Кыргыз гезиттери
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


  Элесиңе гүлдесте

"Жайдары кабак инсан экенин күлмүңдөгөн көздөрү айтып турар эле…"
КРнын Эл артисти Күнболот Досумбаевди эстегенде, "Айкөл Манас" спектакли эсиме түшөт. Элге аттын кашкасындай таанымал, КРнын Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, кыргыз сахнасынын белдүү да, белгилүү да артисттеринин бири эле.


Туулган жердин топурагы алтын
Айтылуу агабыз Сары-Өзөн Чүй боорундагы:
- Жаңы-Алыш деген жакшы жер,
Жайдыр-кыштыр тыным жок,
Жарыша иштейт биздин эл!-деп ырдаган эмгекчил элдин кулуну. Күнболот агабыздын эмгекчилдигин, кажыбас кайратын көрүп туруп, бул сөздүн калети жок экендигине ишенбеске аргаң жок.
Чыгармачылык шык жанданып
Ал эми мектепте ыр-хор, драма кружокторуна зор ынтаа менен катышып, анда коюлган оюндарды жан дили менен ойной турган. Алсак, ошол мектеп сахнасында эле Ж. Турусбековдун "Ажал ордуна", Ж. Бөкөмбаевдин "Алтын кыз" драмаларында, Т. Абдымомуновдун "Борбаш" комедиясында катышып, жер кыдырып оюн коюшуп, элдин сүймөнчүктүү "Тарапункасы" аталды.
Актёрдукка карай жол
Бактысын театр өнөрүнөн тапкысы келген Күнболот агабыз 1958-жылы колхоздун башкармасы Аскар Бакеев агайынан 300 сом жардам алып, Ташкенттеги А. Н. Островский атындагы театралдык-сүрөтчүлүк институтунун актёрдук бөлүмүнө тапшырат. 236 баланын ичинен 18и гана студенттик билетке ээ болот, анын ичинде биздин Күнболот агабыз да бар эле. Ал окуу жайдын коомдук-саясий иштерине да жандуу катышат. Өз группасынын старостасы болот.
Тасма дүйнөсүнө баш багуу
1961-жылдан баштап артисттик жөндөмүн байкаган кыраакы режиссёрлор аны киного чакыра баштайт. Тасма жаатында да актёрдук чеберчилигин, даанышман дараметин көрсөтө алды.
Бардык жанрга жуурулушкан талант
1963-жылы жаш актёрлор институтун ийгиликтүү бүтүрүп, Маданият министрлигинин жолдомосу менен Кыргыз Академиялык драма театрына артисттикке кабыл алынат. "Дарак бир жерден көгөрөт" дегендей, ошол күндөн ушул күн Күнболот агабыз нарктуу-салттуу театрдын сахнасында талыкпай иштеген. Күнболот агабыз жаратылышында жөнөкөй, кан Манастай оргу-баргы мүнөзү бар, ичинде кири жок, бат таарынып, бат жазылган, ачылган күндөй жайдары кабак адам эле. Анын актёрдук ампуласы, чыгармачылык куржунуна көз чаптырсак, гротескке жеткен комедиялык, ойлонууга мажбурлаган социалдык-драмалык, трагедиялык жана баатырдык образдардын өзүнчө эле бир галереясын түзгөнүнө күбө болобуз.
Ар бир ролду катыра ойноп...
Күнболот Досумбаев деген ысымды укканда эрксизден: М. Тойбаевдин "Жаңы келин" комедиясындагы Эргеш аба, Ж. Садыковдун "Күйөө жолдошундагы" Шаршен, Т. Абдымомуновдун "Жыгылган оогонго күлөтүнөн"-Железобетон, Ш. Садыбакасовдун "Ак боз атынан"-Шырдакбекти, Ж. Садыковдун айтылуу үчилтигинен:-Сарытаз, Кыяз, Манасты эсине түшүрөт. Демек, бул артисттин таланты менен элге таанылгандыгын айгинелейт.
Эл сыймыгы Күнболот
Чыгармачылык өмүрүндө Күнболот агабыз мындай ролдордун канчасын жаратпады! Ар бири өз жүзү, үнү менен элге тартууланып, көрүүчүнүн көңүлүнөн түнөк тапты. Алар: Ш. Садыбакасов "Керме-Тоо"-Тайлак баатыр, А. Токомбаев "Өлбөстүн үрөнү"-Төрөгелди, Кара Дөө, Л. Брежневдин "Дың жеринде"-Кунаев, Грибоедовдун "Акылдан азабында"-Скалозуб, Гоголдун "Өлүк жандарында"-Собакевичтин, А. Осмоновдун "Махабатында"-Узун ууру, Цагарелинин "Ханумасында"-Князь, Ж. Садыковдун "Өмүр жана өкүнүчүндө"-Булар баатыр, Т. Касымбеков менен К. Сактановдун "Курманжан даткасында"-генерал-губернатор фон Кауфманды ойноду.


