Коалиция боюнча сүйлөшүүлөр ушул жумада уланышы мүмкүн
Бул тууралуу "Ар-намыс" фракциясынын лидери Феликс Куловдун кеңешчиси Курманбек Раматов билдирди. Анын айтымында, өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев "Ар-намыстын" талаптарына жооп бере элек. Ал эми Атамабевдин кеңешчиси Фарид Ниязов кеңейтилген коалиция түзүү боюнча өкмөт башчы өзүнүн вариантын даярдаганын билдирди. Эми бул маселелер боюнча сүйлөшүүлөр майрамдан кийин уланышы ыктымал. Өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев 4-майда Коомдук телерадио корпорациясына курган маегинде Жогорку Кеңештеги оппозициячыл "Ар-намыс" фракциясы жакында толугу менен коалициялык көпчүлүккө кириши ыктымал экенин билдирди. 20-апрелдин кечинде фракциянын лидери Феликс Кулов өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев менен жолугушуп, кеңири коалиция түзүүнүн жолдорун сунуштаган. 15-апрелде 10 "арнамысчы" депутат коалициялык көпчүлүккө кире турганын жарыялаган. "Ар-намыс" фракциясы жыйын куруп, бул кадамды мыйзамсыз жана акыл-эске сыйбайт деп баалаган.


Өкмөттүн биринчи вицелигине И.Гаипкулов, Улуттук банкка Ө.Бабанов барабы?
Alaman.kg сайтында:"Жакында бийлик коалициясындагы бул партиянын көзүрлөрү саясый кеңеш өткөзүшүп, ачык сүйлөшүп алышыптыр. Түшүнүксүз кыска мөөнөттөгү отпускасы 14-майда аяктай турган. Ө.Бабанов: "Силер кандай чечим кабыл алсаңар, мен ошого баш ием",-деп кайрылыптыр санаалаштарына. Анан калса Өмүрбек Токтогулович өлкөбүздү каптап келаткан экономикалык жүрөк түшүрчүдөй көчкүнүн алдында калгысы келбей, азыр биротоло отставкага кетип, тымызын октябрдагы президенттик шайлоого даярдана баштаганын кыйытыптыр. Өкмөттүн биринчи вицелигине болсо, "Республикадагы" жан-жөкөрлөрү И.Гайыпкуловду же Б.Төрөбаевди сунуштоо ниетин билдирип, эгер булардын ыргыткан чүкөсү айкүр түшсө, Атамбаев шайлоого кетери менен премьер-министрлик орунду баса калмайды дагы эстен чыгарышпаптыр. Азырынча Бабанов тактикалык жүрүш жасап, убактылуу Улуттук банктын төрагалыгына барууну көздөп жатыптыр. Булардын пландары канчалык турмушка ашарын бир жумада эле билип каларбыз", - деп жазылган.


Отунбаева: "Улуу Жеңишке Кыргызстандын да салымы чоң"
Бул тууралуу Президент Роза Отунбаева Бишкектеги Жеңиш аянтында өткөн Улуу Жеңиштин 66 жылдыгына арналган салтанатта сүйлөгөн сөзүндө белгиледи. Ошондой эле Кыргызстандан аскерлер гана жиберилбестен, азык-түлүк, ок-дары жөнөтүлүп турганын, Жеңиштин баасын кийинки муунга сабак кылуу керектигин айтты. Согушта курман болгондор эскерилип, Бишкек аскердик гарнизонунун салтанаттуу жүрүшү өттү. Мындан кийин ардагерлерге согуш учурундагыдай тамак берилди. Эскерүү салтанатына Президент баштаган өлкө башчылары, Улуу Ата Мекендик согуштун жана ооруктун ардагерлери катышты. Улуу Ата Мекендик согушка баш-аягы 363 миңдей кыргызстандык катышкан. Социалдык коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда азыр 1979 согуштун, 8380 ооруктун ардагери бар.


