Сырмаек

Чолпонай:
"Алгачкы сүйүүм томпойгон бала болчу"
Кичинесинен бери сахнанын ашканасына аралашкан, өзүнүн өзгөчө ырдоо стили менен айырмаланган, көзү бакыракай, өзү татынакай ырчы кыз Чолпонай менен болгон сыр маек сиздердин назарыңыздарда.

Чолпонай тууралуу:
1988-жылы 3-июлда Бишкекте төрөлгөн.
27 жашында турмушка чыгат.
Тамак жасаганды жаман көрөт.
Китеп окуганды жакшы көрөт.
Шоколадсыз жашоосун элестете албайт.
Көп убактысын жолго кетирет.
"Короче" деген сөздү көп айтат.
"Жети өлчөп, бир кес" деген макалды жактырат.
Ушул жашка чейин эки жигит менен сүйлөшүп көргөн.
Виртуалдык дүйнөгө кызыкпайт.
Күнүнө 150-200 бирдик коротот.
Айдоочулук күбөлүгүн алган, бирок машина айдагандан коркот.
Эң көп 50000 сом кармаган.
Тамакты аябай көп жейт.
Дайым такси менен жүрөт

- Салам, Чолпонай, эң алгач кепти сенин бала чагыңдан баштасак. Кичинекей Чолпонай кандай эле?
- Кичинекей кезимде көзү бакырайган кыз болчумун, "Ак шоола" балдар тобунун жетекчиси: "Бизге жаңы келгенде көзүң жарым бетиңди ээлечү"-деп айтып, күлдүрүп калчу. Шок эмес, жоош кыз элем. Ал кезде апам мени көбүнчө сапсары кылып кийинтип койчу экен, ошондуктан мени "Жөжө" деп эркелетишчү. Бала чагыңда тоок сүйүү баштан өтөт эмеспи, менин башымдан дагы балалык сүйүү өткөн. Бала бакчада бир томпойгон бала бар болчу, ал кечке чачтарымдан тартып, тийише берчү. Мен аны абдан жакшы көрчүмүн. Экөөбүз дайыма чогуу ойночубуз. Ошол менин эң алгачкы, балалык сүйүүм болгон.
- Журналистиканы эмне үчүн тандадың эле?
- Анткени, таятамдын кесиби журналист. Кочкордогу "Кызыл Туу" газетасында эмгектенген. Командировкаларга көп барчу, эмнегедир мага бул кесип абдан кызыктуудай сезиле берчү. Анын үстүнө, бул кесипти тандаганымдын башкы себеби, өзүмдүн талантым, каалоом болду десем жаңылышпайм. Мен көбүнчө теледе иштегим келген. Теле алпаруучуларды көрүп, аларга суктана берчүмүн.
- Сыртыңдан караган адамга мактанчаак, бой көтөргөндөй көрүнөсүң. Өзүңө билинеби?
- Мактанчаакмын деп айта албайм. Бир жолу бир гезитке менин интервьюм чыккан. Журналист мага жалаң мактана тургандай кылып суроолорду берген эле, бирок, мен мактанган эмесмин. Болгонун болгондой айтып бергем. Айрым адамдарга мактангандай көрүнгөн окшойт. "Жылдыздын үйүндө" деген программаны алып чыкканда, көпчүлүктүн өтүнүчү менен өзүмдүн үйүмдү дагы көрсөткөм. Ошондо дагы мактанып, үйүн көрсөтүп жатат деп чыгышты. Мен мактанчаак эмесмин. Мени менен жакындан тааныш эмес адамга мен чын эле абдан бой көтөргөндөй көрүнөт экенмин. Себеби, жаңы окууга тапшырганда, группалаштарым мени менен тааныша электе, мени абдан бой көтөргөн, адамды өзүнүн теңине албаган кыз экен деп ойлошуптур. Бирок, таанышкандан кийин, мындай оюнан кайтышты. Негизи, сырткы келбет алдамчы болот эмеспи. Ошондуктан, сыртынан карап эле, тон быча бергендин кереги жок.
- Кыздардан курбуларың көппү, же жигиттер басымдуулук кылабы?
- Мырзалардан эң жакын эки эле досум бар, Төрөкул менен Ырыскелди. Мени бул жакка Ырыскелди машинасы менен алып келди. Мен алар менен кичинекей, быйтыйган кезимден бери досмун. Анткени, "Ак шоола" балдар хорунда чогуу ырдаганбыз. Мектепте жүргөндө 4 кыз абдан жакын курбулардан элек. Азыр такыр байланышпай калдык. Ойлоп көрсөм, алар менен дос деле болбоптурмун. Менин 2 эң жакын курбу кызым бар. Учурда алар Москвада. Тез-тезден байланышып турабыз. Ал эми чыгармачылыкта болсо, Кундуз Канатбек кызы, Сайкал Садыбакасова, Мирбек Атабеков менен дос катары жакшы мамиледемин. Булардын жүрөгү таза, ичинде кири жок. Негизи эле, он досуң болгуча, бир эң жакын, жакшы досуң болгон дурус деп эсептейм.
