Айтпай турган сөз эле...

Адылбек Эсенбеков:
"Шарттуу түрдө (условно) кесилгеним бар , мен аны моюнга алам"
Албетте, апрель окуясында курман болгондорго убактылуу өкмөт тарабынан атайын "Эл баатырлары" деген төш белги ыйгарылган. Бирок ошолордун арасында чыныгы баатырлар бар. Экс-губернатор катары элдин эсинде, азыр эч кандай бийлик структурасында жок. Апрель окуясы тууралуу биз ошол инсандын өз оозунан чындыкты уккубуз келди. Нарын облусундагы төңкөрүштү уюштурган, Нарын облусунун экс-губернатору Адылбек Эсенбеков:

- Балтыр тилген балалыгыңыз кандай болду экен?
- Балким, мен опурталдуу тарыхый учурларга аралашып калганымдын өзү бала чагыма байланыштуу болсо керек. Эсимде, бала кезде бир күлүк атым бар болчу. Байгеге коюп, чаап баратып, биринчилерден болуп марага жетип келгенмин. Ошондо бүтүндөй айыл чогулуп, элге кызмат кылган уул бол деп бата беришкен. Күлүк атымдын биринчиликке чыкканы ар дайым мага шык берип, дем-күч берип турат. Мен төрөлгөндө дагы элин баккан Адыл баатыр болсун деп, чыгарманын каарманынын атынан Адыл деп ысым ыйгарышыптыр. Мен төрөлгөн күнү төрөтканадан жайлоого ат менен алып баратып, кокусунан оролгон жууркандан жерге "топ" этип шиберге түшүп калат экем. Үйгө барса оролгон төшөк бош экенин көрүп, атам коркуп кетип кайра кайтат. Анан шиберде мен ыйлап жатам. Көрсө, атам өлтүрүп алдым го деп аябай корккон экен. Ошол нерселердин баары менин жашоомдо чоң өзгөрүүлөр болгонуна байланыштуудур.
- Адыл мырза, элге түшүнүктүү болуш үчүн, Нарын эли сизди губернаторлукка шайлап алышкан эле. Бирок 3 жарым айдан кийин ошол бийлик тараптагылар сизди губернаторлук кызматтан түшүрүп коюштун себеби эмнеде?
- Менин губернатор болом деген да оюм жок болчу. Бийлик үчүн жан талашпайм. 7-апрелди эстеген сайын менин жүрөгүм зыркырап, көөдөнүмдөн кан өтөт. Канчалаган жаш балдардын өмүрү кыйылып кетти. Мен эч убакта бийлик үчүн күрөшкөн эмесмин, болгону Кыргызстанды курутуп жаткан үй-бүлөлүк бийликтин түп-тамырын талкалаймын деп күрөшкөм. Мен ошол кездеги губернатор Алмаз Акматалиевге да айткам: "Алмаз, сыйың менен эл тарапка өткүн, ошондо мен кайрадан элдик губернатор кылып коёмун, 5 жылга",-деп. Бирок тагдыр такыр башкача болду.
- Жан үрөп, элдин камын ойлоп чыксаңыздар, эски бийлик тараптагылардын көз карашы кандай болду?
Биз Нарындагы төңкөрүшкө даярданганыбызды эстесем, бир чети күлкүм келет. Бир үйдү ижарага алып, штат кылып, ошол үйдүн тегерегине кичинекей таштарды тизип, бөтөлкөгө бензин коюп даярданганбыз. Себеби, капчыгы күчтүү бийликтин адамы менен күрөшүү оңойго турбаган нерсе. Ошондуктан мага Эркин Орозбеков деген жигит атчан балдарын топтоп уюштуруп, катуу даярдандык. Бизге Азимбек Бекназаров, Алманбет Шыкмаматов келди. Бир ирет Роза Отунбаева да келип, Нарындын эли менен жолугушуп кетти. Бирок Нарындын эли толкугандан толкуп токтобой турду. Данияр Үсөнов да келип: "Адыл иним, мен сага акимчиликти берем, бардык маселеңерди чечем!"-деп элдин көзүнчө сөз берген эле. Бирок мага акимчиликтин да кереги жок болчу. Эл катары Нарындагы Теңир-Тоолуктардын талабын, бийик тоолуу жерде жашаганын, көмүрдүн жоктугун, светтин кымбаттап кеткенин, стратегиялык обьектилердин арзан баага бекер сатылып жатканын, ошол нерселерге чыдай албай, элдин патриот жигити катары чыккан элем. Менин болгон максатым ошол болчу, максатыма жеттим. Ал эми губернаторлук кимге керек болсо, ала берсин. Мен бийлик үчүн жанталашкан адам эмесмин.
