Кыргыз гезиттери



  Радио жөнүндө кыскача маалымат

Элдин жүрөгүнөн түнөк тапкан радио болобуз
Азыркы кезде ушул радиону өнүктүрүүгө, радионун кызматкерлери баары бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, билек түрө иштеп жаткан кездери. Анда эмесе, Элдик радионун кызматкерлери менен болгон маек назарыңызда.

Акмаанай Эшбаева:
- Раматылык жолдошуңуз Медердин акындык өнөрү бар эле, айтсаңыз кандай учурларда ыр жаратчу?
- Чыгармачыл инсандардын ар кимиси ар түрдүү кезде ыр жаратышы мүмкүн. Жолдошум айлуу түндө жана бир нерсеге таасирленгенде колуна калем кармап, кагаз бетине түшүрчү. Кээде ооруган кездеринде да ыр жазып калчу. Азыркы кезде калемине таандык ырларын эстрада чөйрөсүндөгү таланттуу улан-кыздар ырдап жүрүшөт.
- Эл fm радиосун ачканга салымы чоң эмеспи, кандай пландары бар эле?
- Бул радиону Кыргызстанда таанымал радиолордун бири кылам деген тилеги бар болчу.Турцияга барып атайын радио жаатында да окуп келген. Ошол кезде да ооруганына карабастан, азыркы ди-джейлерге колунан келишинче өз тажрыйбасынан бөлүшүп, тарбиялап, радионун ашканасын үйрөткөн. Мен ойлойм ,өмүрлүк жолдошумдун тарбиялаган окуучулары бул радионун ишин алгалатат деп.
- Иштин жүрүшүндө бардыгы эле шыр кете койбойт эмеспи. Эми өзүңөр белгилеген чекке канчалык деңгээлде жетебиз деп ойлойсуз?
- Туура, жолдошум биринчи бул радиону ачып жатканда чыгармачыл топ менен ар түрдүү көйгөйлөрдү чечүүгө жол издеген эле. Ар бир нерсенин өзүнүн түйшүгү болот. Кыбыраган кыр ашат демекчи, көздөгөн максатына аз убакыттын ичинде жетишти. Бул радионун ачылышына Шакиев Нурланбек Тургунбековичтин салымы зор.
Эл эмгегин жер жебейт деген сыңары, буюрса, талыкпаган эмгек менен бийиктиктерди багынтабыз деген ойлорубуз бар.

Бийке Бегимай:
- Эстен кеткис көз ирмемдерге токтоло кетсеңиз?
- Биздин жумуш өтө кызыктуу,ар бир күнүбүз шаңдуу окуялар менен коштолуп турат. Билишимче, ди-джейлердин басымдуу бөлүгү шайыр инсандар болот. Ошол шайыр кесиптештерим, жакын инсандарым менде да бар. Чогулуп калсак каткырып жыргап алабыз, ал эми эфирде да кызыктуу окуяларга бай келебиз, бир жолу эсимде, микрофонду өчүрбөй курбу кызым менен сүйлөшүп отура берипмин. Анан кесиптешим телефон чалып: "Ким менен кажы-кужу болуп жатасың?"- деп айткан эле.(Каткырды)


Мээрим Абдыкадырова:
- Бир жыл аралыгында кандай ийгиликтерге жетиштик деп ойлойсуз?
- Бир жыл ичинде Элдик радио көптөгөн ийгиликтерди багынта алды. Белгилеп айта кетсек, Кыргызстандан сырткары дүйнөнүн 54төн ашуун өлкөсүндө спутник аркылуу жаңырды жана Орусия өлкөсүндө иштеп жаткан угармандар үчүн СМС портал ачтык, жакынкы күндөрү сайт дагы ачалы деп турабыз. Бир жыл бизге жеңиштүү да, жемиштүү да жыл болду. Шоу-концерт бердик, бир жылдыгыбызды белгилеп, белгилүү ырчылардын коштоосунда. Кудай буюрса, дагы көптөгөн ийгиликтерди багындырабыз деп жеңди түрүнө киришкенбиз. Кыргызстандын жети дубанын бириктирген, элдин жүрөгүнүн так ортосунан түнөк тапкан радио болобуз.


Улан Сактанов:
- Азыркы кезде радионун деңгээлин көтөрүү үчүн кандай ойлор бар?
- Быйыл угармандар үчүн аз да болсо жакшы жөрөлгө кыла алдык. Эки күн бою шоу-концерт бере алдык. Угармандарга ар түрдүү маалыматтарды берүү замандаштарыбыздын оюн угуу бул-биздин милдет. Учурда деңгээлибизди көтөрүү үчүн пландар, идеялар бар. Жакынкы күндөрү жаңы оюн-зоок, программалар менен угармандарды сүйүнтөбүз.
- Сиздер радиодо кандай уктурууларды элге сунуштап жатасыздар?
- Биздин толкунда 14 программа бар. Ар бири ар тармактуу жактарды камтыйт.Тамаша,кыргыз музыкасы,балдар үчүн, турмуш, поэзия жана адабий чыгармалар жөнүндө уктуруулар бар. Элге, угарманга жага турган уктурууларды тартуулаганга аракет жасап жатабыз.


Турсун Умар:
- Радиодо иштөө сиз үчүн эмне?
- Радиодо иштөө мен үчүн өтө жоопкерчиликтүү иш.Себеби, биздин көптөгөн замандаштарыбыз угат. Радио- менин экинчи үйүм. Күн сайын жумушка келип угармандар менен баарлашуу, пикир алышуу чексиз бакыт.
Айтор, менин терс кыялым жок белем,
Дүйнө менен камыр-жумур жашадым.
Ырк бузушпай ынак жүрдүм от менен,
Суу менен да болгон жок эч чатагым,-бул ыр саптары кайсы акындын калемине таандык?(Жообу:Башкыр эл акыны Мустай Карим).
- Бул ыр саптары чет элдик акындыкы экенин билем, бирок кайсы акын жазганын эстей албадым. Эстесем айтып коём.(Күлдү)


Уулкан Дүйшеева:
- Элдик радионун келечегине кандай карайсыз?
- Мезгил өзгөрүлөт, биз да өзгөрүлөбүз дегендей, радиобуздун уктуруулары да угармандардын табитине жараша мезгилдин агымы менен өзгөрүлөрү бышык. Буюрса, эми гана бир жашка толдук.Кийинки жылдарда кыргыз элинин мыкты деген радиолорунун бири боло алат.Ал үчүн биз болгон күчүбүздү жумшоого даярбыз. Келечеги кең радионун алдында чоң-чоң максаттары арбын.


Расул Рахманалиев:
- Жан үрөп, кирпик ирмебей, ар бир берүүңөрдү кунт коюп угуп, кулак төшөгөн угармандардын өтүнүчүн орундатып келесиңер. Угармандар менен жандуу пикир алышкан берүүлөрүңөрдү атасаң?
- Биз ар кайсы майрамдарда жакшы идеялар менен угарманга кызыктуу жана уккулуктуу программаларды ойлоп тапканга умтулабыз.
Пикир алышуу, угармандар менен жолугушуу боло элек. Бирок жакынкы пландарда угармандар менен жолугушуу аракети бар. Бирок биздин кеңсеге угармандар келип пикир алышып, өз көңүлдөрүнөн белектерин тартуулап турушат.

Динара Асылбекова




кыргыз тилиндеги гезит "Обон"




Яндекс.Метрика