Чыр дөбө

Учурда Кыргыз Республикасынын туусун жана гимндеги кээ бир сөздөрдү алмаштыруу боюнча депутаттардын, бүбү-бакшылардын жана элдин ортосунда кызуу талаш-тартыштар жүрүп жаткан мезгили. Ушул маселе боюнча керектүү адамдарга кайрылып, алардын туу жана гимнге болгон ойлорун уктук.
Жаныбек Жанызак, журналист:
"Эртең Самаковдун ордуна Камаков деген депутат келип, "желекти алмаштырабыз" деп кирет"
- Жаныбек мырза, бүбү-бакшылардын түшүнө тууну алмаштыруу боюнча аян түшүп жатканын айтып жатышат. Сиздин оюңуз боюнча тууну алмаштыруунун биздин өлкө үчүн кандайдыр бир пайдасы бар деп ойлойсузбу?
- Ооба, көзү ачыктар телевизордон: "Мага аян түштү, желек мындай болуш керек экен",- деп айтып жатышпайбы. Ошолорго эмне үчүн "Кыргызстан канткенде өнүгө алат?" - деген аян түшпөйт? Желек-кыргыздын атын тааныта турган күзгүсү. Желек бүгүн кызыл болсун, эртең көк болсун дей беришкени менен, бул жерде туруксуздук маанини камтып жатат. А бүгүн кызыл экенбиз, эртең көк, бүрсүгүнү ак боло бергендей, биз хамелеонбузбу?
- Бүбүлөр: "Биздин желек кызыл болуп, казактардын көк желегине биздин оомат өтүп кеткен", - деп да жатышат?
- Чүпүрөктүн өңү көк же кызыл болобу, ошого жараша оомат өтүп кетет, же оомат ооп кетет деген былжырак сөздөрдү айткан бүбүлөрдүн сөзү өтүп кетти да. Казактардын бактысына Нурсултан Назарбаев келип туруп калды. Назарбаевдин ордунда башка бирөө болгондо Казакстан деле биздин таз кейпибизди киймек. Казак эли 20 миллион экен, биздики 5 миллион. Эсептей келсек, биздин кен байлыктар өзүбүздүн беш миллион элибизди бакканга толук жетет. "Оомат Казакстанга ооп кетти", - деп тууга мистикалык аныктамаларды берип жатышат. Оомат эч жакка оогон жок. Себеби, Нурсултан Назарбаев менен Аскар Акаевди салыштырууга таптакыр болбойт. Же мыйзамдар туура эмес иштеди, же бизди башкара турган кишилер абийирсиз иштеди. Өзүнүн үй-бүлөсүнүн киришүүсүн тыя албаган киши, кантип өлкөнү башкара алат? Бозала чүпүрөк болсо деле, биз мыкты болуп, экономикабыз дүркүрөп өсүп жатса, башка мамлекеттер:"Аа, булардын желеги ушул", - деп бозала желекти айла жок тааныйт болчу. "Аянтыбыздын баары кыпкызыл болуп атат",- деп да чыгышты. Аянтыбыз кызыл болбош үчүн, казынаны казып, жебей, элди жетер жерине жеткирбесе, аянт кызарбайт эле. Япониянын желегин деле алып көрөлү , аппак шейшепте кызыл так. Кандай кан экенин жеңелерден сураш керек. (Күлдү) Япониянын Япония экенин ал белги аныктабайт. Япония тиги белгини аныктайт. Мына Түркиянын, Кытайдын желеги кыпкызыл. А эмне үчүн алар дүркүрөп өсүп атат? Канаданын жалбырак желегин деле "Адам ата абийирин жапкан жалбыракты желек кылып алыптырбыз", - деп айтып чыгышмак. Буларды кызыл желек сүйрөгөн жок. Буларды ошо бийлик башында отурган саясатчылары, акылдуу адамдар сүйрөп жатат. Ден Сяопиндин: "Кара мышык болобу, ак мышык болобу, чычканды кармап берсе болду",-деген жакшы сөзү бар. Келгиле, биз да ушундай саясатка өтөлү.
- Өткөндө "Фабула" гезитине Ата Мекен фракциясынын депутаты Карганбек Самаков туу боюнча интервью бериптир. Сөздөрүнө жакшылап көңүл бурсак, туу менен асабанын айырмасын билбегендиги оркоюп эле байкалып калыптыр.
- Гезитке келерде атайын Юдахиндин сөздүгүн карасам, туу менен асабаны бириктирип туруп знамя деп которуп салыптыр. Биз үчүн Юдахин дайыма эле "авторитет" эмес.
