обон пресс
Улуу Британия, Франция, АКШ, Ливияга каршы операция жүргүзүүдө
АКШ, Улуу Британия,Франция Каддафинин күчүнө сокку урушту.Ливиялык массалык-маалымат каражаттарынын берген маалыматы боюнча, бомбалоонун натыйжасында 48 адам каза таап, 150сү жаракат алды. Америкалык жана Британиялык аскерлер Ливияга 110дон ашуун ракета чыгарышты. Франциялык авиация болсо, Бенгази шаарынын көзөмөлүндө турган аскердик базага сокку кылууда. Бомбалоо биринчи кезекте Бенгазиден 20 чакырым аралыктагы лагерди бутага алды. Бенгазинин тургундары бомбалоо ишембиден жекшембиге караган түнү, таңкы саат төрттөрдө башталганын айтышты. АКШнын куралдуу күчтөрүнүн башчысы Франклин Чилдрестин Би-би-сиге берген интервьюсунда, Ливияга болгон каршылыкта, Америкалык стратегиялык бомбардировщиктер катышкандыгын айткан. Анын айтымында, Ливияга 40тан ашуун бомба жардырышкан. Андан тышкары, аскердик операцияда "Томагавк" үлгүсүндөгү канаттуу ракеталар колдонула тургандыгын да билгизген. Ишемби күнү Ливияга болгон соккуларды биринчилерден болуп Франция учактары жөнөттү. Жыйынтыгында, Ливиянын бир нече транспорттук армиясы жок болгон. Өзүнүн учактарын Канада дагы жиберүүдө. Италия болсо аскердик базасын колдонууну чечти. Улуу Британиянын жетекчилиги дагы четте калган жок.


Япониядагы жер титирөөдөн улам 7 653 адам каза таап, 12000 адамдын дайыны жок
Япониядагы цунами экономикага 235 млрд $ чыгашаны алып келүүсүн айтышууда. Жер титирөөдөн улам, 7 653 адам каза болсо, 12000 адам дайыны жок жоголууда. Куткаруучу командалар катастрофа болгон жерлерге дагы да болсо жетишпей жатышат. Ал жерден тирүү адамдарды табуу үмүтү эчак эле үзүлгөн. "Факусима 1" авариясынан кийин жарым миллиондон ашуун адам өз үйүн таштап кетүүгө аргасыз болушкан. Электр энергиясынын жоктугунан, эвакуация болгон адамдарга гуманитардык жардам жеткирүү кыйын болууда. Япониянын түндүк чыгышындагы катуу сууктан эвакуация болгон адамдардын жан сактоосуна кыйын болууда. Америкалык аскердик авиация дары-дармектерди жана тамак-аштарды таштап кетүүдө. "Факусима 1" жарылгандан кийин, сүт азыктары, жер-жемиштер жарабай калгандыгын белгилешүүдө. Жекшемби күнү Япониялык куткаруучулар кыйраган Исикома шаарында Мияги префетурасынан16 жаштагы Чин Абе жана 80 жаштагы чоң энени табышкан. Алар чатырдын алдында 10 күн жашагандары маалым болгон. Агып бараткан тамак-аштардын калдыктары менен тамактанып, муздаткычтын ичиндеги азык-түлүктөр менен жан багып, кар жеп жашашкан. Чоң эне небереси менен ооруканага жеткирилген. Мындай учурларды куткаруучулар көп кездештирүүдө.


"Мегакомдогу" мега адамдар...
Кыргызстанда уюлдук байланыш кызматын көрсөткөн ири эки компаниянын бири болгон "Мегакомдун" айланасында жаңжалдын сормо сазына саясаттагы төбөлдөрдүн ысмы тартыла баштады. Адегенде "Акыйкат" партиясынын лидери Аликбек Жекшенкуловдун, андан кийин Кубатбек Байболов жана БЭК партиясынын тизмесиндеги төртүнчү катарда турган Раушан Рыкунованын ысмы чыга баштады. Иликтөөлөр көрсөткөндөй, Орусиялык ишкер Глеб Огнянников 2008-жылы Eventis Telecom компаниясынын 51 % акциясын сатып алган. Натыйжада, "Мегаком" анын көзөмөлүнө өткөн. "Мегакомдун" калган 49 % акциясы Максим Бакиев менен Алексей Елисеевдин "Альфа телеком" компаниясынын карамагына өткөн. Бул экөө Глеб Огнянниковду кандайдыр бир жолдор менен сүрүп чыгарып, анын натыйжасында Мегаком 100% "Альфа телекомго" өткөн. 7-апрелдеги окуялардан кийин Убактылуу өкмөт "Альфа телекомдун" 49 % акциясын мамлекетке алган. Бул иш кандай болгонун убактылуу өкмөттө күч структураларын жетектеген Азимбек Бекназаров мындайча баяндайт:
- "Бизге "Мегаком" өз ыктыяры менен 49 % акцияны берген, бул Максим менен Елисеевдики деп. Калгандары талашта болгон. Ошондуктан, биз иш козгоп, 100% акцияны камакка алып, сот аркылуу башын чечип алганга чейин эч ким эч кайда сатпасын деген чечимди кабыл алып койгонбуз. Ошондуктан, 51 % сот аркылуу гана чечиле турган маселе",-деген Бекназаров азыркы өкмөттүн "Мегакомго" карата жасап жаткан иштерин Данияр Үсөнов менен Максим Бакиевдин убагындагыдай чечимдер деп баалады.

