Кыргыз гезиттери


ПОИСК ГАЗЕТЫ


Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/obon/11/0524_5.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/obon/11/0524_5.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/obon/11/0524_5.htm on line 2


Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/obon/11/0524_5.htm on line 2

Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/obon/11/0524_5.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/obon/11/0524_5.htm on line 2
  Акча маек

Темир Сариев:
"Бир сомду "акча эмес" деген адам,
эч качан байыбайт"
Экономиканы семичкедей чаккан "Ак-Шумкар" партиясынын лидери Темир Сариевге өзүнө жараша акчага байланышкан суроолорду берип, акча маек курдук.

- Ийгиликке жетиш үчүн эң биринчи эмнеден башташ керек деп ойлойсуз? (Мисалы, кээ бирлер эң биринчи өзүн-өзү руханий жактан тазалап алышат)
- Эң биринчи максаттан башташ керек. Келечекте кандай адам болом деп максат коюп, ошого жараша билим ала баштайсың. Өзүңдүн мүнөзүңө, мүмкүнчүлүгүңө жараша кесип тандайсың. Андан кийин, албетте, ошол алдыңа койгон максаттын үстүндө талыкпастан иштешиң керек. Турмуштун өзү-күрөш. Адам күн сайын өзү менен өзү күрөшөт, алдынан чыккан тоскоолдуктар, атаандаштар менен күрөшөт. Мунун өзү-кыймыл жана аракет. Ийгиликтин эң негизги формуласы-максат, ички дем жана жөндөмүң, аң-сезимиң.
- Акча кармагандар бүбүнүн кызматынан пайдаланып, жол ачтырышканын угуп, көрүп эле жүрөбүз. Жолуңузду ачтыруу үчүн бүбүлөргө барып көрдүңүз беле?
- Жок, адам өзүнө жана бизди жараткан кудайга гана ишенип жашаш керек. Андан кийин ички ыйманына ишениши керек. Бул көбүнчө психологиялык маселе. Кандайдыр бир адамдарда өзүнө-өзү ишенбестик пайда болгондо, кара күч тоскоолдук болуп атат дейт. Эгерде ички деми, аң-сезими жетишпей жаткан болсо, кандайдыр бир сырткы күч иштейт. Эми ал психологиялык абал. Эгерде анын астында тандоо турса, мисалы: "Бул жерде бүбү турат, ошого барсаң жолуң ачылып кетиши мүмкүн. Же болбосо тигил жерде конкреттүү адам турат, колунда бийлик бар. Сенин чечилбей жаткан маселеңди чечип берет", - десе, мен колунда бийлик бар деген адамды тандайт элем. Анткени, барып конкреттүү түрдө өзүмдүн маселемди чечтирип алам демекмин. Көп учурларда адамдардын колунда жок болуп калганынын себебинен, ушундай кооптонуу, күмөн саноо пайда болгондон улам, бүбүлөрдүн кызматынан пайдаланууну издей баштайт болуш керек. Мен өзүм бүбүлөрдүн кызматынан көп колдонбойм. Кудайга ишенген адаммын. Ыймандын да өзүнүн жолу болуш керек. Бизде Кудай колдосун деп айтып жүрүшөт. Бирок кудай колдош үчүн да өзүң кандайдыр бир иш-аракеттерди кылышың керек.
- Акча жаатына келгенде кандай ырым-жырымдарды колдоносуз? Мисалы, кээ бирлер ар бир ай жаңырган сайын ири суммадагы акчаларын айга көрсөтүп, же болбосо акчаны кечинде карызга бербейт экен.
- Мен акча боюнча да, башка нерсе боюнча да, ырым кармап көргөн эмесмин жана кармабайм дагы. Убагында бизнесте жүргөндө биринчи тапканыбызды ата-энебизге алып барып берчүбүз. Андан кийин, үй-бүлө күтүп, бала-бакыралуу болгондо тапкан акчаңды балдарга деп ырымдап, эмгегим менен тапкан акчамдын убайымын көргүлө деп, аларга керектүү нерселерди сатып беребиз. Бул өзүмдүн эмгегим менен тапкан акчага, үзүрүн көрөйүн деген ниетте берем.
- Соодада достук жок дейт. Сиздердин досторуңуздардын арасында карызга акча берип, кайра алып соодалашасыздарбы?