Ак асаба кызыл туу,
Айгайлаган ызы-чуу, - деп "Манас" эпосунда айтылып жүрөт. Ак асаба кызыл туу, көк асаба кызыл тууда туу өзгөрбөйт, асаба өзгөрүп жатат. Асаба деген сөздү сөздүгү жок эле ойлонуп көрсөк, асаба - аса - аса таяк, ошого окшоштуруп туруп, тууну көтөрө турган таяк болушу мүмкүн. Туу деген сөз желек, байрак экен. Туу - кытай тилинен, асаба -араб тилинен келип атат. А жанагы туу боюнча сүйлөгөндөрдүн аргументтери кыжырды келтирип жатат. Мен мурда тил изилдеген киши болбогондуктан, өзүмдүн түшүнүгүмдө туу деп эки жолу кайталанып атса, бул туруктуу нерсе. А асаба эки жолу көк, ак болуп алмашып аткан соң, ал алмашып турган нерсе. Анча туруксуз нерсе, аса таягы болушу мүмкүн. "Манас" эпосунда айтылган сөз бизге аргумент болушу мүмкүн. Желек кылым сайын алмашса мейли, бирок ар бир жыйырма жыл сайын алмаша берсе эртеңки күнүбүз кандай болот? Эртең Самаковдун ордуна Камаков деген депутат келип, "желекти алмаштырабыз" деп кирет. Самаков Нарынды аракка сугарып жүрөт. Мен ал кишиден бир нерсени сурайын дедим эле. Арактан башка, руханий жагынан маданиятты же экономиканы көтөрүү боюнча ал кишинин аракеттери бар болду бекен? Түшкөн кирешесинин канча бир пайызын ошол өзү берип жаткан аракка каршы күрөшүүгө, же болбосо арак ичүү маданиятын көтөрүүгө жумшайт болду бекен? Ал: "Мен силерди самопалдан сактадым", - деп жүрөт.
- К. Абдыкадыров гимндеги "бейкут" деген сөздү алмаштырыш керек деп жүрөт. Буга сиздин жеке оюңуз кандай?
- Бирөө чыгып атат, Ирандын сөзүн алып алыптырбыз деп. Бейкуттук деген "куттан кеткен", "кутсуз" дегенди түшүндүрөт деп атат. Башынан эле "бейкут" деген сөз менен мемиреген, жыргал, бакубат жашоо деген маанини түшүнүп келебиз. Андай окшоштуктар менен кете берсек болбойт. Себеби, окшоштуктар толтура. Анан ортодон чыга калып эле, мындай сөз эмес, тигиндей маанини билдирет деп жүрүшөт. Жалил Садыковдон ката таап аткандарга түшүнбөйм.




И.Раззаков атындагы фонддун президиумунун мүчөсү, Түркия өкмөтүнүн мурдагы стажёру, Каныбек Абдыкадыров:
"Бүбү-бакшыга ишенген элдин келечеги жок"
- Туу менен асабанын айырмасы кандай?
- Тууну өзгөртүү идеясын көтөргөндөр ММКга "Көк асаба, кызыл туу, көк жаңырткан улуу чуу" деп жазып атышат. Мындагы эң кызык нерсе, "реформаторлодун" "асаба" деген сөздүн эмне маанини билдирерин так билбегендиги. Лингвистикалык сабатсыздыгында болуп жатат. Лингвистикалык жиликтөө жасасак, "асаба" деген өздөштүрүлгөн сөз, фарси тилинин "хасса" деген сөзүнүн калькасы. "Таджикско- русский словарда" ХАССА- палка, посох, трость деп орус тилине которулган (Москва, ГИС, 1954). Ошондо "көк асаба" деген сөз айкашын орус тилине которсок "палка синяя" же "синяя палка", кыргыз тилине "көк таяк", "көк жыгач" маанисин туюнтат. Сүйлөмдү толугу менен Каныкей(Санирабига) энебиздин тилинен Манас атабыздын тилине которсок "Таягы көк, кызыл туу, көк жаңырткан улуу чуу" маанисин туюнтуп жатпайбы, кашайгыр! Мээси "бейпил" адамдардын муну түшүнгөнгө дарамети жетпей жатканы кандай гана өкүнүчтүү. "Улут болсоң, тилиң менен улутсуң. Кутсуз болсоң, билбестиктен бейкутсуң" деген афоризм аргасыздан эсиңе түшөт.
- Сизди гимнге каршы чыгып атат деп кээ бирлер жаман көрүп жатышат.
- Ошол адамдарды теле дебатка чакырат элем. ОТРКга түз эфирге келсин. Талашып-такташкан соң, ошол "бейкут" адамдар үйлөрүнө баштарына "кут" конуп кайтышарын каалайт элем. ОТРК таңды "бейкут гимн" менен баштайт.Коомдук ишмер, илимпоз, Жогорку Кеңештин депутаты Турсунбай Бакир уулу, Жогорку Кенештин экс-депутаты Мурат Жураев, академик А. Раимжанов, экс-министр Александр Костюк жана башка прогрессивдүү ой жүгүрткөн инсандар "бейкут гимн" кабыл алынгандан бери күрөшүп келе жатабыз. Мамлекеттин башына кокусунан келген Акаев да, Бакиев да алардын мамкатчылары "кутсуз гимнди" өзгөртпөй өздөрү бейкут болуп кызматтарынан кетишти. 2007-жылы мамкатчы Мадумаров сөзүндө туруп, мени "колумдан жетелеп Президентке алып барганда" Кыргызстан бул кутсуз гимнден эчак кутулмак. Өлкөдөн бейкуттук кетип, кут-береке орномок. Юдахиндин "Кыргызча-орусча сөздүгүндө" (Москва, 1965-ж)да, Кусеин Карасаевдин "Камус-Наамасында" (Бишкек 1996-ж) "бейкут" сөзүн орус тилине безмятежный, спокойный деп жаңылыш которушкан. Мятеж деген сөздү кайра кыргыз тилине которсок, "козголоң", безмятежный деген сөз "бейкозголоң" маанисин берүүдө.
