Обон почта

ОП-159-01. Аял деген эң бир сулуу асылзат, таралыптыр аялдан бүт адамзат. Мээрими бар, сүйүүсү бар аялдын, ааламда ага тең келбеген эч бир зат. Кадамжайдан Нурила
ОП-159-02. Жаз келип, жоогазын гүл ачканда, жаркырап күндүн нуру чачылганда. Ар качан сага арнап ыр жазамын, таң азан ай батканда да. Кадамжайдан Нурила
ОП-159-03. Ассалому алейкум, кыргыз калкым. Сиздерди келе жаткан жаңы жыл - Нооруз майрамыңыздар менен куттуктайм! Ар дайым элибиз тынч, асманыбыз ачык болсун! Нурила 91
ОП-159-04. Ноокат районунун Чеч-Дөбө айылына чоң салам. Гүлзина
ОП-159-05. Салам, "Обон" гезитинин окурмандары. Мен ыймандуу балдар менен достошом. Сиздерге чоң рахмат.
ОП-159-06. Мен саламымды Ош областындагы КБКда жашаган жездем Сашка ,эжелерим Зинагүл, жээндерим Марат, Эрлан, Айсезим жана эжем Тандагүлгө жолдойм. Бар жана бай болгула. Мен силерди жакшы көрөм. Нурзада
ОП-159-07. Ыр жазамын, ырчылардын бирине, Нурлан Насип окуйт бекен "Обон" гезитин күнүгө. Саламат
ОП-159-08. Мунарыктын ары жагынан, муз уюган тоонун жанынан, агып чыккан аруу махабат, азап тартам сенин айыңан. Саламат Садыркул кызы
ОП-159-09. Аракты абдан барктайбыз, рекламалап дагы жактайбыз. Аракты ичип алган соң, карышкырдай улуп, жатпайбыз. Арак ичпей баарыбыз, расмий түрүндө ата-энени сыйлайлы, карыларды барктайлы. Ар намыстуу элимдин руху болуп жалпыга, арак ичпей баарыбыз, көчсөк кантет кымызга? Кеминдик Алмаз
ОП-159-10. Алтыным, ашыга алыстан алдастап, аярлап, араң алдыңдамын. Апакайым, аярым, амансыңбы? Арзыганым ашыктырдың, ардактуумсуң, алдаба. Алыстардан ар азапта асылыма ашыктым. Ажарлуум, арзуумду армандабай арнайын. Ардактуум, ашыгыңдын арзуусун азаптантпай, армандатпай ааламыңа ал! Эрке кыз
ОП-159-11. 75 баш боз үй сатам, бүт жасалгасы менен. Же автого алмашам …0778918ххх
ОП-159-12. Табышмак: Кыргызда ушундай ысым бар. Оңунан окусаң баланын аты, тетирисинен окусаң кыздын аты чыгат. Бул кайсы ысым? Жоопту 0777033433кө жөнөткүлө.
ОП-159-13. Даниель сага арналат: Сендейге кошсо жараткан, сезимим гүлүм ачылган. Кызганып жүрүп башкадан, кыйналам жаным кыйналам. Сүрөтүң тартып ыр менен, жакшылап мактап сөз менен. Ырларым менен жүрөктү, сооротом жаным, сооротом. Нарындан Айнура
ОП-159-14. Кыргызстан - бейиштин төрү. Бермет 0779065296
ОП-159-15. Салам, кыргыз элим, мен силерди сүйөм. Бермет 0779065296
ОП-159-16. Кадырлуум, кымбаттуум, кандайсың? Кыйналбадыңбы? Кат кабарсызсың? Кайдасың? Кыжаалаттамын, күттүрбөчү, кабарыңды күтүүдөмүн. Кайдыгерлигиңди калтырчы. Күнүгө кабарыңды кыйнала күттүм, күттүм, күттүм. Күткөнүм кайдыгерликке кабылтууда. Кайдыгер карабай капалантпа, карындашыңдын көңүлүнө кара, кымбатым. Эрке кыз
ОП-159-17. Кудайым кечирсин пендесин, пенделер келтирсин келмесин. Бүгүнкү күн менен жашабай, ойлосун дайым эртесин. Бермет 0779065296
ОП-159-18. Көр тирилик кор кылса да адамды, артка баспай ташта алга кадамды. Айырмалай билсең болду өмүрдө, бир гана жаман менен жакшыны. Бермет 0779065296