- Сиз губернатор болгон учуруңузда абдан көрө албастыктар болуптур. Адылбек Эсенбеков түрмөгө отурган, 3-класстык эле билими бар деп чыгышты. Ушунун бардыгын өзүңүздүн оозуңуздан уксак?
- Мен ушу жерден чындыкты чындыктай, акты ак, караны кара дегим келет. Мен эч качан актанбайм, болгон ишти болгондой айтам. Мен, кудайга шүгүр, 3-класс билимим жок эле, Евразия институтунун юриспруденция бөлүмүн аяктаганы турам. Май айында жогорку билимдүү деген дипломумду аламын. Ошондо кесибим юрист болот. Эми жаштык кез-мастык кез деп коёт го. Жаштык кезде башыбыздан эмнелер гана өтпөйт. Ар бир өзүн эркекмин деп сезген жигиттер, сөзсүз түрдө жашында шоктук кылып коюшу мүмкүн. Шарттуу түрдө кесилгеним бар, мен аны моюнга алам. Бирок мен анда уурулук кылган эмесмин, бирөөнү зордуктаган же өлтүргөн эмесмин. Бир жаштык кездеги жаңылыштык үчүн, сенин коомдо керегиң жок деп, саясаттан чийип коюш туура эмес деп ойлоймун.
- Таксист болуп иштеген деп да жүрүшөт?
- Ооба, 2004-жылы Акаевдин режиминде, "Ата Мекен" партиясына өз ыктыярым менен киргем. Ошондо саясатты түшүнүп иштеп калгам. Бирок кечке саясатта жүрө бербейсиң да, үй-бүлөңдү, кара жаныңды багышың керек. Ошол убакта мен Прибалтикадан машине ташып сатып, жан бакчумун. Бишкек шаарында аз-маз таксист болуп жүргөн күндөрүмдү унутпаймын. Такси айдаган учурдан уялбаймын, кантсе да бул менин басып өткөн жолум. Ак эмгегим менен акча таап, үй-бүлөмдү бакканыма сыймыктанам. Саясат десе эле асмандан түшө калбай, бардык этапты басып өтүш керек. Мен губернатор болуп отурганымда дагы, ошол күндөрүмдү эстеп, жүрөгүмдө жакшы сезимдер болду. "Шералынын чокоюн" унуткандай болбой, мен басып өткөн жолумду эстеп, элге ак кызмат кылдым. Эмне үчүн төбөсү көрүнгөн саясатчылардын жаман жагын гана жазып келишет. А эмне үчүн жакшы жактарын жазышпайт? Мен спорт чөйрөсүндө дагы көп ийгиликтерге жетишкенмин.
- Сизге эски бийликтеги губернатор Алмаз Акматалиев: "Төңкөрүштү токтот, мен сага 3 миллион сом берем!"- деген экен го. Ошол сөздөр чындыкка жатабы?
- Ооба, мен элдерди чогултуп даярдана баштаганда эле, ошол губернатор мага абдан нааразычылыгын билдирген. Телефонума чалып: "Адыл, элди таркат, СНБнын колуна түшсөң, сенин колу-бутуңду талкалап, өмүр бою түрмөгө тыгат!"-деп коркутса, мен унчукпай койдум. Экинчи жолу да чалып: "Адыл, мен сага болуша албай калам, иним, менин колумдан эчтеке келбей калат. Бакиевдер сени жок кылат!"-деп мага таарынып, телефонун коюп салды. Бирок бир аздан кийин санаасы чыдабай, креслосунан корксо керек, кайра чалды: "Адыл иним, экөөбүз эркекче сүйлөшөлүчү, сен да жигиттериңди алып келбе, мен да милицияларды алып барбайм",-деди. Атайын кызматтык машинеси менен келип, анын ичинде сүйлөштүк. Ошондо: "Эмне кыласың бийлик менен эсептешип, сен баары бир түрмөдө чирип каласың, андан көрө артка кайт, азыр 3 миллионду алып келип берем",-деп айтса мен: "Сен сыйың менен бийликти элге өткөрүп бер, сени дагы шайлаттырам"-дегенде, оюбуз бир жерден чыкпай, сөгүнгөнгө чейин барып, анан машинеден чыгып кеттим. Ошол бойдон мен аны көргөн жокмун. Ошентип 7-апрелде облустук администрацияны 20 миңдей адам менен келип, бийликти басып алдык. Ошол учурда мамлекеттин имаратын талкалабай алдык. Эл мени Адыл баатыр деп сыйлап, көтөрүп барып губернаторлукка коюшту. Мен 3 жарым айдын ичинде абдан көп нерселерди аткардым. Мен губернатор болуп турган учурда мага канчалаган акчаларды алып келип алдашты, бирок коррупцияга малынган бийликти биз жоготсок, анан алардан кайра акча аламбы? Бирок кийинчерээк мени акча алды деп чыгарып жүрүштү, аны гезит бетинен окуп алып таң калып, ошондой адамдардын жүзү жогуна тан бердим.
