Сармерден

Ыр кесе сизге сунулду
Нан болсо, ыр да болот демекчи, Кыргыз почтасы жакшы демилге көтөрүп, өлкөнүн бардык аймактарындагы почталардын арасында "Ыр кесе" өткөрүүнү баштады. 18-мартта Аламүдүн районуна караштуу Арашан айылынын маданият үйүндө алгачкы "Ыр кесени" Чүй облусунун почтасы баштап берди.


Курбанов Алимбек, Чүй облустук почтасынын директору: -"Ыр кесе" улуттар аралык ынтымак, достукту бекемдөө максатында уюшулуп жатат"
- "Ыр кесе" ата-бабабыздан калган салт болгондон кийин, салтты улап, Кыргыз почтасынын жетекчилиги тарабынан атайын чечим кабыл алынган. Уюштуруу комитети түзүлүп, кайсы убакта, кайсы жерде өткөрө турган графиктери белгиленген. "Ыр кесени" эң биринчилерден болуп, Чүй почтасы баштап атабыз. Нооруз майрамына арнап, бир эле ыр, күү эмес, кыргыздын жана бизде жашап жаткан ар улуттун улуттук тамагын да кошуп сынак жарыяладык. Бул жерде он эки райондук филиал, Талас облусунун 4 районунун почтасы, Чүй облусунун 8 районунун почтасы катышат. 12 райондук почта кызматкерлери тарабынан даярдалган концерттик программа көрсөтүлөт. "Курманжан Датканын жылы" деп жарыялангандыктан, чоң энебиздин 200 жылдык мааракесине арналган сценкабыз да бар. "Ыр кеседе" кыргыздын унутулуп бараткан ырлары, салты ж.б. көп темаларга кайрылдык. Чүй жергесинде көп улуттун өкүлдөрү жашагандыктан, "Ыр кесенин" эң негизги максаты - улут арасында ынтымак, достук жана биримдикти чыңдоо. Ошону менен катар ишибизде кесиптештердин башын бириктирип, жакшы маанайда, мусулмандардын жаңы жылы-Ноорузду тосууда майрамдык шаң тартуулайлы дедик. Мындай "Ыр кесе" акыркы 3-4 жылдан бери өткөрүлбөй калды эле, быйыл кайрадан жандандырып жатабыз. Башка облустун почталарынын жетекчилери келип, көрсөткөн номерлерге өз баасын берип, калыстар тобунда отурушат. Ушундай эле "Ыр кесе" жакында Кыргызстандын бардык дубандарында өткөрүлмөкчү. Декабрь айында, өткөрүлгөн "Ыр кеселердин" жалпы жыйынтыгы чыгат. Тандалган мыкты номерлер декабрда боло турган Гала-концертке катышууга жолдомо алышат. Бул республикалык масштабда өткөрүлүп жаткан иш-чара.