ОП-159-19. Сен кабылткан бул азап буттан чалып, билгизбестен тушады тузак салып. Баш ийбеген жан элем эч нерсеге, азыр жүрөм аргасыз сүйүп калып. Сен деген ойлорума бүтүп канат, жүрөгүм алоолонот, күйөт, жанат.Түгөйүң болсом кана түбөлүктүү, кантейин тоскоолдук көп, атаганат. Эрке кыз
ОП-159-20. "Обон"- жакшылыктын жарчысы. Раушан 88
ОП-159-21. Жашоо кыйын сенсиз мага, жүрөк согот сен деп гана. 0779733ххх
ОП-159-22. Менин саламым ырчы Даниелге жолдонот. Чыгармачылыгыңызга ийгилик. Айкөкүл
ОП-159-23. Салам, мен 2 жыл мурун "Обон" аркылуу таанышкан Тилек аттуу баланы издеп жатам. Жазгүл 779619769
ОП-159-24. Кел жаным, сууну бойлой басалычы, бук болгон көңүлдөрдү жазалычы. Сүйүүбүз суудай тунук болуш үчүн, тез-тезден жолугушуп туралычы. 0778622ххх
ОП-159-25. Күлгөнү тартуулады таалай-бакты, күн дагы билбей калдым кандай батты. Сүйөм деп айткым келет кайра-кайра, өзүңдүн бар экениң кандай жакшы. 0778622ххх
ОП-159-26. Сени сүйдүм сезимдерге багына, сырым ичте жүрөм сени сагына. Ээлеп алдың жүрөгүмдүн бүт эркин, камадың го махабаттын торуна. 0778622ххх
ОП-159-27. Жарык, сен ай чаччы эртелеп. Сүйүүдөн башка не керек? Махабатка малынып жүрөйүн, жаным, бир сага гана эркелеп. 0778622ххх
ОП-159-28. Учканда эмне менен учат куштар? Каргада канча канат, канча бут бар? Коёнду кууса каздар жете алабы? Эчкилер суудан сүзүп өтө алабы? 0778622ххх
ОП-159-29. Дүйнө сулуу ислам менен, жүрөк жумшак ыйман менен. Жагымдуу музыка азан менен, Аллах берген ыйык күндөр менен! 0778622ххх
ОП-159-30. Ильяз, сенин ырларың аябай сонун, мага жагат. 0778659ххх
ОП-159-31. Даниель, сизге ийгилик! Мен үй-бүлөлүүмүн, уул төрөсөм атын Даниель коёюн деп жүрөм. Сиз менен телефон аркылуу сүйлөшсөк болобу, дос болоюн деген оюм бар. 0772294ххх
ОП-159-32. Салам, "Обон". Менин саламым азыркы учурда бактылуу отуруп чай ичип жаткан ата-энеме. 0773186ххх
ОП-159-33. Салам, "Обон". Нурлан Насипке салам. Дуэт ырдасак болобу? Садыркул кызы Саламат
ОП-159-34. Мурдагы сандагы фото-оозго. Эки кабат чоң үйдө, жалгыз өзүм коркомун. Ылайыгы мага өзү, даараткана билемин. Апам тойдон келгиче, бешигимдей көрөмүн. 0779201ххх
ОП-159-35. "Обон" газетасынын иштерине ийгилик! 0778622ххх
ОП-159-36. Келе жаткан Нооруз майрамыңыздар менен, Кара-Кулжам. 0778622ххх
ОП-159-37. Эргеш Осмонов мектебинин 11-б классына салам. 0778622ххх
ОП-159-38. Акем Турубекке чоң салам. 0778622хххх
ОП-159-39. Салам, Кара-Кулжа! 0778622ххх
ОП-159-40. Салам, Адинай, Чолпонай, Аида, Айтурган, Назира, Бегимай, Айсулуу, Айзада 94, Айпери, Бермет, Сагида жана Наргиза- баарыңарга ден соолук, окууларыңарга ийгилик! Досуңар Мирбек
ОП-159-41. "Юристтер", алга! Силерге ийгилик каалайм! Жеңиш силерде болсун. 0779774ххх
ОП-159-42. Салам "Обон" жана "Юристтер" командасы. Алга "Юристтер", мен силер менен. Бакуля 96
ОП-159-43. Мен сүйгөн "Обон" гезити, сиздерден сураныч, менин кумирим Добрдын канча бир тууганы бар жана аттары ким экенин билип бере аласыздарбы?