Алмазбек Атамбаев Москвага барып келди
17-18-мартта өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев Москвада болду. Орус өкмөтүнүн сайтындагы маалыматка караганда, Алмазбек Атамбаев Владимир Путин менен сүйлөшүүдө "Кыргызгаздын" 75% акциясын, газ, мунай чыга турган жерлерди "Газпромго" берүүгө даярдыгын билдирген. Кыргызстандын Орусияга 190 млн. доллардан ашуун СССР ураган учурда пайда болгон карызын "Дастандын 48% акциясына алмашуу жана Орусиянын Бишкектеги Соода өкүлчүлүгүнүн имаратын өткөрүп берүү маселеси чечилгенин билдирген. Атамбаев ошондой эле Орусиянын авиакеросинин реэкспорт жасоону токтото турган биргелешкен ишкана түзүлгөнүн, ал ишкана Транзиттик борборго күйүүчү майдын 50%ын ташырын билдирген. Калган 50%ын "Мина корп" ташыйт. Мына ошол 50% ташый турган дагы бир биргелешкен ишкана түзүүгө аракет жасалып жатканын Алмазбек Атамбаев белгилеген. Ал Орусиянын Кыргызстандагы аскерий объектилерине ижара акысын көтөрүүнү көздөп келген. Москвадагы жолугушууда кыргыз тарап андай максаттан баш тартканын билдирген. Эми ижара акы мурункудай эле 4.5 млн. доллардын тегерегинде кала берет. Орус аскердик объекттерине байланыштуу талкуу учурунда Алмазбек Атамбаев бир маселени чечүүгө даяр эместигин билдирген. Бул сөз аскердик объекттер жөнүндө талкуу учурунда айтылганга караганда, Алмазбек Атамбаев мына ошол базаларга байланыштуу кандайдыр бир маселени азырынча чече албастыгын ачык айткандай. Алмазбек Атамбаевдин Москвага сапарынын башкы максаттарынын бири - мунай заттарына бажы төлөмдөрүн алып салуу жана Евразия экономикалык шериктештигинен 200 млн. доллар насыя алуу болгон. Алмазбек Атамбаев Москвада расмий адамдар эле эмес, орус талдоочулары, саясат таануучулары менен да жолугушкан.


Өзбекстанда жумуш убагында намаз окууга тыюу салышты
Өзбекстандын бийлик өкүлдөрү мусулмандарга чек коюуда. Анткени, мусулмандар жумуш убактысынан пайдаланып, күндүзгү намазга кеткендиктен, аларга жумуш убагында намаз окууга тыюу салышууда. Бул тууралуу "Uznews.net" көз карандысыз интернет булагы билдирди. Каршылык көрсөткөн мусулмандар жумушунан ажырап калуу коркунучуна ээ. Андан тышкары, жума намаздын өткөрүлүшүнө да тыюу салууда. Акыркы убактарда мечиттерде адамдардын саны көбөйүүдө, алардын арасында 15 жашар балдар дагы бар. Мусулмандар жамааттары иштеген имараттарда видео камералар жана жогорку деңгээлдеги техникалык аппараттар орнотулган. Эми милдеттүү түрдө, хиджаб кийген, авто унаа айдаган айымдарды да катуу текшерүүдө.


ТИМ Йеменден кыргыз жарандарын алып келүү жолдорун кароодо
Тышкы иштер министрлиги Йемендеги кырдаалга байланыштуу, ал жактан өз жарандарын алып чыгып кетүүнүн жолдорун издеп, эгер кырдаал курчуп кетсе, Түркия, Орусия аркылуу алып келүү боюнча аталган өлкөнүн элчиликтери менен алдын-ала сүйлөшүүлөр болгонун билдирди. Сауд Арабстандагы Кыргызстандын элчилигинин атташеси Алмазбек Усупбаев Йеменден алып чыгып кетүүнү өтүнгөндөр боло электигин маалымдаган. Расмий маалыматка ылайык, Йеменде 29 Кыргызстандык жаран бар жана алардын көбү бул өлкөнүн ар кайсы шаарларында дарыгер болуп иштешет. Йеменде бир нече айдан бери Президенттин кетишин талап кылган нааразылык акциялар токтобой жатат.