  Замандаштары эскерип

Айкөл Манасты Күнболот аткаргандай эч ким аткара албайт
КРнын Эл артисти
Асанкул Осмонов:
"Комедиядан дароо олуттуу
образга өтүү чоң чеберчилик"
Жалил Садыковдун "Күйөө жолдошунда" Шаршен Термечиковдун ролун Күнболот аткарса, мен байдын образын жараттым. Ал спектаклди түштө койсок, ошол күнү эле кечинде "Айкөл Манасты" койдук да. Комедиялык образдан олуттуу образга өтүү да бир чоң чеберчиликти талап кылат. Күнболот дароо өзгөрчү. Мен да андан көп нерсени үйрөндүм. Бир ролду алдыбы, ошону ийне-жибине чейин иликтеп чыкмайынча, кайра-кайра аткара берчү. Сахнага чыгардан мурун бир-бирибизге ролубузду көрсөтүп, сын-пикирлерди айтышчубуз.

"Акча салынган баштыкты
араң сүйрөп чыкты"
Биздин бир гана кыдырбаган жерибиз Чаткал менен Алайкуу болуп калды. Калган бардык жерди түрө кыдырдык. Бир күнү Токтогулга гастролдоп барып калдык. Автобуска май куялы деп токтодук. Элдин баары сыртта жүргөн. Бир маалда кокусунан автобус өрттөнүп кетти. Күнболот акча салынган сумканы араң сүйрөп алып чыкты. Сумканын оозу ачылып калыптыр, жарымы сууга агып кетти. Болушунча кармап калгандарды санап отурдук. Биз күйгөн автобусту өчүрө албай бушайман болуп жатсак, ал кенебестен акчаларды күнгө кургатып отурат.

"Мен даярдыксыз эле аткара алам"
Жубайы Жыргал менен чыгармачылык аркылуу таанышып калышты. Жыргал менин бир тууган бөлөм болот. Анкарага "Айкөл Манасты" коюп барганда, экөөнүн мамилеси жакындаша баштады. Мейманканада Күнболот менен Жыргал сүйлөшүп отурушуптур.Мен:"Досум, жүргүлө даярданалы"-десем, ал: "Мен даярдыксыз эле аткара алам",-дейт. Режиссёр Бообек Ибраев: "Эми даярданбай кантип аткарат экен?"-деп сарсанаа болгон. Тескерисинче, кечинде Манастын ролун мыкты аткарды. Күнболот өмүрүнүн акырына чейин Жыргал экөө сахнада да, үй-бүлөдө да камыр-жумур болуп, эриш-аркак ынтымакта жашап келишкен.


КРнын Эмгек сиңирген артисти Ашыр Чокубаев:
"Чукугандай сөз тапкан керемет жигит эле…"
"Айкөл Манас" спектаклинде Манастын баатырдыгынан дагы биринчи кезекте айкөлдүгүн көрсөттү. Эл анын куйкумдуу ролдорун көрүп көнүп калышкан. Күнболот Манас баатырдын ролун аткара албайт. Негизи, көзү күлүп турчу да, андыктан олуттуу ролду ага берсек күлкүлүү болуп калат,- дегендер да болгон. Көздөрү күлмүңдөгөн болсо эле, комедиялык ролдорду катыра ойнойт деп ошондой ролго түртө беришкен. Биздин Күнболотту орустардын улуу актёру Александр Сергеевич Демьяненкого (Шурик) салыштырам. Ага да режиссёрлор олуттуу роль беришчү эмес экен. Анын бирден-бир арманы олуттуу роль аткарыш болуп кете берди. Ал эми Күнболот бактысына жараша Манасты аткарып калбадыбы. Манастан сырткары канчалаган баатырлардын ролдорун биринин-артынан бирин аткарган. Эл менен жакын, чукугандай сөз тапкан керемет жигит эле.


