Окумал

Кезегинде залкар инсан Рыспай Абдыкадыров менен анын сүйүүлөшү, акын, журналист Болдукан Мамбеталиева тууралуу Жаныбек Жанызактын китепчеси да чыккан эле. Андан бери канча жыл өтсө да, улуу муундун сонуркаганы басылбай, кичүү муундун "окусам экен" деген эңсөөсү жай бербей, суранычтар көп болгондуктан кайталап берүүнү туура таптык. Эмесе, булактай мөлтүр сүйүүнүн таржымалын өзүңүздөр окуп баа бериңиздер.


Жаныбек Жанызак
СОҢКУ ДҮРМӨТ...
(Рыспайдын соңку
периштеси менен сукбат)


- Мен го мейли - окурман да ошону күтөт да кашайып. Анан жанагы ушактардын да баары ошонун тегерегинен чыгып жатканын өзүң деле билесиң да...
- Бир диванга жатып койсо эле сөзсүз ошентиш керек бекен?...
- Элүү таяган эркек бир диванга эки жолу түнөп таң ашырса бой жеткен кыз менен - болгондо да мүчө-бою келишкен, кашы-көзү капкара периште менен жатса - ишенүү кыйын го. Айрыкча дараметтүү эркек кантип карманат? Ал го мейли дечи - жанагы кыз бир эсе айткан сөзүнөн чыкпаса... А болуптур анда: бу маселени токтотолу. Же айта турган бирдемең барбы?
- Албетте сиз айткан орто деңгээлдеги кыргыз сөзсүз алигидей тыянак чыгарышы мүмкүн: "Кантип эле орто жаштагы эркек бой жеткен кыз менен жатса эч нерсе болбойт?!" депчи. Мен деле ошентип пендечилик кылмакмын да. Бирок ошол учурда Рыспай агай экөөбүздүн бири бирибизге болгон урматтоо сезимибиз менен таза мамилебиз андай...
- Бөлөк жатсаңар жарашпайт беле?
- (Күлдү) Эмнеге бөлөк жатышыбыз керек эле?
- Эми тыянак чыкпагандан кийин дейм да. Жанагы сезим сөздөрүн бүт баарын сүйлөшүп-айтышып отуруп уйкуга гана бир аз убакыт калтырып, анан жат-жатка келгенде уйку дегенди бөлөк деле уктап койсо болот да бири бириңерди кыйнабай. Дегеним - Рыспайдай залкар эмес, жөнөкөй эле бир пенденин жанында туруп деле колуң же чыпалагың тийип кетсе да таасир калтырышы мүмкүн, биерде жанаша бир диванда далайлардын сезим отун алоолонткон адам менен жанаша жатканыңы дагы кененирээк сүрөттөп айтып бере аласыңбы?
- Мен өзүм аябай жакшы көргөн адамым болчу Рыспайчы...
- Жо-ок, ошол жатканыңда денеңде бир нерсе кыбырадыбы?
- Мине кыбырамак эле - кызыксыз эй. Мен өзүм эңсеген адамдын жанында жаткан бир мүнөтүм бир саатка, бир саатым бир күнгө, бир күнүм бир жылга тете болду да. Бирок ушунун баары акыры түгөнөрүн эстеп, жайында келеби-келбейби деп ойлоп жатып да кыйналып кеттим...
- А болуптур анда - эртеси болду...
- Эртеси Рыспай агай эрте менен эрте туруп алды. Ошко учуп кетмек да - Асылбек агай алып бермек экен белетти. Биз анан аныкына бардык. Аерден Асылбек агай белет алганы кетти. Биз болсо түшкө чейин калдык ошо жерде...
- Мине кылдыңар?..
- Сүйлөшүп отурдук да! Анан ажерден: "Болдукан, жай деп отурбай эле азыр үйлөнүп алсак кандай болот?" - деди да. Мен ажерден да болгон жокмун. Муногу, бир ырды коюп алып эле кайра кайталай берет ко: биздики да ошол сыяктуу болуп жатат да...
- Мен укканда ошол кышта Рыспай биерде бир ай бою жүрүп алыптыр да үйүнө кетпей. Эң сонун күндөрүн өткөрүптүр дешет. Анан акырында Давлет эже өзү келип алып кетиптир имиш ко...
- Жок, андай эмес. Болгону үч күн: мына, 27синде биз Үриниса эженикинде туулган күн өткөрүп, анан Асылбек байкеникинде түнөдүкпү. Эртеси шеринеге бардык. Ал күнү мен үйгө кетип калдым дебедимби. Ал күнү ал Оңолкан эже менен калган...
- Аа де: ал күнү Оңолкан менен калыптыр да. Ичиң бир аз ачыштыбы?
- Чыгармачыл адам болгондон кийин түшүнөбүз да бири-бирибизди. Көп деле ичи тардыктын кереги мине, туурабы?
- Аның туура. Үчүнчү күнү канттиңер?
- Эртеси Үриниса эженикинде түнөп, аерден Асылбектикине келдик да түшкө чейин эле болдук. Ошондо канча... бешинчи күнү Рыспай агай Ошко учуп кетти... Баса, Асылбектикинде олтурганда Рыспай агай Ошко звонит этти да. Давлет эже кеткен коммерциясынан келип калса керек. Ал менен сүйлөшкөндөн кийин эле Рыспай агайдын көңүлү ого бетер чөгө түштү. "Мине настроениеңиз түшүп калды?" десем: "Давлет сурады, - дейт: "Болдуканды таптыңбы?" - деп... Мен жооп берип жатканын эле угуп тургам да, анда эч нерсе деп унчуккан эмес: унчукпай эле коюп койгон да трубканы...
- Болдукан дегенди кайдан билиптир Давлет эже?
- 12-январда туулган күнү болчу да Рыспай агайдынчы. Ошондо мен же кат жазып жибербей, же акчанын тартыштыгынан телефон менен сүйлөшө албай.. Айтор, анда дагы настроениеси аябай түшүптүр да. Анан кыпкызыл карандаш менен "Болдукан" деп чоң кылып жазып алып өзүнүн кабинетиндеги пианинонун үстүнө коюп койгон экен да. Анан аерден мага арнап 20 куплет ыр жазыптыр. Ошол учурда Давлет эже кириптир да.. Уже билип калды да Давлет эже Рыспай агайдын мени жакшы көрөрүн... "бияктан кетпейм!"-деп чатак салгандачы баягыда 30 жылдык концертине келгенде. Ошондо Давлеттин өзүнө да: "Болдуканды таап бер!" деп кыйнаптыр да бияктан кетээрдечи.

