Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери
ggle_v


Жанызакка келген каттар жана Жанызактын кайрылуулары
email  •  архив
Кайрылуу каттары
жана келген каттар:

Россиянын жарандыгын алган кыргыз патриот болбой калабы?...
Орус атуулдугун алган кыргыздар кийин Кыргызстанга келсе киргизеби?...
“Учур” гезитине айтып койгулачы...
Айгүл ШАРШЕНдин китептерин кантип сатып алам...
“Колжазма терем” дегендерге жумуш бар...
Кыргызча китептерди окугум келет, бирок тамгалар башкача чыгып калып жатат...
Кайсы диндесиз? Сайтка китеп чыгарса болобу?
Ушул сиздин сайтыңыздагы рекламалардан канча акча табасыз?
Жибербеген тыйынды “жибердим” дебегиле...
Бермет менден бир китеп сураптыр...
Жанара бизден “Тамчы” гезитиндеги материалды сураптыр...
Арабаев университетинен Жанызакка кат келиптир...
Адабий китептин биринчи бетине жаш жубайлардын ажайып сүрөтү керек......
"Кытайлык деле эмесмин, кыргызстандык элемин" деп жазыптыр Нурзада...
"Текебаевдин видеосу бар дебедиңиз беле..." деп сураптыр Меймансаптан бирөө
"Мидиндин эшек дептеринде" эмнеге "Мидин" дегенибиз "Жапар" делинип калган" дейт...
"Кыргызстанда кайсы мектеп жакшы, кызым быйыл мектепке барат эле" дейт...
Жуңгодогу “Актилек“ сайтынын ээси кечирим сурады...
Супсулууну кой, "Обонду" таппай жатыптыр...
Жуңгодогу (Кытай) “Актилек“ сайтынын “ууру“ кыргыздарына эскертүү...
Жуңго кыргыздарынын “Актилек” сайтына..
"Заман Кыргызстан" гезитине тергич тууралуу түшүндүрмө кат..
Реферат сураган экен..
Кытай кыргыздарынан ризограф сурадым эле..
Деректирдин емейл дарегин сураптыр..
Кытайлык кыргыз кызы Нурзада Расул кызы Айгеримге нааразы..
Ашкере динчилден кат келиптир..
Сулуу кыз менен таанышат элем дейт..


Поиск
Керектүү материалды ушул жерден издегиле:
ggle_h

  Кычык суроолор

Равшан Жээнбеков:
"Сулууну көргөндө, суктануу жана кызыгуу пайда болот"
- Ушул убакка чейин бир жолу болсо да баңги затын пайдаланып көрдүңүз беле?
- Бир дагы жолу колдонгон эмесмин. Мен тамеки чегип көргөн адам эмесмин.
- Кимдин батинкесин тазалап бермек элеңиз?
- Атамдын батинкесин тазалап берем. Аялымдыкын деле тазалап бермекмин, анын эмнеси бар экен? Эгерде аялың ооруп атса, кантип батинкесин тазалабай коёсуң?
- Кыргызда аялдын жумушун жасаган эркектерди жаман көрөт. Орусча айтканда, өзүңүздү "подкаблучник" сезбейсизби?
- Жок. Менин көз карашымча андай деле эмес. Билбейм, элдер кандай ойлойт?
- Кыргызстанга кандай майрам жетишпейт деп ойлойсуз?
- Менин оюмча, Кыргызстанга майрамдар жетиштүү эле. Андан да маанилүү нерселерге көңүл бурушубуз керек. Менин оюмча, элдин турмушу жакшы болсо, күнүгө майрам болот. Кээ бир күндөрдү майрам кылуу менен биздин элдин турмушу баары бир оңолбойт.
- Сиздин оюңузча, Кыргызстандын кайсы башкармалыгын эс алууга кетириш керек?
- Укук коргоо органдарын кетириш керек. Анткени, алар мамлекетке көп ийгиликтерди жана жаңы нерселерди алып келе алган жок. Мамлекетти оңдоого да эч кандай салымы болгон жок.
- Жарыгы жок сарайда канча күн жашай аласыз?
- Менин оюмча, ал жакта көп убакыт чыдоого мүмкүн эмес. Эгер, мурдагыдай убак болсо, балким, чыдамакпыз. Эми азыркыдай технологиянын өнүгүп турган мезгилинде чырагы жок отурган кыйын го. Азыр интернетсиз жашай албайм.
- Кесиптештериңиздин алган айлыгынын суммасы кызыктырабы?
- Жок, ар кимдин айлыгы өзүнө жетсе болду. Бирок, мамлекеттик кызмат болгондон кийин, өзгөчө жогорку мамлекеттик тепкичте отурган адамдардын айлык акылары, кирешелери жөнүндө коомдун алардын айлыктарын изилдөөгө укугу бар. Депутаттардын баары мендей айлык алат.
- Эки тоонун чөбүн эңсеген эчки ачка калат, - деген макалды кайсы саясатчыга тиешелүү деп ойлойсуз?
- Саясатчылардын бардыгы эле эки тоонун чөбүн эңсеп отурат. Антпесе оокат жок(тамашалап). Ошон үчүн көп нерсени эңсеп атып, аягында эч нерсеси жок калат.
- Келинчегиңизди бир күндө канча жолу эркелетесиз?
- Билбейм, жыйырма жыл жашагандан кийин эркелетүү деле азайып калат го. Күндө чогуу жатып, чогуу турасың, чогуу тамак ичесиң, эки жакка барасың. Эми, албетте, жылуу сөздөр турмушта көп эле болот.

