Обологон обон

"Издейм сени арасынан элдердин", "Айланып көлгө конбосоң, ак куулар сени сагынар", "Көргүм келип сени дегдейт жүрөгүм, качан сага жолугамын, Алмашым?". Рыспай Абдыкадыровдун ушундай сыйкыр авазын элестеткен ырдоо стили, жесттери, деги койчу бул инсанды көргөндөр Рыспайдын өзүн көргөндөй туйгуга туш болот. Бүгүнкү биздин кадырлуу коногубуз калк арасында "экинчи Рыспай" атка конгон ырчы Таалай Иманкулов болду.

Токтогул Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармониясынын "Эл ырчысы Эстебес" тобунун ырчысы
Таалай Иманкулов:

"Сулуу кыздарды көрмөйүнчө, обон жарата албайм…"
- Кайсы жердин кулунусуз?
- Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Куртка айылында 3-январда, 1984-жылы туулгам. Таланттардын мекени болгон бул айылдан Тоголок Молдо, Нурак Абдырахманов,Токтобүбү Черикчиевалар чыккан. Үйдө 5 бир туугандын улуусумун, апам мугалим, атам аккордеон ойночу. Менин ырчылык өнөрүмө түрткү берген атам болду.
- Ырчылыкка болгон алгачкы кадамыңыз?
- Мектепте 10-класста окуп жүргөндө бир конкурска катышып, биринчи чыкканда буттарым титиреп, катуу сүрдөгөнүм эсимде. Ошондо Рыспай акенин окутуучусу, Өзгөндүк Мамат Аматовдун "Кара-Шоро" деген ырын ырдап чыккам.
- Кайсы бир конкурста, эл сизди Гран-прини жеңет болчу деп нааразычылыктарын билдиришиптир.
- 2006-жылы Рыспай Абдыкадыровдун 5 жылдыгында Кадыраалы Артыков "Түгөйүм" ыры менен Гран-прини алса, 1-орунду Анапия Райымбекова, 2- орунду Абидин Темиров, мен "Алмашымды" ырдап 3-орунду алдым. Бирок элдин талабы боюнча, Гран-прини мен алмакчы элем. Буюрса, быйыл 70 жылдыгына даярданып жатабыз. Гран-приге татыктуу болуштун аракетиндемин.
- Сиздин ошол ырдаганыңызды көргөндө, эл экинчи Рыспайды көргөндөй болушуптур. Атайын өзүңүздү ага окшоштурасызбы?
- 9-классымда "Арноо концерттен" Рыспай Абдыкадыровдун ырдаганын көрүп калдым. Мага ырдаганы, аткаруучулук манерасы, үнү, аккордеонду тартканы аябай жагып калды. Ушул агайдай ырчы болсом деп алдыма максат койдум. Атам айылдан эки аккордеон таап келип ырдата баштады. Өзүмдүн Рыспай агайдын ырларына болгон кызыгуумдун аркасында аккордеонду бат эле үйрөнүп кеттим. Үйрөнгөндөн кийин, Рыспай акенин ырларынын тасмасын таап алып, магнитофонго коюп алып кошо жарыша ырдап берүүчүмүн. Аккордеонду кандай тартса, кандай аваздык чеберчиликте ырдаса, ошондой ырдоого аракеттендим. Алгач Рыспай акенин ырларын өзүм окуган мектепте ырдап чыктым. Эл абдан жакшы кабыл алышты. Өзүм да угуучулар кабыл алышкандан кийин, ырдаса болот турбайбы деп райондун айылдарында ырдай баштадым. Онунчу классты бүтөрүм менен Кыргыз улуттук филармониясынын эки жылдык студиясына тапшырдым. Аны ийгиликтүү бүтүрдүм. Азыр болсо филармониянын "Эл ырчысы Эстебес" тобунда иштеп жатам .
- Обончу болууга кандай карайсыз?
