Жоомарт Ташбаев:
"Рысбек кичинекейинен эле куудул болчу…"
Рысбек Жантөрөевдин классташы, жеке ишкер Жоомарт Ташбаев:
"Урмат-сый тартуулап келели…"
Базар-Коргон районунун №13 Мукай Элебаев атындагы мектепте Рысбек экөөбүз 10-класска чейин чогуу отурдук. Быйыл 20 жылдык жолугушууга барабыз. Азыркыга чейин классташтарыбыз менен ынтымакта катташып жүрөбүз. Буйруса, баарыбыз чогулуп, окуучулук таттуу күндөрүбүзгө сапар тартып, окуткан мугалимдерибизге терең ыраазычылыктарыбызды билдирип, аларга урмат-сый тартуулап келели деп даярданып жаткан учурубуз.

"Жактырган сабагы- кыргыз адабияты…"
Негизи, балдардын көпчүлүгү геометрия, математика, физика сабактарын жактырышпайт го. Бизге дене тарбия, сүрөт, кол эмгек сабагы эле болсо болду. Рысбектин эң жактырган сабагы кыргыз адабияты болчу. Эл агартуунун мыктысы Кыдыров Идирис агайдын сабагын ушунчалык берилүү менен угар эле. Себеби, агай дагы ар бир теманы бир-бирине окшоштурбай, өзгөчө түшүндүрчү. Айрыкча адабияттагы окуя, аңгемелер жомоктогудай каармандарды уккандай элес калчу.

"Бирөөнүн көңүлүн кыя албаган…"
Рысбек кичинекейинен эле куудул болчу. 3-классынан баштап интермедияларды аткарып, биздин класстын баркын көтөргөн. Көркөм окуудан эч кимди алдыга чыгарбайт эле. Мектепте салтанаттуу иш-чараларды алып барчу. Адамгерчиликтүү, бирөөнүн көңүлүн кыя албаган, абдан боорукер. Жайдары мүнөз, шайырдыгы азыр деле бар.

"Темир сызгычы менен чаап…"
4-классыбызда ошол Идирис агайдын тун баласы Шамшыбек агай кол эмгек сабагынан берчү. Бир күнү сабакта агай: "Кана, балдар, колуңарды көрсөткүлөчү?"-деп калды. Баарыбыз столдун үстүнө эки колубузду чыгарсак, колу кир балдарыбыздын колдоруна темир сызгыч менен чаап жиберчү.

"Кыңыр иш кырк жылда билинет…"
7-класста окуп жүргөнүбүздө өткөөл курак башталат эмеспи. Ошол убактарда отуруш уюштура коюп, кыздар менен сүйлөшүп, кыз жандап калган убагыбыз эмеспи. Үйдөгүлөргө балдар менен сабак даярдайбыз деп уруксат сурап чыгар элек. Баарынан да кыздардын ата-энесинен уруксат алыш азап болчу. Бир кызыбызды сураш үчүн бардык кыздарыбыз убараланат эле. "Кыңыр иш кырк жылда билинет" дегендей, отуруш уюштуруп жүргөнүбүз ата-энелерибизге билинип калып, мектептин "линейкасында" балдарыбыз катуу уруш жеген.

"Бир кызга арнап катты көркөмдөп жазып…"
Биз союз маалында тарбияланып калбадыкпы. Себеби, ал убакта таалим-тарбия такыр башка болчу. Жакшы көргөн кызыбызды кучактамак турсун, жанына отуганда да ыйбаа кылып турчубуз. Мен бир кызды жактырып калып, кат жаздым. Аны да жөн эле жазып койбостон көркөмдөп, колдон келсе акындардын сүйүүнү даңазалаган ырын кошо коюп, сүрөтчүлүк өнөрүмдү да кур койбостон, бир катка баарын батырчумун. Катты атайын эжеме жаздырып алар элем. Себеби, анын кол жазмасы сулуу болчу. Рысбекке ашык болгондор көп болчу. Бирок ал кимди жактырганын да айтчу эмес.

"Кымыздык терип…"
Шайдан деген ажайып кооз жерибиз бар. Кыздарыбыз дасторконду түрлөп жасап, балдар отун таап келип, тамак бышырып, ойдогудай эс алып келчүбүз. Тоого чыгып чүкүрү, кымыздык терип, коро (өрүктүн жаңы түйүлүп жаткан мөмөсү) үзүп, туз кошуп жеп жыргачубуз.




Бакыт Букаев:
"Коммунисттик тарбияга сугарылып…"
Менин быйыл мектепти бүткөнүмө туптуура 25 жылдын жүзү болду. Коммунисттик тарбияга сугарылганбыз. Ысык-Көл районунун Темир айылындагы Каалы Кудайбердиева атындагы орто мектепти аяктагам. Биз пионер менен комсомолдун тарбиясын көрүп, коммунисттик тарбиябыз күчтүү болуп, кызыл жагоо тагынчубуз. Мектепте окуп жүргөнүмдө эле менин макалаларым "Пионерская правда" деген бүткүл союздук гезитке көп чыккан.15 союздук республиканын көбүнөн менин дарегиме каттар келер эле. Валя деген почточунун бир баштыгында айылга таратуучу гезиттер болсо, дагы бир баштыгында атайы мага келген каттар бар болчу. Венгрия, Румыня, Чехословакиянын пионерлеринен кат келчү. "Артек" пионер лагерине жолдомо алгам. Мектепте интернационалдык достук клубу уюшулуп, кат алышып турчумун.

