Шоу жаңылыктары

Нурлан Насип жаңы айдоочу алды
Обончу жана аткаруучу "Алданба" деген ыры менен учурда күйөрмандарынын чордонунда жүргөн Нурлан Насип түштүк жергесин кыдырып, эми багытын Кыргызстандын Талас, Ысык-Көл , Нарын жергесине бурду.Майрамга бай май айында күйөрмандарына ыр букет тартуулагысы келгендигин баса белгиледи. Кошумчаласам жакында Нурлан Насип "Кош жылдыз" теле долбооруна кызуу даярданып жаткан кези. Ал жерде кайсы бир белгилүү инсан менен жандуу оркестрдын коштоосунда ырдаарын сыр бойдон сактагысы келет. Нурландын ою боюнча жеңиш мен тарапта дейт.Ошону менен катар жеке айдоочулуу дагы болду. Эми Нурлан ар кандай жолугушууларга, концерттерге тез ылдамдыкта кечикпей барат.Кызыгы жеке айдоочунун аты дагы Нурлан болуп чыга келди.Ырчы ал айдоочу менен келишимдик негизде иштешет,-деп маалымдайт ырчынын продюсери Канат Кадыржан.


Эльмурат Kg куудулдар менен Россияга гастролдоп кетти
Ырчылар Рысбек Токтобаев, Айнагүл Орозбек кызы, Kg Эльмурат жана куудул Талант Анарбев өзүнүн шакирти Канат Шанаев менен Россияда эмгектенген кыргыздардын көңүлүн бир көтөрүү максатында 3 сааттык концерти менен гастролго кетишти. Концерттин жүрүшүндө күйөрмандарды ар кандай "сюрприздер" күтөт.


Ырчы Замир Арыкбаев "Кош жылдыз" долбооруна катышканы жатат
Кубулжуган үнү менен эки муунду бирдей алып жүргөн ырчы Замир Арыкбаев "Апа" жөнүндө клип тартып жатат. "Менин оюмча, элге жагат болуш керек. Жакшы бир бийиктиктен орун алат деген толук үмүттөмүн. Анткени, муну досум Айбек Дайырбеков тартып жатат. Ал бул эле клипти эмес, таанымал жакшы клиптерди тарткан. Ошондуктан ага ишенип жатам. Жана ошондой эле майдын аягында "Кош жылдыз" деген долбоор болгону турат. Бул жакка Алымкан деген эже экөөбүз чыкканы жатабыз. Бийлебеген жаным ошол сынактан бир ырга бийлеп чыгабыз. Азыркы убакта бийге барып жатам. Денем катыбай, жумшарып, чыгармачылыктын үстүндө иштеп жатам", - дейт Замир Арыкбаев.


Амир Аскаров менен Арнонун чыры
Жаш кыздардын жүрөгүнөн түнөк таап келе жаткан Амир Аскаров менен Арнонун "Сени эстеп" дуэти хит болуп жатканын баарыбыз эле билсек керек. Бирок ушундай жакшы иштин артында жакшы интрига бар экенин кулагыбыз чалып калды. Ырчы кыздын атасы аталган ырдын клибин көргөндөн кийин, кээ бир телеканалдардан клипти кетирбей койгондугуна байланыштуу, Амир Аскаров нааразы болуп жүргөн кези. Ошого карабастан, алдыга умтулган жигит, сынып калбай жаңы ырларды жаздырып жүргөн кези. Азыр Амир Аскаровдун дос кызы Айсулуу Сопубекова англисче "You gotta feel" ("Сен сезишиң керек") деген ыр жазып берип, Аман Бержибаев, Эрнест Жоошев, Сардар Түркменов жана Азамат Такырбашевдер биригип аранжировкасын жазып беришти. Буюрса, ал ырды ушул жумада угуп каласыздар.


Талант Анарбаев 700 жылдык календарын чыгарды
Куудул Талант Анарбаев той, маараке, тасма тартуу, фотомонтаж, оюн-зоок жана концерттерди уюштура турган студия ачты. Студиясын ачары менен эле 1900-жылдан 2599-жылга чейинки өзүнүн календарын басып чыгарды. Куудулдун сүйүүчүлөрү жакында Талант мырзанын календарын үйүнө тагып калышат.


Азамат Исмаилов: "Добр Кыргызстандын сыймыгы"
Командамдын атынан мен, Азамат, Добрга бактылуулукту каалайм. Добр-Кыргызстандын сыймыгы, кыргыз элдин уулу. Кыргызстандын желегин көп жерге желбиретип жүрө берсин. Эң сүйүктүү жубайы Жылдызай бардык жагынан жардам берип, экөө бактылуу, үлгүлүү үй-бүлөлөрдөн болушсун!


Добрдун тоюнан көз ирмемдер
27-апрель күнү борборубуздагы "Соң-Көл" ресторанында шоу чөйрөдө өзгөчө орду бар таанымал ырчы Добрдун үйлөнүү тою болуп өттү. Тойго ырчынын туугандары, кайын журту келишип, айтор, той шаңдуу маанай менен коштолду. Андан тышкары, эки жаштын сүйүнүчтөрүн бөлүшүп келген сахналаш достору Акбар Сүйүнбаев, Мирбек Иманбеков, Замир Арыкбаев, Нурлан Насип, Фархад Кеңешбек уулу, "Жигиттер" командасынын капитаны Азамат Исмаилов жана "ТамаШОУ" долбоорунун жетекчиси, алып баруучу Эрмек Нурбаев сулуу бийкечтин коштоосунда келип куттукташты. Тойдун тамадалык милдетин ырчы, ди-джей Чыңгыз Мырзаев, ал эми Добрдун жубайы Жылдызайдын курбусунун ролун "Муз Обо" телеберүүсүнүн алып баруучусу Роза Ибраимова аткарышты.


Келсин Мурадил кызы