Добр: Менин 4 бир тууганым бар. 2 кыз, 2 уулбуз. Улуусу мен, Адилет. Менден кийин Айзада Турдаалы кызы , андан кийин кичүү карындашым Мээрим Турдаалы кызы,үйдүн эң кичүүсү Эрбол деген алтындай болгон бир туугандарым бар.
ОП-159-44. "Обон" -сен суперсиң! Динара 94 778540026
ОП-159-45. Унутпа кыргыз элиңди, унутпа ата-баба салтыңды. Унутпа жашоо такыр бүтсө да, кадыр туткан кыргыз деген атыңды. Раушан 88
ОП-159-46. Жалган деги бул жашоодо ойноп-күлгүн, экинчи ирет бул жашоого жаралбайбыз, замандаш. Раушан 88
ОП-159-47. Ден соолук адамга зор байлык тура, демейде ушул ойго келбейт тура. Адамды жаратканың төп кылып төгөрөгүн бербейт тура. Раушан 88
ОП-159-48. Сагыныч жүрөгүмдү эзет улам, а бирок унутууга мажбур болом. Кусалык жүрөгүмдө толуп турса, коштошом арманым жок сени менен. Раушан 88
ОП-159-49. Ээленип өз билгеним жасайм дебе, табият түзүп койгон жашоо ченем. Ыраатын бузам дебе бул жарыктын, бириккин ааламдагы тартип менен. Раушан 88
ОП-159-50. Башым ооруп мен тунжурап баратам, жалган сүйүү жүрөгүмдү кыйнаган. Унута албай, эстей албай ал күндү, махабаттын торуна бир камалдым. Раушан 88
ОП-159-51 . Сага деген махабаттын даамын татпай, тузун таттым. Көрбөсөм мен сүйбөйт элем, кайдан сени учураттым? Раушан 88
ОП-159-52 . Жакшы дос - улуу казына, жаман дос - түбөлүктүү душман. Алина 95
ОП-159-53. Урматтуу "Обон" гезитинин жамааты. Сиздерден сураныч, редакцияга Даниель келип калса, менин номеримди берип коюңуздарчы. Дамира
ОП-159-54. Таш-Көмүр шаарынын тургуну, ТАКта окуган Сырга, мен сени сүйөм. Эмне мынча сулуусуң? Сырдуу жигит
ОП-159-55. Шоколад, сен эмнесиң өзү? "Тамчыдагы" СМСти "Обонго", "Обондогуну" "Күн желесине" жазып, элдин баары макоо эмес, так что ойлонуп иш кыл. Аська.
ОП-159-56. Анекдот: Бир кишинин базардан эшеги жоголот. Анда киши жини келип: -Ээ, эшегимди таап бергиле! Таап бербесеңер, кечээкидей болот. Анда уурдаган балдар билип калып, эшегин берет. Ал сүйүнүп, минип кетип баратса алдынан бирөө: Кечээ эмне болду эле,-десе Апенди: Кечээ эшегимди жоготуп, жөө кеткем,-дептир. Мен Шоколад.
ОП-159-57. Белгисиз күч жүрөгүмдү багындырып, эңсеп күтүп бир өзүңдү сагындырып, эзилип сагынычтан араң жүрөм, келсеңчи күттүрбөстөн сагындырып. Назик 94.
