Күүгүм кечте сыр маек

Жусуп Толтоевдин жубайы Сабира Толтоева:
Жусуп менин кадимки устатым болду
Жусуп Толтоевди кимдер гана билбейт? Кыргыз циркиндеги көөнөрбөс өнөр адамы, эли үчүн талыкпай кызмат кылган, тарыхта аты алтын тамгалар менен жазылып, төө көтөргүс из калтырган кыргызымдын чыгаан инсаны эмес беле. Көпчүлүк элдин эсинде күлүп тургандай элес калтырып кете берди.

- Чыгармачыл инсандын жубайы болуш кандай экен?
- 1979-жылы мен Кыргызфильм киностудиясында монтажда иштеп жүргөнүмдө, Жусупту жолуктурдум. Экөөбүздүн жылдызыбыз келишип, жакындан таанышып калдык. Жусуп шайыр жана сөзгө тургандыгы менен мени оңой эле арбап алды. Башкаларчылап таанышканда эле жабышпай, мага аяр мамиле жасачу. Мен да кыздардан өзгөчөлөнүп, шайыр мүнөзүм менен айырмаланып турчумун, чындыгында, кыздардын "көзүрү" элем. Жусуп ушул жайдары жаркылдаган мүнөзүмдү, күлүп турган көздөрүмдү жактырыптыр. 1981-жылы 6-февралда "Достук" ресторанында тоюбуз болду.
- Атайын маскарапоздук билимди кайсы жактан өздөштүрдү?
- Устаты-орустун чыгаан маскарапозу "АБВГдейка" тобундагы Валерий Довгань.Ошол киши актёрдук чеберчиликти үйрөткөн экен. "Карандаш" деген лакап ат менен таанымал Михаил Николаевич Румянцевдин мектебинен маскарапоздун философиялык ой жүгүртүүсүн үйрөнүптүр. Ошол "Карандашты" устаты катары аябай баалачу. Ал маскарапоз: "Жусуп, сен эч качан арыктаба, ушул калыптан жазба, эгер арыктасаң, сен өзүңдүн образыңды жоготуп аласың",-дечү экен.
- Сизди тажаткан сапаты?
- Мени тажаткан сапатын деле билбей калдым. Жашоо бирде өйдө, бирде ылдый болот эмеспи. Эл Жусупту көргөндө, жашоосу жыргал деп ойлошчудур. Бирок биз дагы карапайым калктай эле жанбыз да. Цирктин жатаканасында көп жыл жашадык. Биз да кыйын кезеңдерди көрдүк. Турмушта кагылып-согулдук, кээде жашоо ушунусу менен кызыкпы деп да ойлоп кетем. Талашып-тартышып жатып үйгө да жеттик. Жусуптун кемчилигин таба албай кыйнала берем. Аны сагынганымда, эч кимге байкатпай бугумду чыгарып ыйлап алам. Мен үчүн жакшы жолдош, жакшы устатым катары жүрөгүмдүн тээ түпкүрүндө сакталып кала берет.
- Сыныктан башкасынын баары жугат деп коёт го, агайдын кайсы мүнөзү сизде бар?
- Жусуптун жанында жүрүп, менде да маскарапоз болсом деген дарамет пайда болду. Ошентип анын ишине кызыгып калып, өзүм да жөндөмүмдү сынап көрдүм. Ал менин кадимки устатым болду десем жаңылышпайм. Мени лирикалык маскарапозсуң деп калчу. Бул кесип абдан шайырдыкты талап кылганы менен, ошол образды ачып бериш да бир топ кыйынчылыктарды жаратат. Турмушта жоош көрүнгөнүм менен, образ жаратарда болуп көрбөгөндөй шайыр болуп чыга келем. Жаш балдар менен бат аралашып кетсем, алар да теңтушундай көрүп алышат. Менин маскарапоздук өнөрдү аркалап жүргөнүмө бир топ жыл болду. Ушул кесипке биротоло сүңгүп киргениме сыймыктанам.
- Жусуп агай үй-бүлөлүк театрды качан уюштурган?
- 1995-жылы, ал "Цирк-Тамаша" деп аталат. 1992-93-жылдары цирк өнөрүнө балдар да аралаша баштады. Башка балдарды даярдап көрдүк, бирок болбоду. Тун уулубуз хатха-йога деп коёт, денени багындырып, буттарын мойнуна илип, ички органдарын кыймылдатат, ошол номерге өттү. Кичүүсү болсо эквилибр деп коёт, беш дөңгөлөк, беш катушкада турат, 5 катар стаканды коюп, оюн көргөзөт. Цирк өнөрү адамдын мүмкүнчүлүгүн даңазалоо, таң калтыруу, катардагы кишилер жасай албаганды көрсөтүү эмеспи. Мен болсо атайын адистик алып окубасам да, профессионал клоунесса болуп калдым. Айрымдар жыртык, ала-була кийим кийсе эле, маскарапоз болуп калат деп ойлойт. Сырткы келбет болгону менен, адамда шык болбосо, көрүүчүнү өзүнө тарта албайт.