"ВЛКСМ" комитетинин ардак китебине кирип…"
Мен 8-класста окуп жүргөнүмдө куурчак ийримин ачып, кичинекей жомокту театралдаштырып, бала бакчаларга, башталгыч класстарга көрсөтчүбүз. Фрунзеге (Бишкек), Алматыга экскурцияга барчубуз. Балмуздак, бал татым-пахта, ширин суусундук ичип абдан жыргап ойноп, үйгө көңүлүбүз кушубак келчүбүз.
Мен ошол уюштуруучулук эмгегим үчүн "ВЛКСМ" комитетинин Ардак китебине кирип, грамотага ээ болгом. Кыргыз гезиттерине да көп макалаларым жарык көргөн. Негизи, эң алдыңкы окуучулар, мектептеги маданий иш-чаралар, мугалимдердин жетишкендиктери тууралуу жазчумун. Мектепте бир конкурс өтсө, же малчыларга барып жардам берсек, ошол жазгандарым өздүк архивимде сакталуу. Былтыркы жазган айыл тууралуу китебиме баары оңдоп-түзөбөстөн камтылды.

"Окуучулук күндөрүм жомоктогудай…"
Биз турган колхозубузга жардам иретинде өндүрүштүк бригада уюштурдук. Ч. Айтматовдун чыгармалары боюнча конкурс өткөрчүбүз. Ошол убактагы көрүнүктүү "Нан болсо, ыр да болот" деген теманын алкагында бири-бири менен жарыштырып, костёр жагып отуруп, коомдогу активдүүлүктү козгогон учурларым болгон. Жайкысын лагерлерге барып эс алып, окуучулук күндөрүм жомоктогудай өткөн. Ал эми азыркыларчы? Биздин жаш эстрада жылдыздарыбыз балалыгын сурасаң:"Мен мектептин "көзүрү" болчумун. Алдыман чыкканды жыга чаап, жалаң эле "разборкаларда" жүрчүмүн",-деп оозун толтуруп сыймыктана сүйлөшөт. Жылдыздарыбыз элдин күзгүсү да, алар, тескерисинче, элге жаман жагын жашырып, жакшы жагын көрсөтүүсү абзел болчу. Ушундай нерсе менин зээнимди кейитет.




Салима Балтаева:
"Уландан таяк жегенибизди эстеп күлүп…"
Быйыл, буйруса, 20 жылдык жолугушууга даярданып жатам. Алай районунун "Курманжан датка" орто мектебинде окугам. Негизи, Жошолу айылы Алымбек датканын айылы да. Сөзү Сооронбай Жусуевдики, обону Сатыбалды Исмаиловдуку, "Алайым" аттуу чыгармасын Курманжан датканын 200 жылдыгына карата элиме арнап ырдамакчымын.

"Мас болгон суур бизди кубалап…"
Май майрамдарында экскурсияга сөзсүз чыгабыз да. Биздин айыл өзгөчө керемет жер эмеспи. Бир күнү тоого чыгып эс алып отурабыз. Бир классташ балам 3 литрдик банкага бозо алып алыптыр. Аны биз ачып кетиптир деп суурдун ийинине төгүп жибердик. Бир маалда боппоз болгон суур чыга калды. Бозого мас болуп калган суур кыздарды кубалап жүрөт.

"Мага болушам деп таяк жеп…"
3-классымда Улан деген классташым мени сабап койду. 5-класста окуган эжеме, мен: "Улан мени уруп койду",-деп арыздандым. Эжем: "Улан, эмнеге Салиманы урдуң?"-десе ,Улан эжемдин ичине бир коюп качып кеткен. Ошондо эжем мага болушам деп өзү да таяк жеди. Азыр эжем экөөбүз тең Уландан таяк жегенибизди эстеп күлүп калабыз.

"Менин айыман жеңилип калып…"
Биз окуп жүргөн маалда кызыл жагоо тагынчубуз. Ошол пионерлердин арасында "Кана эмесе, кыздар" аттуу конкурс болгон. Мен команданын капитаны болчумун. Бирок кызыл жагоомду унутуп коюпмун. Анан үйгө барып тагынып келейин деп кетип калгам. Мен келгичекти конкурс бүтүп калыптыр. Көрсө, биздин команда мелдештен утулуп калыптыр. Менин айымдан командабыз жеңилип калды деп абдан өкүнгөм.

"Анаранын таенесинен уруксат сурап…"
9-классымда мени "женсоветтин" мүчөсү кылып шайлап коюшту. Кыздарды катуу тарбияда кармашым керек болчу да. Мен кадикидей отуруштарды уюштурчумун. Окуу жылы аяктаган маал. Экзаменге кызуу даярдык. Үйдөгүлөргө билет даярдайбыз деп суранып чыгып, өзүбүз отуруштарга барчубуз. Анара аттуу кызыбыз таене-таятасы менен жашачу. Улуу адамдар катуу болушат эмеспи. Таенесинен уруксат сурап, мен: "Экзаменге даярданып жатабыз, Анара билет жазышсын, уруксат бересизби?"-десем, таенеси: "Макул, экзаменге даярдансаңар, катардан калбай барсын",-деп Анараны кошуп берчү.

Динара Асылбекова