Эрлан Андашев келинчеги менен экзаменге даярданып жаткан учуру
Жаш ырчылардын арасынан өзгөчө стилге ээ ырчы жигит Эрлан Андашев "Сагындырба" деген ырына клип тарттырды. Андан тышкары, 5-июнда "Тумар" радиосунда "Жалгыздык" аттуу жаңы ырынын бет ачары болуп өттү. "Жалгыздык" ыры жөн эле ыр эмес, ырда өзүнүн продюсери Айбек Акматовдун жашоосу чагылдырылган ыр. Бул менен гана чектелбестен, Эрлан келинчеги Перизаттын алдыдагы мамлекеттик экзамендерине жардамдашып, кызыл диплом алууга кызуу даярданып жаткан учуру.


Данияр суунун астында ырдайт
Жакындан бери шоу дүйнөсүнө жаңыдан аралаша баштаган ырчы жигитибиз Данияр Эрматов азыркы жаш ырчылардан өзгөчөлөнүп, өзүнүн "Токто, жаным" аттуу ырына өзгөчө клип тарттырып жатат. Клип суунун астында тартылып, өзү дагы суу астында ырдайт. Шоу дүйнөсүндө мындай клип болбогондон кийин, жакын арада күйөрмандары бул өзгөчө клиптин күбөсү болот деген ойдобуз.


Аваз Акимов аккор-деондон сабак алып жатат
Аваз Акимов жайында көлдүн кыздарына арнап Сыймык Бейшекеевдин "Көлдүк кызын" жаңылап жаздырганы жатат. "Тамагым бир аз ооруп калыптыр, жакшы болуп калсам "Көлдүк кызды" жаздырам",-дейт. Андан сырткары, ырчы жөн жатпай аккордеондон сабак алып жаткан учуру.


Айпери Кулубаева альбомго көмүлгөнү калды
Таланттуу кызыбыз Айпери Кулубаева азыркы мезгилде жаңы альбомдорунун үстүндө иштөөдө. А.Керимбаевдин "Ак булуттар", А.Тоотаевдин "Сен барда" аттуу жаңы ырларын жаздырды. Андан сырткары, обончу Эгемберди Талиповдун 22 ырын аккордеондун коштоосунда бир альбом кылып чыгарды. Бул эле эмес, кудай буйруса, жакынкы арада комуз менен ырдаган ырларын бир альбом, аккордеон менен ырдаган ырларын бир альбом, эстрада ырларын бир альбом кылып чыгарсам дейт.


Гүлжигит түштүктө гастролдоп жүрөт
Таланттуу жигиттерибиздин бири Гүлжигит Сатыбеков азыркы учурда "Таенеме гүл десте" аттуу шоу программасы менен Ош шаарында жүргөн маалы. 19-майда түштүк жергесинде баштаган гастролун, Баткен областына барып аяктаганы турат. Ош областынын тургундары жакшы маанайда тосуп алып, концерт шаңдуу өтүүдө.


Ильяз Андаш беш жылдыгын жайлоодо өткөрүп келди
Акыркы коңгуроо кагылып, бүтүрүүчүлөр мектепти артта калтырган болсо, Ильяз Андаштын мектепти бүткөнүнө беш жыл болуптур. Ал өзүнүн туулуп өскөн жери Караколдун Көк-Жайык жайлоосуна барып, бээнин сүтүн ичип, беш жылдык мааракесин майрамдап келди.

Алиса Сапарбекова




Боорду эзген Айылчы менен Эркин
Өткөн жумада "Алим Токторов продакшн" аты алиге чейин белгисиз болгон, кинокомедиянын мектептеги окуясын тартып бүтүрдү. "Окуя ушул жылдын апрель айын чагылдыргандыктан, айлык акысы аз болгон мугалимдердин ызы-чуусу сүрөттөлүп, ый-күлкүсү аралаш чоң сюжет тартылды. Мектептин директору болуп мурун токой чарбасында токойчу, балчы болуп иштеп, пенсияга чыккан кишинин ролун жараткан Келдибек Ниязовдун бул тартылган тасмада эмгеги зор болду. Ошондой эле айлык акысы ар нерсеге кармалып жатып, колдоруна 50 сом, 100 сом тийген мугалимдердин ролун жаратып берген катардагы кастингден өтүп келген кыз-келиндер дагы жогорку деңгээлде ыйлачу жерде ыйлап, күлчү жерде күлүп, толук жеткире алды. Мындан тышкары, бул сюжетте сиздер билген куудулдар Айылчы менен Эркин дагы боорду эзет.Кудай буйруса, тартылып жаткан бул кинокомедия чоң экранга чыкканда, кино сүйүүчүлөр боору эзилгенче күлүп, чер жазып кетет деген ойдомун,- дейт режиссёр Алим Токторов.