Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери
ggle_v


Жанызакка келген каттар жана Жанызактын кайрылуулары
email  •  архив
Кайрылуу каттары
жана келген каттар:

Россиянын жарандыгын алган кыргыз патриот болбой калабы?...
Орус атуулдугун алган кыргыздар кийин Кыргызстанга келсе киргизеби?...
“Учур” гезитине айтып койгулачы...
Айгүл ШАРШЕНдин китептерин кантип сатып алам...
“Колжазма терем” дегендерге жумуш бар...
Кыргызча китептерди окугум келет, бирок тамгалар башкача чыгып калып жатат...
Кайсы диндесиз? Сайтка китеп чыгарса болобу?
Ушул сиздин сайтыңыздагы рекламалардан канча акча табасыз?
Жибербеген тыйынды “жибердим” дебегиле...
Бермет менден бир китеп сураптыр...
Жанара бизден “Тамчы” гезитиндеги материалды сураптыр...
Арабаев университетинен Жанызакка кат келиптир...
Адабий китептин биринчи бетине жаш жубайлардын ажайып сүрөтү керек......
"Кытайлык деле эмесмин, кыргызстандык элемин" деп жазыптыр Нурзада...
"Текебаевдин видеосу бар дебедиңиз беле..." деп сураптыр Меймансаптан бирөө
"Мидиндин эшек дептеринде" эмнеге "Мидин" дегенибиз "Жапар" делинип калган" дейт...
"Кыргызстанда кайсы мектеп жакшы, кызым быйыл мектепке барат эле" дейт...
Жуңгодогу “Актилек“ сайтынын ээси кечирим сурады...
Супсулууну кой, "Обонду" таппай жатыптыр...
Жуңгодогу (Кытай) “Актилек“ сайтынын “ууру“ кыргыздарына эскертүү...
Жуңго кыргыздарынын “Актилек” сайтына..
"Заман Кыргызстан" гезитине тергич тууралуу түшүндүрмө кат..
Реферат сураган экен..
Кытай кыргыздарынан ризограф сурадым эле..
Деректирдин емейл дарегин сураптыр..
Кытайлык кыргыз кызы Нурзада Расул кызы Айгеримге нааразы..
Ашкере динчилден кат келиптир..
Сулуу кыз менен таанышат элем дейт..


Поиск
Керектүү материалды ушул жерден издегиле:
ggle_h

Бөйрөгүн сатам деген
Гульнара
Турмуш бирде уу берип, бирде бал берип, ар кандай сыноолордон өткөрүп келет эмеспи. Ачуу сынга сынгандар өздөрүн асып, же денесин сатып, иши кылса ар кандай жолдорго барышат. Редакцияда отурсак, "Бөйрөгүмдү сатам" - деген билдирүү келди. Мен үчүн абдан таң каларлык болду. Ал номерге чалып, эмне себептен бөйрөгүн сатканы жатканы тууралуу сурап, кийин өзү чакырган жерге барып, болгон арыз-муңун угуп келдим. Гүлнаранын айтуусу боюнча, жалгыз байкеси Россияга иштейм деп кетип, ал жактан бир ишке илээшип калып, абактан алып чыкканга акча керек болуп жатыптыр.

