Булбул

Чырмаш Төрөбеков:
"Тамеки эгип, пахта терип иштегем"
Булбул үнү менен кыргыз элин гана эмес, башка улутту да тамшандырып келген опера ырчысы Чырмаш Төрөбековду кепке тарттык.

- Маегибизди сиз суу ичкен кичи мекениңизден баштасак?
- Менин бала чагым Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Калинин колхозунда өткөн. Илгери Мачак айылы деп атап келишкен. Кээ бири бир Мачак деген киши жашаган экен, ошонун атынан коюлган дешсе, кээ бири илгери машак терип, ошондон улам коюлган деген да божомолдор бар. 1973-жылы, 11-майда туулуп, ошол жерде чоңоюп, өстүм. Чыгармачылык эргүүм мектепте башталды. 6-классымда мектептеги ыр ийримдерине катышып, колхоздогу "Ыр кесе", конкурстарга катышып жүрүп, районго чейин бардым. Райондон областка чейин ырдап жүрдүк.. Аскат Тезекбаев деген агайым аккордеон тартып берчү. Мугалимдерим: "Ошондо эле созолонтуп жакшы ырдайт элең", - деп айтып калышат.
- Бала чагыңызда машак болбосо да, тамеки, пахта терип калсаңыз керек?
- Союз убагында чоңоюп калбадыкпы, машак терген жокпуз, бирок тамеки, пахта терип иштегем. Тамеки экчүбүз, бизде негизи пахта эгишет да. Колхоз, совхоздор күчөп турган убак эле. Ошондо бир-эки айлап мектепти жаап коюп, пахта тердиртчү. Жетинчи класстан жогору мектеп окуучуларын пахтага айдачу.Бизде сарайды шыйпаң деп коёт. Үйүбүз жакын болсо деле, үч маал тамак берип, шыйпаңга жаткырып, тердиртчү. Күндө кечинде музыка коюп алып дискотека кылабыз. Бизге момунча килограмм тересиңер деген план берчү. А биз ойноктоп кетип, баягы планга жеткире албай калчубуз. Кээде пахта терген этегибиздин ичине 2-3 килограммдык таштан салып койчубуз. Таразага тарттырып, ары жакка төгүп баратканда, бирөөбүз чуркап келип, билгизбей ташты алып кетчүбүз. Эми ал убакта сүйүүмдү ага билдире албасам да, ичиңден сүйүп, ак бийге түшкөнүмө ыраазы болуп жүрчүмүн.
- Алма сабынан алыс түшпөйт эмеспи, сиздин үй-бүлөңүздө чыгармачыл адамдар барбы?
- Өзүм жети бир тууганмын. Менден башка туугандарым музыкага анчейин жакын болгон жок. А сен үйүңөн өзгөчө чыктың дегендерге: "Кудай да билет, жетөөбүзгө биртикеден бөлүп бергиче, бирөөнө эле берейинчи деген го", - деп тамашалап калам. 1990-жылы мектепти бүткөм. Азыркы Бишкек, Фрунзе шаары болчу. Союз убагында борборго барып окуш өтө оор эле. Ошондо атам, борборго барып окубай эле Оштогу Ниязаалы атындагы музыкалык орто окуу жайына тапшырып алып эле окуй бербейсиңби? - деп калды. Борборго барып окуйм деп болбой койгом. Акырында, мугалимдерим келип атып, атамды макулдаттырышты. Тыйын-тыпыр чогултуп, мени самолётко салып узатышкан. Келип Опера балет театрынын алдындагы эки жылдык студияга өткөм. Окуум ошол жерден башталды.
- Сизди операга багыттап, сүйрөгөн ким болду?
