Кумир менен баарлашуу

"Бизде бизнес
өнүккөн, шоу жок"
Күйөрмандары менен жакындан отуруп баарлашып, кыздардын кызыккан суроолоруна жооп берип, жер титиреген учурда оозуна келмесин келтирип, кайрадан кызыктуу, шаңдуу баарлашуусун уланткан, биздин "Кумир менен баарлашуу" рубрикабыздын коногу, кыздардын жүрөгүн бат эле багынткан ырчы Даниель.

Бакуля,17 жашта: - Сиздин атыңызды ким койгон жана атыңыз эмнени чечмелейт?
- Даниель деген бул 13-пайгамбардын аты болгон. Бул атты мага таятам койгон. Мүнөзү ошол пайгамбардай болсун деп айтып койгон экен. Чечмеленишин билбейм .
Айгерим, 17 жашта: - Шоубизнесте сизди "бабник" дешет. Сиз өзүңүздү "бабник" деп эсептейсизби?
- Мен жалган айтканды жаман көрөм.Чынын эле айтайын. Мен, негизи, аябай кыздан кызды тандаган бала болчумун. Кыздарды ойнотуп, бир көз караш менен өзүмө тартып алчумун. Бирок чоңойгон сайын токтоло баштайт экенсиң. Жашоого көз карашың башкача болуп калат экен.
Жылдызай, 15 жашта: - "Канат Култаевге келгенде, ал мени албай койгон деп айткансыз. Албай койсо эмне кылат элеңиз?
- Негизи, аракет кылмакмын. Бирок ушундай деңгээлге жете алмак эмесмин. Ушундай деңгээлге жеткизип, мени көтөрүп кыргыз элиме тааныткан продюсерим Канат Култаев. Ошондуктан, Канат байкенин мага кошкон салымы,жардамы,эмгеги өтө чоң.
Гүланда,18 жашта:- Күйөрмандарыңыз жолугушууга чакырса барасызбы?
- Барам. Бирок бир жолу мени алдап коюшкан. Бир кыз жолугалы деп чакырган. Анан мен барсам келбей койду. Ошондон кийин бир аз ишенбей калдым.
- Быйыл Курманжан Датканын жылы эмеспи. Сиз Курманжан Датка жөнүндө билесизби? Канчанчы жылы төрөлүп, канчанчы жылы каза болгон?
- Курманжан Датканы билем. Бул Алымбек Датканын жубайы жана Алайдын ханышасы болгон. Чыныгы баатыр энелерден бири.
Жылдыз, 17 жашта:- НБТ каналындагы "Музканал" теле берүүсүнө келгенде мындай деген сөздү көп айттыңыз. "Оң бетиң өпсөм, сол бетиң калат" дегендей, мындайга эгиз кылып тигиндей деген сөздү дагы сүйлөйсүзбү?
- Тигиндей деп кээде сүйлөп калам. Мындай дагы дейм, тигиндей дагы дейм.
Зарифа, 20 жашта:- Бай кыз менен сулуу кыз болсо, кайсынысын тандайт элеңиз?
- Мен экөөнү тең тандайт болчумун(күлүп). Тамаша. Мен, негизи, байлыкка, акчага кызыкпайм. Эң негизгиси, мен ал адамды жактырып калсам, байбы, колунда жокпу карабайм, сүйсөм эле болду.
Элиза,14 жашта:- Сиздин сүйгөн кызыңызды досуңуз сүйүп калса, досту тандайсызбы, же кызыңыздыбы?
- Эгер досум сүйүп калса, экөөнүн тең көңүлүн карап иш жасамакмын. Негизгиси, достук дагы керек, сүйүү дагы керек.Ошондуктан, экөөнү тең тандамакмын.
Айкөкүл, 17 жашта:- Кандай эс алууну жактырасыз?
- Кээде жай музыкаларды коюп, эч ким жокто бөлмөмө кирип алып ырдап эс алам. Ушундай убактар көп болот.
Жылдызай, 17 жашта:- НБТканалында алып баруучу болбодуңузбу. Ошого канча акча төлөдүңүз?
- Эми ал жөнүндө айтпай эле коёюн (күлдү).
- Мен көп байкайм да, моюнуңузга үч бурчтук күмүш клончик тагынып жүрөсүз. Бүгүн карасам жок экен. Эмне үчүн алып койдуңуз?
- 1 жыл болду, жоготуп алганыма. Ысык-Көлдө болгон. Эстесем азыркыга чейин аябай жаман болом. Анын ичинде курандын жазуусу бар болчу. Негизи эле мен ушундай нерселерди тагынганды жакшы көрөм.