ОП-159-58. Салам "Обон". Мен Тоң районундагы Кара-Талаа айылына салам жолдойм. Кыял 94
ОП-159-59. Азыркы кыргыз өкмөтү жөнүндө: Арстан баштаган койлордун үйүрү, кой баштаган арстандардын үйүрүнүн үстүнөн жеңишке жетет. Н.Бонопард
ОП-159-60. Аллах, мен сенден суранам! 0779716ххх
ОП-159-61. Сен күнсүң эритүүчү алоо чачып, сен айсың топ жылдыздан жарыгы ашык. Сен нурсуң күнү-түнү тийип турган, сенден мен барамын кайда качып? Назик 94
ОП-159-62. Салам, "Обон!" Ат-Башы районундагы Шералиев мектебинин окуучусу Самат жаныма жана үй-бүлөсүнө чоң салам. Ден соолукта узун өмүр сүргүлө. Айдагы кыз
ОП-159-63. "Обон", салам! Супер СМСчилер, мен Жекума кантип жетем? (0779441448) Силер менен бирге Казармандан ди-джей Белла.
ОП-159-64. Салам " Обон!" Казарманга 100 тонна салам! БГУдагы Жеңишбек, сүйүүңдү мага арначы. Бегайым 94
ОП-159-65. Кыргыз кыздар, дааратканада шайтан көп болот, тамеки чегип эмес, ойлонгонго болбойт. Эсиңерге келгиле. (Макалер Диллер)
ОП-159-66. Салам "Обонушка!" Эрмек Нурбаев, алга! 0777008ххх
ОП-159-67. Кыргыздын уулдары акылдуу, кыздары ыймандуу болушса. +79826080хххх
ОП-159-68. Сүйөм десе, ал жигитке ишенбе, анткени, алар күнүмдүгүн көп ойлойт. Кокусунан сурап калса достору, ал "никто", дагы бирөө деп коёт. Тина
ОП-159-69. Ар бириңиздерге келсе кеткис бакыт, аруу, таза махабат жана эң сонун көз ирмемдерди каалайм! Тина
О П-159-70. Мен бүгүн чарчадым. Анткени, ар бир күнүмдү туура пайдалана албай жатат окшойм. Эмнегедир башка жакка барып эс алып келгим келип жатат. Эч ким жок жакта өзүм жалгыз токойду, тоону аралап баскым келет. Өз оюм жана кыялым менен тоону аралап, шар аккан сууну бойлоп жүрсөң, кандай гана сонун. Ушул күн келерине ишенем. Сырдуу кыз
ОП-159-71.Cалам, "Обон". "Кеңеш" тобуна чоң салам. Нооруз майрамыңыздар менен! Концертиңиздер мыкты өтсүн,сапарыңар байсалдуу болсун. Акмарал
ОП-159-72. Салют, "Обон" гезити. Тоң районунун Оттук айылынын жалпы жашоочуларына салам. Болот Канатов 01.09.1992
ОП-159-73. Анекдот: Аялы Танелге айтат: Ардагым, бүгүн дааратканага барбай эле койчу? Сен жок болсоң, мен аябай зеригем, алтыным. Эгер мен мончого барбасам, анда экөөбүз тең зеригебиз. Приев Тариел
ОП-159-73. Омар, мен сизди с….. Баткенден Тоту.
ОП-159-74. Урматтуу ОП-158-44 абоненти! Сиз "Супер-Инфого" саламыңызды "Обонушка" аркылуу эмес, "Супер-Инфо гезитинин өзүнө жазсаңыз болмок! "Обонушка" -эң мыкты гезит! Окурманыңар Накуля
ОП-159-75. Мен жакшы көргөн эң мыкты гезит "Обонушканын" жалпы жамааты, сиздерди Нооруз майрамыңыздар менен чын көңүлдөн куттуктап, ар бириңиздерге үй-бүлөлүк бакыт, чын ден соолук, ишиңиздерге ийгилик, тунук махабат, деги эле баардык жакшылыктарды каалайм! Накуля
ОП-159-76. "Обон"- менин гезитим. Раушан 88
ОП-159-77. Салам, Даниель. Качан жеке концерт бересиң? Сенин сайтың барбы, айтсаң болобу? Мээрим
ОП-159-78. Жүрөктө жашайт сенин элесиң. Жүрөктө сакталуу сенин айткан сөздөрүң. Канчалык сүйүп турсам дагы, аттиң ай, сүйөм деп айтууга оозум барбады. Өкүнөм ошондо айтпай калганыма, өкүнөм сүйүүдө алсыз болуп турганыма. 0771123ххх
ОП-159-79. Салам, сага көптөгөн ийгиликтерди каалайм. Даниель, сен мага ынайсың. Астана калаасынан Жибек
ОП-159-80. Күтпөйм эми азаптарга малынбаймын, тагдырга таарынып сени кайра сагынбаймын. Акыркы ирет айтам сага кайыр кош эми, кайда барсаң дагы жолдоруң бош. Эрке кыз
ОП-159-81. Жазда келди келгин куштар алыстан, кеткендер келди алыс жолдон, сапардан. А бирок бул жазда күткөнүм бир сен, канча убак күтсөм дагы эч келбедиң. Эрке кыз
ОП-159-82. Жалган дедим сенсиз жүргөн күндөрүмдө, ишенбедим сенсиз жашап жүргөнүмө. Кайрылчудайсың мурдагыдай жадырап, шаңдуу гана ойноп-күлүп жүргөнүмдө. Эрке кыз
ОП-159-83. "Обондун" СМСчилери, менин курбу кыздарым Раушан 88 менен Берметти Нооруз майрамы менен куттуктап, ачык асман, бакыт- таалай каалайм! Достор, бар болгула! Силерди жакшы көргөн курбуңар Накуля.
