Кыргыз гезиттери
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


ОП-168-01. Менин сүйүктүү жан кыйбас курбум Канюга салам. Бар бол, бай бол. Макс аяш менен бактылуу бол. Зайка 95
ОП-168-02. К. Керималиев мектебинин 9-б классына чоң салам. Силер- суперсиңер. Зайка 95
ОП-168-03. Кайып, мен сени абдан жакшы көрөм. Менин жалгызым, аман бол. Ишиңе ийгилик. Зайка 95
ОП-168-04. Кызыл-Туу айылына ысык жана сагынычтуу салам. Зайка 95
ОП-168-05. Казарман айылында жашап жаткан досторум Дилбарга, Кереметке, Айгеримге, Венерага, Алинага, Бегимайга жана башкаларына салам. Айдайка 96
ОП-168-06. Салам, "Обон". Саныңар санга уланып, жашоого көңүл кубанып. Жол арытып, кылым карытып. Көп нусканы тилейм сиздерге. Аруузаада
ОП-168-07. Анекдот: Компьютерин жаңыдан күйгүзгөн Таштан: О-уу, мындай вирусту эч качан көргөн эмесмин!-дептир фондогу кайненесинин сүрөтүн көрүп. 0779242ххх
ОП-168-08. Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын тургундары Мурсалиевдерге ысык салам жолдойм. Баарыңарга ден соолук каалайм. Чолпон-Атадан Эсенбек
ОП-168-09. Салам! Бардык СМСчилерге жана 33-Турусбеков мектебинин 11-а, б класстарына супер салам. 93-жылкылар-суперсиңер. Бүтүрүү кечесин эң жакшы өткөзүңүздөр. Зари
ОП-168-10. Бактияр, сүйгөмүн чынында жалгыз сени, сүйбөдүм сенден башка жигит эми. Сага арнап өмүрүмдү, жүрөгүмдү, сүйөмбү арман кылбай башка деги? Гуля
ОП-168-11. Бактияр, издейм сени топ балдардын арасынан, үмүттөнөм бирок билбейм кабарыңды. Ой- санаада кайкып сени издесем да, таба албадым төрт тарабынан. Гуля
ОП-168-12. Салам, "Обон". Абдыкадыров Бактиярга салам. Караколдон Гуля
ОП-168-13. Салам, 96-жылкылар. Ар дайым бар болгула. Мен силерди жакшы көрөм. Babu 96n
ОП-168-14. Биз Өзгөн районунун Кызыл-Кырман айылынын тургундары эжекебиз Монус, чоң энебиз Пашага чоң салам жолдойбуз. Силерди жакшы көрөбүз. Назик, Барчын
ОП-168-15. Урматтуу газета окуучулар, силерге чың ден соолук, узун өмүр, баарыңарга бардык жакшылыктарды каалайм жана Аллага шүгүр деп жүргүлө, - деп Нурай. Тоң району, Оттук айылы, 96 -жылкымын.
ОП-168-16. Малика Дина, сенин элесиң көз алдымдан кетпей койду. Билем, мен сенин теңиң эмесмин. Себеби, сен асмандагы жылдызсың, а мен киммин сен үчүн? Мен бул суроого өзүмө-өзүм "жүрөгүңө алданба, ал-жылдыз" деп жооп берип койгом. Мейли, мен сенин ырыңды угуп, сүрөтүңдү көргөн сайын кыйналайын, ал нерсеге макулмун. Себеби, мен сени жакшы көрөм да, Малика. Бабник
ОП-168-17. Мен сени сүйөм, жаным. Сүйгөнүң.
ОП-168-18. Деги элди ойлогон адам барбы? 0778844ххх
ОП-168-19. "Обон", мага Дайыр Исмадияров жөнүндө көбүрөөк маалымат бериңиздерчи. Жаннат 97
Мен, Дайыр Исмадияров, 1986-жылы 16-июлда Өзгөн районунун Черемушка айылында туулуп- өскөм. КАУнун психология бөлүмүн аяктагам. Үй-бүлөдө төрт бир тууганбыз. Бош убактымда сууда сүзүү, бийлөө менен алектенем. Үй-бүлөбүздө жалгыз мен эле чыгармачылык менен аралашып жүрөм.
