малдыбаеванын обонуна жазылган "Кыял чабыттары" деген ырды 1989-жылдан бери өзүмдүн жүрөгүмдө багып келем. Талисман катары баалайм жана сыймыктанам. "Юрмалага" дагы бул ырым менен барып келгем. Мага ийгилик алып келген ыр десем болот. Эң жакшы ырларымдын бири. Концертиме атайын бул күндү алам, же тигил күндү алам деп тандаган жокмун. Убакыт-сааты ушу күнгө туш келди жана бул дагы кудайдын буйругу деп эсептейм.
- Концертиңизде конок катары кимдер талантын тартуулашат?
- Конок катары 20 жылдан бери мени менен чогуу жүргөн өзүмдүн сахналаш досторум Бек Борбиев, Динара Акулова, Айчүрөк Иманалиева, Гүлнара Кахарова, Жамила Муратова, Райхан Абдувалиева,Мерген Турган, Сыймык Бейшекеевдер келип куттуктап ырларын арнашат. Ал эми жаштардан Мирбек Атабеков, Нурлан Насип жана өзүмдүн группам булар: Назира Жетигенова, Мирлан Жетигенов, Нурлан Намазбеков, Фарида Карбосова, Азиз Жетигенов, Азель келип группамдын 15 жылдык тажрыйбасын элге тартуулайт.
- Окуучуларыңыз, группаңыз кандай жардам берип жатат?
- Мен өзүм жалгыз баарын даярдаганга жетишпейт болчумун. Булар менден кем калышпай колума-кол, бутума-бут болуп жардам берип жүрүшөт. Башында бөлүштүрүп койгом. Ар кимисинин өзүнө тиешелүү жумуштары бар. Мисалы, Нурлан Намазбеков бий жагын тейлеп, баарын өзү башкарат. Кыскасы, баары эле менден ашып толкунданышып, ойлонушуп, аракет кылып, даярданып жатышат.
- Концертиңизде кандай өзгөчөлүктөр болот?
- Эми ал өзгөчөлүктөр азырынча сыр бойдон эле сакталып турсун. Менин окуучуларым 15 жылдык топтун эмгегин ушул концерттен көрсөтө алат деп ойлойм.
- Балаңыз Азиз Жетигенов менен кызыңыз Азель көптөн бери сахнадан көрүнбөй калышты. Эмне менен алек болуп жүрүшөт?
- Алар деле чыгармачылыктын үстүндө эмгектенип жатышат. Мисалы, кызым бий жагынан көптөгөн конкурстардан жеңүүчү болду. Андан сырткары, мугалими Нурлан Намазбековдон бий боюнча көп нерселерди үйрөнүп, кайра анын бий тобу "Азия Нурга" мугалим болуп иштеп жатат. Жакында кинодо башкы рол жаратып жатат. Өзүн ар тармактан көрсөтүп, чыгармачылыктын эле үстүндө. Азиз болсо жаңы ырларды жаратып, кээ бир ырларын башка ырчыларга берип жатат. Жакында ал дагы киного башкы ролду ойноп бүтөйүн деп калды. Кызым менен баламдын кинолорго тартылып жатканын акыркылардан болуп мен билиптирмин. (Күлдү) Өздөрүнө өздөрү жооп бере ала турган даражага жетип чоңоюп калды.
- 10 жыл мурда кандай болсоңуз, азыр деле ошондой жаш бойдон жүрөсүз. Сулуулугуңуздун сыры эмнеде?
- Мен өзүмдү сулуу деп деле айтпайм. Эми сахна адамы болгондон кийин сахна кийимин кийип, макияж кылып эле жасанып жүрөм. Менин бир сырым кайгырганды жаман көрөм. Ушак угуп, жаман, терс нерселерди жүрөгүмө жакын кабыл алып, ичиме киргизгим келбейт. Мүмкүн, ошондон дагы жүрөк көп оорубай, клеткаларым жакшы сакталып жатат болуш керек. (Күлдү) Жаратылыш берген сулуулук.




