Сыр маек

Элмира Кайып кызы
"Жолдошум менен он эки жыл
бирге жүрүп, анан баш коштук"
- Сиз жаңы сахнага чыгып, эстрадага аралаша баштаганда канча жашта элеңиз?
- Негизи, мен онунчу классты аяктагандан кийин эле, филармониянын алдындагы эстрадалык студияга тапшыргам, ал жерден профессор Улукмырза Полотов агайдын сабагын, тарбиясын алып чоңойдум. Бирок, ыраматылык атам мени математик, министр болот дей берет эле, анан онду бүткөндө шаарга келип, атам финансы техникумуна өткөрүп коюп кетти. А мен болсо, оюмда ырчы болууну самап жүрөм. Атамдарды узаткандан кийин, баягы телевизордон эстрадалык студиянын отчёттук концертин көргөм эле да, ошол студия кайда деп, таежемен акырын сурасам, ал:"Автовокзалдын аркасында",- деп койбойбу, кайсыл автобус барат?- десем, "жетинчи автобус"- деди. Анда колумда мектептен беришкен комузум бар эле, ал комузду көрсөң бооруң эзилет, сыртындагы "чехолу" жок, бетине фломастер менен сыртын жашыл, ортосун кызыл кылып, оймо-чийме тартып алганымды айт, анан жайдын саратанында, август айында, ошол комузду көтөрүп алып, жетинчи автобуска түшүп, студияга жөнөдүм. Ошол убакта да орустар көп эле да, а мен болсо "здравствуйте, до свиданиядан" башкасын билбейм, студиянын кайда экендигин сурасам, бир орус "за автовокзалом" деп койду. Эптеп таап барсам, ал киностудия экен. Кирип эле Нуркан Турсунбаевге жолугуп калдым, домбрасын көтөрүп алып жүрүптүр, аябай сүйүнүп кетип, түшүндүрүп айтсам, "ырчы болом десең" филармониянын студиясына бар деди. Ал жерден чыгып алып адашып кетпейин деп, филармонияга чейин жөө-жалаңдап, жайдын саратанында баягы оймо-чийме комузумду көтөрүп алып баратам. Филармонияга келип, Айчүрөк Иманалиевага жолугуп калдым. Ал мени Асанбаев агай менен тааныштырды, ырдатып көрдү, монолог айттырды, ооз комузду да чертип бердим. Анан: "Сен өтөсүң, талантың бар экен",- деп калды. Ошентип өтүп, өнөрүм өөрчүп кеткен.
- Ата-энеңиз тапшырткан окууңуз эмне болду, өз алдынча эстрадага өтүп, ырдаганыңызга каршы болушкан жокпу?
- Эстрадалык студияга кабыл алынгандан кийин, финансы техникумун көргүм келбей калды, ал жерден чыгып кеттим. Бирок, кийинчерээк жаныма күч келгенде, акча жагынан кыйналганда, окуп алсам болмок деп өкүнүп жүрдүм. Ата-энем болсо, менин атым таанылып, телевизордон чыгып калсам, аябай сүйүнүп калышты. Азыр туугандардын арасында менден өткөн сыйлуу киши жок. Барган жерден төрдөн орун беришет.
- Сиз жаңы ырдап чыга баштаганда, "баласы менен келип, концерттерге катышчу" - деп айтып калышат, чыгармачылыгыңызга үй-бүлөңүз тоскоол болгон эмес беле?
- Жок, тоскоол болгон эмес, кайненем жакшы киши болчу. Мен биринчи курсту бүткөндөн кийин эле, өлүп бараткансып турмушка чыгып алгам, кызымды болгону он айга чейин бактым, андан кийин чоң апасы алтынчы класска чейин чоңойтту.Турмуш ушундай экен, жолдошум менен төрт жыл жашап, ажырашып кеттик. Кайненем, жолдошум дагы чыгармачылыкты, ыр дүйнөсүн туура түшүнгөндүктөн, жакшынакай эле сүйлөшүп ажырашууну туура көрдүк.
