К. Иманалиев жол кырсыгынан каза тапкандарга эстелик орнотууну токтотууну сунуштады
Транспорт жана коммуникация министрлиги жана Ички иштер министрлиги Кыргызстандын чоң автомагистралдарына каза болгон кишинин ордуна ал кишинин эстелигин тургузууну токтотуу боюнча суроонун үстүнөн иштеп чыгуу боюнча сунуш киргизилди. Мындай пикирди эл аралык иштер жана парламент аралык кызматташуу комитетинин 30-майдагы отурумунда "Ар-намыс" фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев билдирди. "Акыркы жылдары өлкөнүн автомагистралдарында жол кырсыгынан каза тапкан жарандардын эстелигин орнотуп жатышат. Бул мусулмандык жактан алганда жосунсуз жорук", - дейт Каныбек Иманалиев.




  Маданият

"Гу Жин Пёго кантип турмушка чыкса болот?" тасмасынын ачылышы болду
Жакындан бери жаштардын көбү Кореянын сериалдары менен ооруп калышпадыбы. Кыргыздын жаштары да ошол сериал менен ооругандыктан, ага ылайык кино тартылып жатты эле. Мына минтип ал кино да тартылып бүттү. Тактап айтканда, 30-майда Бишкек шаарындагы "Манас" кинотеатрында "Гу Жин Пёго кантип турмушка чыкса болот?" аттуу тасманын ачылыш аземи болду.Аталган тасманын башкы каармандары жана Эрнест Абдыжапаров, Садык Шернияз, Темир Бирназаров, Гүлбара Төлөмүшова, Алтын Камчиев сыяктуу аттуу-баштуу коноктор атайын салынган кызыл килемдин үстү менен басып келишти.

Сиам эгиздеринин бири Зита Резаханова келди
Кыргызстанга бир катар оор операциялардан кийин сиам эгиздеринин бири Зита Резаханова келди. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо министрлигинен маалымдашты. Зитаны шашылыш түрдө ушул жылдын 24-апрелинде Москвада операция жасашкан. Зитага эки жолу операция жасалып, экинчиси 8 саатка чейин болгон. Москвада жүргөн учурда сиам эгиздери 18 медициналык жайларда текшерилип турушкан. Дарыгерлердин айтымында, учурда Зитанын абалы орточо. Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Светлана Байтикованын айтуусу боюнча, Зита дарыгерлердин көзөмөлүндө болуш керек экен.

Москвадагы модельер-дизайнерлердин эл аралык сынагында Ассоль Молдокматова баш байгени алды
Москвада өткөн "Жылдын кутюрьеси - 2011" модельер-дизайнерлердин эл аралык сынагында кыргызстандык модельер-дизайнер Ассоль Молдокматова КМШ өлкөлөрүнүн дизайнерлеринин ичинен эң мыкты болуп табылды. Ал Москвада "Стиль" коллекциясын тартуулаган. Гран-приге ээ болгон Молдокматова Лас-Вегаска саякат жасоо жана дизайнер Пьер Карден менен тамактануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болмокчу. Бул тууралуу маалыматты жеңүүчү өзүнүн социалдык интернет баракчасына жайгаштырган.




Р.Отунбаева ЕККУ делегациясын кабыл алды
Кыргызстандын Президенти Роза Отунбаева 30-майда, ЕККУнун улуттук азчылыктар иштери боюнча жогорку комиссары Кнут Воллебек жетектеген делегациясын кабыл алды. Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуу учурунда бир катар маселелер каралды. Анын ичинде ЕККУнун "Коомдук коопсуздук демилгеси" долбоорун ишке ашыруунун жана Ош менен Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүүнүн жүрүшү жөнүндө сөз болду. Ошондой эле, Этникалык өнүгүү жана коомдун консолидацияланышы концепциясына байланышкан маселелер боюнча пикир алышуу болду.


Президенттик шайлоону уюштуруу 177 млн сомду түзөт
2011-жылдын республикалык бюджетинин жалпы кирешеси 69 679,2 млн сомду түзөт жана бекитилген көрсөткүчтөн 838,6 млн сомго көп. 2011-жылга республикалык бюджеттин чыгашасы 90 650,2 млн сом же бекитилген көрсөткүчтөн 552,3 млн сомго көп. Мындай кирешелердин түшүшү Түркиядан келген гранттардан келип чыкты. 2011-жылы президенттик шайлоого 177 млн сом каражат талап кылынат. 458 млн сом июнь окуясында жабыр тарткан ишкерлерге компенсация төлөп берүү каралууда. ИИМдин кызматкерлерине (55,3 млн сом) жана аскерлерге (43 млн сом) акча каражат төлөп берүү каралууда. Курманжан датканын мааракесин өткөрүүгө 30 млн сом пландаштырылууда. Ал эми президенттин, төраганын жана өкмөттүн резервдик фондун 20 млн сомдон көбөйтүү жана жалпы сумма 60 млн сом талап кылынары эсептелип жатат.