  Шоу жаңылык

"Аsia-Nur " бий тобу
Гран-прини жеңип алды
Нурлан Намазбеков жетектеген "Аsia-Nur " бий тобу 5-июнда Мэрия тарабынан уюшулган "Вершина" аттуу сынактан Гран-прини утуп алышты. " Бул сынакта кыргыз бийин аткарып, 18-19 жаштагы бийчи балдар арасынан жеңип алдык. Ал эми биринчи-экинчи класста окуган балдардын ичинен ошол эле "Вершина" сынагында биринчи орунга ээ болдук. Андан тышкары, 1-июнга карата "Жаш таланттар" конкурсунда шаар ичинен жана район ичинен 3-орунга ээ болгонбуз. Эми "Сейтек" балдар борбору тарабынан Турцияга чакыруу берилип жатат. Ал жакка үч кыргыз бийин даярдап алып барыш керек экен. Буйруса, даярданып жатабыз",-дейт тобунун жеңиштерине кубанган бийчи, ырчы Нурлан Намазбеков.


Рустам Сагыналиев жеке концертин тартуулады
Аккордеондун коштоосу менен чыгармаларын элге тартуулап келе жаткан жаш ырчы Рустам Сагыналиев 29-май күнү "Сейтек" борборунда жеке концертин тартуулады. Өзүнүн айтымында: "Концерт өтө жакшы деңгээлде өттү. "Өтүнүч" деген аталыштагы концертимдин өзгөчөлүгү- ырчылар жандуу комуздун коштоосунда ырдаганы болду. Сахналаш кесиптештерим: Гүлнур Асанова, Аскат Мусабеков, акындар Азамат, Элмирбек, Мамиль, Анапия Райымбекова, Каныкей Раймалиева, Роза Шакирова, Айгүл Чалова, Элзар Өскөнбаевалар келип ырдашып куттукташты. Жеке өзүм 10 ыр аткарып, алып баруучулук милдетти Нурзада Жолдошева менен Чыңгыз Мырзаев аткарды", -дейт акыркы жаңылыктары менен бөлүшкөн Рустам Сагыналиев.


Тасманын 50 %ы монтаждалып бүттү
Ар бир саныбызда маалымдап турабыз дегендей, "Алим Токторов продакшн" студиясынын режиссёру, комедия жанрындагы тартылып жаткан тасмасындагы акыркы жаңылыктары менен бөлүшүп, мындай дейт: "Алыскы айылда камок иштетип, күйүүчү майды сактап койгон куудул Айылчы Орозалиев жана ую өлүп, этин элге таратып, акчасын топтой албай жүргөн актёр Эркин Базанов аткарган каармандар менен куудул, пенсиядагы химик мугалимдин ролундагы Жамбыл Камчиевдин (Сарыбай) ортосундагы кызыктуу жоруктар өткөн жумада тасмага тартылды. Андан тышкары, пенсияда жүргөн, жашы өтүп калган физкультура мугалиминин ролун аткарган эже Ырыс Курманалиева "Мото-муравейин" айдаганда күлкүлүү болду. Башкы каармандардын бири Сайкал Садыбакасовага (Аманда) жолугам деп келген Медер аттуу айылдык жигиттин гүл бере албай, ага кайра-кайра, үч жолу кийим которуп келгени жана ошол физкультура мугалими менен капыстан жолугуп калганы-бул фильмдин өзөктүү жери деп айткым келет. Аны, кудай буйруса, көрүүчүлөр фильмди көргөндөн кийин кененирээк түшүнүп алат деген ойдомун. Ошону менен фильмдин 50 %га жакыны монтаждалып бүттү.Кудай буйруса, ушул ай ичи толугу менен тартылат. Ал эми көптөргө фильмдин аты кызык болуп жатса, азырынча толук коё элекпиз. Бирок шарттуу түрдө "Дөңгөлөк KG" деп атасакпы деп ойлонуп жатабыз",-дейт кыскача кабары менен режиссёр Алим Токторов.


Келсин Мурадил кызы