ОП-168-20. Ай чыкканда караймын, жылдыздарды самаймын. Сендей сулуу досума, узун өмүр каалаймын. Аселя, 19-май туулган күнүң менен. Жаннат 97
ОП-168-21. Абдилазиз, Жами, ГОС экзамендериңерге ийгилик. Жалаң "5" деген бааны каалайм. Айпери 94
ОП-168-22. Артымдан ушак кылбаңыз, душманым болуп калбаңыз. Сизди сүйбөсөм айла жок, башка бир кызды тандаңыз. Накуля
ОП-168-23. Саналуу мүнөттөр калды бүтүшүнө, турмуштун назик гүлүн үзүшүнө. Мен дагы чын жүрөктөн тилектешмин, турмуштун кенен жолуна түшүшүнө. Чек орто мектебинин бүтүрүүчүлөрү, алга! 0779229ххх
ОП-168-24. Чек айылынын 93-жылкыларына салют. Экзамендерден ийгиликтүү өтүп алышыңарга тилектешмин. Ар дайым бар болгула. Леди Диа
ОП-168-25. Билбейм неге сага мынча жакынмын? Жүрөк сырын келбейт сенден жашыргым. Жан дүйнөмдү бийлеп алды тымызын, жада калса тамгалары атыңдын. Накуля
ОП-168-26. Бүгүн жарык дүйнөгө келген күнүң. Ырыскы, кут, береке консун үйүңө. Ата-энеңдин сүйүктүү пендеси, менин түбөлүк жан кыйбас досум болуп жүргүн. Кут болсун бүгүнкү туулган күн-өздүк майрамың! Сага каалаарым: чечкиндүү тунук махабат. Накуля досум, аман бол. Досуң Раушан 88
ОП-168-27. Менин саламым Казармандын Ленин мектебинде окуган Улукка. Улук, мен сени сүйөм. Жумагүл
ОП-168-28. Айжамал 94 деген аты бар, менин эң жакшы көргөн сиңдим бар. Акылдуу, боорукер анын сапаты бар. Жүрөгүндө ыйманы бар, таза сезим жашап келет. Ар дайым ушул мүнөз калыбыңдан жазбагын. Раушан 88
ОП-168-29. Күмүшай, мен сени өмүр бою сүйөм. Мени жакшы көрөсүңбү, айтып койчу? Бактыяр
ОП-168-30. Казарман, салам. Макмал орто мектебинин 5-д классында окуган Күмүшай, мен сени сүйөм. Бактыяр
ОП-168-31. Көп жигиттин ичинен бир өзүңдү тандадым. Жашырбастан сүйүүмдү сизге айтамын. Жалгыз сиз деп жашаймын эми, ардагым. Сөзүм чын, мен сөзүмдө тура аламын. Эмне десеңиз, мен баарына көнө аламын. Сиз эгер сүйүүгө туруктуу болсоңуз, мен дагы түбөлүк туруктуу боло аламын. Бул ырды сизге гана арнаймын. Жаным, алтыныңыз болуп калайын. Жүрөктү элжиреткен сүйүү отуна жамынып, бир гана өзүңүз деп жашап калайын. Бул сүйгөнүм Тарилге арналат. Унутпаңыз бир гана сизге. Ури ТУ
ОП-168-32. Зайка, биз сени жакшы көрөбүз. Каню
ОП-168-33. Самат, мен сени сүйөм. Таң-Чолпон
ОП-168-34. "Обондун" СМСчилерине, окурмандарына, ошондой эле досторум Накуля, Эрке кыз, Тариел, Дуня, Айдагы периге жана "Обондон" тапкан сиңдим Асема 94 -баарына бейпил түн! Ури ТУ
ОП-168-35. Жашап келем кечти көрүп, таң көрүп. Элестетип элесиңизди маңдайыма шам көрүп. Ойлой берем күнү-түнү жадабай, ойлогондо жанымда сиз жүргөнсүп. Ури ТУ
ОП-168-36. Сүйүктүү досяларым Зайка, Каке, Пекуга чоң салам. Силер- эң татынасыңар. 0773641ххх
