Кыргыз эл жазуучусу Т. Касымбеков оор абалда ооруканада жатат
Кыргыз эл жазуучусу Төлөгөн Касымбеков оор абалда Бишкектеги атайын ооруканада жатат. Бул тууралуу жазуучунун жубайы Элмира Касымбекова: "Анын кан басымы 200гө жетип, ооруканага алып келдик. Үч күн мурда дарыгерлер текшергенде, кан басымы орто болчу. Тез эле өзүн жаман сезип, кан басымы көтөрүлүп кетти", - деп билдирди. Азыркы маалда Т. Касымбеков дарыгерлердин көзөмөлүндө реанимацияда жатат, туугандары жанында. "Кудай деп турабыз. Туугандары келип-кетип жатат. Жетекчиликтен, Жазуучулар союзунан эч кимиси келе элек. Абалы ушундай деп жарыяламак белем. Келишсе өздөрү келишет да, азыр келбесе кийин келгендин эмне кереги бар?" - деп кошумчалады Э. Касымбекова. "Сынган кылыч", "Келкел" тарыхый романдарынын, "Адам болгум келет" жана башка чыгармалардын автору, Кыргыз эл жазуучусу Төлөгөн Касымбеков быйыл 80 жашка толду. Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамотасы менен сыйланган. 2005-жылы Мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн "Кыргыз тили" төш белгиси, 2006-жылы "Кыргыз Эл Баатыры" наамы ыйгарылып, 1998-жылы "Руханият" эл аралык ассоциациясынын сыйлыгы берилген.


К.Кадыров А.Атамбаевге каршы элди тукуруу саясатын жүргүзүүдөбү?
Президенттик шайлоону утурлай, ар ким өз колунан келген ак жана кара пиарларды жүргүзүп, өзүн мактап, атаандашын өлгөнчө каралап жаткан чактары эмеспи. Мына ошондой кара пиарга президенттин көкүрөк күчүгү аталган Премьер-министр Алмаз Атамбаевге түштүк регионду кыдыруу кыйынга турчудай болуп калды деп жазыптыр "Аламан" сайты. Андагы маалыматка ылайык, ал жактагы карапайым калктын көпчүлүк катмары А. Атамбаев менен Р.Отунбаеваны июнь коогалаңынын чыгышына башкы күнөөкөр катары айыпташып: "Эгерде Атамбаев президенттик шайлоодо бизге келсе, аны кабыл албайбыз!"- дегендер арбып баратыптыр. "Азырынча президенттик шайлоого талапкерлигин коёр-койбосу эки анжы болуп турган Алмаз мырза чындап эле хан тактыга аттанса, анан Түштүктү кыдыруу кыяматка айланат го, кайдагы элдин добушун алат? Ал эми Ысык-Көлдө да ушундай көрүнүш, экс-депутат Кубанычбек Кадыров "бывший шефине" каршы элди тукуруу саясаты менен алектенип жүрү", - деп жазылган.


Министр Т. Беков: Кыргызстанга быйыл буудай өткөн жылдагыдан эки эсе аз импорттолот
13-июнда Кыргызстандын Айыл чарба министри Төрөгул Беков бүгүнкү күндө бизге Россия, Казакстан, Белорусия жана Украинадан буудай, кант, суу май импорттолорун, ал эми Кыргызстан Иранга мал этин экспорттой тургандыгын билдирди.
Ал мындан тышкары, быйыл импорттоло турган буудайдын санын эки эсе кыскартуу пландаштырылып жаткандыгын айтты. "Быйыл бардыгы болуп 128,4 миң гектар аянтка буудай эгилди, өткөн жылга салыштырмалуу 8,6 миң гектарга көбүрөөк. Быйыл күзүндө 800-850 миң тонна буудай алуу пландаштырылууда, 2010-жылга салыштырмалуу 37 миң тоннага көп. Демек, импортко болгон көз карандылык азаят", - деп айтты министр.

