Сен сүйгөн "Обон" Гүлжигит Калыков Сөзү, обону: Чыңгыз Турдубековдуку "Кайрылбаймын" Кайырма: Кайрылбаймын, эми жаңылышпаймын, Ким болсоң да эч качан жалынбаймын. Күндөрүмдү сага арнап, сүйөрүмдү даңазалап, Жүргөн элем бир кездерде мен. Жакындап мен жалдырадым, ал сезимим баалабадың, Айдан түшкөн перисиңби сен. Барктанасың сен эби жок, сулуулугуң кереги жок, Көргүм келбей калды сени, көңүлүм жок. Кайырма: Кайрылбаймын, эми жаңылышпаймын, Ким болсоң да эч качан жалынбаймын. Чогу өчкөн жүрөгүмдү, муздап калган көңүлүмдү, Жылытам деп жаңыласың сен. Адамда бир көңүл калса, түбөлүк ал бир кагылса, Өтүп кетет өмүрүң менен. Барктанасың сен эби жок, сулуулугуң кереги жок, Көргүм келбей калды сени, көңүлүм жок. Кайырма: Кайрылбаймын, эми жаңылышпаймын, Ким болсоң да эч качан жалынбаймын. Гүлсүн Мамашева КРнын эл артисти Кыргыз эстрадасынын түптөлүшүнө чоң салымы бар, чолпон жылдыз Гүлсүн Мамашева жаз мезгилинин башында КРнын Эл артисти деген ардактуу наамга ээ болду. Негизи, Гүлсүн айым бул наамды он жыл мурда эле алса жарашмак, ошентсе дагы жакшылыктын эрте-кечи жок эмеспи. Эл артисти сыймыктуу наамы менен "Обон" гезитинин жалпы жамааты чын дилден куттуктап, бекем ден соолук, чыгармачылык бийиктиктерди каалайт. Айко туулган күнүн өзгөчө тосту "Айчүрөк" эстрада театрынын солисткасы, Айко 15-мартта 16 жашка толду. Бул күн ал үчүн күтүлбөгөн сюрприздерге бай болду. Себеби, ырчынын достору менен күйөрмандары биригип, ал жашаган подъездди болушунча сонун кылып кооздоп коюшуптур. Айконун таң эрте эшиги такылдайт, ачса кооздолгон подъезд, гүлдөр, белектер... Эринбей шариктерди санап чыкса, туптуура 16 экен. "Мен үчүн бул туулган абдан өзгөчө өттү, менин маанайымды көтөргөн досторума, күйөрмандарыма ыраазычылык билдирем",- дейт жаш ырчы кыз. Устаты Айчүрөк Иманалиева бир ыр, бир клипти туулган күндүк белек катары тартуулаганын баса белгилей кетели. Гүлнара тун наристелүү болду Сүйүнчү, сүйүнчү жана дагы бир жолу сүйүнчү! "АГК" тобунун солисткасы Гүлнара Калдарова турмушка чыкканына жети жыл болгондон кийин, көп күттүргөн наристени 5-март күнү, 2кг, 500гр салмакта жарык дүйнөгө алып келди. Ымыркай 7 айлык болуп төрөлдү. Кызына жолдошу Мырзабек Аяна деген ысым койду. Аяна кыргыздын кымбат кыздарынан болсун! Бешик бооңуздар бек болсун, Гүлнара, Мырзабек! Дагы көп балалуу болуңуздар! Юлия эл аралык сынакта 4-орунга татыды Ырчы Юлия Руцкая 27-29-февралда Кипрде өткөн эл аралык "Colden melody" конкурсуна Кыргызстандын атынан катышып, 4-орунду ээледи. Эске сала кетчү нерсе, сынакка Россия, Азербайжан, Италия, Франция, Греция, Канада жана башка жыйырмадан ашык мамлекеттердин ырчылары ат салышкан. Сынак "Евровидение" форматында өтүп, интернеттен жана түз эфирден көрсөтүлүп турган. Дүйнөнүн булуң-бурчунан көрүүчүлөр жаккан ырчысына СМС добуш жиберишкен. Жыйынтыгында мекендешибиз 3000ден көп ыр сүйүүчүгө жагып, 4-орунга татыды. Юлияны жетишкендиги менен куттуктап, бул жеңиш чети эле болуп, ар дайым Кыргызстандын намысын коргоп, желегин желбиретип жүрө бер демекчибиз. Бекчоро ырдоо стилин өзгөрттү Жалаң гана батыштын стилинде ырдап, жарым-жылаңач болуп кийинип, дайым көз айнек тагып жүргөн Бекчоро үйлөнгөндөн кийин токтолдубу, айтор, ырдоо, кийинүү стилин өзгөрттү. Тагыраак айтканда, мурда "Сүйөм, күйөм" деген сыяктуу ырларды аткарып жүргөн болсо, эми энелерге, мекенге болгон чыгармаларды ырдап, кыргыздын оймо-чиймелери түшүрүлгөн костюмдарды кийип чыгат. Анда жаңы жаздырган "Эне жүрөгү" аттуу ырынын биринчи куплетин сыныңыздарга коёбуз. Баарынан тунук эне жүрөгү, Энеден согот мээрим илеби. Бапестеп багып, колуна алып, Бакытты каалайт эне тилеги... Асель Турдалиева күздүн камын азыртан көрө баштады Ырчылар үчүн кыш мезгили эс алуу. Ал эми жаз келгенде жаңы дем, жаңы күч менен жаңы ырларды жаздырып, клиптерди тарттыра башташат. Алардын катарында бир эле учурда көп нерсеге жетише билген декан айым, КРнын Эмгек сиңирген артисти Асель Турдалиева дагы бар. Анткени, күзүндө 13-сентябрда туулган күнүнүн урматына отчёттук концерт берейин деген жакшы ою бар. "Концертиме азыртадан чуркап жүрөм, буюрса, жандуу үн менен, жакшы сюрприздерге бай болот",- дейт ырчы эжебиз. Айзирек Келдибаева |