- Эгер жыйырмада болсоңуз, кантип эс алмаксыз?
- Жашым жыйырмада болсо, досторум менен эле чогулмакмын. Себеби, мен арак ичкен эмесмин, тамеки чеккен эмесмин, бийлегенди билбейм. Ошон үчүн же досторум менен чогулуп, же китеп окуп эс алмакмын. Же болбосо, спорт менен машыкмакмын.
- Сулуу кыздарды көргөндө, эң биринчи оюңузга эмне келет?
- Кайсы гана эркек болбосун, дайыма эле сулуулукка, бир гана аял кишиге эмес, буюмдун, машинанын сулуулугуна кызыгат. Сулууну көргөндө, албетте, жылуу сезим, кандайдыр бир суктануу, кызыгуу жана сүйүнүч пайда болот.
- Андан аркысычы?
- Ха-ха-ха! (Каткырып күлдү)
- Кичүү кызыңыздын туулган күнү болуп, циркте оюн көрсөтүп бериңизчи десе, кандай оюн көрсөтмөк элеңиз?
- Циркте оюн көргөзө албайм. Эң кичүү кызым бирге чыга элек. Бирок андан улуу кызым Каныкей абдан эрке. Каныкейге көп көңүл бурам. Айткандарынын баарын жасаганга аракет кылам. Себеби, адам балдарды көп какпай, эркин койгонго үйрөтүш керек экен. Ошон үчүн, көп убакта каалаган нерсесин кылдырам.
- Калп айткан жагынан өзүңүзгө кандай баа бересиз?
- Калп айтпаган жагынан өзүмө "5" деген баа берем. Жалпысынан калп айтпайм. Анткени, адам бул жерден калп айтып койдум эле, тиги жерден калп айткам деп билет да. Качан калп айтканым эсимде жок.
- Мугалимдин айлыгына канча күн жашайсыз?
- Мугалимдин айлыгына ашып кетсе үч күн жашамакмын.
- Жетекчиңизге кол көтөрүп, мушташып көрдүңүз беле?
- Жетекчиме кол көтөрүп, мушташып көргөн эмесмин. Бирок, алар менен талашып-тартышып, урушкан күндөрүм бир топ эле болгон. Акаев менен урушкам, баарыңар билсеңер керек. Жаш кезимде да бир топ жетекчилерим менен кыжыңдаша кетчүмүн. Азыр деле Өмүрбек Чиркешович менен принципиалдуу маселелерге келгенде, карама-каршы туруп калган убактарыбыз болот.
- Сиз кыялданган кызмат?
- Мамлекетте азыркы болуп аткан процесстерди өзгөртүүгө күчү жете турган кызматты кыялданам.
- Депутаттар эмне үчүн өкмөт берген машинадан, квартирадан баш тартышпайт?
- Биздин көпчүлүгүбүз эле баш тарттык. Мисалы, азыр депутаттардын ашып кетсе 15-20сынын гана үйү бар. Ал эми ар бир эки депутатка бир машина. Мурдагыдан бир топ ЖКнын чыгашаларын кыскарта алдык. Эгерде биз мурдагыдай болуп, ар бир депутатка бирден машина, бирден үй дей турган болсок, азыркы депутаттарга кеткен чыгымдар эки эсе жогору болмок.
- Азыркы депутаттардын кимисинин сүйлөө этикасы талапка жооп бербейт деп ойлойсуз?
- Биз Ак үйдө регламент боюнча бири-бирибизге жаман айтпайбыз. Жалпысынан бардык эле жерде жакшы болбойт, бизде деле кемчиликтер толуп жатат.
- "Таранчынын эти жок, таз жорунун бети жок",-деген сөз кимдин дарегине тиешелүү деп ойлойсуз?
- Жалпысынан саясатта, турмушта андай адамдар көп элебиз да. Адамдын жаратылышы ошондой. Жакшысы да, жаманы да бар. Ал биздин турмушубуздун күнүмдүк боло турган нерсеси.
- Интимдик катыш ички көрөңгөнү байытабы?