- "Апакеңиз үтүктөп берген аппак көйнөк кийипсиз. Ийиниңизге күрмөңүздү илип алып, чачыңызды жыттуу шампунь менен жуупсуз". "Ооздон чыккан сөз отуз урууга таркайт" деп тишиңизди кандай паста менен жууйсуз?
- Кадимкидей эле, "blan-a-med" менен жууйм.
Кызжибек, 18 жашта:- Ысык-Көлдүн ортосунда эмне бар?
- Ысык-Көлдүн ортосунда мен бар (күлүп). Азыр ойлонуп көрөйүнчү.Эмне бар эле? Таппадым.
Тире (-) бар да . Мен аябай ойлонуп жатпаймынбы.
Каныкей, 18 жашта: - Быйылкы туулган күнүңүздү кантип өткөрдүңүз?
- Аябай эсимде калды. Подьезимдин ичин шоу-балет "Стар Денс" группасынын кыздары кооздоп, ар кандай жазууларды жазып, шариктерди илип салыптыр. Эртең менен туруп эшикти ачсам эле, башка жакка келип калгандай болуп кеттим. Андан башка дагы сюрприздер көп болду. Өзүбүздүн эң жакын командабыз менен бирге отуруп өткөздүм.
Бакуля, 17 жашта: - Сиз эки аял алат белеңиз? - Эми мусулман дининде ,негизи, 4 аял алганга уруксат берилген. Бирок билбейм, мен муну айта албайм. Эртеңки күнүмдү билбейм да эмне болуп кетерин, туурабы? Кудайдын буюруганы болот.
Накуля, 17 жашта: - Сиздин чачыңыз мурда башкача, кыска болчу. Гүлжигит Калыков чыккандан кийин эле өзгөртүп алдыңыз. Аны туурадыңызбы, же корейлердин "F4" деген фильминдеги балдарды туурадыңызбы?
- Эч кимди туураган жокмун. Мен негизи бир стилде жүрө албайм. Бат-баттан өзгөртүп турганды жакшы көрөм. Гүлжигиттин мурда чачы кыска болчу, анан ал менин чач жасалгамды кичине уурдап алды. Тамаша. Негизи, мен эч кимди туурабайм, идея келип калат, анан өзгөрүлүп алам. Балким, эртең мени чачым жок көрүп каласыңар.
Бактыгүл, 15 жашта: - Жети атаңызды билесизби?
- Жок, тилекке каршы, жети атамды билбейм. Мен кичинемден эле орус досторум менен чогуу жүрүп, орус мүнөз болуп, орус кыздарды сүйчүмүн. Үйдө дагы орусча сүйлөшкөндүктөн, кыргызча толук билбей кыйналдым. Анан шоу-бизнеске аралашып, эми кыргызчаны жакшы билип калдым.
Бактыгүл, 15 жашта:- "Өзүмдөн беш жаш улуу орус кыз менен жүргөм" дегениңиз чынбы? Чын болсо, ал кайсы кыз жана кайсыл жакта?
- Чын. Бирок азыр билбейм, кайсыл жакта экенин. Мурда ал Ошто, радиодо иштечү. Бир көрүп эле ал мени жактырып калып чалып жүрдү, анан мен дагы чалдым. Бир аз ортодо сүйүү болду, анан мен шоу-бизнести тандап кеттим.
Жаңыл, 16 жашта:- Президент болсоңуз, эмне кылат элеңиз?
- Президент болуш ,негизи, кыйын да.Ушунча 5 миллион элди караш керек дегендей. Эгерде болсом, анда мен эмне кылмакмын? Кыргызстанды бүт жагынан өнүктүрмөкмүн. Кыйналган адамдарга жардам бермекмин. Кичинемден эле тилегим бар. Көптөгөн үйү жок балдарга, карыяларга, көчөдө калган жаныбарларга үй салып берем дей берчүмүн .Буйруса, аны аткарам. Кудайга шүгүр, азыр деле колдон келишинче жардам берип жатам. Андан тышкары, ар бир адамдын оюн угуп, иш алып бармакмын. Бирок бийликке келгенден кийин ар бир адам өзгөрүлөт, ага карабай деле өзүңдү карманса болот да. Акчага алданбаш керек. Акча-колдун кири. Акча, мындайча айтканда, өлүмгө дагы алып келет.
Эля,15 жашта: - Сизди сүйгөн жакшыбы, же сиз сүйгөнбү?