- Колуңда болуп турса, жардам сурап келген адамга жардамыңды беришиң керек. Эгерде жакын досуң, жакын туугандарың сурап келсе сөзсүз беришиң керек. Бербей койсоң ыймандык жагынан да, адамдык жагынан да туура эмес болуп калат. Өзүнүн эсеби болуш керек. Соодада достук жок деп, бирөө келип эле күн сайын тапканыңды ичип-жей бербеш керек. Бул ыйманы жок досторго айтыла турган сөз. А ыйманы бар дос эч качан алган акчасын кайра кайтарып бербей койбойт. Анткени, таман акы, маңдай териң менен таап аткан акча өзү кымбат болорун билет. Биздин достордун арасында да кандайдыр бир кыйынчылык болуп калса, бири-бирибизди көтөрүп, жардам беребиз.
- Эң биринчи канча суммада кимден карызга акча алдыңыз эле?
- Балалык кезде болсо керек. Бирок ири суммадагы акча эмес, майда тыйын сурагам. Канча суммада экени эсимен чыгыптыр. Мен спорт интернатында жатып окучумун. Кез-кезде киного же кайра айылга барып келгенге тыйын жок болуп калчу. Ошондо балдардан сурап барып-келип калган учурлар болгон. Ал эми чоң акча карызга алып көргөн эмесмин.
- А эң биринчи кимге ири суммадагы акча бердиңиз эле?
- Андайым да эсимде жок. Мен көп эле берем. Бирок карызга сурап келгендерге, бетине эле: "Мен карызга бербейм, андан көрө мына мынча сумма берейин, капа этпесең мен берген сумманы алып кой", - дейм. Карызга сурап келүүнүн өзү жакшы эмес.
- Сараңдардан байлар чыгат дейт. А сиз акча жаатында берешенсизби же сараңсызбы?
- Туура айтат. Бир сомду "акча эмес" деген адам эч качан байыбайт. А байыган адам бир сомду акча эмес деп айтпайт. Сараң деген сарамжалдуу деген сөздөн чыкса керек. Адам сарамжалдуу болуп, өзүнүн чөнтөгүнө жараша иш кылыш керек. Чөнтөгүндө 100 сом болсо, сүйлөгөнү он миң сомдук адамдар бар. Мен андайларга кирбейм.
- Кээ бирлер балдарынын колуна таптакыр акча карматпаса, кээ бирлер баласы сураган сумманы колуна карматышат. Сиз балдарыңызга акча жагынан кандай тарбия бересиз?
- Эне-атанын негизги милдети- балдарына мыкты тарбия берүү. Билимге, ыйманга, улуулардан ийменгенге үйрөтүп, тарбиялап чоңойтуу. Ошонун негизинде жакшы билимге үйрөтүп, келечекте коомго өз пайдасын келтире турган адис кылайын деген максат ар бир ата-энеде болуш керек. Биз базар экономикасында жашап жаткандыктан, азыр турмуш ар ким өзүнүн билимине, коомго кошкон салымына жараша өзү эмгектенип табат. Бара-бара биз дагы өнүккөн өлкөлөрдүн жолуна түшүп жатабыз. Ушуга байланыштуу балдарды да сарамжалдуу, өзүнүн билимине жараша өзүн-өзү багып кеткенге тарбиялашыбыз керек. Ошонун ичинде акчаны кантип колдонуп, кантип пландаштыруу керек экенин да үйрөтүү абзел. Эки-үч нерсе тартыш болуп турса, биринчи кайсынысына жумшаш керектигин толук үйрөтүш керек. Чоң акча азгырат. Балдардын колуна чоң акча карматып да көндүрүш керек. Биринчи кармаганда башкача сезим болот. Бирок аларга акыл айтып, конкреттүү мисалдар менен туура түшүндүрүш керек. Мисалы, мен балдарымды ушундай жол менен тарбиялайм. Жетиштүү, өзүн-өзү камсыз кылган, кийимдери өзүнө жарашыктуу, сапаттуу болуп, сапаттуу тамак ичкенге үйрөтөм. Эгер андан да ашык алам десең, өзүң тапкандан кийин аласың дейм.
- Үй-бүлөлүк бюджеттин сметасын сиз түзөсүзбү, же келинчегиңиз түзөбү?
- Чынын айтыш керек, сырттан таап келген менмин. Келинчегим күнүмдүк оокатка керектүү нерсени сурап турат. Калган каражаттар болсо менде.
- Эркек табышкер, а аял табылган акчанын сактоочусу эмеспи. Келинчегиңизден таап келген акчаларыңыздын отчётун канча убакытта бир алып турасыз?
- Менин акчаны туура эмес колдонуп, кумар оюндарына, ичкиликке берилип кетмейим жок. Ошондуктан, келинчегим экөөбүздүн ортобузда толук ишеним бар.
- Чырдын баары "А"дан башталгандардан чыгат, мисалы ,"аял", "акча", "арак" дешет. Сиздердин үйүңүздөрдө чыр эмнеден чыгат?