- "Чолпонай-продюсеринин аялы" деген сөз эл арасында жүрүп жатат. Чындыкты өз оозуңдан уксак?
- Мага ар ким чалып тийише берет. Алардын арасында чоң кишилер дагы бар. Ошондуктан мага тийишпесин деп продюсерим: "Мен Чолпонайдын күйөөсүмүн",-деп койгон. Ошондон улам ушул сөз тарап кеткен. Продюсерим экөөбүз жөнүндөгү сөздөргө комментарий бергим келбейт. Жигитим бар десем, туугандарымдын, тааныштарымдын баары эле: "Ал ким? Тааныштырчы?"-дей беришет. "Жок" десем, "Менин жакшы таанышым бар, таанышып көрбөйсүңбү, жакшы жигит",- деп айламды кетиришет. Ошондуктан, бул суроону комментарийсиз калтырганым оң го.
- Ырчылардын көбү кинө дүйнөсүнө аралашты. Сени качан көрүп калабыз?
- Туура айтасың, мен киного тартыла элекмин. Бирок, аябай актриса болгум келет. Эгер бул макаланы режиссёрлор окуп жаткан болсо, мен киного тартылганга даярмын деп айтып кетмекчимин. Терс каармандын ролун аткарганга дагы даярмын. Себеби, актёр роль тандабайт.
- Мурункудан арыктап калыптырсың. Диета кармадыңбы?
- Негизи, мен кичинекей кезимде абдан арык кыз болчумун. Толуп кеткенимдин себеби, бир жылдары биздин үй-бүлөдө чоң кырсык болуп, абдан катуу стресс болгом. Ошон үчүн толуп кеткем. Мен диета кармасам, тескерисинче, семирем, ошондуктан диетада эмесмин. Болгону жаным тынбай көп кыймылдайм. Машыгуу залына барып турам. Эч убакта адам тамактан семирбейт деп ойлойм.
- Жолдошуңдун кесиби кандай болушун каалайсың?
- Менин эң негизги критерийим, ырчы эле болбосо болду(күлүп). Ырчы жигитке мен эч качан турмушка чыга албайм. Өзүм ырчымын да, ошон үчүн алардын жашоосун жакшы түшүнөм. А мага мындай жолдош туура келбейт болчу.
- Учурда бешиктен бели чыга элек баладан бери саясатка кызыгат. Сенчи?
- Мен саясатка журналист катары дагы такыр аралашкым келбейт. Саясатка аралашыш үчүн аны менен жашап, абасы менен дем алып, туура түшүнүш керек. Шоу-бизнес кир деп коюшат го, саясат андан дагы кир. Таза адам да булганып калат. Ошондуктан саясатка кызыккым да келбейт.
- Кыргызстан канткенде өнүгөт деп ойлойсуң?
- Кыргыздын канында жалкоолук деген сапат бар. Мына ушундан арылганда, кичине болсо дагы өсүү болот. Анан баягы эле тууганчылык, жердешчилик бизде роль ойноп кетет. Кыргыздарда тууган абдан көп болот го. Ошон үчүн эле алдыга кетпейбиз. Мына ушул нерсени жойсок жакшы болмок. Эң негизгиси, коррупцияны жок кылсак, кичине болсо дагы алдыга кадам кылмакпыз.
- Кайсы бир жигитти сүйүп калсаң, сүйүүңдү билдире аласыңбы?
- Эгерде кыз жигитти аябай катуу сүйүп калса, ар кандай ыкма менен сүйүүсүн билдирсе болот. Көз карашы менен, басканы менен, толтура ыкмалар бар го. Менин оюмча, бул проблема деле эмес. Проблема-эгерде жигит кызга такыр эле көңүл бурбаса. Кыз жигитке барып: "Мен сени сүйөм!"-деп бетке айтса, ал кыздан жигит качат. Биздин менталитетке мындай көрүнүш такыр туура келбейт. Мен сүйүүмдү сөз менен билдире албайт элем. Бирок, "намёк" аркылуу, көздөрүмдү чоң-чоң ачып, башкача көздөрүм менен карап болсо дагы жактырарымды билдирмекмин.
- Сахнага чыкканыңа көп убакыт болсо дагы жеке концертиңди бере элексиң. Эмне үчүн?
- Жеке концерт деп эле толтура ырчыларды чогултуп алып, ашар концерт бергендерди туура көрбөйм. Эмнегедир азырынча жеке концерт берем деген оюмда деле жок. Концерт бергенге жараша, элдин эсинде кала тургандай кылып, бериш керек. Ошон үчүн дагы көп иштеп, анан бул тууралуу ойлоном.
Айзирек Келдибаева