(Уландысы кийинки санда)





Сен жана мен
Сезимай Алиева
Күздө кайындары кайнатасы менен Дуулаттын ашын өткөрүшүп, уулун алып барып, жүрүп келди. Кээ бир учурларда тууган арасында боло калчу түшүнбөстүктү эсепке албаганда, алар менен мамилеси жылуу бойдон калды, катышын үзгөн жок.
Жылдар жылып, турмушу да ачуу-таттуусу аралаш өтүп аткан. Бир күнү Танянын кирлерин жууп-чайкап, жаңы жайып болуп калганда дарбазасы кагылып калды. Ачса, Адыл турат. Чачтарынын актары эле көбөйгөнү болбосо, баягы эле бойдон. Сүйгөн жазбай тааныды.
- Келиңиздер,-деп жылмайып алды, артка кетенчиктей, жол бошото берип.
Адыл жалгыз эмес, жанында ээрчиткен сулуучумак, жакшынакай кийинген аял да бар экен. Аялдын кызарып, шишимик тартып калган көздөрүнөн улам, ыйлап басылганын түшүндү. Бир башкача, эс талмасы бар адамдай тиктеп калды аял Сүйгөндү. "Өңү жылуу учурайт, кайдан көрдүм эле?" деп ойлоп алды Сүйгөн да бүшүркөй бир тиктеп алып.
- Кандай, Сүйгөн, жашоо-турмуш жакшыбы? Уулуң чоңоюп атабы?-деди Адыл дароо эле, үнүн бек-бек чыгарып. -Бизди кабыл аласыңарбы? Бала каякта?
Ал аңгыча эле тигил аял Сүйгөндү кучактай калып, өксүп ыйлап жиберди.
- Кечир мени, кечирип кой мени?-деп ый аралаш утур кечирим сурайт.
Эч нерсени түшүнбөгөн Сүйгөн "бул ким?"деген суроолуу көз караш менен Адылды караса, ал башын жерге салып туруп алды.
ХХХ
Дуулат издеп келип кеткенден кийин, Тумардын ою бир орунда болбой, жаман болуп жүрдү. Басса-турса көз алдына бак ичине таштап кеткен ымыркайы тартылып, ыңаалаган үнү угулуп, чүнчүп кетти. Канчалык моюнга алгысы келбей турганы менен, кызы тууралуу акыры бир күн кандайдыр бир кабар күтүп, уккусу келип жашаганын түшүнүп атты. Баш тартып алып, ичинен өзүн-өзү мүлжүп-жеп, айласы түгөнгөндө "таалайсыз, качанга чейин мен сенин азабыңды тартып жашайм?! Ушундан көрө тумчуктуруп салсам, азыр тынч жашамак белем" деген да жапайы ойлор келе калат. Кайра туруп, Жараткандан жаман ойлору үчүн кечирим сурап, өзүн жемеге алат.
Аялынын мүнөзү, кыял-жоругу өзгөрүлүп, түнт тартып калганын байкаган Бектемир ары жак, бери жагына чыгып да айттыра албай койду. Алаксытайын деген ой менен көлдө кыдыртпаган курорту калган жок. Күйөөсү үйрүлүп түшүп карап, убакытттын өтүшү менен гана өзүнө келгенсиди.
Уулу окуусун бүтөрү менен эле үйлөнүп алып, "жашпыз, жер көрүп, иштеп келели"деп Канадага кетип калышты. Телефон чалышып, сүйлөшүп турушкандары менен, уулунун жакын арада келейин деген ою жоктой. Небересин сүрөттөн гана көрүштү.