ОП-168-37. Өзгөчө сизди сүйүп калдым, жаным. Махабатым сизге арнадым. Ишениңизчи бул айтылган куру сөз эмес. Сүйгөнүм сизсиз жашай албай калдым. Сүйдүм сизди аны танбайм, баары чын. Сүйөрүмдү ачык айтуу парызым. Мейли ишенгин, мейли ишенбе, өзүң бил. Бирок сиздик болду жүрөк тамырым. Алдагым келбейт сизди ишениңиз, жаным. Анткени, сизди сүйөм мен, ардагым. Жетсем да жетпесем да эсте калар, түбөлүк жалындаган махабатым. Мен сизге жолугууну самай берем. Кыялымда сүйүүнүн гүлүн терем. Дайыма бирге жүргөнүбүздү элестетип, сүйүү деңизинде сүзө берем. Тариел, мен сизди сүйөм. Ури ТУ
ОП-168-38. Салам, кыргыз калкым. Акылай
ОП-168-39. А. Карыпкулов орто мектебинде эмгектенип жаткан завуч Сулайманов Чыңгыз агайдын ишине ийгилик кааламакчымын. Борчик
ОП-168-40. Кедейди кордогонуң- жаратканды сокконуң. Мусаапырга бергениң -кудайды урматтаганың. 0778675ххх
ОП-168-41. Бакыт таптым турмушумдан өчүрбөс, бала таптым эч көңүлдү чөктүрбөс. Балдан таттуу нурун чачкын жаркырап, көп жашагын болгун дайым көңүлдүү. Амантай балам, өмүрүң узун болсун! Апаң Зуура, атаң Эстебес
ОП-168-42. Эли, мен сени сүйөм. Борчик
ОП-168-43. Бакыт берип ыйман берип силерге, бар болгула кыргызымдын жигиттери. Борчик
ОП-168-44. Салам, "Обон" гезити. Көбүрөөк тамак-аш, салаттар жөнүндө жазыңыздарчы, сураныч. 0551276ххх
"Обондон" жооп: Урматтуу окурман, албетте, сиздин суранычыңызды орундатабыз
ОП-168-45. "Обон", силерге чоң салам. Мен силерди дайыма окуйм. Акыркы күндөрү шаардан башка жакка кетип калып, окубай сагынып кеттим. Эми кайра келдим. Алина
ОП-168-46. Чын сүйүү өлүмгө да өкүм кылат, чын сүйүү каргашаны жеңип тынат. Чын сүйүү байлык менен байланышпай, өзүнчө өзөк байлап өнүп чыгат. Гуля
ОП-168-47. Казарманга чоң салам. Аман болгула. Казармандан 7-а класстын окуучусу Акылай
ОП-168-48. Бактияр, суранам менден жаным алыстаба, неге мынча узап кеттиң алыстарга. Жашоонун сенсиз мага кызыгы жок, күндөрдүн ушул күнү калыс ага. 0778369ххх
ОП-168-49. Аскердик кызматта жүргөн М……. . к, биз сени жакшы көрөбүз жана күтөбүз. Каню
ОП-168-50. Казармандын Ленин мектеби, алга. 7-б классы-супер. Жумагүл
ОП-168-51. Менин саламым Казармандык атам Сүйөрбек, апам Назгүл, чоң апам Айниш, бир туугандарым, бар болгула. Жумагүл
ОП-168-52. Казармандыктар, бар болгула. Жумагүл
ОП-168-53. Жамалдуу мөлмөл аппагым, бул жалгандан таппадым. Кыргызстанды түгөл кыдырып, сендей жигитти таппадым. Улук, мен сени жакшы көрөм. Жумагүл
ОП-168-54. Мен сени сүйөм. Бирок сени менен бирге боло албайм. Анткени, бизди бөлүп турган чоң күч бар. Ал-биздин ата-энебиз. Бирок билесиңби, жаным, тигил дүйнөдө чогуу, бирге, болобуз. Мен ошого ишенем. Ар бир адамга ата-эне ыйык. Ошондуктан биз аларды угушубуз керек. Мен эч качан өкүнбөйм. 0778402ххх
