Кыз адеби кымбат

Сураптырсыз, жооп беребиз
Ар бир эле адам өз ден соолугуна кам көрүп, бат-баттан дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, текшерилип турушу керек. Бирок үйүндө отурган кожойкелерибизге жана бош убактысы болбой иштеп жүргөн окурмандарыбыздын суроолоруна жооп алып берели деп косметолог жана урологго кайрылдык.


Косметологго тиешелүү суроолорго "Алета" сулуулук салонунун косметологу Айдай Тынчерова жооп берди.

Каныкей, 17 жашта:
- Нан семирүүгө алып келеби? Ченем боюнча бир күндө канча бөлүк нан жесе болот?
- Эгер ак нан болсо, ал семирүүгө алып келет. Кимде-ким арыктагысы келсе, колдон келишинче кара нан (ржаной) жегени жакшы. Бир күндө негизи кара нанды көп жей албайсың. Анткени, ал тоюмдуу келет. Ал эми ак нанды канча жесең деле жегиң келе берет.Ошондуктан, кыздар бат толуп кетишет.

Алина, 23 жашта:
- Бетиме эмес, оозумдун астына майда безеткилер чыга берет. Ал эмнеден? Кантип жок кылса болот?
- Ал үчүн жыныстык органдарды текшертиш керек. Эгер бат-баттан чыкса, анда ал жыныстык органдагы бузулуу болушу мүмкүн. Таттуудан аз жеп, кумшекер менен чай ичпеш керек.

Айзада, 19 жашта:
- Кан алмаштырсам, бетимдеги безеткилерден арыламбы?
- Кан алмаштырса жок болбойт.Ал убактылуу эле нерсе. 1 айга жок болуп, кайра эле пайда боло берет. Ошондуктан "салициловая" кислота деген бар. Ошону сүйкөп, ошону менен маска жасаш керек. Жай келгенде, клубникадан маска жасаш керек. Анда "салициловая кислота" бар.

Жаныш, 27 жашта:
- Майлуу беттүү эркектер эмне менен жуунса болот? Кадимки эле самын колдонсо болобу?
- Жок, самын менен жууганга болбойт. Атайын бетти жууй турган ромашка ж.б чөптөрү бар суюк гелдер бар. Ал эми самын менен жууса, бетке бырыш түшүп кетет дагы, тери картаң көрүнүп калат.

Нурлан, 27 жашта:
- Колдун териси түлөп, жарылып кетсе, эмне кылса болот? Колдун кремдерин колдонсом болбой жатат.
- Организмге витамин жетишпегени үчүн колдор түлөп кетет. Ал үчүн витаминдерди көп жеш керек. Мисалы, Алфавит, же Группа А деген витаминдер бар. Ошолорду колдонушсун. Негизи, аны бир ай ичиш керек.

Клара, 21 жашта:
- Чачым ачакай боло берет. Учтарын бат-баттан кырктырып турам. Бирок өскөн сайын кайра эле ачакай боло берет.Себеби эмнеде жана кандай маска жасасам болот?
- Ага айран жана майонез менен маска жасаш керек. Сыйпап, бир саат коюп, анан жууп салса жардам берет. Бул чачтын кургагынан болот. Кальций витаминин ичиш керек.

Астанадан Айнура:
- Сууктан, ысыктан бетим аябай кызарып кетет. Кандай крем сүйкөсө болот?
- Сезимтал терилердики ошондой болуп кызара берет.Ошону үчүн тоналдык кремдерди сыйпап, анан эшикке чыгыш керек. Аябай ысыкка дагы биринчи крем сүйкөп, анан тоналдык крем колдонуш керек.

Альбина, 20 жашта:
- Лазерден рак оорусу пайда болушу мүмкүнбү?
- Жок, пайда болбойт. Эч зыяны жок. Эгер майлуу тери болсо, бат-баттан тазалатып туруш керек. Эки -үч айда бир тазалатып туруш керек. Ал эми кургак болсо, анда 1 жылда бир болот.







Сиздердин сурооңуздарга "Экспресс PLUS" лабораториясынын дарыгер- урологу Муратов Тилек Касымович жооп берди.

Алмаз, 25 жашта:
- Эркектер жыныстык катнаш болор алдында муздак сууга жуунуп койсо, чыйрак болот деген чынбы?
- Кээ бир эркектер аябай сезимтал болушат. Ошол сезимтал эркектер жуунуп койсо, албетте, болот. Жыныстык катнаш болор алдында жуунса, жыныстык катнаш кичине узартылат.

Нурбек, 20 жашта:
- Жыныстык катнашка баргандан кийин, бир жума жуунбай жүрө берсе эмне болот?
- Жыныстык катнаштан кийин жуунбай жүргөн туура эмес. Анткени, ар кандай инфекциялар пайда болуп, ооруга алып келип, козгошу мүмкүн. Ошону үчүн жыныстык катнаштан кийин жуунган оң.

Эрмек, 19 жашта:
- Гормондорду күчтүү кылып чыңдаш үчүн кандай ыкмаларды жасаса болот?
- Гормондор негизи организмде эң чоң ролду ойнойт. Гормондорду бат-баттан текшертип туруш керек. Кээ бир эркектерде алсыздык болот.Ал анализ тапшыргандан кийин гана билинет. Өз алдынча чыңдаганга болбойт, анткени, ар кимдин организми ар кандай, ошон үчүн урологго кайрылыш керек.