- Келгенде филармониянын астындагы эки жылдык студиясына тапшырдым. Ырчылардын документи толуп калды деп, мени дикторлукка жазып коюшкан. Экзамен болуп атат дегенинен келдим. Келсем эле комиссиядагылар:"Ким калды, дагы барбы?"- деп калды. Анан, бардыгыңар кирип чыктыңарбы? - десем, ооба дешкенинен, "Мен калдым", - деп кирип кеттим. Көрсө, ал жерде ырчылар экзамен тапшырып атыптыр. Асылбек Рысалиев агабыз бар,обончу, аткаруучу. Ошол киши аккордеон чертип берип атты. "Сен кайсы ырды ырдайсың?"-дегенде, И. Аманбаевдин "Мөл булак" деген ырын ырдайм десем, аккордеон чертип кирди. Мен ырдап кирсем, унчукпай эле угуп атышат. Сенин үнүң жакшы экен, дагы бир ыр билесиңби? - деди. И. Жунусовдун "Алтын апа" деген ырын тартып бериңиз десем, аны чертип калды. "Алтын апаны" созолонтуп ырдап кирдим. Ошондо комиссиядагылар:"Бул сонун ырдайт турбайбы, үнү да жакшы чыгат экен", - деп күбүр-шыбыр болушуп, документимди сурап калышты. Фамилияң ким? - десе, Төрөбеков дедим эле, документтерди аңтарып, меникин таппай калышты. Сенин документиң деле жок турбайбы,- деп калышты. Көрсө, дикторлордун документтери башка жакта экен. Үнү жакшы экен, болгондо да тарбияласа классикалык үн болот дешип, комиссия чечип, Бактыгүл Бокоева экөөбүздү Опера жана балет театрына которушкан. Көрсө, ошол комиссиядагылар, келечекте жакшы үн болорубузду билип туруп ошол жакка которгон экен. Опера жана балет театрынан Аманбек Нуртазин деген агайда окудум. Ал кишиде окуп жүргөнүмдө, мени аскерге алып кетип калышты. Аскерден келип, окуумду андан ары уланттым. Экинчи жылы Токтонаалы Сейталиевдин классында ырдадым. Андан кийин, 1993-жылы Консерваторияга тапшырып, эң жакшы мугалимдин,Темирбеков Марлен агайдын классына туура келдим. КР Эл артисти, профессор, Консерваторияда кафедра башчысы болчу. Чыныгы тарбияны ошол жактан алдым.
- Сулуулар бетине маска коюп, ар кандай бет майларды сүртүп, бетин бапестегендей эле, ырчылар да үнүн жакшылап карашат эмеспи. Сиз үнүңүзгө кандай көңүл бөлөсүз?
- Ырчы болгондон кийин, үндү сөзсүз карап, багыш керек. Менин көбүнчө тамагым ооруп калат, үнүм чыкпай калат деп көп көңүл бура бербейм. Эң негизгиси, сезип калдым. Убагында жакшы тамактаныш керек жана жакшы уктап эс алыш керек экен. Ошондо гана кудай берген үнүң жакшы чыгат.
- Генерал болууну эңсебеген солдат, солдат эмес дегендей, ким менен опера ырдаганды кыялданасыз?
- Биз окуп жүргөндө, Керим Тураповдой ырчы болом дечүмүн. Себеби, аткарган ырлары, үнү эң жогорку деңгээлде болчу. Студенттик кезде кумир тутуп, Керим байкенин ырларын ырдап жүрчүбүз. 4-курста окуп жатканда Керим Турапов мени филармонияга жумушка алган. Анда директор болуп турган кези.
- Эл оозунда элек жок дегендей, Керим Тураповго караганда, Чырмаш Төрөбеков жакшы ырдайт. Ошондуктан, Керим менен Чырмаш көп келише албайт,-деп жүрүшөт. Чындап эле чыгармачыл жактан бири-бириңиздерге тирешесиздерби?
- Мындай нерселер мага билинген жок. Себеби, өзү жумушка алып, чогуу ырдайлы, чогуу иштейли деген. Бирок ар бир адамдын өзүнүн таланты, өзүнүн үнү бар. Кудай берген талантты оңой менен жеңе албайт. Кудай берген талант топурак менен көмүп койсоң да өнүп чыгат экен. Сууга чөктүрүп жиберсең да, үстүнө калкып чыгат экен. Ошол сыяктуу ар бирибиздин өзүбүздүн үнүбүз бар. Элдер жакшы ырдайт деп айтышы мүмкүн. Ал киши Эл артисти, профессор болду. Ал киши деле убагында мендей эң кыйын ырчы болсо керек.
- Операнын мекени Италия дешет. Италиялык опера ырчылары менен байланы-шыңыз барбы?
- Дүйнөлүк ырчылар менен байланышыбыз жок. Бирок көп мамлекеттерге барып келдим. Чогуу Кипрдеги опера фестивалына барып ырдадым. Ошондо ар бир жерден келген ырчылар менен достоштук. Бизден улуу кишилер бар болчу. Баары кыялданган опера ырчысы Лучиано Паваротти, Пласидо Доминго, Хосе Каррерас деген дүйнөлүк үч тендер бар го. Ошолордой болсок экен деп алардын ырларын көп укчубуз.
- Опера ырчылары азыркы эстраданын ырчыларын жактыра беришпейт. Сиздин эстрадага болгон оюңуз кандай?