ОП-159-84. Ыйладым өткөн күнүм элестетип, кыйналдым бир жүргөн күндү көп эскерип. Унутам деп бел байласам кайра эле, эске түшөсүң кыйнап тез эле. Эрке кыз
ОП-159-85. Жылмая башка жанга эркелейсиң, жүрөгүм кан жутканын сен сезбейсиң? Томсоро күздө калган жалбырактай, жүргөнүмдү айтчы неге эч билбейсиң? Эрке кыз
ОП-159-86. Сүйбө дейсиң сезимимди билип туруп, эң башында жүрөгүмдү козгоп коюп. Айтчы анан кандай сүйбөй коё алам, ашыктыгым кантип эми жоё алам? Эрке кыз
ОП-159-87. Жүрөгүмө азап толду, кайгы толду, сагынып күндө эстейм карайм жолду. Кусадан бул өмүрүм карып болуп, арман менен курчалган азап болду. Эрке кыз
ОП-159-88. Пайгамбарыбыз Мухаммад (с.а.в) айткан. Ким өзүнүн эки тишинин жана эки бутунун ортосундагы нерселер менен күнөө кылбоого сөз берсе, анда Алла Таала аларды бейишке киргизүүгө сөз берет. 0771138ххх
ОП-159-89. Салам "Обон". Мурда "Кыз-Бурак" тобунда ырдап кеткен Айпери Сыдыкованын күйөөсүнүн аты ким жана кантип таанышып калышкан экен?Кандай сапаты жагып, баш кошуп калышты эле? Сурап бересиздерби? Наргиза
Айпери: Менин жолдошумдун аты-Мирзамир. Интернет аркылуу таанышып, 1 жыл сүйлөшүп жүрүп үйлөндүк. Ал убакта интернетте 5 миңдей тааныштарым бар болчу. Башында ал мага СМС жазса,
жооп бербей жаткам. Анан кантип жазышып, тил табышып кеткенимди байкабай калыптырмын. Мага жолдошумдун билимдүү, чынчыл, жөнөкөйлүгү, адамгерчиликтүүлүгү, иши кылып ичи таза адам экендиги жагат. Ошолоруна карап сүйүп калып, макул болдум.
