Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери
ggle_v


Жанызакка келген каттар жана Жанызактын кайрылуулары
email  •  архив
Кайрылуу каттары
жана келген каттар:

Россиянын жарандыгын алган кыргыз патриот болбой калабы?...
Орус атуулдугун алган кыргыздар кийин Кыргызстанга келсе киргизеби?...
“Учур” гезитине айтып койгулачы...
Айгүл ШАРШЕНдин китептерин кантип сатып алам...
“Колжазма терем” дегендерге жумуш бар...
Кыргызча китептерди окугум келет, бирок тамгалар башкача чыгып калып жатат...
Кайсы диндесиз? Сайтка китеп чыгарса болобу?
Ушул сиздин сайтыңыздагы рекламалардан канча акча табасыз?
Жибербеген тыйынды “жибердим” дебегиле...
Бермет менден бир китеп сураптыр...
Жанара бизден “Тамчы” гезитиндеги материалды сураптыр...
Арабаев университетинен Жанызакка кат келиптир...
Адабий китептин биринчи бетине жаш жубайлардын ажайып сүрөтү керек......
"Кытайлык деле эмесмин, кыргызстандык элемин" деп жазыптыр Нурзада...
"Текебаевдин видеосу бар дебедиңиз беле..." деп сураптыр Меймансаптан бирөө
"Мидиндин эшек дептеринде" эмнеге "Мидин" дегенибиз "Жапар" делинип калган" дейт...
"Кыргызстанда кайсы мектеп жакшы, кызым быйыл мектепке барат эле" дейт...
Жуңгодогу “Актилек“ сайтынын ээси кечирим сурады...
Супсулууну кой, "Обонду" таппай жатыптыр...
Жуңгодогу (Кытай) “Актилек“ сайтынын “ууру“ кыргыздарына эскертүү...
Жуңго кыргыздарынын “Актилек” сайтына..
"Заман Кыргызстан" гезитине тергич тууралуу түшүндүрмө кат..
Реферат сураган экен..
Кытай кыргыздарынан ризограф сурадым эле..
Деректирдин емейл дарегин сураптыр..
Кытайлык кыргыз кызы Нурзада Расул кызы Айгеримге нааразы..
Ашкере динчилден кат келиптир..
Сулуу кыз менен таанышат элем дейт..


