Эскерүү концертин утурлай

Кыргыз эли улуу эл, куудул, чечен, төкмөлөр кыргыздын улуулугун даңазалап келишет. Мына ошондой улуу инсандарыбыздын бири куудул Асанкул Шаршеновдун 14-июнда, Т. Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда, эскерүү концерти болот. Кыргыздын дагы бир белгилүү куудулу Келдибек Ниязов Асанкул Шаршеновду эскерип, анын кызыктуу окуяларынан жана өзүнүн чыгармачылыгы тууралуу маек куруп берди.

Келдибек Ниязов:
"Өлгөндөр баркталмайын, тирүүлөр даңкталбайт"
- Келдибек ага, кыргыздын эле эмес, башка улуттун боорун эзген куудул Асанкул Шаршеновду эскерүү концертин уюштуруп жатыпсыздар. Маегибизди ушундан баштасак.
- 4-майда филармонияда Эстебес байкени эскерүү болду, мен алып бардым. Ошондон кийин Асанкул Шаршеновду эскерели деп 14-июнга коюшкан. Күлкү күнүн өткөрөлү деп камданып жаткан учурубуз. Катышуучулар Замирбек Үсөнбаев сыяктуу Асанкул Шаршенов менен аралашып, сахнада чогуу жүргөн, ошо киши менен тамашалашкан, жолукканда кандай күлдүргөнүн билген кишилерди концертке чакырдык. Андай адамдар көп экен. Ушул филармонияда иштегендер, жаш балдар. Амантай Кутманалиевге батаны Асанкул Шаршенов берген. Кичинекей сары бала комузу жок ырдайт экен, ошондо Асанкул мырза ал баланын чекесинен өөп: "Ой, бул сары баладан бир нерсе чыгат", - деген эле. Айткандай эле, "Сары кашка" деген атка татыбадыбы. А киши киного тартылган эле. Концертте көбүнчө анын тартылган кинолоруна көбүрөөк басым жасайбыз. Чоң экрандан ал киши тартылган кинолордон үзүндү көрсөтөбүз."Кыргыздын биринчи эстрадасынын концерттик кечесинде" оператор болуп чуркап жүрөт. "Арман" деген кинотасмада велосипед тепкен жери бар, "Айыл мозаикасы" дегенде айылдык жигит топоз сааган жери бар. Кандай тартылганын ыраматылык Дооронбек Садырбаев бүт айтып берген. Асанкул байке тубаса куудул болгон экен. Тубаса дегеним, кебете-кешпири, тили, деги эле бардык турган турпаты куудулга ылайыктуу. Биз окуп калбадыкпы. А кишинин болгону 7-класстык билими бар болчу. Жөн да сүйлөчү эмес. Отурган жеринен эле азыркы тил менен айтканда "мат" кылчу.
- Азыр кээ бир жакшы концерттерге билеттердин баасы миң сомго чейин көтөрүлүп жатат. Ушул жагы кандай?
- Базарда шыпыргы 150 сом экен. А Асанкул Шаршеновду эскерүү концерти 100 сомдон гана болот. Асты мынча, үстү тигинче деген жок. Кыргызда "Өлгөндөр баркталмайын, тирүүлөр даңкталбайт" деген жакшы сөз бар. Ошондуктан, кыргызды даңктап жүрүп, көз жумган улуу инсандарыбызды эскере жүрүү парзыбыз.


- Кинорежиссёр Алим Токторовдун комедия жанрындагы тартып жаткан киносуна да роль жаратып жатыпсыз?
- Алим КТРде иштеп жүргөндө "Кантың бар" деген кыска метраждуу күлкүлүү окуяларды тартчу. Аны менен көп жерлерге тартылып, телевизордон байма-бай кетип жүрдү. Анан теледе бийлик алмашып, көрсөтүүлөрдү жаап калганда, күлкүлүү кино тартуу Алимдин оюнда жүрүптүр. "Көлөмдүү комедия жанрындагы күлкүлүү кино тарткан атабыз, агай",- деп калды. Мурун "Кантың барда" тарткан кадрларды кеңейтип тартты. Азыр монтаждалып атат. Буюрса, жакын арада кинотеатрлардан көрүп каласыздар. Бул жөн эле күлкү эмес, артында турмуштун көйгөйүн да чагылдырган. Карапайым айылда тартылды. Айылда мугалим жок, мен мектептин директорумун. Анан баягы 70-80 жашты таяп калган эски мугалимдерди чогулта баштайм. Айлык таратып жатканда алардын айлыгын бербейм. Кийин райондон мугалим жөнөттүк деп телефон чалышат. Кабинетте отурсам, орус бала менен кыргыз жигит кирип келишет. "Үч жыл болду, орус мугалим жок ,ырас болбодубу", - деп сүйүнүп кетсем,ал: "Агай, мен кыргыз тили жана адабияты факультетин бүтүргөм. Орусча билбейм",-дейт. Менин окуучуларыма Есенин, Толстой, Некрасовду окут-десем, "Мен "Манасты" окусам, аларды кантип окутам?" - деп турган жеринен эле "Манас" айтып кирет. Беркиси музыкант экен. Аны физикадан бересиң дедим. Кантип берем дейт, музыка менен физика окшош, сен шаардан келбедиңби, китептен окуп алып эле сабак өтө бер, сага ишенишет дейм.