- Эстрада ырчыларынын арасынан жакшы ырдагандар бар. Шоу-бизнес өтө күчөп турган кези. Опера ырчыларынын антип айткан себеби, шоу-бизнес күчөп, комиссия жок болуп калды. Мурда комиссия бар болчу. Үнү барбы, жокпу текшерип, ырчынын кебетесине карап сахнага чыгарчу. Азыр базарда иштегендер деле жылдыз болуп кетип атат. Майрамбек Осмонов досум: "Булар жылдыз эмес-лампочка, кнопканы бассаң өчүп калат", - дегендей жанып-өчкөн ырчыларыбыз көп. Алардын арасында Улуттук Консерваторияны бүтүп, профессионалдык деңгээлде ырдаган ырчылар бар. Азыркы компьютердик технологияны мыкты пайдаланып, үнүн жасатып, фонограмма менен сахнага чыгып атышат. Ошондуктан, алар он адам отурган жерде ырдай албай калышы мүмкүн.
- Ак сөөктөрдүн тоюнда кыргыз фольклорун жана операны сурангандар көп болуп жатат. Сиз да андай тойлордон калбайт болушуңуз керек?
- Чакырган жерден калбайбыз. Биздин угуучулар бар. Алар маараке, үйлөнүү той өткөрсө чакырышат. Классикалык жанр менен фольклор жанрына көбү көңүл буруп калганынын себеби, азыр угармандар фонограмма менен жандуу үндүн айырмасын билип калышты. Билгендер гана профессионалдык деңгээлдеги ырчыларды өзүлөрүнүн тоюна чакырып калышты.
- Дүйнөлүк статистика боюнча башка кесиптерден айырмаланып, ырчы жана актёрлор тез ажырашышат. А сиз канча жолу төшөк жаңырттыңыз?
- Мен бир жолу үйлөнгөм, ошол бойдон бактылуу өмүр сүрүп келе жатам. Келинчегим да искусство адамы. Өзү Консерваториядан комуз факультетин бүткөн. Азыр өзүнүн кесиби боюнча иштебейт. Бир уул, бир кызым бар. Мен үйдөн күндө ырдап, машыгып калганда кызым келип кичине ырдап коёт. Эң улуусу он алтыда, кичүү уулум алтыда. Уулум да мен ырдаган "Бишкегимди" ырдап жүрөт.
- Чоң ийгиликке жетүүдө, сөзсүз бир нерседен куру жалак калууга туура келет.
- Адамда ар кандай армандар болот. Чыгармачылык кишиде, чыгарманы ушунчалык элге жеткирем деп атып жеткире албай калса ошондо арман кылышат. Мен досторум менен, туугандарым менен катышам. Бардыгы өз орду менен келатат.
- Аялы ажаандын күйөөсү окумуштуу болот,-дешет. Келинчегиңиздин кыялы кандай?
- Келинчегимдин кыялы жакшы. Өзү билип, өзү түшүнүп, искусствонун артынан дипломум болуп, мен чыкпасам дагы, сен чык деп мени чыгарган келинчегим болгон. Өзү болсо, үй тиричилигине байланыштуу жумуштарды кылат. Мен бир айлап гастролдоп кетсем да, кийимимди камдап коёт.
- Сиздин кооз үнүңүзгө, өң келбетиңиз да төп келишет. Сизди сүйүп калып, сиздин айыңыздан ажырашкандар болду беле?
- Андайдан кудай сактасын, болгон эмес. Бирок сизди жакшы көрөм, сүрөткө түшүп коёлучу, сүйлөшүп турсам болобу дегендер бар.
- Күлүк атка кызыккандар канчалык көп болсо, кооз үндүүлөргө кызыкдарлар андан да көп. Чет жактарга барып ырдап калганыңызда, үнүңүзгө кызыгып калып, "Биздин өлкөгө ырдабайсыңбы?" - деген сунуштар көп эле болсо керек?
- Ооба, андайлар болгон. 1999-жылы Венгриянын Опера театрында ырдадым. Концертте ансамбль менен ырдап чыксам, бир киши мага кызыгып калды. Эртеси келип, Опера театрына келип ырдап бербейсиңби, угуп көрөлү деп калды. Макул болуп, барып ырдадым. Ноталарым да жанымда бар болчу. Үнүмдү угуп көрүп, бир топко чейин өздөрүнүн тилинде талкуулашты, "Сен Венгрияда калып, бир жыл биздин тилди үйрөнүп, андан кийин бизде ырдай баштайсың", - деп калды. Анда 4-курста окуп жаткам. Турцияга да чакыруулар болгон.
- Азыр чакырса кетет белеңиз?
- Жок, кетпейм. Чет жакта өзүм жарым жыл жүрүп келдим. Ошондо туулган жеримдин кымбат экенин сездим.
Төлөбүбү
Касымалиева