Сураптырсыз,
жооп беребиз
Наргиза, 20 жашта:
- Мен 15 жашымда айызым келбей кечиккенинен, операция жолу менен келтиргенбиз. Операция учурунда кыздыгым кошо алынып калышы мүмкүнбү?
- Негизи, бул туура эмес.15 жашында операция жасабаш керек болчу. Атайын келтирүү үчүн дары бар.Ошону ичсе эле келе баштайт. Эгер, тескерисинче, кан көп келип гемоглобин азайып кетсе, анда операция жолу менен токтотсо болот. Бирок бул өтө коркунучтуу. Операция жасалса дагы кыздык алынбайт. Атайын ал үчүн аспаптар бар да.

Альбина, 21 жашта:
- Айыз келип жаткан убакта, кофе ичсе жана таттуу шоколад жесе зыяны жокпу?
- Жок, кофенин зыяны жок.Тескерисинче, ал жардам берет. Андан тышкары, кофе кан басымы жогору адамдарга пайдалуу. Шоколад жесе дагы болот.Анткени, шоколаддын ичинде атайын ооруну басаңдата турган азыктар бар.

Жылдыз, 23 жашта:
- Ден соолугу чың бала төрөө үчүн эмне кылуу керек?
- Эгерде аял киши балалуу болууну пландап жатса, анда жолдошу экөө атайын дарыгерлерге кайрылып, бир сыйра текшерилүүдөн өткөнү оң. Бардыгын тууралап, тактап алгандан кийин экөөнүн тең ден соолугу жакшы болсо, анан балалуу болгону туура.

Айгерим, 24 жашта:
- Миоманын алгачкы белгилери кандай болот?
- Миома,негизи, ар кандай болот жана 5-6 түрү бар. Аны атайын текшерүүдөн өткөндөн кийин гана билсе болот. Мисалы: матканын үстүндөбү,ичиндеби жана өлчөмү кандай экенин аныкташ керек. Анын белгилери-айыз учурунда кан көп келе баштайт. Кээ бир кезде айыз кечигип, же көпкө чейин келбей калат. Ошондон байкаса болот. Андан тышкары, 20 күндөй кан келе бериши мүмкүн. УЗИге түшүш керек. Албетте, УЗИ аныктай алат. Азыркы убакта миома жаштарда көп пайда боло баштады. Мисалы, мурда 30-40 жаштан жогору болсо, азыркы убакта 25 жаштагы кыздар деле болуп жатат.

Ирина, 20 жашта:
- Кыздыгы жок болуп төрөлгөндөр балалуу боло алышабы?
- Негизи, кыздыгы жок төрөлүшү мүмкүн эмес. Кыздыгы жабык болуп төрөлүшү мүмкүн. Айыз келе берет.Андан билинбейт.

Венера, 28 жашта:
- Бойго болтурбоо үчүн укол алгам. Анын курамында "темир" барбы? "Ипардын" биоцинк дарыларын иче берсем болобу?
- Кандай укол алганыңызды билбейм да. "Ипардын" дарыларын ичсе болот. Ал жардам берет, бирок аягына чейин эмес. Дарыгерге кайрылыңыз.

Айпери, 20 жашта:
- Бир жыл жыныстык катнашта болбой жүрүп анан болсо, жыныс кын кичирейеби жана кыздык калыбына келиши мүмкүнбү?
- Жок, кичирейбейт. Кыздык калыбына келбейт. 10 жыл өтсө дагы, кичирейбейт.

Зарина, 18 жашта:
- Айыз келип жаткан учурда "Тампон" колдонсо болобу?
- Ооба, болот. Атайын турмушка чыга элек кыздар үчүн "Тампокс"тор бар. Аны колдонсо жакшы, кыздык бузулбайт. Бирок дайыма колдонбогула.

Каныкей, 21 жашта:
- Жыныс кынымдын чети ачышып оорута берет. Ал эмнеден жана кандай белгилери бар?
- Азыркы убакта көбүнчө кыздар синтетика ич кийимдерди кийип калышпадыбы. Ошондон териде бузулуу болуп, аллергияга алып келет.Андан тышкары, күнүмдүк гигиеналык каражаттарды көп колдонушат, же туура эмес гигиенаны сакташат. Анализ тапшырыш керек. Анын белгилери жыныс кынынын чети кызарып кетет. Анан баскан сайын ачыша берет.Ал үчүн дагы текшерүүдөн өтүш керек. Дары ичсе болот жана пахтадан жасалган ич кийимдерди көп кийиш керек. Бат-баттан жуунуп туруш керек.

Нурида, 24 жашта:
- Жыныстык катнаштан кийин белим оорутат? Ал эмнеден?
- Ал жатындын туура эмес жайгашып,артка ийилип калуусунан(загиб матки) болот.Жыныстык катнашта белдери ооруйт.