- Адамдардын бири-бирине жакыныраак болуусу, бири-бирине ишенимди, жакыныраак иштөөнү, көбүрөөк мүмкүнчүлүктөрдү берет. Анткени, канчалык адамды жакын десең, ошончолук ишеним көбүрөөк, же ишенбөөчүлүк көбүрөөк болот. Эгер ишеним көбүрөөк болсо, дагы да болсо аны менен бирге иш алып барууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. А эгер төшөк жагын ала турган болсок, эгерде жакын адамың, жубайың болбосо, башка убактарда көрөңгөнү байытмак турсун, тескерисинче ,ички көрөңгөнү жакырлантат.
- Көздүн сокурлугун айыктыруу оңойбу, же көөдөндүн сокурлугунбу?
- Көөдөндүн сокурлугуна караганда, көздүн сокурлугун айыктырган жеңилирээк. Көөдөндүн сокурлугун деле тарбияласа болот, бирок убакыт өткөндөн кийин аны тарбиялаган мүмкүн эмес. Бизде көп убакта саясатчыларды өзгөрүп калды деп айтабыз го. Бир топ жашап калган, тажрыйбасы көп саясатчынын көз карашын өзгөртүш аябагандай кыйын.
- Өмүрүңүздө бош отуруп, жеңенин көзүн караган күндөр болду беле?
- Жок, мен келинчегимдин көзүн карап калган күндөрүм болгон эмес. Ишсиз калган убактарым толуп атат, бирок, эч убакта бирөөгө жалдыраган эмесмин.
- Жээрге бир күкүм наны жок, бактылуу болууга болобу?
- Албетте, болот. Эгерде адамдын ички дүйнөсү, ошол убакыт менен, ошондой кыйынчылык менен жандаша турган болсо, анда адам кандай гана учур болбосун өзүн бактылуу сезе алат.
- Бир интервьюңузда "Бакиевдин Президенттикке келишине салым кошком", - деген сөзүңүз бар.
- Ооба.
- А азыр кимдин Президенттикке келишине салым кошоюн деп атасыз?
- Мурда саясатта тажрыйбам азыраак болуп, кетирген каталарым болгон. Эми азыр, кыркка келип, бир топ тажрыйба алгандан кийин каталарды азайтышыбыз керек деп ойлойм. Ошон үчүн, келечекте кимге салым кошуп, кимге жардам берем билбейм. Мен чынында эле мамлекетти өзгөртүүгө, жакшы нерсеге аракет кылган адамдарды колдогонго аракет кылам.
- Сиздин дарегиңизге айтылган "Равшан, ким Президент болбосун кошомат кылат, өзүнүн позициясы жок депутат", - деген сөздөр бар?
- Менин оюмча, ал туура эмес болуш керек. Мен Акаев менен гана жакшы болгом. Бирок, акыркы убактарда мамилебиз бузулган. Бакиев менен анча болгон жокмун. Отунбаева менен жакшымын деп айта албайм. Бул сөздү негизи жок айтып жатышат.
- "Депутаттардан арасынан эң эле кыз жандуусу - Равшан Жээнбеков" дешет?
- Ха-ха-ха. "Учур" гезити ошентип жазган. Менин кандай экенимди "Учур" гезитинен сураш керек.
- Анан, "атасына таянып иш кылат", - дегенге эмне деп жооп берет элеңиз?
- Атама таянбасам, анан кимге таянам?
- Шайлоого жакындаган маалда бир саясий гезиттин кабарчысын кафеге чакырып, андан кийин мейманканага чакырганыңыз чынбы?
- Жок, эч убакта андай болгон эмес. Мүмкүн, иш боюнча чакырган чыгармын. Бирок, мейманканага чакырган эмесмин. Андай болсо, ошол кабарчы айтсын, ошондо ойлонуп көрөм (күлүп).
- Сиз жөнүндө жүргүзгөн кара пиарга кандай мамиле кыласыз?
- Мени жамандагандарды, мен жөнүндө ММКга каралагандарга капа болбойм. Анткени, адамдын башынан ар кандай кыйынчылык өткөндөн кийин, адам бышып калат. Эгерде биз журналисттердин жолун тороп, аларды коркута турган болсок, анда биз өнүгө албайбыз. Ошон үчүн журналисттерге саясатчылар чыдамкайлык менен мамиле кылып, жаман айтса дагы чыдаганды үйрөнүшүбүз керек.

