Кырктын кырын ашканда

"Аккан арыктан суу агат" деген сөз бекеринен айтылбаса керек. Белгилүү режиссёр Бообек Ибраев жана кыргыз эстрадасынын каймагы болгон Гүлсүн Мамашева аттуу атактуу инсандардын жолун жолдогон, башкалардан бийик үнү менен айырмаланган таланттуу ырчы Марат Ибраев тууралуу сөз болмокчу.

Марат Ибраев:
"Бетиме бырыш, башыман чачым түшкөндө ырдап чыктым"
- Таңшыган талантыңыздын сырын ушул жылдарга чейин ачпай жүргөнүңүздүн себеби эмнеде?
- Колдо бар алтындын баркы жок дегендей, билбей эле жүрө бериптирмин да, ырдайт десе эле өзүмдүн чакан чөйрөмө ырдап койчумун. Бирок чыгармачыл адамдардын үй бүлөсүндө өскөндүктөн, гастролдорго чогуу барып, чоң-чоң инсандар менен аралашып жүрүп, ырдоо тарбиясы менде эчак эле түптөлгөн экен. Мен өзүмдү искусство адамы болуп калам деп ойлогон эмесмин. Бара-бара, 40 жашка чыккандан кийин ичиңдеги чымындар түрткүлөй баштайт экен. Башында ырдагандан тартынып, жанымда Гүлсүн Мамашева деген чоң инсан турса, анан сүрдөп, ырдагандан уялыптырмын.
- Сиздин ырдап чыкканыңызга Гүлсүн эже каршы болгонун айтып жүрдү эле го?
- Мен 38 жашымда апама барып: "Ырдап чыкпайымбы?"- десем, апам: "Ай,бетиңе тырыш түшүп, башыңан чачың түшүп абышка болуп калбадыңбы, азыр жалаң жаштар ырдап чыгып атышат, сен кантип чыкмак элең?" -деп айтты. Бирок болбойт экен да, ичиңде жүрө берсе, бук болуп, бир күнү жарылып чыгат экен. Николай Басковдун үнүн баары эле "алтын үн" деп айтышат. Ал ырдаган ырды мен деле ырдай алат экенмин, ал "алтын үн" болсо, мен киммин деп, анын ырларын үйрөнүп, бир күнү тойдон ырдап көрсөм, баары мактап калышты. Ага чейин апам менин үнүмө маани деле бербептир. Ошондо ал:"Ай, сен кичинекейиңде деле унчукпаган, жоош бала элең, мындай үн кайдан пайда болду, көрсө, сенин үнүң жакшы чыгат турбайбы?" -деп таң калган эле. Ырдап чыккандан кийин, өзүм жаштардын арасында "дядя" болуп жүрмөк белем деп ойлондум, бирок чыгармачылыкка аралашкандан кийин, менден өткөн "чоң дядяларды" көрдүм да. (Күлдү)
- Ырдаганда дагы дүйнөлүк классикалык чыгармаларды аткарасыз, классиктерден кимди баалайсыз?
- Операда жүргөндүктөн, Доминго, Павароттинин ырларын көп угам. Паворотти дүйнөлүк масштабда тенор № 1 болгондуктан, анын ырларын абдан суктанып угам. Ырын ырдап көрсөм, меники деле окшошуп кетет, анан "мен деле кем калбайт турбаймынбы" деп ойлонуп калам.
- Үнүңүздү Болот Миңжылкиевдин үнүнө салыштырып келишет, сиз кандай ойлойсуз?
- Эми Болот Миңжылкиевдин үнү күчтүү үндөрдүн бири болуп эсептелинет да. Бир топ адамдар:"Ай, сенин үнүң Болот Миңжылкиевдин үнүнө окшош" -деп коюшса, жүрөгүм жайланып, кулагыма жакшы угулат. Чындыгында, Болот агабыздыкы бас-баритон, кичине жоон болуп кетет, ал эми меники болсо ичкерээк, бирок бийик.
- Музыкалык билимиңиз барбы?
- Музыкалык билимим жок, мурда жөн эле үнүм бар деп эле, күчкө салып өкүрүп-бакырып ырдай берчү экенмин, азыр болсо үнүмдү кичине таптап жатам. Алгач, У.Полотовдон сабак алгам. Мен орус тилдүү болгондуктан, кыргызча ырларды өздөштүрө албай кыйналдым. Бирок бардыгын агай үйрөттү, терең ыраазычылык билдирем. Учурда Италияда окуп келген Эл артисти Талгар Жакшылыковдон сабак алам.
- Өзүңүз кайсы кесиптин ээсисиз?
- Мен Политехтин инженер-механик бөлүмүн бүтүргөм. Андан кийин юридикалык билим алдым. Бажы окуусун дагы аяктап койгом. Бирок учурда Кумтөрдө иштейм.
- Сиздин ырдап чыкканыңызга жубайыңыз каршы болгон жокпу?
- Жубайым-заманбап адам. Мен жаңы ырдап чыгып атканда мага абдан жардам берди. Анын бир эле сөзү, макулдугу жөн гана башын ийкеп койгону мага дем, күч берип турат. Экөөбүз студент кезибизде сүйүшүп- күйүшүп жүрүп үйлөнгөнбүз. Учурда бир кыз, бир уулду тарбиялайбыз.
- Белгилүү режиссёр Бообек Ибраевдин тарыхта калтырган изи туурасында айта кетсеңиз, сизге кандай ата эле?