- Цирктин көрөрмандарынын жаш өзгөчөлүктөрү кандай?
- Маскарапоздорду бир гана жаш балдар көрбөстөн, кадырман карыларыбыз да кызыгып көрүшөт. Бир кемпирдин жанында отурган бала андан: "Сиз дагы маскарапоздорго кызыгасызбы?"-деп сураса, кемпир: "Мен да жаштыгымды, балалыгымды эстегим келет",-деген экен. Анын сыңарындай, биздин өнөр көрүүчүнүн жаш өзгөчөлүгүн ылгабайт тура.
- "Атанын уулу" дегендей, балдарыңыз ата жолун жолдоштубу?
- Балдарым циркте, манежде туулган да. Кайсы жакка гастролго барбайлы, менин этегиме жармашып барышчу. Жусуп кийим салынган чоң чемодандарды көтөрүп, жер кезип жүрчүбүз. Улуу уулубуз Сыргак гастролдо жүргөндө Хабаровскиде, кичүүсү Сейтек Чымкентте туулган. Ошол кезде метрика аларда Россияда, Казакстанда аларды Толтоев дебей, Жусуп уулу деп жаздырганбыз. 1982-жылдары "уулу" деп жазышчу эмес. Ата-энем ушинтип жазбасак урушат деп жатып, аларды араң көндүргөм. Ал учурда сыртта жүрүп, ошондой жаздырганыбызга аябай сыймыктанган элек.
- Балдарга кандай тарбия берчү?
- Балдарга жакшы таалим-тарбия берген. Кыргызда жакшы сөз бар: "Баланы таяк менен урба, сөз менен ур",-деген. Жусуп уулдарыбыз Сыргак менен Сейтекке аталык жакшы таалим-тарбия берди. Балдарын аябай катуу кармачу, мен, тескерисинче, аларга жумшак мамиле кылчумун. Балдар уруксат сураарда мага акырын айтат дагы, мен атасына четин чыгарып айтып коём.
- Келиндин келгендегиси эстен кетпейт дегендей, кайсы жердин келини болдуңуз?
- Токтогулдун Мазар-Суу айылына келин болгом. Мен өзү Чүйдүн кызымын да, Токтогулга баратабыз, же жетпейбиз. Мен: "Ой, жеттикпи?"- десем, мына бир аз эле калды деп кетип баратабыз. Эрте менен чыкканбыз, саат кечки 9да жеттик окшойт. Алар да даяр турушкан экен, кадимкидей каадасын кылып тосуп алышты. Жусуптун атасы Айтмырза Токтогул районунун кадыр-барктуу адамы эле, кесиби бухгалтер болчу. Кайненем жакшы жан эле. Жусуптун көп кыял-жоруктарын апасына окшоштура берем.
- Мамлекет тарабынан кандай наамдары бар?
- 25 жыл циркте иштеди. Жусуп:"Көчөгө чыксам эл тааныйт, ошого каниет кылам, ал эми наамдар болсо, менин артыман жетпей келатат",- деп калчу жарыктык. Жусуптун бетке айтмай жайы бар эле. Андай адамдарды көпчүлүк жактыра бербеси айтпаса да белгилүү. Эмгегин эл бааласа да, жогору жактагылар эске албай жатканы өкүнүчтүү. Элге эмгеги сиңгени менен, ушул кичинекей кагаз деле көп нерсени чечип коёт тура. Анткени, ушул наам менен сенин чыгармачылыктагы чыйыр жолуң жазылат экен.
- Сиз баалаган мүнөзү?
- Мен Жусуптун тактыгын өзгөчө баалайм. Чакырылган жерге 5 минут эрте барып алчу. Мен аны айныта, шашпай эле баралычы, кыргызбыз го десем да болбой, немецтердей так жүрчү.
- Жусуп Толтоевдин кайталангыс таланты элдин жүрөгүндө сакталып калды. Агайдын басып өткөн жолу тууралуу даректүү тасма тартылса деген ой жокпу?
