Атактуулар ааламында

Белгилүү музыкант, актёр Михаил Боярскийдин кызы, көпчүлүктүн сүйүктүү тасмасына айланган "Тагдырдын тамашасы, же жеңил парың менен", "Адмираль" киносундагы башкы каармандардын ролун жараткан актриса Елизавета Боярскаянын учурда "Мен кайрылып келем" аттуу сериалы жаштар арасында популярдуу болууда. Анда актриса тууралуу бир ооз сөз кылсак.


"Супер" олигарх Елизаветага жетүү үчүн жолдошуна чоң суммадагы акча сунуштаган
Үй-бүлөдөгү эң жаман адам - Елизавета Боярская
Елизавета Боярская 20-декабрда, 1985-жылы Ленинградда Эл артисти болгон Михаил Боярский жана Лариса Луппиандын үй-бүлөсүндө туулган. Лизанын Сергей аттуу байкеси болгон. Лиза кичинекей чагында башкалардан айырмаланып, абдан тентек болуп чоңойгон, агасы менен бирге бир үйдү толугу менен сапырып чыгышчу."Мен кичинекей кезимде өзүмдү үй-бүлөнүн эң жаман адамы катары эсептечүмүн", -дейт актриса. Ал жашаган үйдө бийлөө бөлмөлөрү бар эле, ошол жерде дайыма концерттерди уюштурганды жактырчу."Ар бир концерт сайын апам экөөбүз жаңы костюмдарды, мисалы: япон, кытай, орус ж.б. элдик костюмдарын тигип кийчүбүз. Анан курбу кыздарым менен дачадан "Уйкудагы сулуу" спектаклин коюп, мен андагы жез кемпирдин ролун аткарчумун",- дейт актриса.
Ата-энесинин эл алдында таанымал инсан экендигине карабай, Лиза бала чагында актриса болом деп ойлогон да эмес, ал журналист наамын алууга аракет кылган. Анда ата-энеси деле кызынын актёрлук чеберчилигине жана ийгиликтерине ишенишкен эмес. Алар кичүү баласы Сергей актёр болот деп эсептешкен. Бирок баардыгы тескерисинче болгон. Лиза 13 жашында биринчи жолу экрандагы дебютка катышып, Алиса аттуу наркоман кыздын ролун аткарган. Ошондон кийин актриса болууну чечип, башка кесипти ойлонуп да койгон эмес.

Боярский династиясын улантууну чечкен
Мектепти аяктагандан кийин атасы аны Санкт-Петербургдагы мамлекеттик театралдык окууга экзамен тапшыруусун өтүнгөн. Анда калыстар тобу Лизаны өзгөчө сынашкан. Ал бийлеп, ырдап, ар кайсы тилде сүйлөп, актриса болууга даяр экендигин дагы бир жолу даңазалаган. Экзаменден өткөн соң, ал Россиянын профессору Лев Абрамовичтен сабак алган. Студент кезинде "Король Лир" чыгармасын укмуш ойноп, баарын таң калтырып, "Алтын Софит" сыйлыгына ээ болгон. Андан соң дагы бир нече көптөгөн драмаларда башкы ролдорду аткарган. Ал эми 2006-жылы Лиза чоң сахнага аттанган. Анда ал "Вы не оставите меня", "Своя чужая жизнь" "Бункер" жана башка мелодрамаларда башкы ролду жараткан. Ошондон тартып жаш актриса Боярский династиясын улантууну чечкен.

Атактуулукту алып келген алгачкы тасмалар
2007-жылы Лиза академияны аяктаган соң, Европанын театрына атайын чакыруу менен кабыл алынат. Анда жаш актриса бир гана Россияны эмес, Еврпаны багындырганга жетишкен. Актрисага ар тараптуу сунуштар келип түшө баштаган. Ушул эле жылы жаш актрисага белгилүү мушкетер д Артаньяндын кызы болуп аткаруу сунушу түшкөн. Өзүнүн атасынын кызы болуп аткаруу дагы кызык эле, бирок сценарий туура келбегендиктен, Лиза баш тартып койгон. Андан соң Лиза Боярская "Тагдырдын тамашасынын (Ирония судьбы)" уландысында Надежда жана Ипполиттин кызынын ролун, андан кийин кеңири масштабдагы "Адмирал" фильминде Колчактын сүйүктүүсүнүн ролун жараткан соң, аты бүткүл дүйнөгө дүңгүрөгөн.