  Кылмыш

Медакадемиянын пакистандык студенти уюлдук телефон үчүн өлтүрүлгөн
Учурда чет элдик жарандарга кол салуулар көбөйүүдө. Мына ошондой кол салуулардан улам, 27-май күнү Бишкек шаарындагы 5-кичирайонунун 16-үйүнөн пакистандык жарандын киши колдуу болуп өлтүрүлгөн денеси табылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы, полковник Капар Батырканов 30-майда маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, Пакистан жараны Бишкектеги Медициналык академиянын 5-курсунда окучу. Ал 5-кичирайондун 16-үйүнөн 1 бөлмөлүү үйдү батирге алып жашап жаткан. 27-май күнү анын жакын эмес таанышы Болотов Азамат үйүнө келип, акчасын, мобилдик телефонун уурдап, аягында бычак менен үч жерине сайып өлтүргөн. К.Батырканов белгилегендей, шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан иликтөө иштери жүргүзүлүп, кылмышкер кармалды. "Учурда А.Болотов бардык күнөөлөрүн мойнуна алып, жоопко тартылууда жана тиешелүү беренелерге ылайык, кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө", - деди полковник.


  Кырсык

"Ата Мекен" партиясынын жаштар канатынын лидерлеринин бири Ч. Кабулова жол кырсыгынан каза тапты
30-майга караган түнү, Ысык-Ата районунун Кеңеш айылы жакта таңкы саат 04-05тер чамасында "Ата Мекен" партиясынын жаштар канатынын 5 өкүлү жол кырсыгына кабылышты. Бул тууралуу аталган партиянын басма сөз кызматы билдирди. Жаштар Нарындагы жаштар форумунан жумушка шашып келе жатышып, айдоочу рулду башкара албай калып, жол четиндеги даракты сүзгөн. Жол кырсыгында БГУну быйыл аяктаган Кабулова Чолпонай аттуу жаштар канатынын лидерлеринин бири каза тапты. Калган төрт адам ар кандай жаракаттар менен ооруканага жеткирилди.


  Шашылыш эскертүү!

Сел жүрүшү мүмкүн
30-майдан 1-июнга чейин республиканын тоолуу аймактарында жана тоо этектеринде нөшөрлүү жаанга байланыштуу сел жүрүшү күтүлөт. Синоптиктердин маалыматы боюнча, 31-майда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, кээ бир райондордо катуу жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.


Бир бүркүм маалымат
С.Раев КРнын көз карандысыздыгынын 20 жылдыгын жана Курманжан датканын мааракесин өткөрүү дирекциянын башкы директору болуп дайындалды.
22-майда АКШдагы кыргыздардын "Kyrgyz Club" бирикмесинин расмий өкүлчүлүгү АКШда жашап, ийгиликтүү эмгектенип жаткан теги кыргыздар тууралуу кыска метраждуу даректүү фильмдердин сериясын тартууну баштады. Бул тууралуу "Кыргыз Ордо" сайты маалымдайт.
"Мегаком" байланыш операторунун басма сөз кызматынын билдиргениндей, "Альфа Телекомдун" башкы директору болуп кайрадан Азамат Мурзалиев дайындалды. Маалыматка ылайык, 28-майда "Альфа Телекомдун" акционерлеринин жыйыны өтүп, анда башкы директорду дайындоо маселеси талкууланган.
Бишкекте мектеп рекетчилиги боюнча 53 факт катталды. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Капар Батыркановдун кабарлашынча, беш айдын ичинде катталган фактылардын айрымдарына кылмыш иши ачылган. Маалыматка ылайык, мектеп рекетчилигине 6-7-8-класстын улан-кыздары көбүрөөк дуушар болот. Чоң класстар өздөрүнөн кичүүлөргө 10 сомдон 500 сомго чейин "салык" салышат.

спорт
Үмүтбек кызы Нуска кекушинкай карате боюнча Кыргызстандын чемпиону болду
Нуска Үмүтбек кызы 28-29-майда Кожомкул атындагы Спорт сарайында өткөн кекушинкай каратэ боюнча Кыргызстандын чемпиону болду. Аталган мелдешке Кыргызстандын региондорунан, Бишкек клубдарынан жана Казакстандан 120дан ашык спортчу катышты. Мелдеш салмак жана жашына карап, "өспүрүмдөр", "жаштар" жана "чоңдор" арасында өттү
Өзүнүн жашы жана салмагы боюнча чемпион болгондор:
10-11жаш - Эрлан Кадыркулов (35 кг), Эльнур Гайнутдинов (40 кг)
12-13 жаш - Носарев Артем (35 кг), Бекболот Канатбек уулу (40 кг),
14-15 жаш - Бексултан Канатбек уулу (45 кг), Асылбек уулу Арсланбек (55 кг)
17 жаш- Нурсейит Орозбек уулу (75 кг)
18 жаштан улуу - Руслан Касымов (60 кг)
12-13 жаш - Сабина Хихиза (40 кг), Алтынай Акималиева (45 кг)
14-15 жаш- Нурбек кызы Нагима, Айгерим Асакеева (55 кг)
18 жаштан улуу - Благодарова Валентина (70 кг)

P.S. Маалымат интернет булактарынан алынды