ОП-168-55. Бардык Кыргызстандыктарга салам. Биз кыргыз тилибизди барктайлы. Эч качан башка тилге өтүп кетип чанбайлы. Ойлонолу эртең кеч болуп кала электе. Ар бирибиздин жүрөгүбүздө патриоттук сезим күчөп турсун. Мен баарыңардын ден соолугуңар чың, аман- эсен, ынтымактуу, бактылуу болушуңарды каалайм. Камила
ОП-168-56. Апам Борболдоева Анарага, атам Камчыбеков Максатка, инилерим Султан, Исламга салам. Акылай
ОП-168-57. Алматыда иштеген эжеме, жездеме жана жолдошума салам. +77018334ххх
ОП-168-58. "Обонго" салам айтам, ар дайым бар болуңуздар. 0779941ххх
ОП-168-59. Дастанга,Тариэлге, Өмүрбекке салам айтам. А.
ОП-168-60. "Обон"-эң мыкты газета. Апал
ОП-168-61. Кичинекей бөбөктөр! 1-июнь -Балдарды коргоо күнүңөр менен куттуктайм. Жылдыз
ОП-168-62. Досум Зуля, мени менен кабарлашчы. 0779339675, Алина 93
ОП-168-63. Урматтуу 2011-жылдын бүтүрүүчүлөрү, силерге ак жол каалайм. Өз элибизге керегиңер тийген таланттуу, акылдуу, кайраттуу, акыйкат, ак ниет, камкор, иштерман жаштардан болушуңарга тилектешмин. Аiina-Asi
ОП-168-64. Сени сүйдүм эң назик сезим менен, сени сүйдүм аруу таза ойлор менен. Атаганат, байкабасаң кантейин, жүрөгүмдүн сен деп сыздап жатканын. Дамир, бактылуу бол. Аiina-Asi
ОП-168-65. Албетте, Айгерим. Кудай буйруса, менин дагы оюм бар. "Обон" гезитинин жалпы жамааты жана окурмандары, СМСчилер болуп тоого барып эс алып келсек кандай болот. Албетте, бул дагы күн келет. СМСчилерге кайрыларым, тоого бара турган күндү белгилеп, бир эс алып келсек болот эле. Жообун келерки санда күтөм. Супер СМСчи Жанусь Роза
ОП-168-66. Супер СМСчи досторум Аська, Жанусь Роза, Ырысбек 91, Зуля, бактылуу болгула. Аiina-Asi
ОП-168-67. Кош бол, жаным. Кош бол, ардагым. Мен эми сенин тынчыңды албайм. Себеби, мен алыс сапарга кетип жатам. Ардагым, аман бол, эсен бол. Сүйгөн жарың менен өмүр бою бирге бол. Менин сага өмүр бою каалоорум: чексиз бакыт. Аiina-Asi
ОП-168-68. Кел ааламды бөлүшөбүз. Көл сеники, толкуну меники. Асман сеники, жылдыз меники. Болуптур баары сеники, а бирок сен болчу меники. Дайыр, мен сени сүйөм, жаным. Зулфия
ОП-168-69. Кандайсың Аська, менде баары жакшы. Албетте, тоюңа күбө болуп бериштен качпайм. Анткени, менин жакын досумсуң. Кыргызда айтып коёт го: "Чакырган жерден калба", -деп. Албетте, ал бактылуу күндөр да келет. Тоюңа камдана берейинби? Жообун келерки санда күтөм. Жанка аяш менен бактылуу бол. Супер СМСчи Жанусь Роза
ОП-168-70. Акчал уулу Дүйшөн атындагы 2007-жылы бүткөн классташтарым Гүлзара,Гүлнара,Гүлнур, Гүлзина,Айпери,Мээрим,Каныкей,Перизат,Чолпон,Назгүл,Тамара,Ширин,Нургизага салам жолдойм. Бактылуу болгула, кыздар. Классташыңар