- Турмуш болгондон кийин күйөөсү-аялынын ортосунда болгон талаш-тартыштар бизде деле болуп калат. Бирок арак менен акчадан улам чыр болгон эмес.
- Экономисттер сандар менен катуу дос болушат. Сизге кайсы сан жагат?
- Жети, он үч, он жети деген сандар жагат. Анткени, ар бир сан бир нерсеге байланган болот.
- Кээ бирлер сандарга да ырым кармашат. Сиз кайсы санга ырым кармайсыз? Мисалы, 7 деген сан туш келип калса, "аа, жетинин бири кыдыр, демек, жолум болот экен", - дегендерин угуп калам.
- Мен санга да ырым кармабайм. Себеби, болуп жаткан көрүнүштү түз мааниде гана кабылдайм. Бир нерсеге ишенип, бир нерседен чочуп жатып, өзүбүздүн жашообузду өзүбүз оорлотуп алабыз.
- Акчанын айынан кол алдыңызда иштеген кызматкерлериңиз кызматтан кетип калган учурлар болду беле?
- Эгерде туура эмес колдонуп, уурдап көз боёмочулуктарды байкап калсам иштен кетирем. Андай учурлар болгон. Убагында чоң бизнесте жүргөндө бир топ эле шарттар болуп калган. Кээ бири билбей кылып алат, кээ бирине катуу эскертесиң. Атайын кылынган нерсе билинип калса, андай адамдар менен иштешүүнү токтотобуз.
- "Марат Султанов Президент болуп калса, Темир Сариев Каржы министри, Нариман Түлеев шаардын мэри болот", - деген сөздөр айтылып жатат.
- Ар түрдүү божомолдор, ушактар жүрө берет. Ошонун ичинде менин тегерегимде да бир топ сөздөр бар.
- Каржы министрине көптөр ашык болуп жүрүшөт, абдан майлуу-сүттүү жер окшойт да?
- Бизде бийликти туура эмес кабыл алып жүрүшөт. Бийликке келип, элге кызмат кылуу эмес, кандайдыр бир баюунун жолу деген түшүнүк бар. Биздин катачылыгыбыз ушунда. Себеби, мамлекеттик кызматты баюунун негизги жолу деп эсептеп жүрүшөт. Кыргызстан эмес, постсоветтик мамлекеттердин баарында ушундай түшүнүк бар. Өнүккөн мамлекеттерде коомдук ишмерлер элге кызмат кылып, коомдо, тарыхта өзүнүн изин калтырып кетейин дейт. Биз да бийликтегилерди ошондой кабылдашыбыз керек.
- Сизди эркин күрөштөн сырткары, чоң теннис, футболду мыкты ойноп, сууда жакшы сүзөт деп классташыңыз Талант Аспеков айтты эле. Азыр деле спорттун бул түрлөрү менен машыгасызбы?
- Мен сууда сүзгөндү жакшы көрөм. Кышкысын лыжа тебем. Лыжа боюнча техникам жакшы. Чоң теннис ойнойм. Өзүм спортко жакынмын. Күн сайын эртең менен чуркайм.
- Сизге катылгандардын катыгын берет турбайсызбы анда?
- Адамдын көөдөнүндө эмес, ички көкүрөгүнөн болот. Ички көкүрөгүң болсо, бардык катылган күчтөргө туруштук бере аласың.
- Эгер Президент болуп калсаңыз, спорт жаатына көп көңүл бурулат экен да?
- Албетте.

Төлөбүбү Касымалиева









кыргыз тилиндеги гезит "Обон"


Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/obon/11/0524_5.htm on line 66

Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/obon/11/0524_5.htm on line 66

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../ohkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/obon/11/0524_5.htm on line 66


Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/obon/11/0524_5.htm on line 66

Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/obon/11/0524_5.htm on line 66

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../rec_art/0_rec.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/obon/11/0524_5.htm on line 66


Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/obon/11/0524_5.htm on line 66

Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/obon/11/0524_5.htm on line 66

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../news/0_art.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/obon/11/0524_5.htm on line 66