- Рыспай акенин ырларын ырдап жүргөндө, ушундай деңгээлде жаратпагандан соң жөн эле жүрөйүн дечүмүн. Кийинчерээк кесиптештерим: "Сен өзүңдүн стилиңди тапкын, Таалай Иманкулов деген ат калышы керек",- деп калышты. Анан бир обон жараттым, Рыспай акенин обонуна ыктап, аны кайталап калгансыды. Канчалык окшоштурбасам деле, баары бир анын обонунун кайрыктары кирип калып жатат. Рыспай Абдыкадыровдун элге тааныла элек "Ой, бото көз" деген ырын "Ар бир айдын алтысы" концертинде ырдап чыктым. Көрүүчүлөр Рыспай акенин ырларына суусаган бейм, кайра суранып калышты. Анан "Ак куулар сени сагынарды" ырдадым, сахнадан кетирбей дагы суранышты. "Алмашымды" ырдап, элге таазим кылдым.
- Ошондой кайра-кайра эл суранышкандан улам, жеке концерт өткөрөйүн деген оюңуз барбы?
- Ооба, андай ой сөзсүз болот. Бардык маселе акча каражатына такалат экен.
- Жүрөк өйүткөн маселе?
- Азыр КМУнун филология факультетинде 5-курста сырттан окуйм. Өзүм тил маселесин көтөргүм келет. Жакында, 5-мартта "Ак калпак күнү" белгиленди. Көпчүлүгү калпак кийип жүргөнүн көрүп абдан сүйүндүм. Эми кыргыз тилин да туура жана так сүйлөп калышса, анда мен үчүн кубантарлык жагдай болот.
- Чыгармачыл инсандын көмүскөдөгү жеке жашоосу кандай болду экен?
- Келинчегим Анара Мамырова КТРКда "Биздин айыл" деген долбоорду алып барат. Экөөбүз бир айылдан болобуз. Түтүн булатып жашап жатканыбызга үч айдын жүзү болду.
- Бала кезден ырчылыкка бел байладыңыз беле?
- Бала чагымда өзүм астрономияга кызыкчумун. Көк мелжиген асманды карап, ошол жакка саякатка барсам, жылдыздарга жакындасам деп кыялдана берчүмүн. Келечекте галактиканы изилдеген илимпоз болом дечүмүн. Ырчылык жөндөм такыр жок болчу, музыка сабагын деле кыйратып окучу эмесмин. Рыспай акенин мукам ырларын укканда гана, ырчылык өнөргө кызыгып калдым. Ага чейин музыкага такыр кызыгуу жок болчу, бир арманым Рыспай акени көрбөй калдым. Бул улуу инсан каза болгондо, мен 9 жашта болчумун. Залкар обончу Оштун Кара-Кулжа районунан эмеспи, көпчүлүгү мени да түштүк тараптан деп ойлошот.
- Рыспай Абдыкадыровдун туулган жерине барып, жердештери менен кол алышып учурашып кайтайын деген ой барбы?
- Мындан 5 жыл мурда түштүк тарапка гастролдоп барганбыз. Кара-Кулжанын жолу татаал экен деп барбай калганбыз. Буйруса, жакында май айларынан баштап дагы эл-жерди кыдырабыз. Ошондо сөзсүз Рыспай акенин туулган жерине барып, ырларын жердештерине тартуулаймын деген үмүтүм зор. Кийинчерээк Малик Аликеев "Сулайман такка" алып барып, Рыспай акенин эстелигине гүл коюп, арбагына багыштап куран окуп кайттык.
- Мындан 4, 5 жыл мурда эстрада жанрындагы ырчылар козу карындай жайнап чыгышты эле?
- 2005-2008-жылга чейин жеңил-желпи эстраданын доору болгону чындык. Азыр эми ал ырчылар иргелип калды. Кайрадан эски ырларды жаңыртып, ырларында сөзсүз фольклор кошуп калышты. Азыркы жаштарыбыз Рыспай, Асанкалый жөнүндө билбей калганы өкүндүрөт.
- 70 жылдык мааракесине даярдык кандай?