ОП-168-71. Кочкор районунун (Абдылдаев атындагы) Кочкор орто мектебине салам. Жакшы окугула. Нурлан
ОП-168-72. Билал козу, сенин айтып өткөн сөздөрүңө мен мындай жооп берер элем. Бир эрден чыккан жакшыраак десең, анда кыргызымдын алтындай болгон айымдары бир эрден чыккан жакшы турбайбы деп ажырашып жаткан жок да. Күйөөгө тийгенден кийин өмүрүм өткөнчө бактылуу болоюн, балдарымдын убайын көрөйүн, келинимдин ысык чайын ичейин, небере жытын жыттап, кыбырамды көрөйүн дейт да. Аялдардын турмушун бузган эркектер десем жаңылышпайм. Аялы менен жакшынакай жашап жатып, ичип кеткендер бар. Алар эртеңки келечегин ойлобойт. Кийин балдарым кандай тарбия алып калат деп ойлобойт. Жануська
ОП-168-73. Салам! Орусиялык актёр Сергей Горобченко тууралуу маалымат берип коёсузбу? 0770418ххх
Горобченко Сергей Борисович
Свердлов областында 1972-жылы 29-июлда жарык дүйнөгө келген. 1989-жылы орто окуу жайды аяктап, Санкт-Петербургдагы "Горный" институтуна тапшырган. Бирок ал жакта эки жыл гана окуп, аны таштап, өз каалоосу менен театралдык училищага тапшырган. Ал окуу жайда окуп жүрүп аны менен кошо театрда ролдорду жарата баштайт. 2000-жылы үй-бүлөсү менен Москва шаарына көчүп келип, ал жактан дагы сүйүктүү кесибин уланткан. Учурда Полина Невзорова деген сүйүктүү жубайы жана эки баласы бар. Ал эми буга чейин Александра аттуу айым менен жашап, бир балалуу болгондо ажырашып кетишкен.
ОП-168-74. Сени адашып сүйгөнүмдү сезбептирмин. Сенде жүрөк жок экенин билбептирмин. Сен, балким, жүрөсүң мага ишенбей, же жүрөсүң мени теңиңе албай. Нурила
ОП-168-75. Салам ОшМУнун студенттери, 3 фр-2нин кыздары. Силерге ГОСко ийгилик. Нурай
ОП-168-76. Салам, "Обонушка". Мага Индия актёру Салма Кхан жөнүндө маалымат бересиздерби? 0554919ххх
САЛМАН КХАН
Толук аты-жөнү -Абдул Рашид Салман Кхан
Туулган жылы- 27-декабрь, 1965-жыл
Туулган жери-Индаур, Индия
Атасы-сценарист Салим Кхан
Өгөй апасы- актриса Хелен
Бир туугандары-агасы актёр жана режиссёр Сохаил Кхан, иниси актёр Арбаз Кхан, карындаштары Алвира Кхан жана Арпита Кхан
Эң жакын досу- Санжай Датт
Салман Болливуд боюнча эң популярдуу таланттуу актёрлордун бири. Бирок журналисттерге интервью бергенди жаман көрөт. Ошондуктан, ал жөнүндө маалыматтар аз. Ушул убакка чейин үйлөнгөн эмес. Анын мамилелеш кыздарынын катарын таанымал сулуу актриса Айшвария Рай толуктайт. Азыркы учурда Катрина Каиф деген модель айым менен мамиле куруп жүргөн чагы.
ОП-168-77. Саламатсыздарбы, "Обон" гезитинин жалпы жамааты. "Кумир менен баарлашууга" Кубаныч Сатаевди чакыргылачы. Сиздерден сураныч. Жануська
"Обондон" жооп: Албетте, аракет кылабыз.