- Жөн адам бөйрөгүн сатпайт. Сенин бул чечимге келишиңе эмне себеп болду?
- Мага ири суммадагы акча керек болуп атат. Ошондуктан, бөйрөгүмдү сатайын дедим.
- Ал ири суммадагы акча менен бизнес ачайын деп атасыңбы, же башка жакка жумшайсыңбы?
- Өзүм Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Исфана шаарынан болом. Бир эркек, беш кызбыз. Атам, апам экөө тең оорукчан пенсионерлер. Кыздардын баары турмуш куруп, өз алдынча оокат кылып кетишкен. Ооруган атам менен апама караган жалгыз байкем болчу. Өзүбүздүн колубузда жок болгондуктан, байкем элдин балдарындай болуп Россияга барып иштеп келчү. Үйлөнүп, эки балалуу болгондон кийин Россиянын Свердлов районуна аялын, балдарын алып иштеп, атамдарга акча салам деп кеткен. Анан арадан аз убакыт өтпөй эле, атама Россиядан, "Балаңар камакта отурат, бир айдан кийин соту болот, 150 миң рубль салгыла", - деп бирөөлөр телефон чалып калды. Колубузда анча суммадагы акча болсо, байкем эмнеге Россияга кетмек эле? Тигилер талап кылган 150 миң рублды берип, байкемди абактан бошотуп келгенге акча керек болуп атат.
- Байкеңдин ал жакка кеткенине канча убакыт болду?
- Бир жылдан өтүп калды.
- Өзү эле кетти беле, же ал жакта тааныштарыңар барбы?
- Ал жакта эч кандай тааныштарыбыз деле жок. Мурун өзү Москвага барып жакшынакай эле иштеп келген. Достору да жок. Ушунусунда бир ишке аралашып калыптыр.
- Эжекеңдер кичинеден болсо да чогултуп жардам бере албайбы?
- Жок, алар өздөрүнүн жанын эптеп багып жүрүшөт. Бул жактагы эжем, жолдошу менен көчүк айланбаган бир бөлмөлүү батирде турат. Анан кантип жардам бермек эле?
- Жогорку билимиң барбы?
- Орто билимдүүмүн. Жогорку окуу жайдын контрагын төлөгөнгө акча жок болгондуктан, шаарга жаңы келгенде Дордой базарында "реализатор" болуп иштечүмүн. Андан кийин официант болуп да иштедим. Сүйлөшүп жүрүп, турмушка чыгып, төрөп, кызыма бир ай болгондо жолдошум жумуштан үйгө келе жатса, топтошкон балдар сабап кетип, эртеси күнү эле каза болуп калган (бир сыйра ыйлап алды).
- Анан кайненең сени үйүнөн кууп жибердиби?
- Жок, кууган жок, өзүм эле кеттим.
- Кызыңа канча ай болуп калды?
- Он ай болду. Азыр кызымды бирөөгө бактырып, өзүм иштешим керек.
- Бөйрөгүңдү сатканы жатканыңды ата-энеңдер билеби?
- Жок, эч ким билбейт. Бир жолу бир гезиттен бөйрөктү сатууга болорун окуп калгам. Кыйналып атканда оюма ошондон башка эч нерсе келбей койду. Мен байкеме керек болгон акчаны эки жыл иштесем да таппайм. Бир бөйрөк менен деле сопсонун жашап жүргөндөр бар.
- Ден соолугуң жакшыбы?
- Ооба, жакшы. Ушул убакка чейин бир да жолу ооруп көргөн эмесмин. Бөйрөктөрүм да ооруган эмес.
- Байкеңдин өзү менен байланыша элексиңерби?
- Жок, байланыштырбай жатышат. Жеңем бир жолу байланышыптыр. Байкем ага эч нерсе айтпаптыр. Болгону, "Атам менен апама айтпа, мен өзүм чыгып барам", - дептир.
- Бул иш боюнча укук коргоо органдарына кайрылган жоксуңарбы?
- Жок, кайрылган жокпуз. Кантип кайрылышты да билбейм. Байкемдин эмне себептен камалганын билбей жатабыз. Бир бала телефон чалып алып, телевизор уурдады эле дейт, бирөөсү эч нерсе болгон жок дейт. Дагы бирөөсү бир кемпирди өлтүргөнгө катышы бар дейт. А жеңем чалып:"Эки тааныш тажик жигиттер менен бир-эки жолу конокто чогуу болгон. Анан алардын жанында бир бай кемпир жашачу экен. Тиги эки тажик жигит ушул кемпир бай, бирок жалгыз жашайт. Бир нерсе кылбайлыбы?"- деп ал кемпирди өлтүргөнгө байкемди кошуп алышыптыр, - дейт. Кимисине ишенерибизди да билбей жатабыз. Атамдын болсо кан басымы көтөрүлүп жатат.
- Бөйрөк боюнча доктурларга кайрылып көргөн жоксуңбу?
- Жок, кантип кайрылышты да билбейм.
- Гүлнара, бөйрөктү сатпай эле, бирөөгө төрөп берүү жөнүндө ойлонуп көргөн жоксуңбу? Азыр "Суррогат эне" деген бар го?
- Мен андайды биринчи жолу угуп жатам. Ошондой болсо деле, бирөөгө төрөп бербейм. Андан көрө ,бөйрөгүмдү сатканым жакшы.
P.S. Ушундай татынакай жаш кыздын бөйрөгүн саттырууга дитиң да барбайт. Гүлнарага жардам бере тургандар болсо, биздин редакция менен байланышсаңыздар болот.
Байланыш телефону:
(0312) 44-98-21



ggle_v

кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
ggle_v

oh_kaptal
WebMoney кошелек:
Z189154646502
R429713653063

Яндекс цитирования
ggle_v


Курс валют
Курсы валют к сому


Тагыраак көрсөткүчтөрдү
Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >>


Эркин макалалар
Макала, чыгарма, жарнама...
Алия Бактыбек:
Парламент коом жана бизнестин кызыкчылыктары үчүн иштей баштады