- Үч тандоо туру болот экен. Эл арасында ырдалбай калып калган ырларын ырдап чыгайын деген оюм бар. Рыспай акенин чыгармачылыгына чын ниети менен күйгөн бирден-бир досу Бөкөнбай Боркеев болгон. Ал киши минтип колдоо көрсөтпөгөндө, Рыспай Абдыкадыровду эч ким таанымак эмес. Бөкөнбай байкенин айтуусу боюнча, Рыспай аке кежир киши болгон экен. Досун жакын билгендиктен, ал жөнүндө "Рыспай" деген китеп чыккан.
- Авазы сыйкыр обончуну кыз-келиндин баары жактырчу экен. Өзүнүн бир сөзүндө: "Менин кучагымда аялзаты бир гана учакка түшкөндө болбоду",-деген экен. Сиздин көз карашыңыз?
- Рыспай аке айтып калчу экен: "Мен сулуу кыздарды көрмөйүнчө обон жарата албайм",-деп. Рыспай акенин артыкчылыгы - ал залкар акындар менен иштешкен. Ырдын текстине өзгөчө көңүл бурган. Жолон Мамытовдун "Издейм сени" деген ырындагы: "Кышта калган жалбырактын өңүндөй" деген сапта кандай гана философия жатат. Жолон Мамытов, Эрнис Турсунов, Нурпаис Жаркынбаев, досу Тургунбай Эргешов деген акындар менен иштешчү.Акын кандай жазса, ошондой гана обон чыгарчу. Ошол акындын мээнетин баалап, ошого шайкеш келген обон жаратат. Эгер обонго сөз дал келбей калса, токтотуп койчу экен.
- Азыркы ырчылардын ырлары-нын тез унутулуп калганы эмнеден деп ойлойсуз?
- Ырдаганга болбойт деп айтпайм. Кеп жаштардын кайдыгерлик мамилесинде болуп жатат. Азыркылардын сөзү, обону, аткаруучусу да бир адам болуп жатат. Алардын эң негизги кемчилиги -сөзгө маани бербегендигинде. Мисалы, болбогон эле сөздөр: "Басып баратам, сен келе жатасың, анан мен тосуп алам"- сыяктуу. Негизи, кыргыз эли сөз баалаган, барктаган элбиз да. Байыртадан ата-бабалардан калган салт бар-сөзгө жыгуу деген. Ким сөзгө жыгылса, өлүмгө тете болчу. Күүлөрүн уксаң, кандай гана терең философия жатат. Илгери жамандыкты жүрөк сыздаткан муңдуу күү менен угузушчу. Азыркы ырларда сөздүн баркын түшүрүп алышты. Азыр эски ырларды жаңыртуу модага айланып кетти. Андан тышкары, ыргактарга да маани берилбейт. Муну менен эски ырларды бузуп жатканын сезишсе.
- Адабиятка кызыгууңуз?
- Адабий китептерден курч окуялуу романдарга кызыкчумун. Тарыхый романдардан жазуучу Төлөгөн Касымбековдун "Сынган кылыч", "Келкелин" 10 сыйра окуп чыккам. Тарыхый жер-суунун аттары, афоризмдер кенен камтылган. Түшүмө чейин кирип, алар менен аралашып жашап жүрө берчүмүн. Айтматовдун чыгармаларынан "Кыяматын" 6 жолу окугам. Дүйнөлүк адабияттан Нобель сыйлыгынын ээси Эрнест Хемингуэйдин "Чал жана деңиз" чыгармасынын кыргызча котормосун окуганмын.
- Динге көз карашыңыз?
- Өтө фанат эмесмин, мусулман баласы болгондуктан, Кудай бар экенин билем. Жүрөгүм менен берилип туямын. Молдолордун музыкага тыюу салганын караңгылык деп ойлойм. Илгери ошол молдолор ырчыларды "шайтандын шапалактары" деп коюшчу экен. Анткени менен Ыйык куран деле обон аркылуу кырааты менен окулуп жатпайбы.

Динара Асылбекова