Тиктешип, күйөөсү экөө калды. Ал да ашказанынын оорусу менен алышып, акыркы жылдары ооруканага көп жатып калчу болду. Мына ошондо ээн короодо жалгыз калган Тумар кызын көп ойлочу болду. Жаңылыштык кетиргенине кейип, эми түшүнүп, эми өкүнүп жүрдү. Баргысы, көргүсү келет. Кайра өзүн шылдыңга алып, "уялбай кайсы бетиң менен барасың?! Көзүн кантип карайсың? Күйөөсү сени сүйрөп эшикке чыгарып койсо экен?" дейт, үн чыгара сүйлөнүп.
Анан Бектемирдин ашказанында жарасы бар экен дешип, операцияга даярданып калышты. Уулу угуп, учуп келет деген бекем ой менен телефон чалган Тумарга Тилеши:
- Апа, эми мен барганда эмне?.. Акча салып жиберейин, бирок өзүм бара албайм го? Жакында эле эс алууга чыгып, Тайландга барып келгенбиз да. Эми кайра сурана албайм. Атама салам айтып коюңуз,-деп акыркы сөздөрүн күңкүлдөп койду.
- Акча өзүбүздө деле бар, өзүң эле келип кетсең болмок. Операциясынан коркуп атабы, билбейм, эки сөзүнүн бири эле сен. Мен деле сагынып, араң эле жүрөм,-деп бышактап алды. -Кайра түтпөй кетип,-мейли, келе албасаң шартыңа караарсың. Келинге салам айтып, менин сары балапанымдын бетинен өөп кой. Кабарлашып турарсың?
Баласынын келе албай турганын уккан күйөөсүн ой басып, унчукпай калып, бир топто гана:
- Кайрыдин кылып өстүрүп алган окшойбуз…Кызыбыз болсо бизге күйүп, жаныбызда болмок беле,-деп кейигендей баш чайкап алды.
Ансыз деле арыктап, сүлдөрү эле калгансыган күйөөсүн аяп, жашый кетти. "Кызыбыз бар" комментарий бербейм" деп айтып жиберчүдөй болуп оозун таптап, кайра айныды. Артык кылам деп тыртык кылып албайын деп ойлоду. Күйөөсү кечирээр-кечирбеси күмөн эле. Ооруп, жаны кыйналып турган немеге оор тийбесин деди.
Адылды Тумар мына ошол күйөөсү жаткан ооруканадан көрдү. Машинага жөлөнө берип, телефон менен сүйлөшүп турган экен. Ортодон эки-үч жолу телевизордон эле көрүп калганы болбосо, жыйырма жылдан ашуун убакыттан бери көрүшү ушул. Жалдырап туруп калганын сезе коюп, терс бурулуп кетти. Будуң-чаң түшкөн ойлорунун арасынан "кызыңдын дарек-дайнын бир тапса Адыл табат" дегенге тык токтоп, сүйүнгөнүнөн жүрөгү титирей түштү.
Күтүүсүздөн маңдайында пайда болгон Тумарды көрүп, Адыл алгач апкаарып калды. Аялын күтүп турган, коркуп да кетти. Элеңдеп эки жагын каранып алды.
Кандай, Адыл? Эки тоо көрүшпөйт, эки адам көрүшөт дегендей, мына биз да жолукчу күн бар турбайбы. Эмне, алаңдап, кайдан чыга калды деп коркуп турасыңбы?

(Уландысы кийинки санда)