- Кызыңыз атасы менен байланышып турабы?
- Кызым атасы менен дайыма байланышып турат, ал дагы аябай тууганчыл, чоң кишилердей болуп, өз туугандарына тартып турат, баары бир тууганы да.
- Акыркы күндөрү сахнадан көп көрүнбөй калдыңыз го?
- Өзүм театрда иштеп, тойлорго чакырса барып ырдап коюп эле жүрө бериптирмин да, ал эми телевизор, радиолорду унутуп коюптурмун. Бир жолу классташым Алтынбек Алымов:"Көрүнбөй каякта эле жүрөсүң?" - деп урушуп атпайбы. Ой,жүрөм, ырдап коюп эле дедим. "Сен тойлорго барып ырдаганыңды эсепке алба", -деп атпайбы. Анан мен телевидениеден чыкпай калсам, көпчүлүгү жоктоп калыптыр. Азыр болсо, сьемкаларды кылып, ыр жаздырып чуркап жүргөн убагым, мен кайра турмушка чыккандан кийин, аябай "үлгүлүү" келин болуп, үйдө олтура бериптирмин. Анан жолдошум ырдабайсыңбы, деп түрткүлөгөнүнөн чыгып, ырдап жүрөм.
- Кайра башка адам менен бирге түтүн булатып кетүү оңойго турбаса керек?
- Бир турмуштан кийин, кайра башка бирөө менен турмуш куруу оор экен, кыргыздын менталитетине туура келбегендиктен, ар кандай сөздөр болот дегендей. Кандай гана сөз айтылбасын, ыргыткан таштын баары, биздин огородго келип эле "балп" этип түшүп калат. Бирок, анын баарын акырындык менен жеңдик, акыры турмуш таразалайт экен да.
- Жолдошуңуз чыгармачылыгыңызды баалаган адам экен да?
- Аябай баалайт, жолдошумдун жан дүйнөсү бай адам, "жаңы ырларды жаздыр, ырда, концерт бер" деп мени түрткүлөп турат. Экөөбүз он эки жылдан бери таанышпыз, ал эми баш кошуп, бир очоктон түтүн булатып жашап жатканыбызга үч жылдын жүзү болду.
- Он эки жылдан бери сүйлөшүп жүрүптүрсүңөр, жолдошуңуз менен кайдан таанышып калдыңыз эле?
- Чыгармачыл чөйрөдөн эле, менин поклоннигим болчу (күлүп). Жолдошум Бейшенбек Ишенович финансист, экономист, мамлекеттик кызматта иштейт. Биздин үй-бүлөнүн президенти. Жакшы сөзүн айтып, моралдык жактан да колдойт. Эки жакка чыкканда бат-бат сагынып турам, ырларымдын көбүн жолдошума арнап ырдайм.
- Сизди эстрада ырчыларынын арасынан сексуалдуу айымдардын катарына кирет деп айтышат, сексуалдуулугуңуздун сыры эмнеде?
- Эл тараза, эл сынчы дегендей, элдин сынынан өзүңдүн кандай экениңди билип калат экенсиң. Сексуалдуусуң дешсе эле кандай жагыман сексуалдуумун деп таң кала берем. Балким, фигураман, ырдап атканда үнүм, кыймыл-аракетим, мимикаларым менен сексуалдуу болуп көрүнсөм керек (күлдү).
- Акыркы убактарда ырчылар "Эл артисти" наамын оңой эле алып жатышпайбы, ушунча жылдан бери эмгектенип келген сиз эмнеге ала элексиз?
- Мен азыр наам алгандан уялам, уялбагандан өзүң уял дегендей. Наам алыш үчүн концерттерди берип, аракет кылыш керек. Убагында Атай Огомбаев, Муса Баетовдор деле Эл артисти наамын албай эле өтүп кетишти, бирок алардын чыгармалары элдин эсинде калды да. Биздин таланттуу ырчы байке,эжелерибиз эл артист наамын албай эле жүрүшөт, чуркаган эмес буюрган алат да.