ОП-168-78. Приев Тариель. Эмне үчүн сизсиз жашай албайм? Эмне үчүн сиз менен өмүр бою бирге болгум келет? Эмне үчүн сизди гана сагына берем? Эмне үчүн сиз менен таарынышкым келбейт? Эмнеге сиз үчүн көп кыялданам? Эмне үчүн сиз жөнүндө көп ойлоном? Эмне үчүн мен бактылуумун? Эмне үчүн мен сизди мынчалык жакшы көрөм? Анткени, мен сизди сүйөм… Ури Ту
ОП-168-79. Ж. Мамытов атындагы 6-а классына ысык салам. Гүлшан
ОП-168-80. Мен сени сүйөм. Алтынай
ОП-168-81. Кара-Балтада №4 мектептин 9-в классында окуган классташтарыма салам. Экзамениңерге ийгилик, алга. Элмира
ОП-168-82. Толкундуу деңиздеги кемесиңби? А мен сени жээкте күтсөм келесиңби? Арзууга, сүйүүгө макул болуп, өзүңдү белек кылып бересиңби? Жөнөкөй Нурик
ОП-168-83. "Обон", "Обон", "Обон", өмүр сүргүн толгон. Окурманың көбөйсүн, ийгилик сага "Обон!" 0778092ххх
ОП-168-84. Салам "Обон", сиздерге ийгилик. КG Канышай
ОП-168-85. Аэлита, Айка ж. б курбуларыма салам жолдойм. Окууларыңа ийгилик. Лариса 94
ОП-168-86. Өзүңө мен ашык, кызгалдактуу гүл ашык. Жымыңдашып көздөрү, жылдыз ашык, мен ашык. Бара жатса айдай жүзүң, жан дүйнөмө байланып. Жөнөкөй Нурик
ОП-168-87. Жалпы кыргыз калкыма чоң салам. 0778536ххх
ОП-168-88. Салам, "Обон". Нобель сыйлыгы жөнүндө маалымат берип койгулачы. Ислам
Нобель сыйлыгы - бул эң престиждүү эл аралык сыйлыктардын бири болуп эсептелет. Илим жактан жаңы ачылыштарды жасаган, маданият жагына салымын кошуп из калтырган, же коомчулукка жардам берип элдин ыраазычылыгына татыган эң мыкты адамдарга берилүүчү сыйлык. Бир гана жеке адамга, же бир чоң иш- каналарга берилүүчү бул сыйлык фонду 1900-жылы казынасында 31, 6 миллион швеция акчасы крон менен түзүлгөн. Ошондон баштап бул сыйлык актуалдуулугун жоготпой келет. Бир гана сыйлык тапшыруу үчүн көптөгөн адамдар эмгектенишип, бир жылда бир гана жолу берилет.
ОП-168-89. Жаралдым ыр жандуу адам болуп, ырсыз жашоом менин жоктой болуп. Ырларым бар жазылбаган, талантым бар ачылбаган. Ырларга бай менин жан дүйнөм. Неге болбойт мен деле ырдасам? Ак куу болуп учкум келет алыска, канат кагып конгум келет сахнага. Табигат сырдуу Алтынай
ОП-168-90. Бактыгүл Бадыеваны ичип же чегип алган дегендер, ырчы кызга тийишпегиле. Адам өзү кандай болсо бирөөнү дагы өзүндөй ойлойт деген сөз бекеринен чыгарылбаса керек. Милана
ОП-168-91. Биз кыргызбыз, кыргыз болуп жаралдык. Ыйман жолунда түз жүрөбүз жүрөктө. Аллах деп гана айтып турабыз. Ислам динин бекем тутабыз. Бейиштин төрүнө кадам басып, Аллах деп жаша, кыргызым. Табигат сырдуу Алтынай
ОП-168-92. Мен сиңдим Жазгүлдү 25-май 18 жашка чыгышы менен куттуктаймын. Жүзүңөн күлкү, жүрөгүңдөн сүйүү кетпесин. Дайыма ийгилик коштоп жүрсүн. Эжеси Гүлайым
ОП-168-93. Ал кыз менен жүргөнүмө көп күн болду, жүрөгүмө махабат балдай толгон. Тарта албаймын, эч кимге тарта албаймын. Ак сүйүүмдү ал кызга арнап койдум. Жөнөкөй жигит
ОП-168-94. Качан мен бирөөнү катуу сүйүп көрөт элем. Качан мен сүйүүнүн даамын татат экем. Эгерде мен таткан адам таттуу болсо, анда мен ааламда эмес дүйнөдөгү эң бактылуу асылжан болот элем. А……. Борчик
ОП-168-95. Бактылуу бол мүнөт сайын, күн сайын. Жыргап күлүп бирге ойногун жыл сайын. Гүл сыяктуу күндө гүлдөп өсө бер. Кырсыктардан четте болгун, ар дайым. Борчик А……
ОП-168-96. Биз Тоңдун Кызыл-Туусуна, энебиз Розага салам айтабыз, - деп Нурали, Нуртилек, Аймерек, Дастан.