  Келдибек Ниязовдон бир шиңгил күлкү

"100 доллар менен бир айыл карызынан кутулганда"
Бир кыргыз жигит карызга белчесинен батып, үйүнөн чыга албай калыптыр. Аялы бир жагынан: "Иштеп бизди бакпайсыңбы?"- деп кыйнайт. Иштейин десе иш жок. Балдары тигини алып бер, муну алып бер деп атып, түнү бою уктабай чыгат. Анан айласы түгөнгөн кыргыз жигит ата-энесинен калган 6 канат боз үйүн сатмак болуп, рекламага берет. Боз үйүн сатып алмакка жаңы кыргыз кирип келет. Боз үйдү көрүп:"Боз үй жакшы экен байке, бирок дагы бир жерден бир боз үй чыгып жатат, аны да барып көрүп келейин, эгер ал жакса аны, сиздики жакса сиздикин алам деп, бул 100 доллар "задаток",- деп 100 доллар карматып кетет экен. Канчадан бери колуна акча тие элек кыргыз жигит үйүнөн атып чыгып, дүкөндөгү карызынан кутулат экен. Айылдык дүкөнчү таксисттерге товар ташытып акчасын бербей жүргөн экен, аларга берип кутулат. Таксист айылдык май сатуучудан карызга май куюп жүрүптүр, сүйүнүп кетип ага берип кутулат. Май сатуучу айылдык участковойго "обещать" эткен экен, ал чуркап участковойдон кутулат. Участковойдун айыл өкмөтүнө берген убадасы бар экен, ага бериптир. Айыл өкмөт мурунку жылы жайында баягы боз үйүн сатам деп жаткан кыргыз жигиттин боз үйүн тиктирип алып акчасын төлөбөй жүрүптүр, сүйүнүп кетип ал карызын берет экен. Жаңы кыргыз берки айылдан чыгып келатып: "Байке, тиги боз үй жагып калды, 100 доллар сизде кала берсин деп кетип калыптыр. Ошентип, 1 сааттын ичинде 100 доллар менен бир айылдын эли карызынан кутулуптур.


  Асанкулдун жоруктарынан

"Үнүң ушул бойдон калып калсын"
Эртең менен жумушка келип:"Кемпирим ооруп атат, тез жардам чакырып коюп келдим. Үйдө дары жок, дары алып барып берейин", - деп кеткен. Эртеси: "Эже кандай болуп калды?"-десек, каткырып күлөт. "Барсам Сүкөштүн (кемпиринин аты) температурасы көтөрүлгөнү аз келгенсип, үнү бүтүп калыптыр. Кышылдап үнү чыкпайт. Анан, температураң түшсө, түшсүн, бирок үнүң ушул бойдон эле калып калсын", - деп айттым дейт.

"Пол - деревянный"
А киши алтымышка чыкканда военкоматтан учёттон чыксын деген кагаз келиптир. Мени "жүрбөйсүңбү?" - дейт. "Эмнеге бармак элем?"- десем,ал: "Бирдеме болуп кетсем кабар бербейсиңби?" - дейт. Анан:"Учёттон чыгып, военкоматтан бирөө бирдеме болгонун уга элекмин. Барасыз, кагазды бересиз, ал берген кагазды толтурасыз", - десем кеткен. "Учёттон чыгарган кыз орус экен. Колумдагы кагазымды берсем, ал кагаздын ордуна тиги орус кыз мага көк кагазды карматып, "идите, заполняйте", - деп койду. "Девушка, помогите, я по русски плохо знаю, очки дома оставил"-десем, идите заполняйте деди. Анан барып имя - Асанкул, фамилия - Шаршенов деп жазып баратсам эле, астында пол деп турат. Анан ойлонуп туруп пол - деревянный деп жазып койдум. Баягы орус кыз тыпылдап окуп келатып пол деген жерине келгенде эле "Чё?"-дейт. "Девушка, пол у нас деревянный", - десем орус кыз каткырып күлүп:"Ну вы старик даете, давайте документы",- деп калганын өзү толтуруп калып, мени чыгарып жиберди", - дейт.

"Баранье парикмахерское"
Айылда администратор эле. Анан бир күнү айылга концерт коюп келишет. Концертти кой кыркынга коюшат. Ал жактагылар кыргызча түшүнбөйт. Алардан сурагандан уялып:"Баранье парикмахерское" деп коюптур. Ошол жакта башкы эсепчи орус киши болчу. Пенсияга чыгып Москвага кетерде чөнтөгүнөн Асанкул байке жазган кагазды алып чыгып көрсөтүп жатпайбы. "Мен Асанкулдун нарядын алып кетип атам. Ушул баракты көргөн сайын силерди эстейм", - деп көзүнө жаш алып кеткен.
"Туулган күнүн өзү 8-март деп коюп алган"
Өзү жаз мезгилинде төрөлгөндүктөн, туулган күнүн 8-март деп коюп алыптыр. "Коюңузчу, кантип эле 8-март күнү төрөлүп калгансыз?" - деп тамашалап калганда, "ой, апаман сурасам жаздын аягында төрөлгөнсүң", - деп айтчу. "Ии, баары бир ошол күнү майрам, кыздарды куттуктайбыз, өзүбүз да анча-мынча ичебиз",- деп коюп алгам дейт.