  Айымдарга кеңеш

Жазында жүрөк ырдаса,
тери сыздайт…
Жазында бетке жемиш маскалары пайдалуу
Өрүк маскасы бетти сергитип, жашартып, бырыштарды канчалык бир деңгээлде жазат. Теринин кургап кетүүсүнүн алдын алып, серпилгичтигин жогорулатат. Маска үчүн ичке кесилген тилимин колдонуу жакшы. Ал үчүн өрүктү эзип, бетке 15 мүнөт коюп, анан жууп салуу жетиштүү. Эгер тери майлуу болсо, анда өрүк боткосуна 1 чай кашык картошка крахмалын кошуп коюу оң. Андан тышкары, жүзүм маскасы да абдан пайдалуу. Бул жемиштен жасалган маска бардык типтеги терини азыктандырып, нымдандырып жана жылмакай кылат. Жүзүмдү эзип, ширесин бетке жана моюнга сүртүү кажет. 15 мүнөттөн соң, муздак суу менен жуулат. Ал эми карагаттын маскасы болсо, терини азыктандырып, тери тешикчелерин кичирейтет. Кургак беттер үчүн карагатты эзип алып, үстүнө 1 чай кашыктан бал жана каймак кошуу ылайыктуу.

Диета- арыктоонун эффективдүү жолу
Айран диетасы бир күндө 1-1,5 литр айранды 5-6 бөлүп ичүү керек. Айран менен кошо жашылча-жемиштерди жегенге болот.Бул диета менен адам 1 аптада 3 килограммга арыктай алат. Гречка диетасы да арыктоонун жакшы жолу. Гречканын курамында темир, белок жана аминокислоталар, йод, фосфор, витаминдер бар. Гречка капиллярдык кан тамырларды бекемдеп, боордогу ууларды чыгарат, кандагы холестеринди азайтат. Гречка диетасын 2 апта кармоо менен 7-14 килограммга арыктоого болот. Аны даярдоо ыкмасы: кечинде 1 стакан тазаланып, жуулган гречканын үстүнө 2,5 стакан кайнаган суу куюп, үстүн бекем жаап, эртең мененкиге чейин калтыруу керек. Эртең менен суусу сарыктырылса эле, гречка жегенге даяр. Гречканы кайнатуу сунушталбайт. Андыктан, бул диетаны 1 же 2 апта гана колдонуу кажет. Гречкага татымалдар, соус, туз, кыскасы эч нерсе кошулбайт. Гречканы жеп, артынан айран ичсе болот. 1 суткада 1 литр айран ичүүгө уруксат. Газы жок минералдык суудан күнүнө 1,5-3 литрге чейин ичүү зарыл. Эскертүүчү нерсе, уктаарга 4 саат калды дегенден тартып эч нерсе жебөө кажет.

Стресс - айымдардын тышкы келбетине дагы таасирин тийгизет
Эң жөнөкөй күнүмдүк маселелерге тынчсызданып, кайгырып жатып, стресске чалдыккан учурлар көп эле кездешет. Стресс - адамдын эмоционалдык тынчтыгынын жана тең салмагынын бузулушу. Башкача айтканда, жагымсыз кырдаалдын таасиринен улам организмде пайда болгон катуу чыңалуу. Эгер стресс узакка созулуп кетсе, анда нерв системасынын чыңалуусунан улам адамда шакый, белде оорутуу, кант диабети жана жыныстык жактан шалдык келип чыгат. Буга кан басымдын көтөрүлүүсү кошулат. Ал эми ашказанда туз кислотасы көбүрөөк бөлүнүп чыгып, ашказан жарасына кептелүү коркунучун жаратат. Стресс иммунитетке да зыянын тийгизет. Иммунитет начарлаганда тери жана аллергиялык оорулардын жаралуусу мүмкүн. Өзгөчө айымдар стресске чалдыкканда, уйкусуздук, жыныстык жашоонун бузулушу, депрессия, жүрөктүн кагышынын ылдамдашы, ишке жөндөмдүүлүктүн төмөндөшү, өзүнө ишенбөөчүлүк, фобиялардын көбөйүшү, эс-тутумдун начарлай башташы болуп эсептелинет. Мындай учурда көк чай ичиңиз, банан жеңиз. Спорт менен машыгыңыз.

Макияждын түрлөрү:
Европа макияжы - тосток көздөргө жасалат. Башкача айтканда, көздөрү тегерек, астыңкы бөлүгүнүн ичиндеги кызылы бир аз көрүнүп турган көздөрдүн кемчилигин жабуу үчүн макияждын ушул түрү ылайыктуу.
Банан - ичке, бүтүк көздүү айымдардын макияжы. Бул макияждын максаты - жасалма жол менен сурма жасап, көздү чоңураак, сурмалуу кылып көрсөтүү.
Алма макияжы - мурундан алыс жайгашкан көздөргө ылайыктуу. Макияждын атайын техникасын колдонуу менен көздөрдү мурунга жакындатуу - алма макияжынын негизги максаты.
Эстет - тескерисинче, мурунга жакын жайгашкан көздөр үчүн. Бул макияждан соң көздөрдүн аралыгы алыстагандай сезилип калат.

Нургүл Ибраева