Бир ырдын тарыхы

Борончу Кудайбергенов:
Бул ыр азыркынын "Күйдүм чогу"
Жанга жагым сыйкыр авазы кимдин болбосун сезим ышкысын козгоп, жүрөгүнүн тээ түпкүрүндөгү ашыктык туйгусун кытыгылап ойготушу абзел. Сүйүү кайрыктарын баяндаган "Кечиккен махабат" ырынын эгедери туурасында сурамжылап, ушул ырды жогорку чеберчилик менен аткарган элдин сүйүктүү ырчысы Борончу мырзаны кепке тарттык.
- Аз убакыт болсо да эл сүйүп уккан "Кечиккен махабат" аттуу ырыңыздын тарыхынан кеп салсак. Бул ыр кандайча жаралып калган?
- Бул ырдын 70% сөзү, обону Баткендик композитор Сагынбек Молдоевге таандык. Бир ырды жазарда "Кеңешип кескен бармак оорубайт" дегендей, экөөбүз кеңешип, кандай темага кайрылсак, элдин жүрөгүнүн түпкүрүнө жетет деп ыр жаратабыз. Ырдын аты айтып тургандай, кечиккен махабатка кимдер гана кайрылбаган. Жашы өтүп калган кезде сүйүүгө кабылып, көөдөндөгү жүрөк туйлаткан сезими жара тээп чыкканда жаралган ырларга кайрылсак. Тал чыбыктай буралган казак кызы Бегимайга ашык болгон ак таңдай акыныбыз: "Мен картайган кезде көрүнүп",-деген Раймаалынын ырынанбы, же Асанкалый агай: "Мен боз улан кезде кайда элең?" деп сыздаган ырынанбы, канткен күндө да көкүрөктөгү тыбырчылаган сезимди оргуштап ойготору чындык. Ошол ашыглыктын отун жаңыча жандандырайын деген негизде гана, ошондой сезимге кезиккендерге чыгарылган ыр болду.
- Жүрөк кургур бир элирип кетсе, ооздукташ кыйын болуп жүрбөсүн, балким, өзүңүздүн сезимиңизден улам жаралган ырдыр?
- Ырдын каарманы боз улан, беш көкүл кызга жолугуп, бирок жолдору эки айрылыш болуп калат. Ал кырктан ашкандан кийин, бир жаш кызды көргөндө, ошол кызды сүйгөнүнө окшоштура берет. Анын маралдай басыгы, же тоо булагындай шыңгыр күлкүсү, жаркылдап жайнаган мүнөзүн окшоштуруп сүйүп калат. Бул ыр мага байланыштуу эмес, мен кадырлап-сыйлаган бир гана аялзатына жүрөгүм бош. Ал балдарымдын мээримдүү энеси, менин өмүрлүк жарым - Ырыс.
- Элге бат таралышынын себеби эмнеде деп ойлойсуз?
- Мен чыгарган альбомдун атын "Кечиккен махабат" деп койдук. Бул ырдын элге таанылып кетишинин себеби, мен курактуу жана менден улуураак мырзаларга жага турган тема. Анткени, кечиккен махабатка кабылбаган жан болбой койбосо керек. Асанкалый, Түгөлбай агайлар ырдаган маалда биз жаш болгондуктанбы, анча түшүнчү эмеспиз. Азыр ошолордун курагына жеткен маалда, ушул ырды сезип, берилип ырдаганыбыздан улам, жүрөккө жеткире кабыл алуусу болуп жүрбөсүн. Ырдын чыкканына аз убакыт болсо да, элге жугумдуу ыр болуп калды. Себеби, ушундай жагдайга туш болгондор, өзүнүн жаштык кезине кайрылышып, бир жылмайып алышат.
- Бул ырыңызды сүйүп укпастан, арасында ырдап жүргөндөр да бардыр?
- Кайрыктары, музыкалык ыргактары да кыргыздын колоритине жакын, фольклор жыттанат. Бул ыр азыркынын "Күйдүм чогу", биздин курактагыларга жагышы менен бирге уккан адамды өзүнө тартып алат. "Кайдасың сен, таба аламбы" деген ырым бир жылдан соң араң элге сиңген. Бул "Кечиккен махабат" болсо, бир-эки айда эле элге тарап кетти. Кечээ бир тойдо Өзгөндүн бир мырзасы комуз менен ырдап берди. Анан ал: "Ушул ырыңыздын обону уккулуктуу, сөздөрү да ойлонто турган ыр, өзүмдүн тагдырымды эстеп кетем",-деди. Эл ушинтип жактырып ырдап жүрсө, мен ырдаган ырлар классикага айланып, жашоосу да түбөлүктүү болсо деген үмүтүм бар.





Кечиккен махабат
Сөзү, обону: Сагынбек Молдоевдики
Түшүнгөн соң байкабай келгенимди,
Түйшүк тартып кыйналсын дегениңби.
Жүзүңдөн күлкүң төгүлүп, жүз түркүн сырга айланды, эй,
Орто жаш кезде көрүнүп, оорукчан кылдың адамды.
Жүзүңдөн нуруң төгүлүп, жүз түркүн сырга айланды, ий,
Орто жаш кезде көрүнүп, оорукчан кылдың адамды.

Жаштык кезим бекерге өткөндүгүн,
Жамалыңды бир көрүп сездим бүгүн.
Кайчылаш жаткан жол менен кездешпей жүрсөң кантейин, ой,
Кайраттуу кезде кайда элең, кечиккен жалжалым менин.
Кайчылаш жаткан жол менен кездешпей жүрсөң кантейин, ий,
Кайраттуу кезде кайда элең, кечиккен жалжалым менин.

Алсыз беле чектелүү өмүрүмдө,
Арман менен достошуп өткөрөмбү.
Аксатпай теңир сүйүүдөн, пендесин кемсиз кылбайбы ,эй,
Арзыбас болуп бул дүйнөң, сүйүүгө сараң турбайбы.
Аксатпай теңир сүйүүдөн, пендесин кемсиз кылбайбы, ий,
Арзыбас болуп бул дүйнөң, сүйүүгө сараң турбайбы.
Күлгүн жаш кезде кайда элең, күйдүргөн жалжалым менин.

Динара Асылбекова