Кино каарман

Дархан:
"Кыргыздын ар бир кызын Корей актёрлорунан кызганам"
- Дархан, актёр болгон кандай экен?
- Мен үчүн актёр болгон абдан кызыктуу болду. Алгачкы кадрларды тартып жатканда образга кире албай бир аз кыйналдым, кийин кадимкидей эле болуп жаткан көрүнүш сыяктуу болуп калды.
- Образга берилип кетип, кинодогу Алияны сүйүп калган жоксуңбу?
- Образга кирип, мыкты аткарыш үчүн кичине сүйүп калыш керек болду. Бирок, кино бүткөндөн кийин дос бойдон калдык.
- Өзүңдүн кыялыңдагы пери сен аткарган кинодогу Алиядай эмеспи?
- Жок, менин кыялымдагы кыз таптакыр башкача образда.
- Кыргыздын балдары кыздарды Кореянын сериалдарындагы балдардан кызганып калышканын көрүп күлүп калам. Биздин кыздарды сен алардан кызганбайсыңбы?
- Мен патриот болгондуктан, кыргыздын ар бир кызын ал актёрлордон кызганам.
- Кайсы учурду аткаруу кыйынчылыктарды туудурду?
- Сүйүшкөн түгөйлөрдүн ролун ойногон абдан кыйынчылыктарды туудурду. Сьемка учурундагы эсте каларлык нерсе аба ырайы болду. Кар, жамгыр жаап жаткан учурда көбүрөөк тартып жаттык. Көчөдө таң атканча калып калган учурлар да болду. Кинонун башынан аягына чейин кызыктуу процесс болду.
- Кээ бир актёрлорго сөз жаттоо жагы оор болот. Андан кыйналган жоксуңбу?
- Романтикалуу кино болгондуктан, кээ бир сөздөрдү өзүбүз да кошуп кетип жаттык да. Ошон үчүн сөз жаттоодо оорчулуктарды байкаган жокмун.
- 30-майда кинонун ачылыш аземи болуп, баарыңар кызыл килемде келдиңер. Менимче, кино жаатында эң биринчи жолу кызыл килемде басышың болсо керек?
- Ооба, абдан кызыктуу болду. Уюштуруучулар ачылышты эң мыкты деңгээлде өткөрүштү.
- Киного тартылгандын кандай жагы жакты?
- Артист болгондон кийин ички дүйнөңдө актёр болушуң керек. Ар бир чыгармачыл адам киного тартылам деп ойлоп, кызыгат. Мен бир эле образда жүрө бербей, башкача адамдын образын жаратуу мага абдан жакты.
- Жаңы кинолорго тартылуу боюнча сунуштар түшкөн жокпу?
- Сунуштар көп эле түшүп жатат. Азыр мага бир роль жагып атат. Ошону жакшылап иштеп чыксам, жаңы киного тартылам деген пландарым бар.
- Сыр болбосо канча гонорар алдың?
- Өзүм ойлогондон да көп алдым. Өзүмдүн керектөөлөрүмө толук жетип атат, кудай буюрса.
- Өткөндө имиджиңди өзгөртүп жаттың эле. Кайра башка стилге өтүп кеткен жоксуңбу?
- Жок, ошол стиль менен эле жүрөм. Кинодо да рок музыканттын ролун аткарам. Эң аяк жагында өзүмдүн жаңы стилим менен боёнуп ырдайм.
- Кино деп жүрүп өзүңдүн чыгармачылыгыңдан аксап калган жоксуңбу?
- Кино деп жүрүп, чыгармачылыктан кичине алыстап калдым. Бир жарым ай көп эле убакыт. Бирок, кино учурунда "Эне заты" деген ыр жазганга үлгүрүп калдым. Жакында жаңы клип тартып баштадык. Сапаты жагынан Кыргызстандагы эң алдыңкы клиптерден болот.
- Ырчылар көп эле конкурстарга катышып жатышат. Сени ал жактан көрбөйбүз го?
- Өзүм аракет кылбай жатат болушум керек. Андай конкурс эмес, ырларымды радиого бергим келбейт. Алар сурашат, бирок ырларымдын радиодон кетишин каалабайм. Анын үстүнө менин ырдоо стилим да рок болуп кетпедиби. Рок радиого үндөшпөй калат деп ойлойм.
- Ырларыңды радиого бербесең, кантип эл оозуна алынасың?
- Кудай буюрса, мыкты-мыкты клиптерди тарттырам, анан эл оозуна алынам деген үмүтүм бар.