Кусеин Карасаев: -бей- иран тилинен оошуп келген жана көөнөргөн сөз, кыргызча -сыз, жок. Сөздүн алдына айкаша турган мүчө. Бейкүнөө, бейпул, бейадеп, бейакыл, бейар,бейбаш, бейкуда, бейкабар, бейал ж.б.( Камус-Наама, 174-бет) . Карасаев өз китебинин 179-бетинде бейкут (иранча, арабча) созүн бейпил, тынч деп которуу менен өзүнө өзү каршы чыгып жатат. "Бей" иран тектүү сөздүн алдына жалгануучу аффикс дейт. "Бей" аффикси көөнө түрк сөзү "куттун" алдына жалгашкандан кийин "кутсуз", "куту жок" маанисин берип турганы көргө деле көрүнүп турганын көрбөй, билбей калганы кызык.
- Бүбүлөр: "Туунун өңүн көк түскө өзгөртсөк, Кыргызстан өнүгөт. Казактардын желеги көк болгондуктан, экономикасы өнүгүп кетти", - деп жатышат. Буга оюңуз кандай? Чынында эле Кыргызстандын экономикалык абалы туунун өңүнө байланыштуубу?
- Бүбү-бакшыга ишенген элдин келечеги жок. "Легендарлуу парламент" 1990-жылы А. Масалиевдин 2 добушун уурдабаганда, же Кыргызстандын президенттигине Нурсултан Назарбаевдей же Ислам Каримовдой инсанды шайлаганда, бул таз кейипке түшмөк эмеспиз. Мамлекетибизде "бейкут" жашоонун ордуна кут, береке орномок. "Орок оро албагандар орок тандайт. Эл башкара албагандар туу же система тандайт" деген сөз бекер айтылбаса керек. Өлкөнү көк туу же закондор эмес, мыкты башкаруучулар оңдойт. Ошондуктан тууну жайына койгонубуз оң. Проблемаларды программа эмес, кадрлар чечет. И.Раззаковдой Президент болгондо, Кыргызстан мыкты жашамак. Бүгүн "бейкуттук" Кыргызстанды каптаган болсо, буга Акаев менен Бакиев эле күнөөлүү эмес. Бул экөөнү ким шайлады? Шайлоочулар! Президенттик шайлоодо 5-6 кандидат катышпады беле? Эмне үчүн башка кандидаттарды тандаган жок?! Ошондуктан экөө Президент катары күнөө тартса, депутаттар депутат катары, шайлоочулар шайлоочу катары жоопкер. Алдыда президенттик шайлоо турат. Бир бөтөлкө аракка, 200 сомго добушун саткан шайлоочу Атамбаев туура айткандай ,"өздөрү өлүккө айланганы аз келгенсип, өлкөнү да өлүккө айлантат".

Касымалиева Төлөбүбү




Каныбек Осмоналиев, ЖКнын депутаты:
"Туу желектин таягын элестетип калат"
- Каныбек мырза, асаба менен туунун айырмасы кандай?
- Туу деген түшүнүк бизге көбүрөөк сиңген. Туу желектин таягын элестетип калат. "Менин туум болуп тур, менин керегем болуп тур" деген кыргыздын сөзү бар да. Материянын өңүнүн түсү боюнча айта турган болсок, көк асман, көк кийинет деп абдан чоң талаш маселе. Мен гимндин тексти боюнча айткым келет. "Бейкут" деген сөздүн этимологиясы кандай болорун өткөндө комиссиянын отурумунда түшүндүрүп айттык. Бей деген - сыз, - суз деген тескери маанини билдирет дагы, кут деген жакшы нерсе. Орусча которо турган болсок "несчастье". Өткөндө гимндин сөзү талкууланып жатканда, Кулуев агай катышты. Ж. Садыков да көзү өткүчө: "Ушу сөзүн өзгөртүп койсок жакшы болмок экен", - деп Кулуевге керээзин айтып кеткен экен. Ошон үчүн көп эле ары-бери болбой эле которуп, даяр дилин берүүгө деген сөздү маанилештирип өзгөртүп эле, обонун жана тексттин жалпы маанисин ошол боюнча калтырыш керек деп ойлойм. Менин ыраматылык 96дагы апам билими болбосо да көкүрөгү таза киши, "Мындай болбойт, ушул сөзүңөрдү алып койбойсуңарбы?" - деп бейкут деген сөзгө нааразы болуп жүрүп көзү өтүп кетти.