Элмурза бир талапкерди президенттик шайлоого тымызын сүрөп атат. Ал ким, ыя?
Учурда экс-генпрокурор Элмурза Сатыбалдиев 7-апрель боюнча сот процессине катышып аткан кези. Эсиңерде болсо, бул соттук отурумдан Оксана Малеванная, Нурлан Турсункулов, Каныбек Жороевдер качып кетишкен. Маркумдардын арбактарын уруп да ойношпой! Бирок Нурлан Турсункулов менен Каныбек Жороев кайрадан келишип, азыркы бийлик менен жең ичинен сүйлөшүп, өз баштарын калкалап жүрүшөт. Мыйзам боюнча соттон качкандар камалыш керек эле, тилекке каршы, андай болбоду. Ал эми Элмурза аке эч жакка качпастан, чындык үчүн акырына чейин турарын ар убак билдирип келет (өткөн окуялар боюнча). Бир сапар бир гезитке:"Аскерлер соттолгончо, мен соттолоюн",- деп да маек берген. Ал чыныгы генерал экенин тастыктап, бир эсе жигиттигин далилдеп, өзүнүн маркумдар астында ак экенин тастыктоого батынган. Дегинкиси, Э.Сатыбалдиев 7-апрелде курман болгон балдардын астында күнөөсү болбосо да, арбактар үчүн моралдык жагын ойлоп, жан дүйнө жайын толук кандуу электен өткөзүп, тазаланып аткан кези. Башкалардай кресло үчүн өлбөй, саясатка аралашкан жок. Бирок, жакынкы арада президенттик шайлоого карата кимди колдой турганын ачыктайт. Бизге белгилүү болгондой, ал буга чейин бир саясатчыны тымызын түрдө сүрөп келген, а киши күздөгү шайлоодо негизги күчтүү талапкер катары президенттик тактыга келиши мүмкүн. Албетте, Элмурзанын командасынын колдоосу менен!.. - деп жазылыптыр Alaman.kg сайтында.


  Дүйнө

Каирде, Мубарак кеткенден бери эң чоң кагылышуу болду
Каирде мусулмандар менен копт-христиандары ортосунда болгон кагылышта, соңку маалымат боюнча, 12 кишинин өмүрү кыйылды.
Египет өкмөтү 8-майда шашылыш өткөн жыйындан кийин өлкөнүн коопсуздугун камсыздоо үчүн "темир чеңгел" менен аракет кыларын эскертти. Ишемби күнү кеч шамдан кийин башталган диний араздашууга байланыштуу Египеттин өкмөт башчысы тыш өлкөлөргө мерчемделген сапарынан баш тартты. 9-май, саат 11ге чейин чатак болгон аймакта коменданттык саат жарыяланды. Ондон ашык адамдын өмүрүн жалмаган чатакка диний касташуу шыкак болду. Күбөлөрдүн айтышынча, мусулман динине өтүүнү каалаганы үчүн бир христиан аял күчтөп ибадатканада кармалып жатат деген кепке ишенген 500дөй мусулман салафийлер тарса же христиан чиркөөсүн курчап алышып, аялды бошотууну талап кылышкан. Бул кабар ырасталбаганы кабарланды. Маалыматка караганда, кыжырданган адамдар бири-бирине ок жана таш атып, атүгүл жардыргыч заттарды аянбай ыргыткан. Каирдин батыш ныптасындагы жаатташкан тараптарды ажыратуу үчүн танкалар коштогон аскерлер асманга ок атып, көздөн жаш агызчу газ пайдаланган.
Жаңжал болгон Имбаба районунда бир чиркөө өрттөлгөн. Батыш маалымат булактары Египет өкмөттүк телеканалына шилтеп, диний кагылышууда 12 адам өлүп, 230дан ашуун адам жарадар болгонун кабарлады. Жекшемби күнү түшкө чейин 10 адам өлгөнү, ал эми түштөн кийин дагы эки киши курман болгонун, жарадар болгондор 232 адам экенин Египеттин өкмөттүк телеканалы кабарлады. Өлкө борборундагы катаал кырдаалга байланыштуу Египеттин өкмөт башчысы Эссам Шараф 8-майда Бахрейн жана Бириккен Араб Эмирлигине мерчемделген визитин кийинге калтырды. Башкаруучу аскерий жетекчилик жаңжалга тиешеси бар деген 190 адам кармалганын жарыя кылды. Коопсуздук кызматтарынын айтымында, диний жаатташууну сындап, өз ара ынтымакка чакырып, Каирдин ортосуна бараткан 400дөй мусулман менен тарсаларды ондогон адамдар ташбараңга алып, эки ортодо мушташ чыккан.

  Спорт

Кыргызстандык теннисчи кыз жеңиш менен кайтты
Кыргызстандык теннисчи кыз Ксения Палкина Россиялык Нина Братичкова менен Өзбекстанда болгон Эл аралык болгон өнөктүк мелдеште экинчи орунду алды.Эл аралык Теннис федерациясынын басма сөз кызматынын билдиргенине караганда Палкина-Братчиковалар Кореялык Сунг-хи Хандан 6:4 эсебинде жеңилип экинчи орунга татыктуу болушту. Кыргызстандык дагы бир теннисчи кыз Бермет Дуванаева болсо экинчи айлампада эле Екатерина Яшева аттуу каршылашынан утулуп, оюндан чыккан.