ОП-159-90. Сүйүү чынбы? Сүйүүгө ишенесиңерби? Сүйүү барбы, же жокпу? 0771050ххх
ОП-159-91. Ынтымак болсун элимде, гүл өссүн кыргыз жериме. Асмандагы алтын күн, нурларын чачсын элиме. Алматыдан Бекиш
ОП-159-92. "Обонушканын" СМСчилерине салам. Силер-суперсиңер. Фируза 90
ОП-159-93. Жойбелент айылынын тургуну Жылдыз эжеге салам. Фируза
ОП-159-94. Кешка, Сашка, Гриша, Петя, кандай ден соолук? Фируза 90
ОП-159-95. Салам, Сапаргүл, Венера, Анара, Сируза - суперсиңер. Фируза 90
ОП-159-96. Салам "Обон"! Ак куу учат, сүйүү тоосун этектеп, сени сүйдүм кадырыма жетет деп. Бирок жаным, ойлобогун сен мени, мени таштап башка адамга кетет деп. Фируза 90
ОП-159-97. Салам! Ырчы Каныкей, сен Көлдө жүргөн ак куусуң. Фируза 90
ОП-159-98. Ырчыларга салам, барсыңарбы? Дайыр, Алихан, Омар -силерди жакшы көрөм. Ишиңерге ийгилик. Фируза 90
ОП-159-99. Алаңдап тилим, калжыңдап колум карышкан. 0534163ххх
ОП-159-100. Салам "Обон". "Максимум" бизнес борборунда иштеп жаткан Жылдыз, Фарида, Сырга, Барчын, Марал эжелерди Нооруз майрамы менен куттуктап, ар дайым жүзүңөргө күлкү, бекем ден соолук каалайм. Фируза 90
ОП-159-101. Салам, достор! Кыргыз элимди Нооруз майрамы менен куттуктайм! 0557757ххх
ОП-159-102. Кыргыз элимди Нооруз майрамы менен куттуктайм. Жерибизде ар дайым тынчтык болсун. Назира 90
ОП-159-103. Чаткалда жашап жаткан атам Рысалы, апам Наркүлдү Нооруз майрамы менен куттуктайм! Назира 90
ОП-159-104. Иним Нургазыны 18-мартта 18ге чыгышы менен куттуктайм! Окууңду ийгиликтүү аяктап, биздин бактыбызга бар бол! Назира 90
ОП-159-105. Мен 88 жаштамын, чалым 99 жашта. Биз экөөбүз Тата Уландын "Карындаш" деген ырын аябай жакшы көрөбүз. Кимиңердин соткаңарда ушул ыр бар, өткөрүп бергиле, балдарым! 0554056ххх
ОП-159-106. Чаткалдагы А.Чымканаев, С. Мырзалиев, Кайың-Суу, Чакмак-Суу орто мектебин аяктаган баардык 90-жылкы классташтарыма салам. Назира 90
ОП-159-107. Кызыктуу экен жүзүңүз, бирок кичине күлүңүз. Жок күлбөй эле коюңуз, эгер күлсөңүз чоңоюп кетет оозуңуз. 0554056ххх
ОП-159-108. Нарын областынын Чаек айылындагы Кара жээктин тургуну, 90-жылкы Нурлан, өпкөлөнбөй жөн жүрчү. Өпкөлөнүп жүрүп, бир күнү өпкөң сыртка чыгып кетпесин. Дагы кыздардын каргышына көп калдың, эй… Жазган сырдуу кыз
ОП-159-109. Салам "Обондун" табышмакчысы Тариэл, ийгилик сага. Мирка 94
ОП-159-110. "Обон" дайыма биринчи! Мирка 94
ОП-159-111. Биз илимдүү, биз билимдүү жаштарбыз. Анткени, келечек курабыз. Бермет
ОП-159-112. Салам, менин атым Назико. Мен көптөн бери бир суроолорго жооп таба албай жатам. Кыз сүйсө калат, бала сүйсө алат деген туурабы?
ОП-159-113. Катуу тебя люблю, сенсиз я күн не могу. Күндө сени думаю, айланайын, ай лав ю. Сүйөм десең напиши, жүрөгүмдү потуши. Дамира
ОП-159-114. Даниелге арналат: Ойлонсом ойлорумду бөлүп жарган, сен белең көңүлүмө жагып калган? Уктабай түнү бою ойго жатам, сен белең уйкумду ала качкан? Бастырып кирип барып капысынан, сен белең жүрөгүмдү ээлеп алган? Сездирбей найза сайып жүрөгүмө, сен белең жүрөгүмдү жаралаган? Күткүн деп буйрук берип жүрөгүмө, сен белең сезимимди ыйга салган? Өзүңдү жоготуудан коркуп жүрөм, сен белең жашоомдо ыйык адам? Соолуган гүл
ОП-159-115. Ырчы Даниелге: Берилип жүрөктөн сүйдүм сени, башкасын сүйө албаймын түшүн мени. Ишен мага түбөлүк сени сүйөм, унут деп кыйнабачы, жаным, мени. Дамира
ОП-159-116. Жолуңду карап жүрүпмүн, келет деп сени күтүпмүн. Адашкан экем, аттиң ай, бекер эле сени сүйүпмүн. Соолуган гүл
ОП-159-117. БЛ-1-09 группасына чоң салам. Алтынай, Айжан, Аида, Регина, Карлыгаш, Касиет, Михрибан, Шарип,Тима, Азиза, Гүлзат, Гүлбара, Махмуд, Ильяз, аман болгула, достор БЛ-209. Раушан
ОП-159-118. Сураныч, СМС гана жазыңыздар, маяк бербегиле, маякты жек көрөм. 0779891458 Самсунг
ОП-159-119. Салам, "Обонтай!" Редакцияңарга Роза Аманованы чакыргылачы. 0773051ххх
Жооп: Сиз жакшы көргөн айымды редакциябызга чакырганга аракет кылабыз.
