Темир айым

Чолпон Султанбекова:
Ыраматылык депутат Баяман Эркинбаевдин жубайы Чолпон Султанбекова белин бекем бууп, жолдошунун атын өчүрбөй бизнесин улантып, кесибин улап, саясатчылар менен теңтайлашып иштеп жатат. Сыртынан күлгөнү менен ичинде Баяман мырзаны жоктогон Чолпон айым менен баарлаштык.

"Президент болом деген адамга Баяман чоң коркунуч болчу"
- Кичине кезиңизде алдыга кандай максаттарды койчу элеңиз? Азыр койгон максаттарыңыздын канчасына жеттим деп ойлойсуз?
- Жогорку билим алдым, эне болдум, сүйүктүү жар болдум, бизнес чөйрөсүнө аралашып, ийгиликтерге жетиштим. Жалгыз арманым - Баяманды жоктугу, калгандын баары бар.
- Саясаттагы сулуу жана стилдүү айымдардын эң алдыңкы катарындасыз. Сулуулугуңуздун жана мыкты кийингениңиздин сыры эмнеде? Кийинүүдө атайын стилистиңиз болсо керек?
- Өзүмдүү аябай эле сулуу аял деп эсептебейм, бирок "ажарлуу аял" деп эл айтып жатса, ар бир аялдын кулагына жакшы угулса керек. Ал эми кийинүү жагынан атайын стилисттин кызматын колдонбойм. Болгону өзүмө жарашыктуу, жагымдуу кийимдерди тандап кийем.
- Сизди эркек мүнөз аял дешет, үй иштерине кандайсыз?
- Бардык аялдардай эле табийгат берген аялдардын бүт иштерин жасай алам. Досторум "тамакты даамдуу жасайсың" деп мактап калышат.
- Бүткүл дүйнөлүк айымдардын күнүнүн өткөнүнө аз күн болду. Өтсө дагы сизди майрамыңыз менен куттуктайм! Баяман мырза 8-мартта эмне белектерди берчү эле? Биз, аялзаты, романтик эркектерди жакшы көрөт эмеспизби. А Баяман мырза кандай эле?
- Рахмат! Баяман романтик эмес болчу, бирок бардык эркектердей эле, 8-мартта мен каалаган белекти берчү. Гүл бергенди да унутчу эмес.
- Баяман Эркинбаев кайсы жерге барып депутаттыкка койбосун, атаандашын 100% добуш менен жеңип алчу. Анын сыры эмнеде?
- Бул айтканыңызга мен 100% кошулам. Баяман Кудай колдогон жигит болчу. Кайсы аймакка, кайсы айылга барбасын, Баяманды бүт жерде өзүнүн баласы катары кабыл алышчу. Бул Баяманга болгон элдин сүйүүсү деп ойлойм.
- Саясатта депутаттар кандайдыр бир иш үчүн бири-бирин өлтүрткөнгө чейин барышат. Сиз ошондой нерселерден коркпойсузбу?
- Биринчиден, мен Кудайдан башка эч кимден коркпойм. Экинчиден, мен эч кимге жамандык кылган адам эмесмин.
- Саясат кырс мүнөздү талап кылат эмеспи. Сиз энесиз, а эне жүрөгү боорукер болот. Саясатта кырс болууга кантип машыгып жатасыз?
- Мага машыгуунун кереги жок. Мен бардык саясий куугунтуктоолорду башымдан өткөргөн аялмын.
- Эркектер менен иштеген оор эмеспи?
- Эмнеге оор болуш керек? Мен бардыгы менен тил табышууга аракет кылам.
- Эл оозунда элек жок демекчи, элдин арасында "Баямандын мээси Чолпон болчу", - деген сөз жүрөт. Сурайын дегеним, Баяман мырзанын акылынан да сиздин акылыңыз жогорубу?
- Биз Баяман экөөбүз бир адам болчубуз. Оюбуз да, ишибиз да бир болчу. Бардык маселелерди бирге отуруп, кеңешип-кесип чеччүбүз. Андай сөздү укпаптырмын. Сизден биринчи жолу угуп жатам.
- Экс-министр Дүйшөн Чотонов сиздин жакын тууганыңыз дешет?
- Дүйшөн Чотонов менин бир тууган тагам болот.
- Сиз депутат болгучакты спорт тармагында эмгектенип келдиңиз. Спорт менен саясаттын айырмасы асман менен жердей эмеспи. Саясатка жаңы аралаша баштаганда ыңгайсыз абалга учурап, сессияларда мыйзам талкуулаганда кыйналган жоксузбу?
- Спорт - бул чоң саясат, керек болсо эл аралык деңгээлде. Мага мыйзам талкуулоодо эч кыйынчылыктар жок.
- Баяман мырза каза болгондон кийин, Алманбет Анапияевдин кримавторитет болгонуна сиздин да салымыңыз бар деп жүрүршөт?
- Сиз мени "Белла мафия" кылып таштадыңыз го? (күлүп) Баяманда көп балдар иштеген. Азыркы учурда ар кандай тармактарда жүрүшөт. Анан кимиси авторитет болушун, авторитетти койгондор менден сурабаса керек.
- Баяман мырзаны жандап жүргөндөр, азыр сиздин тегерегиңизде жүрсө керек?
- Ооба, Баямандын достору менен дос катары, саясатчы достору менен саясатта, спорт чөйрөсүндөгү достору менен - спортто катташып жүрөм.