Поиск
Керектүү материалды ушул жерден издегиле:
ggle_h

Расул Маматкулов:
"Саясатчы досторум көп, бирок саясатка аралашкым келбейт"
- Расул мырза, сөздү алгач сиздин чүрпөлөрүңүздөн баштагым келип жатат. Балдарыңызга кандай атасыз? Кантип эркелетип, кантип жазалайсыз?
- Мен балдарыма эч бир жерден тыюу салбайм. Мисалы, кээ бирөөлөрдүн балдары ойноп жатса, атасы келгенде ойнобой калат, күлүп жатса, күлбөй калат. А мен балдарымды бош кармайм. Мендей идеалдуу ата жок болуш керек. Аларды урбайм, урушпайм дагы. Жеңең : "Балдарыңды кичине урушуп койсоң боло?" - деп капа боло берет. Анан каалагандай эркелетем.
- Шоу-бизнестин ветераны катары кыргыз искусствосуна кандай баа бересиз?
- Элиңде тынчтык болбосо, элдин музыка уккусу да келбейт. Ошондой болуп жатса, ырдагың да келбейт. Керек болсо, ичип жаткан тамагың да аш болбой калат экен. Элде тынчтык болсо, эл бай болсо, артисттин жашоосу да башкача болот экен. Элибизде тынчтык болсо, байлык болсо, артисттин жашоосу да, турмушу да жакшы болот. Кайсы өлкөнүн жашоосу кандай экенин, ырчысынан эле билип койсо болот. Эгер артист аябай бай жашаган болсо, ошол өлкөдө тынчтык болот, элде музыка жакшы өнүгөт. Элибизде тынчтык болсо, баары жакшы болот эле. Биздин элдин музыкасынын артыкчылыгын Иранга барган сапарда билдим. Ал жакта, чынын айтсам, дүйнө жүзү боюнча мусулман өлкөлөрүнүн биринчи Нооруз майрамын өткөрүп жатышыптыр. Ошондо, "Эң мыкты топ" деген наам жана акчалай сыйлык берди. "Камбаркан" тобунун ойногон музыкалары, биздин комуз алар үчүн абдан бийик экен. Биздин искусство чеберлери жоктон бар кылып жүрөбүз. Артыкчылыгыбыз ошондо болуш керек.
- Ушул убакка чейин сиздин ырларыңызды күйөрмандарыңыз көп уга албай келсе, акыркы убактарда ырларыңыз радиодон тынбай кете баштады. Музыкадан четтеп калып, кайра аралаша баштадыңызбы?
- Айгерим ырдап аткан ырлардын 90 пайызы меники да. Ыр жагып калса, Айгерим ырдайт. Өзүм үчүн жазып көрөйүн дейм, бирок Айгерим ырдаса, кызыма жарашып калат. Анан мен:"Кызым, сен ырда",-деп коём. Айгеримдин чыгармачылыгынын үстүндө иштеп жатам десем жаңылышпайм. Кийинки убактарда сөздөрүн бирөөгө жаздырып, өзүм ырдашка туура келип калды. Ошон үчүн жаңы ырларым чыгып атат.
- Азыр жөнөкөй адамдар деле саясатчы болуп кетпедиби, сиз жашооңузду кайсы нукка өзгөрткүңүз келип жүрөт?
- Мен үчүн азыркы отурган "кресломду" кудай берип койгон да. Анан бул "креслону" бир гана кудай алып коюшу мүмкүн. Саясаттан абдан эле алысмын. Саясатка аралашкым да келбейт. Керек болсо айылдагы чалдардан бери саясатчы.
- Саясаттан алыс болгонуңуз менен, саясатчы досторуңуз көп экенин билем?
- Саясатчы досторум көп. Алар менен отурганда, саясат жөнүндө бир да сөз сүйлөгүм келбейт. Анекдот айтып, башка сөзгө буруп кетем. Саясаттан мен өзүмдүн ордумду таба албайм деп ойлойм.
- Кыргыз Республикасынын Президенти Роза Исаковна болгондон кийин,"Өлкөнү Роза Исаковна башкарып атат, бир үй-бүлөнү мен башкара албай калыптырмынбы?!" - деп күйөөлөрүнөн бийлик талашкан аялдар көп кездешип жатат. Сурайын дегеним, сиздердин үйүңүздөрдө башкаруунун кандай формасы өкүм сүрөт?
- Биздин үйдө демократия. Мисалы, мен туура эмес кылсам, келинчегим оңдоп коёт. Келинчегимдин катасын мен оңдойм дегендей. Балдар аны сезет да. Кээде:"Ата, сиз бул жерде туура эмес кылдыңыз", - дешет.
- Келинчегиңиздин кайсы иштерине кийлигишесиз дагы, келинчегиңиз сиздин кайсы иштериңизге кийлигишет?
- Кээде эртең менен туруп бир жакка барарда, бир буюмумду таппай калсам, ошондо башталат. Катя менин чыгармачылыгыма кийлигишет. Мен интервью бергенде, болгонун болгондой эле айтып салмай адатым бар. Ошондо Катя:"Кичине кагазга ороп айтсаң боло?"-деп калат. Ал эми үйдө ар кимибиз өзүбүздүн милдетибизди так жана туура аткарабыз.
- Катя эже экөөңүздөр базарга барып, кийим аласыздарбы?
- Мындан он жыл мурун "Дордой" базарында Катя экөөбүз жетелешип алып баратсак, аркаман бирөө ээрчип алды. "Расул Маматкулов болсо өзүнө",-деп ар нерселерди айтып, жинге тийип кычый баштады. Көпкө чейин ээрчип келди, аягында чыдабай кетип, бурулуп туруп бир койдум. Ошондон кийин:"Экинчи базарга келбейм, өзүң эле алып келип бер", - деп калдым. Андан бери базарга бир да жолу басып барган эмесмин.
- Кээ бирлер жуунуп атып музыка укканды жактырышат эмеспи. Сиз музыканы кандай жерде укканды жактырасыз?
- Бир жолу машинада кетип баратсам, ырым радиодон кетип атыптыр. Анан ал ырды катуу коюп алдым. Машинемди бир жерге токтотуш керек болуп, токтотсом эле ары жакта турган бирөө:"Эй, өзүңдүн ырыңды коюп алып жүрөсүң?!"-деп ороңдоду. Радиодон кетип атат дедим. Өзүмдүн жакшы көргөн ырчыларымдын дискеттери дайыма машинамда жүрөт.
- "Жалал-Абад жылдыздары" аттуу концертти уюштурдуңуз. Ошо тууралуу айта кетсеңиз?
- Азыр концерт уюштуруу абдан кыйын. Мурун, мисалы, эки афишаны илип коюп концерт коёт элек. Азыр проблемасы абдан көп. Эстафетаны мойнума алгандан кийин, аткарбасам болбойт деп, колумду түрүнүп баштадым. Кайрымдуулук концерти болуп жаткандан кийин, ырчыларга айтып, бир күндүк тапкан акчабызды Жалал-Абаддагы колунда жокторго, жардамга муктаж адамдарга кайрымдуулук кылалы дедик.