ОП-168-97. Өзгөн районуна караштуу Кашка-Терек айылындагы 1979-жылкы классташтарыма салам жолдойм. Ар бир баскан кадамыңар байсалдуу болуп, ийнгилик силерге жылмайып өтсүн, -деп классташыңар. Бишкектен Динара.
ОП-168-98. Гүлбара, турмуштун ачуусуна моюн сунба, бул кыйчалыштар эртең унутулат, ишенип кой. Курбуң 0773353ххх
ОП-168-99. Тээ алыста бирөө келет, көзгө сүйкүм карааны. Өзүң го деп карай калсам, сен эмес экен а дагы…Достум, карааныңа зар кылып, кайда жүрөсүң? 0550575ххх
ОП-168-100. Сузак районуна караштуу Барпы айылында жашаган таятам Ысмайыл, таекем Капар, жеңем Гүлкайыр жана кызгалдак кызым Назбийкеге салам жолдойм. Бар болгула, жакындарым! 0552160ххх
ОП-168-101. Сүйөм сени сүйгөндүгүм сүттөн ак, сени сүйгөн тагдырыма ырахмат. Өлгөндө да сенин таттуу жытыңды, жаткым келет көкүрөккө кучактап. Мен сени сагындым, көк жалым! Гюлбешекер.
ОП-168-102. Ылай-Талаа айылынын Осмонов мектебинин бүтүрүүчүсү Мухтар, сага ийгилик, ак жол каалайм. Алматыдан
ОП-168-103. Бактыгүл Бадыевага көз тийбесин, тфу, тфу. Кудай аны өзү колдосун. Милана
ОП-168-104. Алып учуп өзүңө күлүк санам. Мен өзүңө түштөрүмдө күндө барам, бирок көрбөй өңүмдө сагынычтан, тарып барат мен үчүн чексиз аалам. Эрке кыз
ОП-168-105. Таш-Көмүрдүн 12-мектебине жана Апал 95, Үпөлгө салам. Бар болгула. Милана
ОП-168-106. Казарманга менден чоң салам, - деп Акылай.
ОП-168-107. Кыргыз элиме салам. Бар болгула. Акылай
ОП-168-108. Ат-Башы районунун Кара-Суу айылынын 11-б классына супер салам. Красотка
ОП-168-109. Кочкор районунун Төлөк айылында жашаган 1993-жылкы досторум Керез, Эрмек, Алтынай, Канайым, Чынараны окууларын ийгиликтүү аякташы менен куттуктайм. 07797000ххх
ОП-168-110. Менин Казармандагы жакшы көргөн жакындарым Нурайкага, Раушанга, Дианага салам. Назима
ОП-168-111. Сени мен сүйчүмүн, Эмил. Бирок азыр сүйбөй калдым кечир. Н….