- Балдарыңыз атасын тартып спортсменби, же алардын спорт менен машыгуусун каалабайсызбы?
- Тун уулум атасын тартып спортко катышып жүрөт - палван. Экинчи уулумдун дипломат болом деген максаты бар. Мен балдарыма эркин тандоого жол берем.
- Баяман мырзанын байлыгын эжелери талашкан дешет?
- Бул сурооңузго мындай жооп берет элем: өзүңүз билгендей мен түштүктүн келинимин, колуман келишинче алардан кол үзбөшкө аракет жасадым. Кудайга шүгүр, баардыгы жайында.
- Баатыр өлсө аты калат демекчи, Баяман мырзаны спортчу, депутат катары таанышканы маалым. Бирок, бандит болчу деген имиштер элдин арасында дагы да болсо жүргөнү-жүргөн?
- Сиз мага бир нерсени айтып коюңузчу, кайсы бир депутат, ал түгүл эркек жаш кезинде тентектик кылган эмес? Эгер Баяман бандит болсо, ал кандайча депутат болуп, элдин сүйүүсүнө ээ болот эле?
- Баяман Эркинбаевдин Президент болом деген ою болгон экен, балким, ошол планынын негизинде Бакиевдер аттырып салган жокпу?
- Баяманды аттыргандарды Кудайга койдум, алардын тагдырын эч кимдин башына салбасын. Алардын аялдары, балдары мендей, балдарымдай болуп, биздин башыбыздан өткөн кордуктарды көрбөсүн. Менин терең ишенүүмдө ,ошол убакытта, мен Президент болом деген адамга Баяман чоң коркунуч болчу.
- Өткөндөгү саныбызда Вице-премьер-министр И.Жунусовго "Баяман Эркинбаевди аттыргандардын катарында сиздин да атыңыз аталып жүрдү эле, буга эмне деп жооп бересиз?- деген сурообузга, "Баяманды өлтүргөндөр аныкталды да. Алар азыр камакта отурушат. Андай болгондо, мени бүгүнкү күнгө чейин эч ким жеткирмек эмес", - деп жооп берген эле. Бул суроого сиз кандайча жооп бересиз?
- Ибрагим Жунусовдун интервьюсун окубаптырмын, андай тизме бар экенин билбептирмин, ал киши бул суроого жооп айтканда, кандай ойлор менен айтканы мен үчүн белгисиз. "Мени бул күнгө эч ким жеткирмек эмес" , -деген жообу мен үчүн табышмак?..
- Баяман мырзага ок тийбей калып, Рысбек Акматбаев мурдуна шампур менен сайган деп да жүрүшөт?
- Биринчиден, мен ушактарга ишенбейм, экинчиден, сиз журналист катары билсеңиз керек, ошол учурда бул аябай курч маселе болчу. Массалык-маалымат каражаттарында экспертиза билдиргендей эле, чындыгында, ок тийген. Рыспек боюнча мен бир нерсени айта алам - Баяман экөөнүн жолдору эч качан бириккен эмес.
- Эгер Баяман мырза тирүү болгондо, депутаттыка коёт белеңиз?
- Бул суроо менин оюма келбеген нерсе. Эгер Баяман болгондо - мен Баямандын сүйүктүү жары болуп жүрмөк элем.
- Сиздин колуңузду сураган Баяман мырзага тең кыргыз мырзалары барбы?
- Бул маселеде мырзалардын намысына тийгенден алысмын, бирок мен Баямандай эркекти көрө элекмин.
- Ө.Текебаев "чёрныйларды" бирден тазалап атпайбы. Айрыкча, түштүк тараптагыларды. Сиздин оюңузча, аларды тазалап салганда, өлкөдө дагы улуттар арасында пикир келишпестиктер болуп кетпейби?
- Бул суроону бүгүнкү өкмөткө берсеңиз болмок. Бирок, менден уккуңуз келсе - коом үчүн бул нерсе керек деп ойлойм.
- Баяман мырза каза болгондо, Оштогу өзбектер бука союп, майрамдашыптыр. Өзбектерге кандай мамиле кылчу эле?
- Тарыхты эстей кетсек, Манас атабыз көз жумганда анын душмандары жумалап тойлогон. Сиз айткан сөздө чындык бар. Баяман өз убактысында түштүктө, чындыгында, эки элдин ортосундагы стабилдүүлүктү кармап турган. Эми тарых, мезгил, эл өзү аныктап Баяманга баа берип жатышат.
- Байлардын акчасын алып, кедей-кембагалдарга чай, ун, күнүмдүккө керектүү болгон буюмдарды камаз менен таратканын да угуп калчумун.
- Баяман элге жардам бергендиги эч кимибизге жаңылык эмес. Муну бүтүндөй кыргыз эли билет. Бирок байлардан алып кедейлерге берди деген сөздөргө кошулбайм. Баяман туруктуу бизнемен жана саясатчы катары элге таанылган, өзүнүн күчү менен, өзүнүн пешене тери менен тапкан акчасынан жардам берчү.

Төлөбүбү Касымалиева