Ж.Жолдошева С.Жапаров жана К.Ташиевден акча албагандыгын айтты
"Коогалаң" тасмасын тартууга Жылдыз Жолдошева Садыр Жапаров жана Камчыбек Ташиевден 2-3 миң доллар акча алган деген маалымат чындыкка жатпайт", -деп билдирет Жогорку Кеңештин "Ата Журт" фракциясынын депутаты Жылдыз Жолдошева 13-июндагы маалымат жыйынында. "Мен эч кимден акча алган эмесмин жана өмүрүмдө пара алган эмесмин. Бул гезит беттерине чыккан маалымат жалган", - деди ал.


Бир бүркүм маалымат
"Рух-Ордого Курманжан датканын эстелигин койдурбайбыз"
"Рух-Ордого Курманжан датканын эстелигин койдурбайбыз",-деп билдирет Жогорку Кеңештин "Ата Журт" фракциясынын депутаты Жылдыз Жолдошева, 13-июндагы маалымат жыйынында."Курманжан датка өзү эле саясий фигура. Кээ бир адамдар андан саясий оюн жасап жатышат. Эч ким Курманжан датканы курал кылып ойнобосун жана Манас атаны пайдаланып ойнобосун. Аларды өз ордуна коюшсун", - деди ал.
Баткенге 1000 тонна дизелдик күйүүчү май жөнөтүлөт
Бул тууралуу бүгүн Айыл чарба министри Төрөгул Беков билдирди. Министр аткезчиликтен улам аймакта күйүүчү майга болгон таңкыстык төрт эсеге өскөнүн билдирди. Маалыматка караганда, мурда Баткенге айына дыйкандар үчүн орточо эсеп менен 250 тонна жиберилчү. Беков жазгы себүү маалында күйүүчү май базарында чектөө киргизип, кара май ошол себептүү кымбаттап кеткенин билдирди.
Кытайдан Кыргызстанга 267 трактор алынып келинет. Бул тууралуу Кыргызстандын Айыл чарба министри Төрөгул Беков билдирди.
"Кытай менен 210 трактор сатып алууга келишим түзүлгөн. Алар поезд менен алынып келингендиктен, транспорттон каражат үнөмдөлгөн. Ушул себептен алар дагы кошумча 57 трактор жиберишти", - деп айтты министр.




  Дүйнөдө

Казакстандын Президентинин небереси Айсултан Назарбаевди полиция кызматкерлери сабап салышты
Казакстандын Президентинин небереси Айсултан Назарбаевдин Казакстан менен Азербайжан футбол мелдешинен кийин, 3-июндан 4-июнга караган түнү реанимацияга жеткирилгенин Sportinfo.kz. кабарлады. Полициянын кызматкерлери атасынын кылган иштери үчүн Айсултанды каалагандай тепкилешкен. Айсултан телефон чалып алайын деп өтүнсө, макул болбой, колуна кишен салып коюшкан. Болушунча сабагандан кийин реанимацияга алып барышкан. Кудай сактап, катуу жаракат алган эмес. Айсултандын апасы Дарига Назарбаева (Нурсултан Назарбаевдин улуу кызы) атасы Рахат Алиев (Казакстандын Австриядагы мурдагы элчиси) Кошумча маалымдай кетсек, Айсултандын атасынын 2007-жылы 23-майда "Нурбанктын" башкаруучуларын уурдаган деген шектенүү менен кылмыш иши козголгон. Ошол эле жылдын июнь айында Алиевдин макулдугусуз эле Назарбаева экөө ажырашкандыгы тууралуу белгилүү болгон болсо, 2008-жылы Рахат Алиев бардык наамдардан жана сыйлыктардан кол жууган.


  Маданият

"Свет аке" Испаниядагы кинофестивалдан жеңиш менен кайтты
Актан Арым Кубаттын "Свет аке" фильми Гранадада (Испания) болгон "Түштүк өлкөлөрүнүн тасмалары" аталыштагы V кинофестивалында калыстардын атайын "Коло Альгамбр" сыйлыгына ээ болду. Киносынчы Г. Төлөмүшованын айтымында, бир өлкөдө болуп жаткан жөнөкөй маселени чагылдырууда калыстар тобу режиссёрдун ишин жакшы баалашты дейт. Аталган кинофестивалга Азия өлкөлөрүнөн, Африка жана Латын Американын режиссёрлорунун фильмдери көрсөтүлгөн.