- Бообек Ибраев деп кайсыл жерден укпайын, биринчи атамдын адамгерчиликтүүлүгүн баалашат. Атам айкөл, эмгекти сүйгөн адам эле. Мен атамды сырттан билип калдым десем болот. Анткени, мен чоң энем, чоң атамдын колунда өсүп калдым. Армиядан келгенден кийин атам мени баласы катары кабыл алды. Ага чейин аларды аба-жеңе деп айтчумун. Кийинчерээк эле ата-апа деп көнүп кеттим. Өзү чыгармачылыкка өзгөчө берилген адам болчу, атам жараткандай эмгекти чанда гана кездештирүүгө болот. Биз кичинекей кезибизде, кечинде карасаң жазып олтурат, эртең менен спектакль жазып, ага бир жыл даярданат. Майын чыгаргандан кийин гана элге тартуулачу. Түркия, Москва, Индия ж.б өлкөлөргө дагы коюп келгенге жетишкен. Азыр эсептеп көрсөм, атам жүзгө жакын спектакль койгон экен, бул-ченемсиз эмгек. Азыр мындай спектаклди эч ким жарата албайт. Мен чыгармачылыкка аралашканда, атамдын көзү жоктугуна абдан өкүнөм. Азыр тирүү болгондо 76 жашка чыкмак экен.
- Сиз анда чоң атанын тарбиясын алган турбайсызбы?
- Чоң атам, чоң энем мени бир жашымдан тартып багышты. Бирок мен бир таякемдин, бир жездемдин колунда мал багышып, үй салышып эле жүрө берчүмүн. Чоң атам дагы илгерки аксакалдардай болчу да, кыйкырык, уруш жок, акырын сөз менен эле айтып койчу. Энем болсо мээримдүү эле, жакшы тарбиясын берди. Чоң атам башка балдарына караганда мени абдан жакшы көрчү. Мен армиядан келсем, атам Москвага окууга жибермей болду.Ошол убакта чоң атам катуу ооруду, көзү көрбөй, кулагы укпай олтуруп эле калган. Анан үйгө кирсем эле, чоң атам диванга олтуруп алып:"Эми Марат Москвага кетип калса, мен жалгыз каламбы, бул жерде ким калат?" -деп эле кечке кайталайт, жанына келип алып угуп олтуруп, жүрөгүм ооруп, кайгырдым. А мен болсо эки-үч күндөн кийин Москвага кетмекмин, анан ошондо, эч кимге эч нерсе айтпайм, бирок Москвага кетпейм деп чечтим. Анан атам келип урушат, агам, энем келип урушат. "Эмнеге барбайсың?"- дешсе, "барбайм" деп такыр сыр бербей койдум, ошентип көк беттенип атып, Москвага барбай калгам.
- Негизи эле чыгармачылык чөйрөгө кеч аралашкан инсандар гений болуп чыга келишет деп айтышат. Мисалы, Сүймөнкул Чокморов, Сабира Күмүшалиева ж.б. атактуу адамдар. Сиз да алардын катарын толуктайм деп ойлойсузбу?
- Чындыгында, Атай Огомбаев, Муса Баетовдор 30 жаштан өткөндөн кийин чыга башташкан экен. Чыгармачылыкка даяр болуп анан чыккан жакшы го дейм. Мени эч ким сүйрөгөн жок, болгону ичимен күйүп- бышып, ошого даяр болгондон кийин гана ырдап чыктым. Ал эми гениалдуулук -жөнөкөйлүктө деп айтышат эмеспи, балким, мен деле гений болуп калармын. (Күлдү)
- Ырдоодон сырткары эмнеге кызыгасыз?
- Мурда ырдоо мен үчүн жөн гана хобби болсо, учурда ал профессионалдуулукка өттү. Андан тышкары, үйдө балык багабыз дегендей. "Моцарт" деген мышыгым бар, алар абдан акылдуу болушат экен. Эртең менен бир нерсе "кылт" этсе эле, "мияу-мияу" дей баштайт. Үнү аябай ачуу, чаңырат. Ошон үчүн атын Моцарт деп койгонбуз. Андан тышкары, корообузда кичинекей бакча бар. Бактарды кыркып, жумуш кылып турам. Анан жумасына эки-үч жолу сууда сүзбөсөм, башым ооруйт.
- Элге жандуу үн менен концерт койбойсузбу?
- Мен ортодон эле чыга калып концерт бергим келбейт. Азыр тааныбаган балдар деле концерт коюп атышат. Анан мен да чыгып алсам, менин афишаларым көчөдө илинип турса, өтүп бараткан киши:"Мунуң ким?"- деп сураса. Мен ошондон уялам. "Бул Гүлсүн Мамашева же Бообек Ибраевдин баласы" деп айтышат да, бирок менин дагы өз ордум болуш керек.
- Жакынкы күндөргө кандай пландарыңыз бар?
Буюрса, апрелдин 25инде Москвада Эл аралык конкурс болот экен. Ошол жактан чакыруу баракчасы келди. Көптөгөн мамлекеттерден келип катышат экен. 1-2-тур болот. Жалаң орус романстарын аткарабыз. Учурда ошого үнүмдү таптап, даярданып жатам. Чогуу иштеген жамаатым:"Эй, сен барып, аларга ырдаганды үйрөтүп кел",-деп күлүп калышат. Эми, буюрса барып, Кыргызстандын атынан ырдап, татыктуу орун алганга аракет кылам.
Нургүл Ибраева