Грек-рим күрөшү боюнча эл аралык мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды
Улуттук олимпиада комитетинин басма сөз катчысы Кабыл Макештин берген маалыматына караганда, эл аралык мелдештин ар кайсы салмактагы жеңүүчүлөрү аныкталды. 51-ирет өтүп жаткан аталган мелдеште Өскөнбай Абдупатаев (50 килограммга чейин), Орлов Лука (60 кг.), Атабек Азизбеков (64 кг.), Алматыдан келген Куат Хакимов (74 га.), Абдырашит Абдымажит уулу (84 кг.), 96 килограммга чейинкилер арасында бишкектик Ильхам Токтаев жеңишке ээ болушту. Жалпысынан мелдешке Борбор Азия жумуриятындагы өлкөлөрдөн тандалган 220 балбан катышты. Спорттук иш-чара Советтер Союзунун баатыры, генерал Иван Панфиловду эскерүүгө арналып уюштурулган.

КМШ өлкөлөрүнүн Эл аралык спорт оюндарын өткөрүү маселелери талкууланды
7-майда Кыргыз Республикасынын Президенти Роза Отунбаева Эл аралык спорттук уюмдар конфередациясынын президенти Борис Рогатинди кабыл алды. Жолугушуу учурунда Б.Рогатин мамлекет башчысына конфедерациянын ишмердүүлүгү туурасында маалымат берди. Бул уюм КМШ өлкөлөрүнүн жарандарынын дене тарбия иштерин жана массалык спортту өнүктүрүү максатында түзүлгөн. Анын сөзүнө караганда, ШКУ мамлекеттеринин спорттук уюмдарына багытталган Эл аралык Ысык-Көл спорттук оюндарын жыл сайын өткөрүү уникалдуу спорттук окуя болуп саналат. Ошондой эле жолугушуу учурунда 2011-жылы XI Эл аралык Ысык-Көл спорттук оюндарын жана 2012-жылы Чолпон-Атада КМШ өлкөлөрүнүн VIII Эл аралык спорттук оюндарын өткөрүү маселелери туурасында сөз болду. КМШ өлкөлөрүнүн Эл аралык спорттук оюндары КМШ өлкөлөрүнүн 2011-2012-жылдарга карата гуманитардык кызматташтык жаатындагы артыкчылыктуу иш-чаралар планына киргизилген.


  Коом

Таласта 230 гектар кант кызылча аянты мөндүрдөн жабыр тартты
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Абдышарип Бекиловдун билдиришинче, 7-майда Талас облусунун Манас районунда мөндүр аралаш жаан жаап, бир канча гектар айдоо аянттарын бүлгүнгө учураткан. Министрликтин Таластагы башкармалыгы жана райондук жарандык коргоо комиссиясынын алдын ала тактоолору боюнча, Покровка жана Үч-Коргон айылдарында жалпысынан кант кызылчасы эгилген 230 гектар, төө буурчак айдалган 180 гектар аянт мөндүр аралаш жааган жаандан жабыр тарткан. Учурда анын чыгымдары такталууда.
Кыргызстанда 5-майдан бери бир катар аймактарда маал-маалы менен нөшөрлөп жаан жаап жатат. Аба ырайын маалымдоочу борбор 10-майга дейре өлкөдө кээ бир аймактарда сел жүрүп, кыян капташы жана кар жаап, үшүк жүрүшү ыктымал экенин эскерткен.

Жыйырма түгөй - бир үлпөт
Эл аралык уюмдардын демилгеси жана жергиликтүү демөөрчүлөрдүн колдоосу менен 7-майда 20 түгөйдүн тою "Дасмия" ресторанында өттү. Күйөө жигиттер калпак жана кыргыз оюусу бастырылган кийим кийсе, келинчектер кыргыздын улуттук кийими болгон ак шөкүлө, көйнөк менен жасанышкан. Жыйырма түгөйдүн бир күндө баш кошкону Кыргызстан үчүн жаңылык болгону менен Түркия, Казакстан, Өзбекстан өңдүү башка отуз алты өлкөдө бул мамлекет тарабынан атайын колдоого алынган салттуу жөрөлгө. Башка мамлекеттерде бир күндө ондоп, жүздөп, кээде миңге жакын түгөйлөр үйлөнүшөт экен. Үйлөнүү үлпөтүнүн толук чыгымы 1 миллион сомдон ашты. Түгөйлөрдүн кийиминен баштап тойканага, ар кандай салт, жөрөлгөлөр, белек-бечкек жана тойдо тартылган тасмага кеткен чыгымдарды жеке ишкерлер, эл аралык уюмдар көтөрүшкөн. Уюштуруу ишин Жаштар министрлиги өз мойнуна алган.

P.S. Маалымат интернет булактарынан алынды.