Нурлан Насип
"Анжелина Жолинин жолдошу болмокмун"
Өзгөчөлөнгөн ырчыга өзгөчө суроолор менен кайрылдык. Анда эмесе, Нурлан Насиптин жан дүйнөсүнө сапар тарталы.
Кайсыл
-……….фирманын атырын колдоносуз?
- Чынын айтканда, бир фирманы деле кууп тандабайм. Көңүлүмө жакканын ала берем. Мурун колдонуп жүргөн атырымды белекке келген болчу. Кайсыл фирманыкы экенин билбейм, түгөнүп калып ошону азыр издеп жүрөм.
- Акыркы жолу ……… кинону кинотеатрдан көрдүңүз эле?
- Акыркы жолу бир ай мурун "Октябрь" кинотеатрынан "Пара нормальное явления" деген кинону көрүп, ошондон бери үйдө жалгыз боло элекмин. Анткени, ал коркунучтуу кино болчу да
- …………чет элдик таанымал актёр болуп төрөлмөксүз ,эгерде өз каалооңуз менен болсо?
- Мен,негизи, чет өлкөлүк актёрлордон Бред Питтин аткарган ролдорун баалайм. Анжелина Жолинин жолдошу болмокмун.
- Эгерде Бред Питт болуп калсаңыз ……..кыргыз таанымал кызын өмүрлүк жар кылып алмаксыз?
- Таанымалдарга деле кызыкпайм. Кыргызстандын жөнөкөй эле сулуу кыздарынан алмакмын. Негизи, кыргызда татынакай кыздар көп.
- …………ырчылык, байлык, сүйүү же достук?
- Достукту тандамакмын. Анткени, достук мен үчүн өтө керек. Бирок аябай татаал тандоо экен. Негизи, төртөө тең керектүү . Бирөөсүн эле болсо, анда достукту тандайм.
- Кыргыздын ...... салтын баалайсыз дагы,...... салтын жаман көрөсүз?
- Кыргыздын бардык эле салттары жагат. Бирок өтө эле ырым-жырымды колдонуп берилип кеткени жакпайт. "Кыз куумай" оюну жана "Нооруз" майрамы жагат. Негизи, мен салттарды,ырым-жырымдарды көп деле кармайбайм. Бир гана кудайга ишенем.
Кандай
- ........ кийимсиз гардеробуңузду элестете албайсыз?
- Мен гардеробумду классикалык стилдеги кийимсиз элестете албайм. Анан, албетте, спорттук кийимдер дагы жагат. Үйдө көбүнчө спорттук кийим кийип жүрөм. Эки жакка чыкканда дагы ыңгайлуулугуна карап, спорттук кийимдеримди көп кийем.
Эмнеге
……..акча короткондо сыймыктанасыз дагы …….акчаны коротуп алып өкүнөсүз?
- Жөнү жок акчаны короткондо өкүнүп калам. Туура эмес, керексиз нерселерди алып алганда өкүнөм. Ал эми түбөлүк кала турган бир нерсе алсам, ошондо сүйүнөм.
Акыркы
- ………ырыңыз?
- Азыр "Жаштык кез" деген ырым жарыкка чыкты. Сөзү досума таандык, ал эми обону өзүмдүкү.
- …….барган чет өлкөңүз?
- Акыркым Лейлек (Күлүп). Ушул убакка чейин алыс жакка чыга элекмин.Буйруса, көптөгөн пландарыбыз бар. Баары алдыда.
- ………жолу кандай китеп окудуңуз ?
- Жакында "Кимбилет ата" деген китеп окуп баштадым. Окуп бүткөндөн кийин айтып берем, ээ.
- ………..жолу качан калп айттыңыз?
- Эсимден чыгып жатат. Калп айткан учурлар болот, бирок өтө аша чаап калп айта элекмин. Досторум чалса: "Бошобой жатам, анан өзүм чалам",- деп айтып коём. Бирок чалбай жок болуп кетем. Көбүнчө досторума жолугам деп, эч жолуга албай калам. Эми жумуштар чыгып калат да. Ошентип көп калпычы болуп калам. Калптын жакшы дагы, жаман дагы бар. Мисалы: ата-энемди кайгыртпаш үчүн калп айтууга туура келген күндөр болгон.
………жолу жиниңиз эмнеге келди?
- Бул жакка келе жатып продюсерим менен кичине түшүнбөстүктөр болуп кетти. Жиним келип келгем. (Күлүп) Аябай жиним келгени, жакында эле сахнага чыгып, бир ырды айтсам, башка ырды коюп койгон. Анан аппаратта отурган бала менен урушуп кеттим.
- ………жолу ыйлаганыңыз?
- Кудай сактасын, ыйлай элекмин. Жаман кыйын суроолор экен, ээ (Күлүп). Мен сүйүнүчтөн ыйлаган учурларым болгон. Жаңы сахнага чыгып, ыр жаздырып, клип тарттырып жүргөндө, ата-энемден, жакын туугандарымдан жакшы сөздөрдү угуп толкунданып, кубанычтан элге билгизбей ыйлаган учурлар болгон. Ырларым ийгилик алып келгенде, жетишкендиктер болгондо, сүйүнүчтөн ыйлайм.
Эмнесин
- Алдыңыздан чыккан адамдын биринчи ……… карайсыз?
- Ачыгын айтсам, көбүнчө кыздардын келбетине карайм. Кээ бир кыздар жылдыздуу болот го. Көздөрү балбылдап өзүнө тартып турса, бурулуп карап, кызыгам. Негизи эле, бардык адамдардын кебетесине карайм.
Нерсеге
- Эч ……… алмаштыргыс буюмуңуз?
- Жакын адамдарымдан келген белектердин бардыгы мен үчүн баалуу. Алар Токтогулдагы үйүмдө сакталуу. Мисалы, күйөрмандарымдан, досторумдан келген белек болобу, эч качан жок кылбайм, баары сакталуу бойдон турат. Эсте калганы жаңы жылдын алдында бир күйөрманымдан чоң куту алдым. Анан ичинде кабат-кабат оролгон бир нерсе бар экен. Башында ачып жатам, ачып жатам,эч нерсе жок окшойт деп ойлогом. Көрсө кичинекей Аяз ата бар экен.
Эмнеден
- Келечегиңизди ойлонуп ………коркосуз?
- Бардыгыбыз бул жалган дүйнөгө келгенбиз да. Андыктан, мен тигил дүйнөнүн бар экенин билип, бул жактан туура эмес иштерди кылып жүргөнүмдөн корком.
Кимисин
- Сүйгөн адамыңыз ырчы болгонузга каршы болсо ……. тандайсыз?
- Татаал суроо экен. Экөө тең жүрөгүмө жакын нерсе. Тандоо кыйын болуп калат го. Бирок кичинемден бери жан дүйнөмдө жашаган ырчылыктан башканы элестете албайм. Бирок сүйгөнүмдү дагы кыя албайм. Сүйгөнүмдү сөзсүз түрдө көндүрмөкмүн. Эгерде көнбөй койсо, анда ырчылыкты тандамакмын. Бир кыз үчүн ырчылыкты таштасам, андан кийинки жашоону элестете албайм.
Келсин
Мурадил кызы