  Шыр маек

Куба Султанов:
"Биздин тукумда семиз адам болгон эмес…"
Акыркы күндөрү "Музканал" ар кандай конкурстарды, жаңы программаларды уюштуруу менен жаштардын кызыгуусун жаратып, айтор, өнүгүү жолунда десек болот. "Музканалдын" алып баруучуларынын бири Куба Султанов менен маек төмөндө.
- Биринчи жолу эфирге чыкканың тууралуу айтып өтсөң? Теледе иштеш кыйын болсо керек…
- Албетте, ар бир жумуштун өзүнүн кыйынчылыгы болот эмеспи. Мисалы, айылда мал чарбачылык менен жан баксаң, анын да өз түйшүгү бар да, анын сыңарындай теледе иштегендин деле өз эрежеси, өзүнүн ыкмасы бар. Менин биринчи эфирге чыкканым абдан күлкүлүү болгон. Буга чейин түз эфирге чыгып, өмүрүмдө сүйлөп көргөн эмесмин, ушуга байланыштуубу, айтор, абдан сүрдөгөм. Эфирге беш мүнөт калганда режиссёрубуз Мирлан Муратов келип: "Мени уят кылба"- деп, бата кылган эле. Ошентип, эфир башталды,биз учурашып оюндарды баштадык, бир убакта СМС чат иштебей калды, же телефон да алынбай, айтор, режиссёр токтобой сүйлөп тургула дегенинен тынбай сүйлөп атып, ал учурдан да чыгып кеттик. Бирок мага ушул окуя сыноо катары келди окшойт деп ойлонуп жүрдүм.
- Сүйлөө техникасы боюнча кимден сабак аласың?
- Эми сүйлөө техникасы боюнча мен эч кимден сабак албайм, болгону сөз байлыкты өстүрүү үчүн ар кандай чыгармаларды окуп, массалык-маалымат каражаттарына көз жүгүртүп турам.
- Эфир учурундагы кызыктуу окуялардан айтып берсең?
- Мындан бир жыл мурун тактап айтканда,август айында "Музканалдын" туулган күнүн өткөрүп, көрүүчүлөр менен маек куруп, эфирде шаңдуу күлкү менен отурганбыз.Туулган күнгө байланыштуу эфирди жасалгалап, гүлдөр менен шар үйлөп кооздогон элек, бир учурда менин жанымда турган шар күтүүсүз жерден тарс этип жарылып кетсе, мен чочуганыман кесиптешим жакка секирип кеттим. Анан клип учурунда боорубуз эзилгенче күлдүк!
- А эмнеге мынча арыксың? Көп ойлонуп, кайгырасың го?
- Менин арыктыгымды сиз да байкадыңызбы? Арыктыгым жөнүндө айта турган болсом, биздин тукумда семиз адам деле болгон эмес экен,ошол себептен деп ойлоп коём. Жашоодо кандай гана проблемалар болбосун, башкаларга билгизгим келбейт, бардыгын каткырык менен эле жеңем.
- Мүнөзүң кандай?
- Мага адам кандай мамиле кылса, мен ага ошондой мамиле кылам. Анан кыялым аба ырайындай кескин түрдө өзгөрүп, бат бүркөлүп, бат ачылып кетет.
- Дайыма программаны күлүп, шайыр, кээде чектен чыгып тамашалап алып барасыңар, буга жетекчилик кандай карайт?
- Биз, кесиптештер, эфирди шаңдуу шайыр жана шоу кылып алып барганга аракет кылабыз.Көп күлбөгүлө деп жетекчилик тарабынан, албетте, айтылат Канчалык көп күлүп жүрсөң, жашооң ошончолук кооз жана ден соолугуң чын болот деп эсептеймин.
- Тамашакөй жигит экениңди байкадым, кимдир бирөөнү тамашалайм деп анын көңүлүн оорутуп алган учурлар болсо керек?
- Тамашалап, сиз айткандай, кимдир бирөөнү таарынтып алган деле учурлар болгон. Өзүм тамашалап айтарын айтып коюп, кайра өзүм жаман акыбалда калып, бирок дароо эле кечирим сурайм.Анан өзүм, кой тамашалаганды азайтайын, жакындарымдын көңүлүн калтырып алам деп жыйынтык чыгарып коём.
- Эфирден чыга берип, кыздардын деле сүймөнчүлүгүнө ээ болсоң керек, көчөдөн таанып, таанышалы дегендер кездешкендир?
- Көчөдөн көрүп калган улан-кыздар мени дароо эле НБТ, же "Музканал" дешет. Кээ бири Куба деп таанышат. Таанышып алалы деп айткандар көп эле, бирок мен жылдыз оорусу менен ооругум келбейт, жөпжөнөкөй шайыр жигитмин.
Нургүл Ибраева