  спорт

Кыргыз спортчулары самбо боюнча Ташкентте өткөн Азия чемпионатында 23 медалга ээ болду
Самбонун эки түрү боюнча Азия чемпионаты Ташкент шаарында аяктады. Бул тууралуу мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти. Кыргыз спортчулары жалпы байге куржунуна 23 медалды - 5 алтын, 5 күмүш жана 13 коло медаль чогулта алышты. Жаштар арасынан Артур Те, Нурсултан Артыкбай уулу жана Руслан Токторбаевдер чемпиондукту жеңип алды. Күмүш медалга жалгыз Асланбек Эсмурзиев татыды. Коло медалды моюнуна таккандардын арасында Назым Жамалов менен Эламан Касымбаев болду. Кыздар арасынан күмүштү Эльза Абдыкадырова, колону Динара Калыбек кызы багындырган.


А. Атамбаев Түркиянын Премьер-министринин партиясынын парламенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады
КРнын Премьер-министри Алмазбек Атамбаев Түркия Республикасынын Премьер-министри Режеп Тайип Эрдоганга 2011-жылдын 12-июнунда болуп өткөн парламенттик шайлоодо ал жетектеген "Акыйкаттык жана өнүгүү партиясынын" жеңип чыгышына байланыштуу куттуктоо телеграммасын жөнөттү.


Р.Жээнбеков паспорт тууралуу жаңы мыйзам долбоору жөнүндө…
Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков 13-июнда маалымат жыйын өткөзүп, Кыргызстандын жарандарына паспорт берүү маселеси боюнча жаңы мыйзам долбоорун иштеп чыккандыгы жөнүндө айтып, бул мыйзам кабыл алынып калса, 5 эле талап менен паспорт алууга мүмкүнчүлүк түзүлө тургандыгын билдирди. Жаңы мыйзамга ылайык, паспорт алууда жарандар туулгандыгы тууралуу күбөлүк, атасы же апасынын паспортунун көчүрмөсү, арыз, квитанция, анан сүрөт даярдашат. Паспорт 32-52 барактуу болуп даярдалат, Кыргызстанда боло турган жарандар үчүн 32 барактуу, ал эми 52 барактуу документ чет мамлекетке чыга турган жарандар үчүн паспорт эки тилде жасалат: орусча жана кыргызча - бул Орусияга барып жаткан мигранттар жана жарандар үчүн, экинчиси, кыргызча жана англисче - Европа, Америка жана Азия мамлекетине баруучу жарандар үчүн. Р.Жээнбеков катталуу (прописка) алынып салына тургандыгын айтты. Бүгүнкү күндө катталган жери жок болсо, паспорт берилбей тургандыгын белгилеп, жаңы мыйзамга ылайык, адамдар дүйнөнүн кайсы гана жеринде болбосун паспорт алууга укуктуу боло турганын билдирди. Ал белгилегендей, паспорт интернет жана почта аркылуу берилип, документти алуу мөөнөтү 5-7 күнгө чейин гана созулат. "Учурда жарандар паспорт алуу үчүн 7 айга чейин күткөн күндөрү болот", - дейт ал. Мыйзамдын негизинде, паспорт алуунун баасы такталууда. "Биз минималдык айлык акынын 25%ынан ашпаган баасын коюп жатабыз", - деп айтты депутат. Ал эми социалдык коргоого муктаж адамдарга мамлекет бекер берүүгө милдеттүү болот. Түрмөдөн чыгып жаткан жарандарга паспорт берүү ГСИНге милдеттендирилет. Алар түрмөдөн чыгып жаткан адамдарга үч ай мурун даярдап, колуна карматканга милдеттендирилет.


Көрүнүктүү композитор, Кыргыз Республикасынын гимнинин авторлорунун бири, композитор
Насыр Давлесов
кечээ кечки саат ондор чамасында, 82 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. "Обон" гезитинин жалпы жамааты Насыр Давлесовичтин жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.


P.S. Маалымат интернет булактарынан алынды