Төлөбүбү Касымалиева




Назик жигиттерди көргөндө иренжийм
Салттуу музыка жаатында өзүнүн стилин тапкан уккулуктуу үнү менен эл оозуна алынып калган ырчы кызыбыз бар. Чачынын узундугу, чырайлуу жүзүндөгү калы менен башкалардан айырмаланып турат бейм. Бүгүнкү коногубуз комуздун коштоосундагы жагымдуу ырлары менен гана эмес, актрисалык жаатта да ийгиликтерге жетишкен Гүлнур Асанова.

- Чыгармачыл жаатта кандай жаңылыктар бар. Оболу кепти ошондон баштасак?
- Алгач Түркиянын Анкара, Стамбул шаарларына "Түрксой" уюшулган коомдун негизинде барып келдик. Анан жыйынтыктоочусунда Вашингтондо, Бостондо болдук. Кичинемде эңсеген Ниагара суу сактагычына барып, эс алып келдик. Роза Аманова, Дильшат Кангелдиева, "Акак" комузчулар ансамбли, "Арууке" бийчилер тобу болуп бардык. Убакыттан пайдаланып бизди финансы жактан каржылап, көмөк көрсөткөн ЖКнын депутаттары Алтынбек Сулайманов, Нурлан Сулайманов жана Мелис Эшимкановдорго терең ыраазычылыгымды билдиремин.
- Балалык күндө кандай кызыктуу окуялар болгон?
- Менин чачым бала кезимде кайраттуу болгондуктан, кирпи чечендикиндей тике карап өсчү да. Бир жолу кичинекейимде мени алдап: "Чачың эрте менен турсаң өсүп калат",-деп чачымды кырып салышты. Эрте менен туруп эле дароо күзгүнү карасам, чачым жок. Анан жер тепкилеп: "Силер мени алдапсыңар, чачым кана?"-деп ыйлап жатам. Сенин чачың жай өсөт экен, эртең болбосо бүрсүгүнү өсүп калат деп сооротушкан.
- Ырга ышкыбоз маалың качан жанданган?
- Мен кичинемде Каныкей Эралиеванын ырларын жакшы көрүп ырдачумун. Негизи, Каныкей эженин үнү тоо булагындай шыңгыр жана тунук го. Мага апам түрткү болду, себеби, апам комуз чертип жаш маалында ырдап калчу экен. Бир жолу мага шылдыракты черттирип, музыкалык жөндөмүмдү текшерип жатат. Апам мага шылдыратканды үйрөтүп жатса, мен абдан кыйналып, көпкө түйшөлдүм. Эртең дагы уруш укпайын деп, баары уктап жатканда түн бир оокумда сыртка чыгып алып шылдыракты шылдыратып үйрөнүп жатсам, апам чыга калып сүйлөп жиберсе, чочуп кетип, үйдү тегерете качканым эсимде.
- Жер-жерлерди кыдырганда, кандай окуяларга туш болдуң?
- Дагы бир жолу ошол 6 жашымда гастролго чыгып калдык. Айылда эскилиги жеткен клубдар болот да. Бир маалда сахнанын так ортосунда ырдап жатып, кокусунан чуңкурга түшүп кеткем. Алып баруучу мени таппай калып, араң алып чыккан. Ошондо да элге сыр билгизбей жүгүнүп, сахнанын артына кетип калгам.
- Кино жаатына кандайча аралашып калдың?
- Менин кино жаатта алгачкы кадамым "Карагул ботом" киносунда тартылганымдан башталган. Башка элдин киносун анчейин сүйүп көрө бербейм. Негизи өзүбүздүн кыргыз керемети аталган кыргыз кинолорун эс тарткандан бери тамшанып көрүп келем. Менин кумирим Таттыбүбү Турсунбаева. Эмне үчүн бул таланттан таасир алдым деп ойлойсуз. Себеби, сулуулуктун символу болгон кайталангыс сахна ажарынын башкалардан өзгөчөлөнгөн касиети бар. "Ак Мөөр" киносунда анын бир кылчайып караганы кандай гана сөз менен жеткире алгыс көз ирмем. "Сүйүү жаңырыгында" эң жөнөкөй аялзаты Асиянын образын ачып бергенде да ал жеткиликтүү көрсөтө алган. Мен да Таттыбүбү улуу актрисадай элге танылгым келет. Эгер "Ак Мөөрдүн" жаңы версиясын тартышса, мен макулдугумду бермекмин. Себеби, бирден бир эңсеген кыялым ушул.
