Кызыктар дүйнөсүндө

КИШИ ЖЕГИЧ
жылаңач жана көп
жашаган папуас уруусу

Жаңы Гвинея аралында папуастар уруусу жашайт. Аталган уруу башкалардан айырмаланып, киши жешет экен. Уруунун жашаган жери, кийген кийими жана уруунун ичиндеги кызыктардан баяндамакчыбыз.

Коңшусунун чочкосун өлтүрүп алса, эки ортодо согуш чыгат
Папуас уруусу чоң үй-бүлө болуп жашашат. Алардын бир үй-бүлөсүндө отуздан элүү адамга чейин болот. Аялдары эркектеринен өзүнчө жашап, ашканасынан чыгышпайт. Аларда чочко абдан баалуу. Ал эми чоң уй 300доллар турат. Папуастар көбүнчө казуарларга жана (Казуар - 80 кг салмактагы жапайы куш. Жаңы Гвинея аралында гана кездешет) жапайы чочколорго ууга чыгышат. Кээ бирде коңшуларынын чочкосун өлтүрүп алган убактар кездешет. Андай учурларда эки уруунун ортосунда согуш чыгып, бири-биринин салып койгон дубалын бузуп, асма көпүрөлөрүн өрттөп кетишет. Казуарлардын сөөктөрүнөн салттык бычактарын жасап, кичинекей сөөктөрүн, эркектер чачтарына улап алышат

Жакын адамы каза болгон аялдын тырмагын эти менен кесип салат
Эгер үй-бүлөсүндө жакын тууганы каза болгон болсо (күйөөсү, баласы, байкеси, эжеси ж.б.), аялдын бир тырмагын эти менен кесип коюшат. Канча тырмагы кесилген болсо, ошончо тууганы өлгөндүгүнөн кабар берет. Дани уруусу 60 жыл жашайт. Аялы, баласы кызы дебей, баары тамеки тартышат.

Бычактарын бамбуктан жасап алышат
Папуас уруусу азыркыга чейин темир пайдаланышпайт. Бычактарды бамбуктан жана сөөктөрдөн жасап алышат. Кадимки бычактарга караганда, бамбуктан жасалган бычак курч болот. А сөөктөн жасалган бычактар тез эле мокоп калат. Жаанын огунун учуна айбанаттар үчүн өзүнчө, куштар үчүн өзүнчө, адамдар үчүн башкача кылып кызыл бактан атайын учтуу кылып даярдап алышат. Майрам күндөрү чочко союп жешет. Аялдары кокос, банандарды теришет. Эттин ордуна чочконун этин, табактын ордуна банандын кабыгын колдонушат.

Узак жашаган уруу
Индонезиянын чыгыш провинциясынын статбашкармалыгы каттоо жүргүзүп жаткан учурда, узак жашаган урууну таап алышты. Саматра Катеми аралынын Папуас уруусунун жашоочусу жакында 145 жашка чыкканын аныкташты. Андан сырткары, 200дөн ашуун 120 жаштагыларды катташты. Папуас уруусу Маппи, Яхукимо, Асмат жана Бовен-Дигул тоолорунда байырлап, Индонезиянын тилинде сүйлөшөт. Алар ал тоодогу бактарда жашап, кийим дегенди билишпейт. Жалбырак жана жапайы жаныбарлардын эти менен тамактанышат.

Таш көтөргөн жоокерлер
Кооздук үчүн таштап, сөөктөн, куштардын канатынан ар кандай нерселерди жасап, тагынышат. А мурдуларын көзөп, учталган жапайы чочконун тишин тагып алышат. Уруунун жоокерлери таштан жасалган учтуу балталарды көтөрүп жүрүшөт. Алардын каада-салты да таш менен байланышта. Үйлөнөрдө кызды ала турган бала кайнене-кайнатасынын алдына таштан мыкты жасалган төрт балта алып келиши керек. Ал таштарды жасоого бир жылдан ашык убакыт сарпталат.

Өлгөн жоокердин мээсин жешет
Папуастар киши жебегендей көрүнгөнү менен, сөздөрүндө киши жегендей сөздөрдү айтышат. Мисалы, бир үй-бүлөнүн коргоочусун (атасын) башка бир үй-бүлөнүн коргоочусу өлтүрүп башын жеген болсо, арадан он жыл өткөндөн кийин, өлгөн коргоочунун баласы өлтүргөн коргоочунун башын жеп, атасынын кегин алат. Дагы башка салттары боюнча, урууну коргогон каза болгон жоокердин мээси абдан бааланат. Андай жоокердин мээсин жеген киши акылдуу болот дешет. Жоокердин баш мээсин жеп, баш сөөгүн кооздоп, эркектер жашай турган үйгө сактап коюшат.

Уяттуулар уят жерин жаап, уяты жоктор ачык жүрө беришет
Андан да алар сыйлаган башкаруучусу каза болгондо катырып коюшат. Коргоочунун мумиясы 300-550 жылдан ашык убакыт бою сакталып тура берет. Ал эми кийими боюнча айта турган болсок, кийим деле кийишпейт. Кээ бир уяты барлар уяттуу жерлерин гана жабышат, ал эми кээ бирлери ал жерин жаппай деле жүрө берет.

Келин болчу кызды акса-калдар тандашат
Уруудагы бардык эл, уруунун аксакалына баш ийишет. Папуастардын аялдарынын укугу жок. Кыздары 11-14 жашында эле турмуш курушат. Кызды аксакалдар тандап беришет. Уруунун мыйзамы боюнча, турмушка чыга турган кыз бир тил билиши шарт. Кызды алып кетүүдө бала тараптан жеңелери, байкелери болуп бир топ адамдар бештен көп жапайы чочко, кап-кап жашылча-жемиш, банандарды алып алышып, кыздын үйүнө барышат. А кыз болсо, алардын салты боюнча кызыл жана кара түскө боёнуп, даяр турушу керек. Кыздын денесинде калыңдын баасы жазылган болот. Ала турган бала ошол сумманы төлөшү керек. Ал төлөй албаса, кыздын ата-энеси кызын башкага берип коёт. Ушунун айынан кедей папуастар баласын үйлөнтүш үчүн кофе айдоосунда көп убакыт бою иштешет.

Эркектери башканын аялы менен төшөк катнашында боло берет
Ал эми төшөк жаатына келе турган болсок, эркектери башканын аялы менен деле төшөк мамилесинде боло берет. Папуастарга үйлөнүү оңой-олтоң иш эмес. Алган аялдары күйөөлөрүнөн бөлөк үйдө жашашат. Анткени, буларда да көп аял алуучулук бар. Көп төрөшөт, бирок балдарынын баары жашай бербейт.Жубайлар үчүн түнкүсүн жолуга турган атайын бөлмөлөрү бар. Дани уруусунун эркектери көп аял алгандыктан, аталган бөлмөгө алган аялдары кезектешип кирип-чыгышат, же токойдо эле жатып алышат. Кыздары энеси менен чоңойсо, балдары 7 жаштан баштап, атасынын жанында болот. Атасы уулун күчтүү аскер болууга тарбиялап, мурдун сөөк менен көзөп коюшат. Балдар 12-13 жашында алиги жерине бөтөлкөгө окшош узун ашкабактан атайын коргой тургандай кылып коргоочу кап жасап алышат. Ашкабактын чоңдугунан эркектин деңгээлин аныктоого болот.

Сайра Сопушева