Замир, 26 жашта:
- Жаш үй-бүлөлөр бир күндө канча жолу жыныстык катнашка барса болот?
- Негизи, жыныстык катнаштын нормасы - бир жумада 2 жолу. Эгер андан көп жыныстык катнашка барышса, эркек үчүн зыян болушу мүмкүн. Аябай көп убакыт кошулбай калса дагы, эркек үчүн зыян алып келет. Ошондуктан, бир жумада 1-2 жолу.

Дастан, 18 жашта:
- Эң узун алиги канча см болуш керек? Кичине болсо кийин зыяны тийбейби?
- Эми кудайдын жаратканы болот. Мисалы: кээ бирлериники аябай кичине болот.Бирок кичине болсо деле уруктандыра алат. Ошондуктан, зыяны тийбейт. Ал эми эң узун алиги 15-20 смге чейин болот. Аябай эле кичине болгондор жанагы көпкө чейин балалуу болуша албай жүргөндөр. Эгер уруктары активдүү болсо, анда бат эле балалуу болушат.

Кумар, 24 жашта:
- Менин ичимде кээде катуу нерселер пайда болуп калат ,ал эмне?
- Ичтин кайсыл жеринде экенин аныктап туруп, анан кеңеш бере алам. Анткени, ич деген кеңири түшүнүк да. Ал канча деген бөлүктөргө бөлүнөт. Бул суроо кичине түшүнүксүз болуп калыптыр. Ошондуктан, атайын адистерге кайрылганы оң.

Канимет, 19 жашта:
- "Простатит" оорусу менен ооруганда, алдын-ала кандай белгилер болот?
- Негизги белгилери күнүгө бат-баттан заара кылып калышы мүмкүн. Заара кылгандан кийин, табарсыкта заара калып калгандай сезиле берет. Урук калта жактары ооругансып кетет. Кээ бирлеринде жыныстык катнаш учурунда алсыздык байкалат. Кээде заара кылганда ачышып оорутат.

Каныкей, 28 жашта:
- "Орхид" деген эмне оору?
- Орхид деген ооруда урук калталары шишип кетет. Анан ооруй баштайт.






Сулуу болуш үчүн биз, аялзаты, болгон аракеттин баарын жумшап, эмнелерди гана жасабайбыз. Бирок аялзаты сулуу болууга татыктуу экенин дагы бир жолу эске салып, үй кожойкелерине, деги эле сулуу айымдарга, үй шартында бетке кам көрүү үчүн кеңеш беребиз.


Кофеден жасалган маска
бактериядан сактайт
Кадимки эле кара өңдөгү кофеде Е витамини көп кездешет. Бизге билинбегени менен күндүн нурунан канча деген энергия бөлүнүп чыгып, беттин терисине терс таасирин тийгизет. Ошондуктан, кофеден бетке кам көрө турган маска жасасаңыз, бетиңиз сыйда болуп, анча- мынча бактериялардан сактап турат. Анда кофеден кантип маска жасаштын бир сырын ачып берели. Ал үчүн 3 чай кашык кофе жана бир аш кашык туз керектелет. Кофени кайнак сууга демдеп, үстүнө туз кошуп, 20 мүнөт кайнатып аласыз. Кайнагандан кийин муздатыңыз. Бул масканы мончого түшүп жатканда колдонсоңуз, өзгөчө жардам берет. Эч эринбестен оңой жол менен жасап сулуу болуңуз жана өзүңүздү кубандырыңыз.


Киви беттин терисине пайдалуу
Киви деген жемиш биздин өлкөдө өспөсө дагы пайдалуу касиети жогору жана анда С витамини болгондуктан, беттин терисине пайдалуу. Муну үй шартында кантип даярдаса болот? Бул үчүн бир киви, эки аш кашык кадимки эле йогурт, бир аш кашык апельсин ширеси, бир аш кашык абрикос же миндаль майы, бир аш кашык бал жана 2 тамчы ромашканын ширесинен тамызып коёсуздар. Атайын жемиштердин согун чыгара турган буюмдан кивини майдалап ага йогурт, апельсин ширесин, миндаль майын жана балды кошуп коюуланганга чейин аралаштыра берииз. Даяр болгон масканы бетке жана моюнга сүйкөп, бир аздан кийин кайра суу менен жууп салыңыз.


Бадыраң бырыштардан сактайт
Бадыраңды ден соолукка өтө пайдалуу өсүмдүк деп бардык дарыгерлер сунуштап келишет. Өзгөчө косметологдор бетти майда бырыштардан сактайт жана жумшартат деп көп колдонушат. Ушул убакка чейин жашы өтүп калган аялдар картаюнун белгилери болгон бырыштарды кетириш үчүн, көзүнүн астына бадыраңды бөлүп коюп келгени бекеринен болбосо керек. Бирок сиз бирөөнүн айтканына ишенбей, өз колуңуз менен жасап көрүңүз. Ал үчүн чакан бир бадыраңды жана 2 аш кашык бал керектелет. Бадыраңды бөлүп, согун чыгарып алабыз. Чыккан согун марлиден өткөзүп, данектеринен арылтып, үстүнө балды кошуп аралаштырабыз. Даяр болгон масканы беттин бардык бөлүгүнө жана моюнга эртең менен, кечинде эки маал сүйкөп, 3-4 мүнөт кармаңыз. Аралашылган масканы бир жума муздаткычта кармаңыз. Андан ашык кармоого болбойт.


Келсин Мурадил кызы