Бактысына жетүү үчүн башка үй- бүлөнүн күнөөкөрү болгон
28-июлда, 2010-жылы Елизавета үчүн эң бактылуу күндөрдүн бири болгон. Бул күнү Лиза "Стиляги" фильмине тартылган белгилүү жаш актёр Максим Матвеевге турмушка чыгат. Алардын ортосундагы сүйүү 2009-жылы чогуу тартылган "Не скажу" тасмасындагы сүйүшкөн жубайлардын ролун жараткандан, сьемка учурунда башталган. Алардын сезимдери кинодон жашоого өткөн. Экөөнүн ортосундагы роман бир жылга созулат. Елизавета сүйүүсүнө жетүү үчүн, Максимдин мурунку аялы менен ажырашуусун талап кылган. Ошентип, официалдуу түрдө баш кошушат. Алардын үйлөнүү үлпөт тою бекеринен 28-июлда өткөрүлгөн эмес, анткени, ошол күн Максимдин туулган күнү эле. Туулган күнүнө Елизавета унутулгус белек бергендигин айткан. Бул үйлөнүү үлпөт тоюн чоң кылгандан качышкан. Жаш жубайлар күнүмдүк ак футболка, жынсы жана көчөгө сүйрөгөн бут кийим кийип алып, ЗАГСка барып үйлөнүшкөн.

"Атасынын аркасы менен атактуу болду" дегендерди жек көрөт
Актриса атасынын аркасы менен таанылды деген ой-пикирлерди укканда эмнегедир жини келет. Мындай көз карашка Лиза толугу менен кошулбайт. "Мурда мени Михаил Боярскийдин кызы деп аташса, азыр индивидуалдуу актриса катары кабыл алышы керек. Анткени, бул ийгиликтерге мен атам менен эмес, сьемка талаасында талантым менен жетиштим. Ошол себептен улам экөөбүздүн ортобузда көптөгөн конфликттер чыгып турат",-дейт. Атам экөөбүз абдан катуу талашып, тартышабыз. Мен дагы атама окшош көк бетмин. Айтканымдан кайтпайм.
Ушундай учурда апам мага:"Макул, сизге кошулам деп акылдуулук кылып кой", -деп кеңешин берет. Бирок мен андайларга да жол бербейм, өзүмдүкүнө жетмейинче болгон күчүмдү жумшайм"- дейт актриса. Ал эми курбулары жана башка адамдар менен жакшы алака түзө алат. Мындай сапат апаман калган деп ойлойт.

"Бойфренддердин" айынан атасы жаман акыбалда калчу
Елизавета классикалык фортепианодогу чыгармаларды, музыка жана фильмдерди жактырган айым. "Мындай музыкалар жумуш алдында энергия берет жана жумуштан кийин эс алдырат",- дейт актриса. Актриса шаарда өссө дагы, жаратылышта эс алганды абдан жакшы көрөт. Елизаветанын алсыздыгы классикалык музыка, жаратылыш жана роза гүлү эле. Мырзалардын мындай белектеринен Елизавета баш тартчу да эмес. Ошондуктан, "бойфренддери" менен дайыма жаратылышка эс алууга чыкчу. Ал мырзалар чогуу кино тасмага тартылган актёрлор эле. Ал мырзалардын баардыгы Лизанын келечектеги жубайы болууга ат салышкандар болгон. Бул тууралуу журналисттер Боярскийге суроо салышканда, атасы ташка тамга баскандай каймана мааниде жооп берип койчу.

"Супер" олигарх актрисага жетүү үчүн ...
Михаил Боярскийдин кызына ашык болгон адамдар абдан көп, алардын арасында белгилүү "олигарх", "бизнесмен" адамдар бар экендиги да талашсыз. Башкалардан айырмаланып турган айымга жетүү үчүн олигархтар атайын заказ бергендиги туурасында аныкталган. Лизанын бат-баттан Америкага барып тургандыгынын дагы бир себеби болуп, олихархтар эсептелинет. Анткени, ал жакта "супер" бай адамы бар экендигин айтып чыгышкан. "Мындай айымдар жолдо жатпайт, Боярская чанда гана кездешүүчү айымдардын экземпляры, айымдардын сулуулугунун баардыгы ушул айымда топтолгон" деп эсептеген олигарх Елизавета менен жакын таанышуу үчүн чоң суммадагы акчасын жумшаган. Ал Лизаны мыйзамдуу жубай кылып алуу үчүн анын учурдагы жолдошуна чоң суммадагы акча сунуштаганы дагы маалым болгон, Максим Матвеев мындай акчаны өмүр бою иштесе дагы таппаган сумма деп белгилешүүдө ортомчулар. Андыктан, бул турмушта жада калса сүйүүнү дагы сатып алууга болот деген тыянак чыгарсак болот. Мындай сунушка Елизавета жана анын жолдошу кандай жооп берери туурасында азырынча маалыматтар жок.

Эркин Шаршенбаева