- Албетте, менде да ошондой ойлор жаралган. Жусуптун жакын достору Бакыт Карагулов менен Замир Эралиев да эскерүү тасма тартсакпы деп жүрүшөт. Жусупту менчелик эч ким билбесе керек. Анын чыгармачылык, жеке жашоосу тууралуу мен гана жазып чыгышым керек. Күзүндө атайын 60 жылдыгына карата чоң эскерүү кече өткөрсөкпү деп жатам. Бирок өзүм жалгыз жетише албайт экем. Эл:"Жалгыз болсоң чогоол бол, көп жанынан түңүлсүн",- деп коёт го, кантсе да Жусуптун элесине гүлдесте кылып уюштурушум керек.
- Тасмада роль жаратканы тууралуу айта кетсеңиз?
- "Каныбек" кинофильми М.Убукеев, Г.Базаров тарабынан адегенде 2 сериялуу болуп пландаштырылган, анда Жусуп Орозтайдын ролун ойногон, бирок 2-сериясы тартылбай, анын ролу ачылбай калды. Дооронбек Садырбаевдин "Айыл кайрыктарында" Мукан Рыскулбеков, Түгөлбай Казаков, Ильич Маратов жана ал болуп айыл музыканттарын, Бакыт Карагуловдун "Квартетинде" Тургун Бердалиев экөө негизги ролду ойногон. Замир Эралиевдин "Капканында" айылдык каарманды ойноду.
- Чыгармачыл инсандар ар тараптуу өнөр ээси болушат го, Жусуп агайдын дагы эл биле элек кандай өнөрлөрү бар?
- Жусуп ыр, аңгеме, башынан өткөргөн күлкүлүү окуяларды жазып койчу. Эгер түн бир оокумда "илхом" келсе, дароо туруп жазчу. Музыкалык аспаптардын көпчүлүгүндө ойночу. Өзү үчүн ыр жазып, аны башкаларга көргөзгөндөн уялчу, обон чыгарып, аны обончуларга угузчу эмес. Эл арасында ырдап койсо, бул кимдин ыры деп калышат. Ал ырлардын баарын өзү үчүн жазган.
Кыз-жигит болуп жүргөн кезде, мага далай каттарды жазчу эле.

Динара Асылбекова




Жусуптун каттарынан
Жусуптун Сабира эжеге Москвадан жазган каттарынын бир азын сиздерге окуп берели.
"… Биз эртең, б.а. 1-апрелде кече өткөргөнү жатабыз. Кечеге Юрий Никулин, Олег Попов, Карандашты ж.б. белгилүү орус клоундарын чакырып, аябай толкунданып турабыз. Сен да ошону сезип турасыңбы, Сабира? …"(Москва, 1980-жыл, март).
"…Биздин курста он эки бала окуйт. Алардын ар кими ар кайсы жактан. Ошолордун арасында мен да жүрөм намыс күтүп. Сабак күнүгө 9дан 6га чейин болот…( Москва, 1980-жыл, март).
"… Москвада суук, кар. Сенин катың келгенде ошол суукту жылытып, көңүлүмдү кубантат. Эсиңде болсун, сагынуу, сүйүү деген жаман нерсе болот окшойт. Сени сагындым, көргүм келет, бирок карачы канчалык алыстабыз. Ошон үчүн кат-кат-кат жана кат жазышып турушалы, Сабира…"( 1980, 31-март).
"…Алыскы Москва шаарынан сагынычтуу ысык саламымды сага салам, Сабира! Кызык, шамалды бирөө бир жактан айдап келгендей көрүнөт. Мындай шумдукту биринчи көрүшүм. Буга бир эле мен эмес, менин жанымдагы балдар да таң калышты…( 1980, апрель).
"… Мастерство актёра" деген сабак жүрүүдө. А мен болсо сага кат жазып, кыялымда сени менен сүйлөшүп жатам, Сабира. О, кыялымда сен жөнүндө эмнелерди гана ойлободум дейсиң… (1980. 14-апрель).
"… Сенден кат алдым. Ушунчалык кубандым дейсиң, алтыным. Сенден кат алып туруш мен үчүн кубаныч экенин унутпачы… (1980, 1-ноябрь).
"… Үйдөн студияга чейин туура бир саат жол жүрөбүз. Бир саат бою метродо жүрүп, тажап кетем. Ушул жолдор качан кыскарып, мен сага качан жетем?.. (1980, 1-январь).
"… 31-декабрда мен ВГИКте болдум. Сен жаңы жылды кайдан тостуң? Измайловский проезд, д.12. Всесоюзная студия. (1980, 7-январь).
"… Орустун шаары Москвада түбөлүк эмес, күнүмдүк окуп жаткан Жусуптан. Кандай Сабира, табихаттын таш боор кырсыктарынан сырткары жүрөсүңбү? Мен да табигаттын таш боор кырсыктарынан сырткары ойноп-күлүп жүрөм.(Бул тамаша.) …(1980, январь).