- "Туңгуюк" тасмасы психологиялык жанрга киргени менен өздүк камера менен тартылганы байкалып турат. Балким, профессионалдар тартса, фестивалдарга катышып калат беле?
- Бул кинонун сценарийи Темирбек Маймашевге таандык. Негизи, жакшы тартылган, бирок ким бирөөөлөр аркылуу жумушчу варианты пираттык дисктерге чыгып кетип, элге начар тартылганы тарап кеткени өкүнүчтүү. Ушул инсан мени чыгармачылыктан колдоо көрсөткөн. Эгер бул Темирбек мырза менин актрисалык жөндөмдүүлүгүмдү байкабаганда, билбейм катардагы кыздардын бири болуп калмак белем. Ушул инсанга терең ыраазычылыгымды билдиремин.
- Көбүнчө жашоодо азап-тозокту көргөн образдарды жаратып келесиң го. Кандай роль аткарсаң өз башыңдан кечиресиң деген ырымга ишенесиңби?
- "Кылмыш" деген кинодо мен зордукталган кыздын образын жараткам. Бул ролду Келсинбек Атабеков сунуштап калды. "Кылмыш-2" киносунда Келсинбек режиссёр болсо, мен продюсерлик милдетти аткардым. Бирок ал азыр элге чыга элек. Түштү кайсы жакка жоорусаң, ошондой болот деп коёт го. Кыздын муунуп өлөйүн деген жери бар. Ошону аткарганда калтырак басып, кызыктай боло түштүм.
- Кайсы бир учурда төп келген мырзаны жолуктура элекмин деп айтканың бар. Сенин баамыңда чыныгы мырза кандай талаптарга жооп бериш керек?
- Кыргызымдын чыныгы мырзасы болушу шарт. Азыр мен гана эмес, карапайым калк да байкашаттыр, акыркы учурларда мырзаларыбыз чачтарын өстүрүп алып, назик болгондон назик болуп бара жатат. Кудайым аял, эркекти кандай жаратса ошондой гана болушу дурус го. Азыркы жаш жигиттерибиз өздөрү да арык, анан чачтарын да өстүрүп алганы мени кадимкидей иренжитет. Мага кең далылуу, спорттук дене түзүлүштөгү мырзалар жагат. Сөзсүз түрдө чечкиндүү болсо. Өз сөзүндө турбай, эки жакка ооп кеткендерден алыс эле болгонум жакшы.
- Пластикалык жол менен калыңды алдырайын деген ой жокпу?
- Мени көпчүлүк эл атымды билбесе да, бетинде калы бар комуз менен ырдаган кыз деп таанышат экен. Мен калымдан арылмак турсун, тескерисинче, башкалардан айырмаланып турганым менен сыймыктанам.
Динара Асылбекова







ggle_v

кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
ggle_v

oh_kaptal
WebMoney кошелек:
Z189154646502
R429713653063

Яндекс цитирования
ggle_v


Курс валют
Курсы валют к сому


Тагыраак көрсөткүчтөрдү
Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >>


Эркин макалалар
Макала, чыгарма, жарнама...
Алия Бактыбек:
Парламент коом жана бизнестин кызыкчылыктары үчүн иштей баштады