ОП-168-112. Бактыгүл Бадыеваны 29-май туулган күнү менен куттуктайм. Өмүрүңүз узун, ден соолугуңуз чың, сүйгөнүңүз өзүңүзгө окшош сулуу болсун. Милана
ОП-168-113. А. Карыпкулов мектебинде окуп жаткан 94-жылкы классташтарыма ар дайым бар жана бай болгула демекчимин. Айчүрөк 94
ОП-168-114. А. Карыпкулов мектебинде окуп жаткан Эля дося, мен сени түбөлүк сыйлайм. Биздин достугубуз эч качан үзүлбөсүн,- деп досяң Айчук 94
ОП-168-115. Салам, "Обон". Мен жакын досторум Асылкан, Накуля, Айпери, эң жакын адамым Жээнкүлгө салам айтам. Аны менен бирге жүрөгүмдөн чыккан каалоомду да айтам. Достор, ден соолукту кудайым кыштай берсин, кыштай берсе кыспай берсин. Өмүр берсе жаздай берсин, жаздай берсе жазбай берсин. Бакыт берсе кудайым жайдай берсин, жайдай берсе жайнай берсин. Жакшылыкты күздөй берсин, күздөй берсе үзбөй берсин. Урматым менен мен, жөнөкөй Нурик.
ОП-168-116. Аманбек Карыпкулов мектебиндеги Эляга салам. Эля, ар дайым бар бол, бай бол жана Рамил менен бактылуу бол,- деп досяң Айчүрөк 94
ОП-168-117. Мен силердин баарыңарды жакшы көрөм. Бактылуу болгула. Айпери
ОП-168-118. Лари, Мирлан менен бактылуу бол. Айчүрөк 94
ОП-168-119. Салам, достор! Жүрөгүңөрдөн ыйман жүзүңөрдөн күлкү кетпесин. Досторуңар менен ар дайым ынтымакта болгула! Маха
ОП-168-120. Ниет кыл арман болбосун. Арзуу кыл арман болбосун. Ар бир күндү максат менен өткөрүп Эля дося, Аллахым өзү колдосун. Айчүк
ОП-168-121. "Эсиң барда этегиңди жап",- дегенге кандай карайсыңар, кыздар. Эрнис Алай
"Обондон" жооп: Урматтуу окурман кыздар, Эрнис Алайдын суроосуна жооп берип койгула.
ОП-168-122. Салам, кыргыз калкым. Ойлонолучу өзүбүзгө өзүбүз балта чаппай. 0777645ххх
ОП-168-123. Менин сүйүктүү эжекелерим Бактыгүлгө, Телегейге, Мария эжелерге чоң салам. Бар болуңуздар. 0779941ххх
ОП-168-124. Уйкудагы пери, сен ички дүйнөң таза кызсың. Борчик
ОП-168-125. Тамга айылында жашаган жеңем Каабаева Гүлназды 20-май туулган күнү менен куттуктайм. Кааларым:чын ден соолук, узун өмүр, Рустам байкем менен кармашкан колуңар эч качан үзүлбөсүн,- деп кайын сиңдиңер Айжан
ОП-168-126. Бакыт издеп тагдыр менен, бакытымды мен а бирок таппай келем. Бул жашоодо сени жаным тапканым, бактым болуп жүрбөсүн мен издеген. Эрке кыз
ОП-168-127. Салам, "Обончик". Бактыгүл Бадыева канча бир тууган? Күйөрманы Милана
- Менин апам Нарындын Кочкорунан, атам болсо Оштон болот. Атам башынан эле мамлекеттик жооптуу кызматтарда иштегендиктен, такай тигил жак, бул жактарга которулуп жүрчү. Ошого байланыштуу менин балалыгымдын көпчүлүк бөлүгү Баткен районунун борборунда өттү. Биз төрт бир тууганбыз. Үйдүн эң кенжеси мен болгондуктан, аябай эркемин. Бирок мен 3-класска келгенде атам менен апам ажырашып кетишип, биз апам менен Токмокко көчүп келе бергенбиз. Ошентип, мектепти Токмоктон бүттүм.






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"




Яндекс.Метрика