Алия Бактыбек:
Парламент и общество ищут пути…

Алия Тонова:
Жогорку Кеңештин депутатына 7000 жумушчу кайрылды…

Жамалбек Ырсалиев:
Темирбек Асанбековдун жомогу…

Пресс-служба
Ассоциации "Дордой":
Опровержение…

Жамиля ОРМУШЕВА:
Бразилия - новый партнер Кыргызстана…

Асылкан ШАЙНАЗАРОВА:
Жизнь, когда кости -
по 25 сомов за кг…
Кому на Руси, то есть, в KG жить хорошо?
Новая тема со старыми фигурантами
или особенности кыргызской политики
Эпатаж кыргызской политики
Вицелер парады же жумуртканы күздө санайбызбы?
"Единый Кыргызстан" ("Бүтүн Кыргызстан") един с Вячеславом Ханом?!

Кармыштегин
Макелек Өмүрбай уулу,
профессор...
"Кыргылчалдын балдары",
оозуңду тарт…

Нуркулов Канат, журналист...
"Социалдык багыттагы" көбүртүлгөн өлкө бюджети
"Социально-ориентированнный" бюджет страны с воздушными цифрами
Кыргызстандын жыртык капчыгы
же өлкө казынасын кантип толтурууга болот?
Дырявая казна Кыргызстана
или как можно пополнить бюджет страны?

Айбек Усенов
Имперский гнёт продолжается

Баймуратова Нурила...
Кыргыз Республикасынын Президенти
Отунбаева Роза Исаковнага

Мелис Эшимканов...
...кесиптештерин коноктоду.

Кабул Юлдашев:
"Я всем сердцем люблю мой Кыргызстан!"

Министрликтин жообу:
Жаңы министрликтин жообу

Турсунали Толомушов:
Жаңы министрликтин жаш кадрларынын жоруктары

Асыран Айдаралиев:
"БАНДИТ" АЖO

подполковник
Т.Сусунбаев:
Токтогулдун милициясы ИИМдин буйругун аткарбагандыктан
дисциплиналык жазасын алды.
Сотрудники милиции Сузакского района будут нести ответственность за утери табельного оружия

Жумаш Назаров:
Кочкор-Ата коркунучтабы?

Турсунали Толомушов:
Жаңы министрликтин жаш кадрларынын жоруктары

Майрам АКАЕВА...
Үмүттүн шооласы үзүлбөйт
Президенттин жарынын жазгандары
Экинчи китеп...

Академик
Аскар АКАЕВ...
Нобель сыйлыгынын лауреаттарынын жолугушуусунда доклад жасады...
Торжественный вечер, посвященный
Л.Н. Гумилеву...

Академик
Аскар АКАЕВге...:
Орустар алтын медаль беришиптир...

Aidai Masylkanova:
Улуумания
Кызык, эмне болуп жатат деги….?

Кыргыз атуулу:
Кыргызстандын жарандарына жасалган мыйзам ченемсиз эксперименттер

Аскар Акаев:
В Кыргызстане многие еще только ждут своего часа

Кабыл Шабданов
Кара-Буура Куловго нааразы

Алексей Рощин
Лучший Президент

Назаралиев Ж.
Курманбек Салиевич Бакиев, тур ордуңдан, сот келатат!

Турсунбай Бакир уулу
"Мой курс - отстранить родственников президента от власти"

Назаралиев Ж.
Курманбек Бакиев кимди мураскер кылып калтырат?
Кого Курманбек Бакиев назначит преемником?



bottom
гезит сайтка чыгарылыш туралуу Жакшылык:
емейл:presskg@outlook.com
тел.: +996557106640
 0312 87 28 79
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!

Яндекс цитирования