КРнын Эл артисти
Замир Сооронбаев:
"Сарытаздын образы үчүн Т. Сатылганов атындагы Мамлекеттик сыйлыкка ээ болгон"
Күнболот Досумбаев театр дүйнөсүндө орчундуу оруну бар актёрлорубуздун бири болчу. Эрте кетип калды, бирок кыска өмүрүндө театрда көөнөрбөс из калтырды. 1964-жылдан баштап ушул театрда өмүрүнүн акырына чейин иштеп келген. Мен театрга келгенге чейин, көптөгөн комедиялык жаатта роль жаратып келиптир. "Манастын уулу Семетейде" мен Семетейди аткарсам, ал Сарытазды ойногон. Ошол аткарган образы үчүн Күнболот ага Токтогул Сатылганов атындагы Мамлекеттик сыйлыкка татыктуу болгон. Ошол спектаклге даярдык көрүп жатсак, аны көтөрүп жерге ыргыта чапсам, катуу тийип, тизелери сыйрылып кетиптир. Кадимкидей ыйлап жиберсе болобу. Кийинчерээк дагы даярданып жатканда, мен:"Күнболот ага, тезирээк кыймылдасаңыз болбойбу?"-десем, ал:"Баягы сен мени көтөрө чапканда катуу тийген бутум дале ооруп жатат",-деп калчу. Анан мен: "Ой, ушунчалык жалакайсыз ээ?"-деп каткырып күлүп калчумун.
"Күнболот агасыз театрдын бир капталы эңшериле түштү…"
Күнболот ага келишкен келбеттүү, өтө ийкемдүү эле. Абдан бала кыял мүнөзү бар болчу. Бул киши тасмаларда өзүнүн элесин калтырып кетти. Тагдырдын жазмышы ушу тура, эми чыгармачылыгы толуп турган кезинде караанын кайсалактап таппай калдык. Ал бала кезинен келип, өмүрүнүн акырына чейин театр деп жашаган залкар инсан эле. Жашың өткөн сайын, улам артка кылчайып карайт экенсиң. Күнболот агасыз кыргыз улуттук театрынын бир жак капталы эңшерилип түшүп калгандай эле болду. Өзгөчө жыл тогошкон маалда биздин корифейлер биринин артынан бири о дүйнө салып кете беришти. Жашоо өтө берет экен, бирок театрыбыз кыраан актёрлорубуздан бөксөрүп калды. Күнболот Досумбаев менен Мамбет Асанбаев экөө курсташ болгон. Кыргызымдын эки чыгаан актёрлору удаа-удаа кете берди. Булардын жараткан образдарын биз тансак да. тарых танбайт. Тарыхта аты алтын тамгалар менен жазылып калды.
P. S. Көп кырдуу таланттын ээси, эл сыйлаган Күнболот агабызды шум ажал алып кетпегенде быйыл 72 жашка толмок. Анын чыгармачыл тагдырына элибизден чыккан бардык балбан билек, эр жүрөк баатырлардын образдардын жаратуу бактысы туш келген. Алардын ар биринин адамдык сапатын, элим деп соккон жүрөктүн кагышын, көрүүчүлөрдүн эсинен кеткис бийиктикте тартуулады. Айрыкча аты да, заты да улук Манас бабабыздын элесин жаратуу менен атпай журттун көңүлүндө жашаган арбагы күчтүү адамдын жаркын элесин жеткиликтүү түзүп, миңдеген көрүүчүнүн эсинде калды.


Динара Асылбекова





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"




Яндекс.Метрика