ОП-159-120. Чаткал районуна караштуу Сумсар шаарчасына салам жолдойм. Бермет 95
ОП-159-121. Даниель байке, өзүңүздү кандай жигит деп ойлойсуз? 0773526ххх
ОП-159-122. Билген элем бир өзүңдү сүйөрүмдү, сени издеп көз жашымды төгөрүмдү. Эң алгачкы ак сүйүүмдү сага арнап, оорутуп алыптырмын жүрөгүмдү. Накуля
ОП-159-123. Урматтуу Жанетта Бобкова, сиз КР Эл артисти деген наамга татыктуу эмессиз. А сизге калпычы деген наам беришсе, мен сүйүнмөкмүн. Alina As
ОП-159-124. Анекдот: Статистика боюнча , туулган күн бул өтө пайдалуу, анткени, туулган күн канчалык көп болсо, адам ошончолук көп жашайт экен. Приев Тариел
ОП-159-125. Анекдот: Эртең менен Танэл жуунуучу бөлмөгө барып күзгүгө каранат. Бети тытылган, көзүнүн асты шишиген, чачы уйпаланган, майкасы жыртылганын көрүп: Кудай ай, мени дагы башка планеталыктар алып кеткен турбайбы,-дейт имиш. Приев Тариэл
ОП-159-126. Анекдот: Доктурга жаш кыз кирет. Келиңиз, өтүп чечиниңиз, азыр коё туруңуз, жок дегенде музыка коюп коёюн,-дейт доктур. Приев Тариэл
ОП-159-127. Көкүрөк муңга тушалган, бул кандай заман билбедим. Жүрөгүмдү эзгилейт, кандайдыр бир сезим. Раушан 88
ОП-159-128. Сүлүктү шаарында жашап жаткан атам Жакыпты, апам Назакатты келе жаткан ……..
ОП-159-129 . Кадыр, жаным, мен сени сүйөм! Дамира
ОП-159-130. Анекдот: Аялы күйөөсүнөн сурап жатат дейт: Тишим ооруп жатат, 50 сом берчи, тишимди жулдуруп келейин,- десе күйөөсү: Тилиңди кошо жулдура кел,- деп 100 сом сунуптур. KG Almaz 92
ОП-159-131. Омар байке, сизге чыгармачылык ийгилик. Мен сизди абдан жакшы көрөм! Алла Тааланын сүйгөн пендесинен болуңуз! Урматым менен Айдай
ОП-159-132. Дайыр Исмадияровдун акыркы жаңылыктары жөнүндө жазыңыздарчы? Кумир менен баарлашуу рубрикасына чакырыңыздарчы, сураныч. Жооп күтөм. Лаззат
Жооп: Азыркы убакта Дайыр Исмадияров Россия шаарында гастролдоп жүргөнүнө байланыштуу, кийинки сандарыбызда чакырабыз.
ОП-159-133. Караш Насер, Алимбек акын, барсыңарбы? 0778247ххх
ОП-159-134. Дайыр Исмадияров жөнүндө жазып коюңуздарчы. Алматыдагы кыздарга жакшы жаңылык болсун, сураныч. +77018419хххх
Жооп: Урматтуу окурман, эмки сандарыбызда Дайыр Исмадияров жөнүндө кеңири маалымат беребиз.