- Өмүрбек Текебаев менен канатташ болуп жүргөн деп уктук. Кызматтан кеткениңизде жардам бере албадыбы? Сиз ошол убактылуу өкмөттүн камчысын чаппадыңыз беле, алар өз башын өзү чапкан ажыдаар сыяктуу болуп калыштыбы?
- Текебаевге эч таарынычым жок. Мен губернаторлуктан түшүп калган мезгилде, парламенттин тизмеси бекип калган экен. Негизи, мен партиядан чыкпайт элем, губернаторлукта турганымда партиядан убактылуу четтетилгем. Болбосо партияда 10-катарда болчумун, азыр эми 51-орундамын. "Ата Мекен" партиясына Текебаев үчүн кирген эмесмин, мен кыргыз элим деп патриоттуулугум үчүн киргенмин. Мен бир адамга сыйынып, бир адамдын этегине жыгылып, андан тирөөч күткөн адам эмесмин. Бирок Текебаев убагында президентке акаарат кылып: "Асынып өл!"-деген сөзүн коркпой айткандыгын эрдик деп баалайм.
- 2007-жылы Атамбаев президенттикке талапкер болгон учурда, Нарында ат мингизип, Атамбаевди элдик хан көтөргөн экенсиз. Балким, ошо жерден Текебаев менен ымалаңыз келишпей калгандыр?
- Мен анын аныктыгын айта албайм. Ошондо бириккен элдик кыймыл түзүлгөн. Ошол учурда Алмазбек Атамбаев жалгыз президенттикке ылайык болуп жаткан. Нарында эл менен жолугушууга барганда, Токтобек деген аябай патриот жигитибиз бир да тыйын албастан, атын тартуулаган жана мен Атамбаевди атка мингизгем. Ошол жерден мага Текебаевдин таарынычы болгондур. Бирок ал таарынычын мага билгизген жок, мен да ал жөнүндө эч нерсе деп айта албайм.
- Бийликтен түшкөнүңүздө, сизди арак ичип кетти деген журналисттерге эмне үчүн жооп иретинде кайрылган эмессиз?
- Мен Нарында губернатор болуп отурганда, бир журналист келди эле. Сиз мага 10 миң сом берсеңиз, бир гезитке жазам деп айткан. Мен:"Алтыным, эл менин ишимди өзү эле көрүп алат. Мен сага 10 миң сом берип гезитке чыкканчакты, акчасы жок отурган 3 үй-бүлөгө ун алып бербейинби,-дегем. Балким, журналисттерге ушул жообум жакпай калып, мага өчөшкөндүр. Мен андайга терикпейм деле. Мен өзүмдү-өзүм чоң саясий аренага даярдап жатам.
- Азыркы учурда эмне менен алексиз?
- Азыр мен 7-апрель тууралуу эч кандай кошумчасы жок, болгонун болгондой кылып китеп жазып жатам. Ал эгемендүү мамлекетибиздин өзүнчө бир барагы. Ошол окуя жөнүндө бирөөнү он кылып кошуп-ташып айткандар бар. Бир нерсени жашырып айткандар бар. Ал эми мен болсо, болгонун болгондой кылып, тизмектеп жазып жатам. Кудай буйруса, ошол китебимди 15-июль туулган күнүмдө бүтүрүп, эл арасына таратам. Нарындагы Теңир-Тоолуктардын төңкөрүшүнүн чыныгы жүзүн чагылдыргам. Ажыдаарга айланган бийликти кулатканыма сыймыктанам. Убактылуу өкмөт эмгегибизди унутуп калса дагы, карапайым эл унутпайт. Мен элиме ыраазымын. Нарынга барган сайын эл Адыл баатыр деп айтышат. Ошол эле атак түшүнгөн жанга эмне деген сыймык.
- Сизге кызмат сунушташтыбы?
- Мага аябай көп кызмат сунуштаган. Бирок мен азыр ойлонуп жатам. Өзүмдүн билимиме, иш-тажрыйбама ылайыктуу кызматка барам. Эл үчүн кызмат кылууга мен ар дайым даярмын, бул эр жигиттин мойнундагы жүгү болот. Эр жигит ар дайым эл четинде, жоо бетинде болушу керек. Бүгүнкү бийлик кысым жасайбы, же башка бийликпи, эч качан коркпош керек. Ар дайым элдин тагдыры үчүн башын сайып коюш керек. Мен ошондой позициядагы адаммын.
Динара Асылбекова