Алия Бактыбек:
Парламент и общество ищут пути…

Алия Тонова:
Жогорку Кеңештин депутатына 7000 жумушчу кайрылды…

Жамалбек Ырсалиев:
Темирбек Асанбековдун жомогу…

Пресс-служба
Ассоциации "Дордой":
Опровержение…

Жамиля ОРМУШЕВА:
Бразилия - новый партнер Кыргызстана…

Асылкан ШАЙНАЗАРОВА:
Жизнь, когда кости -
по 25 сомов за кг…
Кому на Руси, то есть, в KG жить хорошо?
Новая тема со старыми фигурантами
или особенности кыргызской политики
Эпатаж кыргызской политики
Вицелер парады же жумуртканы күздө санайбызбы?
"Единый Кыргызстан" ("Бүтүн Кыргызстан") един с Вячеславом Ханом?!

Кармыштегин
Макелек Өмүрбай уулу,
профессор...
"Кыргылчалдын балдары",
оозуңду тарт…

Нуркулов Канат, журналист...
"Социалдык багыттагы" көбүртүлгөн өлкө бюджети
"Социально-ориентированнный" бюджет страны с воздушными цифрами
Кыргызстандын жыртык капчыгы
же өлкө казынасын кантип толтурууга болот?
Дырявая казна Кыргызстана
или как можно пополнить бюджет страны?

Айбек Усенов
Имперский гнёт продолжается

Баймуратова Нурила...
Кыргыз Республикасынын Президенти
Отунбаева Роза Исаковнага

Мелис Эшимканов...
...кесиптештерин коноктоду.

Кабул Юлдашев:
"Я всем сердцем люблю мой Кыргызстан!"

Министрликтин жообу:
Жаңы министрликтин жообу

Турсунали Толомушов:
Жаңы министрликтин жаш кадрларынын жоруктары

Асыран Айдаралиев:
"БАНДИТ" АЖO

подполковник
Т.Сусунбаев:
Токтогулдун милициясы ИИМдин буйругун аткарбагандыктан
дисциплиналык жазасын алды.
Сотрудники милиции Сузакского района будут нести ответственность за утери табельного оружия

Жумаш Назаров:
Кочкор-Ата коркунучтабы?

Турсунали Толомушов:
Жаңы министрликтин жаш кадрларынын жоруктары

Майрам АКАЕВА...
Үмүттүн шооласы үзүлбөйт
Президенттин жарынын жазгандары
Экинчи китеп...

Академик
Аскар АКАЕВ...
Нобель сыйлыгынын лауреаттарынын жолугушуусунда доклад жасады...
Торжественный вечер, посвященный
Л.Н. Гумилеву...

Академик
Аскар АКАЕВге...:
Орустар алтын медаль беришиптир...

Aidai Masylkanova:
Улуумания
Кызык, эмне болуп жатат деги….?

Кыргыз атуулу:
Кыргызстандын жарандарына жасалган мыйзам ченемсиз эксперименттер

Аскар Акаев:
В Кыргызстане многие еще только ждут своего часа

Кабыл Шабданов
Кара-Буура Куловго нааразы

Алексей Рощин
Лучший Президент

Назаралиев Ж.
Курманбек Салиевич Бакиев, тур ордуңдан, сот келатат!

Турсунбай Бакир уулу
"Мой курс - отстранить родственников президента от власти"

Назаралиев Ж.
Курманбек Бакиев кимди мураскер кылып калтырат?
Кого Курманбек Бакиев назначит преемником?



bottom
гезит сайтка чыгарылыш туралуу Жакшылык:
емейл:presskg@outlook.com
тел.: +996557106640
 0312 87 28 79
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!

Яндекс цитирования