ОП-159-135. Мекка, Мака, Комага салам, силерди жакшы көрөм. Эля
ОП-159-136. Таш-Көмүргө салам. Мака, жакшы болуп кет, досум. 0778247ххх
ОП-159-137. Салам, Жапалактык 87-жылкы Нурзаманга сагынычтуу салам. Мен сени жакшы көрөм жана сыйлайм. Айжамал 94
ОП-159-138. Саламатсызбы, Даниель байке? Сизге табышмак: Казанга салып бышырбайт, дасторконго коюлбайт. Бул эмне? Бакуля 96
ОП-159-139. Дос көңүлү асыл таш, жоготсо ал табылбайт. Эгер достук чын болсо, аны эч ким буза албайт! Досторум көп болушун каалайм, ошондуктан акылдуу, мени менен түбөлүк дос болууну каалаган кыздар "Обонушкага" СМС жазгыла, анан мен өзүмдүн номеримди берем. Накуля
ОП-159-140. Салам, "Обон". Мен силерди жакшы көрөм. Бермет 0779065296
О П-159-141. Ат-Башы районунун Ача -Кайыңды айылынын тургундары сүйүктүүм Талантка жана достору, аяшкаларына менден кайнап турган ысык салам. Айым
ОП-159-142. Сүйүү бул жетим өскөн баладай. Сүйүү бул асмандагы абадай. Эгер мени чын сүйсө, сүйөр элем эч нерсеге карабай! Накуля
ОП-159-143. Тааныш башка, жолдош башка, дос башка. Таалай табат эгер адам дос тапса. Бул жашоодо достон артык эмне бар. Достошкондор достук атын сактаса! Мен бир өмүргө чыныгы курбу издейм! Келгиле, кыздар, достошобуз! Накуля
ОП-159-144. Мен гүл, сен аары. Мен оору, сен дары. Мен сотка, сен симка, түшүнүп кой алтышка, бул жөн эле шутка! Накуля
ОП-159-145. Асмандагы жылдыздарга ачам түндө сырымды, жаным деп атыңды атап арнап жазам ырымды! Атканы калды таң дагы, а бирок уйкум канбады. Жатам жалгыз сени ойлоп, ойлодуң бекен сен дагы! Накуля
ОП-159-146. Нурлан Насип, сиз жагасыз. Баткенден Айжан
ОП-159-147. Алыста жүргөн кезде, дайыма түшөсүң эске. Бир сени ойлоймун күнү-түнү, унутуп койбос чыгарсың, эгер жүрөгүң сезсе! Накуля
ОП-159-148. Билинбей өттү жылдар, өттү айлар. Берилген экөөбүзгө көп сыноолор, биринчи сүйүүм жүрөгүмдө сакталган. Бизби эми, башка-башка адамдар?! Накуля
ОП-159-149. Ата-энебиз Эрмекти, Чынараны Нооруз майрамы менен куттуктайбыз! Ата-апа, жаңырган жыл сиздерге баардык жакшылыктарды алып келсин. Эч оорубай биз менен бирге күлүп-жайнап жүрө бериңиздер! Биз сиздер менен сыймыктанабыз! Илгиз, Денис, Нурпери, Гүлира
ОП-159-150. Кел кыргызым, кыргыз тилин унутпайлы. Орусча сүйлөп кыргыз тилин оорутпайлы. Кыргыздын кызыл гүлүн соолутпайлы, орус тилге багынтпайлы! Келгиле, жаштар, кыргызча сүйлөөдөн уялбай, кыргыз тилинде сүйлөп, кыргызча жашайлы! Накуля
ОП-159-151. Кыргыздын тунук суулары агып турат. Шаркырап Ала-Тоосу бийиктикте көздү уялтып жаркырайт. Туш-туштан сайрап булбулу, жүрөгүнө дем берет. Карап көрүп кыргыздын ыйыктыгын ким сезет? Урматтуу, убактылуу өкмөт, кичине ойлонушуп иш кылсаңар боло? 7-апрелден бери көрүнүктүү иш кылбадыңар, силердин иш кылганыңарды көрдүм, кыргыздын чокусун саттыңар. Анан аз келгенсип, Бакиевди жаман дейсиңер. 1 жылда эле баарын гүлдөтүп салды эле, жаратылыш кырсыктары сел, жер титирөө болсо деле Бакиев дей бергиле. Тапканыңар Бакиев болуп калды. Сабина 94