- Экөө тең жакшы. Сүйгөн жакшы, сүйүктүү болгон дагы жакшы.
Накуля, 17 жашта:- НБТда "Музканал" теле берүүсү уюштурган "Мистер-шоу-бизнес" сынагына эмнеге катышкан жоксуз?
- Мистер-шоу-бизнеске катышпайм деп башында эле макул болгон жокмун. Билбейм мага жаккан жок. Анткени, "Мисс-шоу-бизнес" деген, негизи, бар да. Анан мистер дегенди мен башкача кабыл алып, чыкпайм дедим.
Жылдыз,17 жашта:- Сиздин ырларыңызды үйдө отуруп угуп алып, өзүнчө бийлей берем да. Анан азыр сиздин ырыңызды коёюн, мени бийге чакырасызбы?
- Албетте.
Бийлеп жаткан убакта бир күйөрман кызы сүйүүсүн арнаганга жетишти.
Кызжибек, 18 жашта: -Даниель байке, кызганып баратабыз.
- Мен ,негизи, бардыгыңарды бирдей сүйөм.
Мээрим:- Анда баарыбыз менен бийлеп чыкпайсызбы.
Айкөкүл, 17 жашта: - Сиздин жалпы канча ыр , канча клипиңиз бар?
- 10дон ашык ырым, 7 клипим бар. Кээ бирлери чыга элек. Анткени, акырындап чыгарбаса, 5-6 чыгарып жиберсең, кайсынысын угарын билбей калышат. Ошондуктан, бирден-бирден чыгарсаң, эл угат.
Бакуля, 17 жашта:- Сизди туулган күндөргө чакырса барасызбы?
- Бош болсом, сөзсүз түрдө барам.Бирок продюсерим менен байланышып, макулдашып, убакытты караш керек. Анткени, ал менен келишим барда, мен буза албайм.
Бакуля, 17 жашта: - Ноорузда сүмөлөк кандай жасаларын билесизби?
- Ундан, буудайдан жасалат. Бирок кичине унутуп калдым. Кичинемде кошуналар чогулуп алып жасачубуз.
Жаңыл, 16 жашта:- "100 сомуң болгончо, 100 досуң болсун" дегендей, сиздин сахнада досторуңуз көпбү?
- Сахнада Алихан менен Гүлжигит дос. Ал эми Мирбекти болсо байке катары сыйлайм. Бирок эң жакыны-Алихан. Анткени, ал менен сырдашмын.
Бактыгүл, 15 жашта:- Азыр эмнени ойлоп жатасыз?
- Ким кандай суроо берет болду экен деп ойлонуп жатам.
Жылдыз,17 жашта:- Канча жашыңызда беш манжаңызга микрофон кармап, канча жашыңызда чоң сахнаны аттадыңыз?
- Мен 8 жашымда бала бакчадан биринчи жолу микрофон кармап, жандуу ырдагам.
Каныкей, 18 жашта:- Балдар менен көп мушташып ,салык салган учурлар болду беле?
- Шок бала болуп жүрүп, аябай көп мушташкам. Бир жолу мектеп менен мектеп топтолуп алып урушуп, бир жолу катуу жеп калгам. Андан кийин ойлонуп калдым. Негизи эле, эмне кереги бар?- деп. Ал дагы бирөөнүн баласы да. Чоңойгон сайын токтолуп жатам. Ал эми салык салгандар дагы көп болгон. Сабакка жакшы эле кызыгып окуп келе жатсаң, балдар азгырат: "Эмне кыласың окуп, бас, андан көрө кеттик",-деп. Барып алып ар кимге тийишип, салык салчубуз.
Жылдыз ,17 жашта :- Кайсыл мезгил жагат?
- Кудайга шүгүр, биз 4 мезгилди тең көрүп жатабыз. Кээ бир өлкөлөрдө бир гана мезгил менен жашагандар бар да. Ошондуктан, мага бүт мезгил жагат . Ар бир мезгилдин өзүнчө бир сулуулугу жана кызыктуу учурлары бар.
Айгерим, 17 жашта:- Телевизордон көбүнчө кайсыл каналдарды көрөсүз?
- Мен көбүнчө чет элдик каналдарды жана клиптерди көрөм. Кээ бир кезде карап отурсаң, жаңы идеялар пайда болуп калат. Анан ага өзүңдүкүн кошуп туруп, клип жаратып калабыз.
Бардыгыңыздарга ден соолук каалайм.
Келсин Мурадил кызы