Төлөбүбү Касымалиева




ggle_v

кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
ggle_v

oh_kaptal
WebMoney кошелек:
Z189154646502
R429713653063

Яндекс цитирования
ggle_v


Курс валют
Курсы валют к сому


Тагыраак көрсөткүчтөрдү
Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >>


Эркин макалалар
Макала, чыгарма, жарнама...
Алия Бактыбек:
Парламент коом жана бизнестин кызыкчылыктары үчүн иштей баштады

Алия Бактыбек:
Парламент и общество ищут пути…

Алия Тонова:
Жогорку Кеңештин депутатына 7000 жумушчу кайрылды…

Жамалбек Ырсалиев:
Темирбек Асанбековдун жомогу…

Пресс-служба
Ассоциации "Дордой":
Опровержение…

Жамиля ОРМУШЕВА:
Бразилия - новый партнер Кыргызстана…

Асылкан ШАЙНАЗАРОВА:
Жизнь, когда кости -
по 25 сомов за кг…
Кому на Руси, то есть, в KG жить хорошо?
Новая тема со старыми фигурантами
или особенности кыргызской политики
Эпатаж кыргызской политики
Вицелер парады же жумуртканы күздө санайбызбы?
"Единый Кыргызстан" ("Бүтүн Кыргызстан") един с Вячеславом Ханом?!

Кармыштегин
Макелек Өмүрбай уулу,
профессор...
"Кыргылчалдын балдары",
оозуңду тарт…

Нуркулов Канат, журналист...
"Социалдык багыттагы" көбүртүлгөн өлкө бюджети
"Социально-ориентированнный" бюджет страны с воздушными цифрами
Кыргызстандын жыртык капчыгы
же өлкө казынасын кантип толтурууга болот?
Дырявая казна Кыргызстана
или как можно пополнить бюджет страны?

Айбек Усенов
Имперский гнёт продолжается

Баймуратова Нурила...
Кыргыз Республикасынын Президенти
Отунбаева Роза Исаковнага

Мелис Эшимканов...
...кесиптештерин коноктоду.

Кабул Юлдашев:
"Я всем сердцем люблю мой Кыргызстан!"

Министрликтин жообу:
Жаңы министрликтин жообу

Турсунали Толомушов:
Жаңы министрликтин жаш кадрларынын жоруктары

Асыран Айдаралиев:
"БАНДИТ" АЖO

подполковник
Т.Сусунбаев:
Токтогулдун милициясы ИИМдин буйругун аткарбагандыктан
дисциплиналык жазасын алды.
Сотрудники милиции Сузакского района будут нести ответственность за утери табельного оружия

Жумаш Назаров:
Кочкор-Ата коркунучтабы?

Турсунали Толомушов:
Жаңы министрликтин жаш кадрларынын жоруктары

Майрам АКАЕВА...
Үмүттүн шооласы үзүлбөйт
Президенттин жарынын жазгандары
Экинчи китеп...

Академик
Аскар АКАЕВ...
Нобель сыйлыгынын лауреаттарынын жолугушуусунда доклад жасады...
Торжественный вечер, посвященный
Л.Н. Гумилеву...

Академик
Аскар АКАЕВге...:
Орустар алтын медаль беришиптир...

Aidai Masylkanova:
Улуумания
Кызык, эмне болуп жатат деги….?

Кыргыз атуулу:
Кыргызстандын жарандарына жасалган мыйзам ченемсиз эксперименттер

Аскар Акаев:
В Кыргызстане многие еще только ждут своего часа

Кабыл Шабданов
Кара-Буура Куловго нааразы

Алексей Рощин
Лучший Президент

Назаралиев Ж.
Курманбек Салиевич Бакиев, тур ордуңдан, сот келатат!

Турсунбай Бакир уулу
"Мой курс - отстранить родственников президента от власти"

Назаралиев Ж.
Курманбек Бакиев кимди мураскер кылып калтырат?
Кого Курманбек Бакиев назначит преемником?



bottom
гезит сайтка чыгарылыш туралуу Жакшылык:
емейл:presskg@outlook.com
тел.: +996557106640
 0312 87 28 79
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!

Яндекс цитирования